ЗАХРИДДИН БАБЫРДЫН КЕРБЕНДЕГИ ТҮШҮ

  • 24.03.2025
  • 0

Эски бактагы аян

ЗАХРИДДИН БАБЫРДЫН КЕРБЕНДЕГИ ТҮШҮ

Кыркаланган майда адырлардын артында ырайымсыз мелтейе батып бараткан күн ызгаардуу. Анын чала өчкөн чычаладай муздак нуру ичиркентет. Кенен жайыктан катуу шамал жүргөндө ката элек жука кар бириндеп учуп, айлана бозоро тегирмендин чаңындай тумандайт. Ыргала желген аттардын үстүндөгүлөр чепкендерин кымтыланыша алыстагы бийик тоону үмүттөнө карай теминише, камчы урушат. Бирок эки күндөн бери тыным албай, бирде сайга кире шагыл таштарга мүдүрүлө, бирде суу кече ичиркене силкине, бирде саздарда баратып, кагайган камыштарды жүгөндөрүн карсылдата чала жалмалагандан башка чөп же жем көрбөй тулкулары кундактай тартылган ачка аттардын жүгүрмөк түгүл желгенге акыбалдары келбей ыргала араң басышат. Тоо беттей качышканда жоон топ болушса, аттары жүрбөгөндөр артта кала берип, үч атчан эле калган. Бирок артта калгандарды күтүп, аттарды да дем алдырганга алардын убактылары жок. Аркада Шейбаны хандын жан алгычтары кууп келатышат. Эгерде качкандардын кайсыл жолго салышканын билишсе, алар эбак эле кууп жетмек. Бирок качкандар алыстан алардын караандары көрүнгөндө багыттарын өзгөртүшө, жылга-жыбыттарга бекине жүрүшкөндөн улам гана алигече табыша элек. Тезирээк тоо аралап кетишпесе баары бир таппай коюшпайт. Шашылышпаса, алдыларынан тосо чыга калуулары да мүмкүн.

Калың төө чепкенин жоолук менен бекем байланган адам бирде артына кылчайса, көбүнесе жакындап келаткан тоолорду чыдамсыздана карайт. Ал адам шамал жүргөн сайын жакаларын кымтыланат. Бирок кардын уюлгуган учкундары ызгаар менен кошо жакасынан кирип мойнуна, беттерине жабыша эрип, ичиркенте коюн колтуктарына сарыгат. Күүгүм кирип баратса да туулганын чокусундагы алтын жалатылган бунчук батып бараткан күнгө чагылыша жылтылдайт. Ал эмирликтин белгиси. Омор шейхтин мураскору Захриддин Бабыр Аксыкенттин жанындагы согушта жеңилип, кошууну бытырап туш-тушка таркап, өзү бир ууч нөкөрлөрү менен тоо тарапка качып
келаткан.

Күрөнүн түбүнөн ончакты түтүн үй көрүнгөн чакан кыштакка жеткенде анын аты да басканга алы келбей туруп калды. Катуу-катуу темине камчылаганда кара тери куюла, муундары калтыраган жаныбар ордунда тегеренгенден башкага жарабады. Артында келаткан экөөсү жете келгенде, бири атынан түшүп, аны эмирдин алдына тартты.

– Падышах, тезирээк буга минип жөнөңүз. Аркада бирөөлөрдүн дабыштары чыгууда.

– Атыңды мага берип коюп өзүң кантесиң, даруга1? — деди эмир ага.

– Атыңызды бир аз дем алдырып алып артыңыздан жете барабыз.

Бабыр жаңы атка минер менен ал деле чарчаганын дароо сезди. Ал кыштактан четтеп, ичке сайды өрдөп жөнөдү. Артындагы эки атчан бута атымдай аралыкта келатышты. Кырга чыкканда аларды күтүп турду.

– Падышах, Карнонго2 түз кирип барбай, тигил жылгада күтө туруңуздар, — деди даруга түшө калыштагы кароол чокунун артындагы жылганы көрсөтүп. Бул жакта бир айдан бери боло элекмин. Чалгындап, жегенге бир нерсе таап келейин.

Бабыр менен анын нөкөрү аттарынан түшүп, жылгага жетелешти. Даруга көпкө кечикти. Кеч күүгүм болгондо үч нан таап келди.

– Күндүз бейтааныш бир топ атчандар келип, конушкан экен, алардын ким экенин биле албадым, — деди ал актангандай. Аттарга бир боодон чөп тапсамбы дедим эле, бирок бейтааныштарды сүзүп албайын деп тааныштардыкына кирбедим. Алардын ким экенин билгиче, кыштакка кирбейли. Кокус Ыбырайым бектин бизди издеп жүрүшкөн адамдарыдыр. Кыштактын аркы четинде калың бак бар. Таң аткыча ошерде күтө туралы.

Үч атчан кыштакты тоо жагынан айлана калың бакка келишкенде, жылдыздар тегиз чыгып калган. Бактын арасындагы тулаңдын үстүн кылаңгыр эле кар баспаса, бутка оролот. Аттардын жүгөндөрүн чыгара чидерлеп коё беришип, өздөрү сугатчылар, корукчулар паанек кылган сарайчага кирип,от жагышканда, Бабырдын денеси талыкшый, ачкалыгын да унутуп бир азга үргүлөп кетти. Бирок негедир тез кайра чочуп ойгоно, кирпик арасынан экөөн шектене карады. Анткени уйку соонун арасында апасы: “этият бол” деп шыбырагандай боло түшкөн. Чын эле апасы түшүнө кирдиби же коркконго кош көрүнөт болуп ага ошондой сезилдиби? Неси болсо да нандан бир туурам жеп, чайдан ичип, очоктун четине кыйшайган менен кайра уктай албады. “Ишиң жүрүшүп турганда достон көп нерсе жок, — деди оюнда. Ал эми ыкыбалың кеткенде алардын көбү каска айланары жалганбы? Бул экөөсүн бир айдай мурда эле жолуктурган. Анда Самаркандды кайра алганга кол жыйнап жаткан. Эмичи? Эми Самарканд түгүл атасынын ордосу Аксыкентке кириши да кыйын. Кирген менен деле канча турат? Чындап ыкыбалы кеткендин ити да качат. Жана Бандаалы даруга үйлөрүнүн түтүндөрүнүн жыты уруп турган кыштакка барып келгиче эт бышымдай убакыт өттү. Үч нан таап келгенге ушунча убакыт
кетеби?”

Ал акырын туруп сыртка чыкты. Аты сарайдын жанында эле оттоп жатыптыр. Ал окуранганда койнундагы нандын сындырымын оозуна тыгып, жалынан, омуроосунан сылады. Тыңый түшүптүр. Ал атын минип, бактын тоолор жагына бастырды. Суук жанагыдан пастаптыр. Айдын жарыгында маңдайында чокусу аскалуу бийик тоо шаңкайса, айланасындагы токойлор кийиз каптагандай карарат. Түндүк тараптагы сайдагы токойлор түнөрүп өзгөчө калыңдыгы байкалат.

ЗАХРИДДИН БАБЫРДЫН КЕРБЕНДЕГИ ТҮШҮ

Ал бул тарап жөнүндө көп уккан менен, мурда келген эмес, анткени аңчылыкка анча ыклас кылбайт. Бирок кээде Анжиан менен Намангандын ортосундагы камыштуу саздардагы жырткычтарды уулагандарга кошулат. Эми ал жактарда да эркин жүрө албайт. Саздардан өрдөк-каздар чочуй тегиз учканда күндүн көзү көрүнбөй калчу. Ал эми камыштардын арасында камандар, жолборстордон тартып, нелер гана жок! Ошон үчүн ал жактарда жалгыз-жарым эч ким жүрбөйт. Бирок ыраматылык атасы кептер баккандан сырткары нөкөрлөрү менен тоо тарапка ууга чыкканды да жакшы көрчү. Ал тоо тараптан жапайы кептерлерди алып барып, өзү баккандарга да аралаштырды. Алардан башка бакма паренделери канча экенин эч ким билчү эмес. Баамында, жардын кырындагы кептеркана паренделерди көтөрө албай кулаган. Ал урагандан кийин анын ордун издеген кептерлер жарды бир жумадай чаңыткан. Алар бири-биринен орун талаша тегиз конгондо бийик жардын алакандай да ачык жери калчу эмес.

Омор шейх тоо тарапка каттаган сайын аттарга сылай жүктөлгөн аркар, кулжа, кийиктердин ышталган эттери менен кошо дайыма көзгө атар мерген, балбандарынан да ээрчите барып, жигиттерине кошчу. Алардын бири – Ибраим Саруу эле. Атасы өлгөндөн кийин ага жигит болуп, өлгүчө кайгуулдарды, толгомочуларды3 жетектеп жүрдү. Акыркы жылдарда кошуундун сол канатынын башчысы болду. Жаа тартып, найза ургандан эч кимди алдына салчу эмес. Анын чөйчөктөй көлдүн жанындагы токойлуу айылдардын биринен барганын билет, бирок жеринин аты эсинде жок. Ал кимди болбосун адамдык, жоокердик сапаттарына жараша гана баалайт, башкасы кызыктырбайт. Ибраим Сарууну сол канаттын башчысы кылып дайындаганда мырза тектүүлөрдүн көбү нааразы болуп, ага каршы кутумдук да уюштурушту. Алабарман неме алардын тилине кирип жердештерин ээрчите кеткен учурлары да болду. Бир ирет жигиттери менен Исфаранын чебин ээлеп алып, ага каршы бир айдан ашык согушту. Азык-түлүктөрү, жебелери калбаганда гана атактуу кожону ортого салып, мойнуна курун салып келип кайра кошулду. Ошондо бектердин, аскер башылардын көбү ошол замат анын башын алууну талап кылышкан, бирок ал ага көнбөгөн. Өзү келгендин башын алуу оңой, бирок андай шерди кайдан табасың? Бирок канча аскер бөөдө өлдү, канчасы жарадар болду. Анын көзгө атар бир жаачысы чепке жакындаганды аттан түшүрө атып турду. Аны ойлосо азыр да кыжыры келет. Бирок жаңылгандын жазыгын бир кечирсең, эселенген ынтаа-ыклас менен кызмат өтөйт. Кийин ал эч качан сатпады, андан жакын бектер жигиттери менен аны таштап кеткен учурларда да жанында жүрдү. Тирүү болсо, эч качан сатмак эмес.

Айылына каттаганда дайыма бир топ жигитти ээрчите барчу. Бир тууган үкөсү Саматты ошентип кошуунга кошкон. Экөө тең узун бойлуу, чүңүрөйгөн кой көздөрү жалтануу, коркуу дегенди билбеген, аттарына үзөңгүгө бут салбай секирип минген, ылаачындай шамдагай жигиттер эле. Айламыш өзөнүндөгү кечүүдөгү кармашта Шахсувал деген баатыр могол аны оор кылыч менен чапканда туулгасы жарылып, жарым мизи башына бата түшөт, бирок ал атынан ооп барып, кайра түздөлө моголдун сол чекесин шылый чабат. Өлүп баратса да душманынан кысасын чыгарганга жараган андай эрлер сейрек кездешет.

