ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШАТЫНДА ТУРГАН БАЗАРКУЛ

  • 04.10.2024
  • 0

Базаркул Данияров Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн башатында турган, профессионалдуу билим алган биринчи кыргыз мугалими болгон. Ал кесиптештери менен бирдикте ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөгөн кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн бүтүндөй бир плеядасын даярдаган.

Автор, корректор жана редактор

Б.Данияров Пишпек (Фрунзе) шаарындагы Агартуу институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары, андан кийин директору болуп иштеп турган мезгилинде кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун алгачкы программаларын даярдап, студенттерди окутуу жана тарбиялоо процессине жакындан катышкан. Ал студенттер үчүн ар кандай предметтер боюнча окуу китептерин жазган жана ошол эле учурда кыргыз тилине которгон. Кыргыз тилиндеги алгачкы китептерди басып чыгарууга катышып, басмалар менен тыгыз иш алып барып, редактор, корректор, автор катары да белгилүү болгон. 1925-жылы анын кириш сөзү менен Касым Тыныстановдун ырлар жыйнагы, Молдо Кылычтын тамсилдер жыйнагы жарык көргөн. Базаркул Данияров латын алфавитине негизделген жаңы кыргыз алфавити боюнча комитеттин активдүү мүчөсү болгон. 1926-жылы Касым Тыныстанов менен бирге Бакуда өткөн тарыхый Биринчи түркологиялык съездге катышкан. Маданий мурасыбызды сактап калуу абдан маанилүү деп эсептеген анын кыргыз фольклорун жыйноого жигердүү катышканын да эстен чыгарууга болбойт. 1920-жылдары сабаттуу жаштар бул процесске салым кошуусу үчүн фольклорду жыйноо боюнча колдонмону даярдап жазып чыккан.

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШАТЫНДА ТУРГАН БАЗАРКУЛ

Анын бардык убактысы, иш-аракети ушундай жигердүү профессионалдык ишмердүүлүгүнө арналганына карабастан, 1920-1930-жылдары Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун, андан кийин Кыргыз
АССРин каптаган элдин сабатсыздыгын жоюу кампаниясына катышкандардын сап башында турган.

Тилекке каршы, 1930-жылдары мекенине мына ушундай эбегейсиз зор кызмат өтөгөн патриот агабыз куугунтукка алынып “партиялык тазалоолорго” дуушар болот да, 1937-жылы контрреволюциячыл жана “Социалдык Туран партиясынын мүчөсү” катары камакка алынат. ГУЛАГдын эң коркунучтуу лагерлеринин бири – Свердлов районундагы Ивдель колониясына сүргүнгө айдалып, ал жерде 1942-жылы токой кыюу лагеринде каза болгон…

Эки кесипкөй мугалим тандеми

2024-жылдын 14-октябрында тарыхый окуя болгон: кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн ырааттуу аракеттеринин аркасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Кыргыз эли жүздөгөн жылдардан кийин биринчи жолу толук болбосо да административдик көз карандысыздыкка жетишкен. Бул бүгүнкү күндө бизди эгемен мамлекеттүүлүккө жетишүүгө алып келген узак жолдун башталышы эле. Чыныгы эгемендүүлүктүн бекем пайдубалы калк сабаттуу болуп, коомдо билимдүү, жогорку кесипкөй адамдардын сынчыл массасы түзүлгөндө гана курулат эмеспи. Ушул максатта 1924-жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз облустук элге билим берүү бөлүмү Пишпек шаарында жогорку окуу жайларынын башаты болгон Кыргыз агартуу институтун
(Киринпрос) түзүү боюнча зарыл чараларды көргөн. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу алардын өзү жана билим берүү түзүмү үчүн түпкүлүктүү калктын өкүлдөрүнөн квалификациялуу кадрларды даярдоо милдети коюлган.

Пишпек Киринпрос 1925-жылдын 20-октябрында студенттерге эшигин ачып, алгачкы бүтүрүүчүлөрү 1929-жылы аяктаган. Окуу жайдын туңгуч директору Петр Кузьмич Юдахин, ал эми директордун окуу иштери боюнча орун басары Базаркул Данияров болгон. Ал бул жооптуу милдетти аткаруу менен катар эле кыргыз тили жана адабияты мугалими да болгондуктан, кыргыз тили боюнча алгачкы окуу программаларын түзүп чыккан. 1929-жылы П.Юдахин каза болгондон кийин Б.Данияров окуу жайдын директору кызматын ээлеген. Ал кезде Киринпрос Борбордук кыргыз педагогикалык техникуму (БКПТ) болуп өзгөртүлгөн эле.

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШАТЫНДА ТУРГАН БАЗАРКУЛ

Улуттук кадрлар устаканасы

1929-жылы Борбордук кыргыз педагогикалык техникумун 20 адам аяктаган. Республикабыздын тарыхына кирген алгачкы бүтүрүүчүлөр кимди да болсо таң калтырбай койбойт: Тазабек Саманчин, Зияш Бектенов, Ташим Байжиев, Мукай Элебаев, Жума Жамгырчиев, Алыкул Осмонов, Касымалы Жантөшев, Узакпай Абдукаимов, Мамасалы Абдукаримов, Абдылас Малдыбаев, Анвар Куттубаева, Сайра Кийизбаева, Айша Түмөнбаева, Аккагаз Арабаева, Мискина Танина ж.б.

