“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

  • 14.04.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 ОТК  “Туруктуу мектептерди глобалдык  издөө”  долбоору өткөргөн мектептер арасындагы сынакта тандалып алынган. Учурда долбоордун алкагында мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу боюнча бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69       

 Туруктуу жашоо жана билим берүү программасы

— Демилге азыркы учурда дүйнөнүн  тогуз өлкөсүндө SLE10YFP программасынын  концепциясына ылайык жүзөгө ашырылып жаткан   Глобалдык  экологиялык стратегиялар институту тарабынан ишке ашырууга мүмкүн болду. SLE 10YFP – Туруктуу жашоо жана билим берүү программасы ЮНЕП  ( UNEP  БУУ айлана-чөйрөнү коргоо  боюнча программасы) жетектеген 10 жылдык туруктуу керектөө жана өндүрүү  программаларынын алкагындагы алты программанын бири. Демилгени КРнын КТЧКТЧ Мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, билим берүү мекемелери  ж.б. менен биргеликте ишке ашууда.  Биздин өлкөдө  Туруктуу мектептерди глобалдык  издөө ишмердүүлүгү  экологиялык билим  берүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү жаатындагы мурунку иштерге негизделип,  мектептер арасындагы сынак аркылуу ишке ашырылды. Улуттук деңгээлде туруктуу мектептерди издөө боюнча критерийлери иштелип чыгып, мектептерден арыздарды чогултууга жарыя башталган, — дейт  мектептин директору Сайрагүл Атаева.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69         Натыйжада, өз мектептеринде туруктуулукту жогорулатуу программасын өз деңгээлинде иштеп чыккан Нарын районундагы Казан-Куйган айылынын  Түгөлбай уулу Усупбек орто мектеби, Талас облусундагы Бакай-Ата айылындагы  Жунусов Баратбай атындагы орто мектеби жана Чүйдөгү  Буденовка орто мектептери  сынактан тандалып алынды. Кыргызстан  боюнча  төрт мектептин бири болуп  Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы  №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы тандалып,  иш алып барууда.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

— Демилгенин алкагында ар  түрдүү иш-чаралар уюштурулууда. “Туруктуу мектептерди глобалдык издөө” туруктуу өнүгүүнүн идеяларын жана принциптерин, туруктуу керектөө жана өндүрүштү жайылтууга, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүдөгү максатыбыз — окуу процессинде ар бир предметтерге интеграциялоонун негизинде предметтик мугалимдердин календардык-тематикалык пландарына киргизилип,  окуучулардын жашыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууга багытталды. Ушул жаатта мугалимдер усулдук иштелмелерди, тесттердин, жат жазуулардын жыйнагын иштеп чыгышты. Быйылкы окуу жылында “Окуу процессинде туруктуу  өнүгүүнүн, жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүштүн негиздерин окуучулардын аң-сезиминде  калыптандыруу”, “Тарбия процессинде  туруктуу  өнүгүүнүн, жоопкерчиликтүү  керектөө  жана өндүрүштүн негиздерин  окуучулардын  аң-сезиминде калыптандыруу” жана “Билим сапатын жогорулатуу туруктуу өнүгүүнүн шарттарынын бири” аттуу педагогикалык кеңешмелер өткөрүлдү, — дейт жетекчи.

Иш тажрыйбаны жайылтууда  Бишкек шаарындагы №21, №83, №85, №87, №96 орто мектептерге семинар-тренингдер өткөрүлүп, кызматашттык иш алып барылууда. Ошону менен бирге Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчасы менен тыгыз кызматаштыкта иш жүргүзүлүүдө.

Демилгенин алкагында мектептин инфраструктурасына өзгөрүүлөр киргизилип, жашылдандыруу  иштери жүргүзүлдү.

Келечек”  аллеясы

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“Туруктуу мектептерди глобалдык издөө” демилгесинин алкагында  мектептин  алдында 2020-жылы  24-мартта “Келечек”  аллеясы  негизделген. Спорттук чуркоо жолунун эки тарабына  жалпы 131 ийне жалбырактуу көк карагайлардын көчөттөрү  отургузулган. Ар бир карагайдын түбүнө тамчылап суугаруу системасы орнотулду.  класстардын  окуучулары  активдүү катышып, карагайларды  отургузушкан.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

 “Ак кайың” бакчасы

Ушул эле демилгенин алкагында мектептин айланасындагы  бош аянттарга жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Ушул жагдайда  27-март 2021-жылы  “Ак кайың” бакчасы уюштурулду. “Ак кайың”  бакчасына демөөрчү  “Нур” телеком тарабынан  90, ата-энелер  тарабынан 45 ак кайың  көчөтү отургузулуп,  тамчылатып  суугаруу механизмдери туташтырылды.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

                   “Ачык асман алдындагы класс ”

       Бул класс мектептин  ортосундагы аянтчага  уюштурулду. Ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн  түрлөрү, бадал, көп жылдык чөп өсүмдүктөрү отургузулду.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

Ачык асман алдындагы класска   биология, табият таануу, көркөм өнөр, технология, чет тилдери (немец, англис, кытай, корей),  орус тили жана адабияты  сабактары өтүлөт. Ар түрдүү экологияга байланышкан иш-чаралар да ушул жерде өтөөрүн жетекчи белгиледи.

    Оранжереядагы  жаңы  жашылдандыруу

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ Туруктуу мектептерди глобалдык  издөө” демилгесинин   алкагында  оранжереянын   мектепте жашылдандыруу  боюнча калыптандыруу иштери    жүргүзүлүүдө. Мектептин оранжереясында экзотикалык жаңы өсүмдүктөрдүн  түрлөрү отургузулду.

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

 Долбоорду колдойбуз

Жийде Абдымамытова, 6-“в” классынын  окуучусунун энеси:

“ЖАШЫЛ МЕКТЕПКЕ” АЙЛАНГАН №69

— Биздин комплекс -гимназиябыз – бул долбоорго кирип калышына  ата-энелер, албетте, кубанычта болдук. Мындай иш-чара колдоого  гана арзыйт.  Мектеп айланасы жашылдандырылып,  эң сонун иштер болууда. Балдарыбыз ар тараптуу билим алуу менен курчап турган чөйрөнү да коргоону үйрөнүп,  жаратылыш ресурстарын   туура пайдаланууга  аң-сезимдерине калыптандырып өсүшөт.

Мен ата-эне катары бул долбоорго  аз да болсо, салым кошкум келди.  Азыр мугалимдер, 6-“в” класстын окуучулары менен  «5-июнь  — айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө» карата Кыргызстандын «Озон»  борбору менен биргеликте телеток-шоу жана окуучулардын катышуусунда «Ультракызгылт нурдан коргонобуз!» аттуу чакан сценка даярдалып жатат. Долбоор алкагында комплекс-гимназиянын  «Эргиме» фольклордук  ансамблине  кыл кыяк аспабы сатылып алынды. Буюрса, мындай иш-чаралар дагы улана бермекчи.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер