ЖАРАНДАРДЫ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БИЛИМ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА 100 КҮНДҮК РЕФОРМА БАШТАЛДЫ
- 08.08.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын жыйынында “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында 100 күндүк реформаны ишке ашыруу боюнча кезектеги кадамдарды сунуштады.
Негизги демилгелердин бири калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу максатында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөштүрүү реформасы болду.
Адылбек Касымалиев “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагындагы 100 күндүк реформаны ишке ашыруу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу ыкмасы болуп калганын белгиледи. Анын айтымында, жыл башынан бери алты демилге көтөрүлүп, анын төртөө ийгиликтүү аяктаган.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик мектептердеги, өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардагы, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы мектептердеги окуучулар үчүн орундун жетишсиздик көйгөйүн чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул аймактарда калктын жыштыгы мектептердеги жайлардын толуп кетишине алып келүүдө, анын натыйжасында окуучулар эки-үч кезек менен окууга аргасыз болуп, балдардын билим сапатына жана мотивациясына терс таасирин тийгизүүдө.
— Жеткиликтүү билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу биздин негизги милдеттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири, — деди Адылбек Касымалиев.
Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан жаңы мектептер курулууда, ошол эле учурда өлкөдө окуучулардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу Министрлер Кабинети жеке секторду бул маселени чечүүдө маанилүү өнөктөш катары карайт.
Адылбек Касымалиев жеке менчик билим берүүчү жайларды ачуу жана иштетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул мамлекеттик мектептердин түйшүгүн азайтып, көп балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Учурда Кыргызстан аймагында 219 жеке менчик мектеп иштейт, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (108) жана Ошто (54) жайгашкан. 2024-жылы жеке менчик мектептерге 33 лицензия, 2025-жылдын башынан бери дагы 21 лицензия берилген, бул жеке сектордун билимге болгон кызыгуусу өсүп жатканын далилдейт.
— Биз жеке сектор билим берүү тармагына, өзгөчө ири шаарларда активдүү катышып жатканын көрүп турабыз. Сапаттуу жеке менчик мектептерди көбүрөөк ачууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү — биздин милдет, — деп белгиледи МК Төрагасы.
Бул демилге 100 күндүн ичинде ишке ашырылышы керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар лицензиялоо процессин талдап, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду аныктап, аны жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү боюнча далилдүү чараларды сунушташы керек, — деген Адылбек Касымалиев, бул реформа жеке билим берүү секторуна көбүрөөк инвестиция тартып, жаңы жумуш орундарын түзүп, көбүрөөк балдарга ыңгайлуу шарттарда сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн кошумчалады ал.
Кемел Белеков,
«Кут Билим»
Комментарийлер