Ал Фаргананын тоо жактарындагы элдеринен гана кошуун жыйнаса, Шейбани ханга Самарканд менен Бухарадан, а түгүл Дашты-Кыпчак жактан келгендер да кошулуп, күн санап аскерлери көбөйүүдө. Дагы көбөйөт. Бектеринен, нөкөрлөрүнөн ага кошулуп жаткандар азбы? Өзбектер менен согушта жеңилгени көп болду. Мына ошондой кармаштардын биринде Ибраим Саруу да өлдү. Аны ошондо жаңы эле оң канатка башчы кылган. Ал жетектеген аскерлер чоң өзөндөн өтүшкөндө камыштардын арасында жашынып турган шейбаначылар качырып киришет. Ошондо аскерлеринин бир бөлүгү кечүүдөн өтө элек экен. Эгерде аскерлерин сапка тизип, камданганга үлгүрсө, мүмкүн жеңилмек эмес. Бириндегендерди чакчелекей түшүргөндөн оңой нерсе барбы. Курчоодо калышса да алар жандарын аябай согушат. Ошол согушта Ибраим аталган үч бегинен ажырады, алар: Ибраим Саруу, Ибраим Тархан, Ибраимжан. Андай болот деп ким ойлоптур. Мүмкүн, ага улуу жараткан мындан ары жолу болбосун ошентип эскерткендир. Эми эмне кылат? Качанга чейин тоо-таштардын арасында качып жүрөт? Анте берсе, аны баары бир кармап, башын алышат. Хан тукумдарынан эч ким калмайынча өзүнө тынчтык болбосун Шейбани4 жакшы билет.

Эптеп Анжианга жетсе, агаларына, кыйышпас бектерине кошулуп, бириндеп кеткен нөкөрлөрүн жыйнайт. Бирок канчага чейин анда камалып отурушат? Андан көрө башка жактан бактысын издегени оң эмеспи? Түндүк тарапка кетсеби? Жок. Ал жактын кышы оор, суугу күчтүү. Элдерин да жакшы билбейт. Андан көрө жери Фаргана менен Самарканддай берекелүү түштүккө кеткени оң. Ооба, ооба, тезирээк туш тарапка бириндеп кеткен нөкөрлөрүн жыйнап, жазда ашуу ачылары менен Ооганстан тарапка ооп кетпесе болбойт. Ал жактын элдери кандай кабылдашат, аба ырайы кандай, ал да белгисиз. Ялла, дүйнөдө Ош менен Самарканддай берекелүү, мелүүн жер бар бекен! Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыкса да, эми Самарканд менен Оштой жерди таппайт. Ал чындык. Бирок ага кеткенден башка арга да калбады. Эмнеси болсо да ал жакта сары изине чөп чалып кууп, башын алууну гана көксөгөн элдешкис душманы жок. Жаа тартып, найза сайган баатырларды гана эмес, зериктирбей көңүлүн ачуучу Сейит Жусуп улакчыдай шайырлардан, ыйык китептерди көчүрүп таркатканга мушрилерден5, фирмандарын кагазга түшүрүүчү хаттаттардан6, жаңы көргөндөрдү кошуундагыларга түшүндүргүдөй мав­лян фадиландардан7, аалымдардан да ала кетүү зарыл. Алыста жүргөндө ата мекенин эсине салып тура тургандар болбосо кантип чыдайт? Анда ар бир күн азапка айланат. Сейит Жусуп улакчы чекелерин кызыл менен бууган жердештери менен ызы-чуу сала улак тартышка киргенде Алай жайлоосунда же Куршаптын жайыгында жүргөндөй боло түшсө, ал эки жеңин чыканагына чейин түрүп алып, комузда кол ойноткондо Сулайман тоодогу же Өзгөндүн бак-шактуу кароол дөбөсүндөгү салкын кечтерде отургандай эргип, сергий түшөрү шексиз. Бирок аларды эми жыйнай алабы? Деги Сейит өзү аман болду бекен?

(Уландысы бар)

Даруга — шаардын же кыштактын башчысы

2 Карнон — Кербендин мурдагы аталышы

3 Толгомо — согуштук ыкма

4 Шейбани — өзбектердин ханы

5 Мушри — китепти көчүрүп жазуучу, көчүрмөчү

6 Хаттат — катчы

7 Фадилан — окумал, билимдүү

Папан Дүйшөнбаев

Бөлүшүү

Комментарийлер