“Петр Кузьмич Юдахин менен Базаркул Данияровдун чымырканып иштеп, институттун окуучуларына аталык камкордук менен мамиле жасашы, Кузьмичтин институттун экономикасын билгичтик менен уюштура билиши жана Базаркул Данияровдун окуу, тарбия иштерин жакшылап жолго коюшу тез эле бизди ири ийгиликтерге алып келди. Ошентип, кыргыз эли агартуу майданында бир кыйла ийгиликтүү иштерди иштеп, республиканын коомчулугуна аты чыгып, элге таанымал болуп калды» — деп жазган Борбордук кыргыз педагогикалык техникумдун 1930-жылкы бүтүрүүчүсү, педагог, манастаануучу, филолог Зияш Бектенов, Киринпрос жана окуу жайдын жетекчилеринин профессионалдуу тандеми жөнүндөгү мазмундуу жана кенен эскерүү баянында.

Базаркул Данияровдун түздөн-түз жетекчилиги менен БКПТда «Үмүттүү жаш», «Кызыл учкун» сыяктуу көптөгөн ийримдер түзүлүп, Зияш Бектенов, Ташим Байжиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Узакпай Абдукаимов ж.б. ийримдердин активдүү катышуучуларынан болгон. Ал эми музыкалык-драмалык ийримге Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Айша Түмөнбаева, Абдылас Малдыбаев автор жана актёр катары активдүү катышкан…

Зияш Бектенов: «Балдар, бир нерсеге жакшы түшүнүшүңөр керек. Билим деген бир заматта учуп келе калып, башыңарга коно калчу бакыт кушу эмес. Силердин мектептен алган билимиңер 10 пайыз болсо, билимдин 90 пайызын өз бетинче китеп окуу жолу менен аласыңар» — деп, Базаркулдун сөзүн эскерет.

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШАТЫНДА ТУРГАН БАЗАРКУЛ

 

Базаркул Данияров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, андан кийин республиканын жетекчилерин студенттердин жолугушууларына, майрамдык иш-чараларга байма-бай чакырып турган. Студенттердин эскерүүлөрүнө караганда, Кыргызстандын «биринчи адамдары» окуу жайга студенттердин сүйлөгөн сөздөрүн угуу үчүн жан дили менен келишип, өздөрү да ар кыл темаларда баяндама жасап турушкан. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Жайнак Саадаев, Турдалы Токбаев, Осмонкул Алиев, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Сатар Кулматов, Абдыкадыр Орозбеков, Таш Кудайбергенов, Нуркул Кулназаров, Батырхан Мээрханов болгон.

Зияш Бектеновдун эскерүүлөрүнө ылайык, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Базаркул Данияров студенттер менен бул жолугушуулардан эмнени үйрөнсө болору жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүп турган. Ал студенттер улуулардан талкуу көндүмдөрүн, иш-чараларда өзүн кандай алып жүрүү керектигин, адамдар менен кандай баарлашуу керектигин, ал тургай, кандай кийинүүнү үйрөнсө болоорун айтып, кеп-кеңештерин берип турган. Анткени, ал көкүрөгүнүн тээ тереңинде ошол студенттер келечекте мугалим, жазуучу, журналист, чыгармачыл адамдардан гана болбостон, саясатчылар, мамлекеттин болочоктогу жетекчи кызматкерлеринен болоруна бекем ишенген. Базаркул Кыргызстандын келечегине ушунчалык олуттуу жана оптимисттик көз караш менен караган адам болгон.

Кыска убакыттын ичинде Киринпрос-БКПТ жогорку миссияны эң мыкты деңгээлде аткара алды. 1960-1976-жылдары КМУнун ректору болуп иштеген Салмоорбек Табышалиевдин айтуусу боюнча «ал кийинчерээк маданий революциянын негизги проблемаларын чечүүгө жөндөмдүү болгон улуттук интеллигенциянын отряды үчүн кадрлардын устаканасы болуп калды».

Устаттын ысымы унутулбаса

Республиканын алдыңкы окуу жайы болгон Борбордук кыргыз педагогикалык техникумдун базасында 1932-жылы Кыргызстанда биринчи жогорку окуу жайы ачылып, ал М.В. Фрунзе атындагы педагогикалык институт деп аталган. Ал эми анын негизинде 1951-жылы туңгуч университет – Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) түзүлгөн. Ага 2002-жылы Жусуп Баласагындын ысымы ыйгарылган.

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШАТЫНДА ТУРГАН БАЗАРКУЛ

Ошентип, келерки жылы биздин эң «аксакал» университетибиз өзүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө толук укуктуу. Анын түптөлүшүндө турган, кыргыз тилиндеги алгачкы билим берүү программаларын түзүп, окуу китептерин жазып, улуттук кадрларды даярдоого, тарбиялоого жан дилин, кесипкөйлүгүн жумшагандардын бири Базаркул Данияровдун эбегейсиз зор эмгегин баалоого акыры мезгил жетти деп ойлойбуз. Өзүнүн баалуу өмүрүн, гүлгүндөй жаш курагын чыпчыргасын коротпой кыргыздын улуттук билим берүүсүнө арнаган чыныгы «Биринчи мугалим» Базаркул Данияровдун ысымын мектепке, жогорку окуу жайларга жана өзү жашап кеткен көчөгө ыйгарууга татыктуу.

Айнагүл Кашыбаева

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер