ЖАПАЙЫ КАПИТАЛИЗМДИН КОМПЬЮТЕР БАШТУУ «БӨЛТҮРҮКТӨРҮ»

  • 09.04.2021
  • 0

Жапайы капитализмдин компьютер баштуу «бөлтүрүктөрү» же тарбия тармагында чечкиндүү реформанын зарылдыгы

(ПРЕЗИДЕНТКЕ, ӨКМӨТКӨ КУЛАК КАГЫШ)

Бишкек шаарынын чет жакасындагы «Мурас-Ордо» айылында 17-мартта болгон трагедия көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Чаламандын чак түшүндө 10-класста окуган окуучу  өспүрүм 12 жаштагы бир тууган инисин бычактап өлтүрүп отурат. Болуптур, бир тууган балдар чырлаша кетти дейли. Бирок кер-мур айтышып, кичине чатакташа кетсе эле, дароо бычак ала жүгүрүш керекпи? Деги биздин нравалар эмне болуп баратат? Мындай агрессивдүүлүк жана мыкаачылык өспүрүм балада кайдан пайда болду? Мындай ташбоордукту жана каңкордукту ал кимден үйрөндү? Кандай балээлер  ага таасир берди? Айлана-чөйрөнүн көрсөткөн «өрнөгүбү»? Ушул эле жылдын 1-мартында Жайыл районунда жапжаш  эне өзүнүн баласын мууздап салганын угуп, төбө чачыбыз тик турган эле. Бул аз келгенсип, 6-мартта 18 жаштагы небереси 70 жаштагы чоң атасын балталап өлтүргөн окуя эсибизди эки оодарбадыбы. Былтыркы 2020-жылдын жайында жаш жигиттин  80 жаштагы аксакал адамды эсин оодара токмоктоп, жыга тээп урганын телетасмадан көрүп, заманабыз куурулган.

Мындай үрөй учурган окуялардан улам жакабызды карманып, аргасыздан ойлонобуз. Өз ара мамилелерде мындай катаалдык, ташбоордук, мыкаачылык кыргыз баласынын адебинде, нарк-насилинде жок эле го. Дагы сурайлы, мындай балээлер, агрессивдүүлүк, айбанчылык биздин балдарда, жаштарда кайдан, кантип пайда болду, оору кимдерден жукту? Ушул эле дейсиңерби. Балдардын, жаш-жаш улан-кыздардын бирөөлөрдүн өмүрүнө кол салуу, өзүнө-өзү кол салуусу жана башка агрессивдүү жүрүм-турумдарына байланышкан окуялар республика боюнча канча. 2017-жылы өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулук фактылары өлкө боюнча 1148 болсо, 2019-жылы 62 суицид катталган. Балдардын арасында наркомания, токсикомания көбөйүп, коомчулуктун тынчын алууда. Акыл калчасак, албетте мындай жан кейитээр, терс кубулуштардын артында, айрыкча адам өлтүрүү агрессивдүүлүгүнүн артында бир эле себеп, бир эле фактор бар деп айта албаспыз. Коомдогу оң көрүнүш болобу, терс кубулуш болобу, аларды шарттаган факторлор адат катары көп тамырлуу, көп себептүү болот.

Ошентсе да, жашоо чөйрөбүздөгү төмөнкүдөй жагдай-шарттар тууралуу ой чуркатпай кое албайбыз. Адегенде мобуну айтып өтөйүн. Чет өлкөлөрдө жүргүзүлгөн социологиялык-психологиялык изилдөөлөр зомдук-зомбулукту үгүттөгөн теле-компьютердик программалардын ишенчээк жаш балдардын психикасына бүлүндүрүп-бузуучу таасирин тийгизерин аныктаган. Кыргыз Республикаксынын Коопсуздук Кеңешинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөө институту 2008-жылы «Мектептердеги зомбулук маселеси» аттуу социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Изилдөө учурунда өспүрүмдөрдүн агрессивдүү болушу жана зомбулукка барышы маалымат каражаттарынын, телекөрсөтүүнүн жана компьютердик оюндардын терс таасиринен улам болуп жаткандыгы белгилүү болгон. («Кут Билим» 18.05.2015)

Азыр болсо, бүгүнкү өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун атайын иликтөөгө алган Сымбат Максүтованын «Эркин Тоо» газетасына тынчсызданып жазганына көңүл буралы. «Үйдөгү телевизордон кайсы гана каналына койбо, кинолордогу киши өлтүрүүнүн түрдүү-түркүн ыкмаларынан, уят-сыйытсыз кинолордон балдардын көзүн «таңып» кое албайсың. Мектепке кеткен балдардын көбү таң атпай компьютерге кирип, кечинде араң чыгышат. Ал жерден кинодон көргөн адам өлтүрүү ыкмаларын компьютерден миң кайталап машыгышып, ырахатка батышат: Чоңоюп калган балдар компьютерде түнкүсүн дагы калышып, парнографиянын түрүн көрүшөт» («Эркин Тоо» газетасы, 6.03.2008-жыл).

Кызыкдар адам суроо салганда бир окуучу өспүрүм «компьютердик клубдар эң сонун, себеби ал жакта киши өлтүрүп ойнойсуң» — деп жооп бергендигин «Кут Билим» газетасы жазып чыкты. Ал эми Бишкекте бир белгилүү бизнесменди жубайы менен кошо о дүйнөгө жөнөтүшкөн өспүрүмдөр мылтыктын үнүн чыгарбастан туруп, кишини атып өлтүрүү ыкмасын боевик фильмдерден үйрөнүшкөндүгүн тергөө учурунда моюнга алып отурушат («Дело №», №33, 2005)

Экрандардан адам өлтүрүүнүн, кан төгүүнүн түркүн «өрнөктөрүн» — дайыма көрө берип, ага көнүп калган, өзү да киши өлтүрүп ойногон баланын жан дүйнөсүндө кайдагы боорукердик болот? Жогорудагы бычактоо, балталоо, атуу, аеосуз токмоктоо фактылары Сымбат Максүтова жазгандай, «ужас» кинолор менен «ужас» оюндар бузган, бүлүндүргөн психиканын «ужас» натыйжалары жатпасын?

Ушул жерден мобу нерсеге көңүл бургум келет. Бала болобу, чоң киши болобу, адам пендесинин табияты татаал тура. Философтордун, психоаналитиктердин ойлору боюнча адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө караңгы инстинктер, тышка чыккысы келип удургуган аң сезимсиз туюк импульстар (подсознательные импульсы), рационалдык жол менен түшүндүрүүгө болбогон иррационалдык сезим-туюмдар, тубаса түшүнүксүз күсөө-суусоолор, сокур кумарлар, агрессивдүүлүк орун алган. Адам жаратылышы жөнүндөгү мындай идеялар «Куранда» да, «Библияда» да бар.

Адамдын жаратылышндагы, натурасындагы ушундай башталмаларды орус жазуучусу, атактуу Ф.Достоевский «подполье» (тактайдын асты) деп атаган. Мына ушул подпольеден улам адам айбанча жорук-жосундарды жасоого, кээде жырткычка айланып кетүүгө да жөндөмдүү экен. Өзүнүн «подпольесин» башкара албай, инстинктердин жетегине түшүп, адам аракечке, нашакорго, ууруга, коррупционерге, хулиганга, зордукчуга, «көзкаманга», дүнүйөкорго, мансапкорго, сүткорго, диктаторго, ыймансызга, а түгүл каннибалга да айланып кетип жатканын турмуштан көрүп жатпайбызбы. Жанагы канга суусаган фильмдер, катаалдыкты үгүттөгөн видеотасмалар, жети укмуштуу желмогуз компьютердик оюндар, бүйүрдү кызыткан көрсөтүүлөр балдардын «подпольесиндеги» (тактайдын астындагы) агрессивдүү инстинктерди козгоп, ойготуп жатпайбы.

Мына караңыз, базарлардагы, элдүү пунктардагы компьютердик дисктер дүкөндөрүндө өспүрүмдөргө байма-бай сатылып жаткан түркүн жанрдагы кинопродукциялар булар: Мисалы «Антология ужасов», «Наемные киллеры», «Каннибалы», «Зомби мертвецы», «Людоеды», «Кровожадные вампиры», «Серийные маньяки», «Кошмары», «Чудовидный страх», «Ужасный хит», «Жестокие дети», «Резня без разора», «Дети убийцы», «Девушки вампиры», «Тюремные боевики», «Кровавые ужасы», «Дьявольские ужасы» деген сыяктуу сансыз кинодисктер кантип балдардын психикасын бузбайт да, агрессивдүүлүгүн күчөтпөйт. (ар бир дискте 10-15 тен фильм бар). Мындай фильмдерди чоң кишилерге да ыраа көрбөйсүң. Бул фильмдерде мораль деген жок. Мындай тасмалар жаш балдарга адеп-ахлак багытсыздыгын тартуулайт жана өспүрүмдөрдө караңгы инстинктерди гана ойготот. Ал эми өспүрүмдөргө тартууланып жаткан порнографиялык, эротикалык, сексуалдык фильмдерди эске алганда, биз кайсы өлкөдө жашап жатабыз, бул өлкөдө муундардын тарбиясын көзөмөлгө алып, баш көз болгон, урпактардын келечегин, рухий-психикалык саламатчылыгын ойлогон кожоюндар барбы деген күйүттүү ойго келесиң.

Ушундай «маданий вирустарды» таратууга бөгөт койгон бизде мыйзамдар жокпу? Дагы сурайлы, болсо ал эмне үчүн иштебейт? Же көзөмөлдөөчү кызматтар ушул фильмдерди таратуучулардын акырынан жем жеп унчугушпайбы? Ооба, дал ошондой. Бул жерде да коррупция гүлдөөдө.

Эми иштин мобу жагын айталы. Жанагы «подпольеден» тышкары адам табиятында жаркын башталмалар да бар эмеспи. Адамдын ичинде ошол акыл-эстүү жаркын башталмалар менен жанагы «подпольенин» ортосунда дайыма күрөш жүрөт. «Шайтан менен кудай кармашып жатат, а экөөнүн уруш талаасы болсо – адамдардын жүрөгү» — деген, Достоевский. Жаркын адамдык башталмалардын жеңиши үчүн ал башталмаларды сүрөөгө алган, колдоп, шыктандырып, алдыга жетелеген социалдык шарт, коомдук чөйрө, тарбия системасы, жол көрсөткөн маяк болуу керек. Бир сөз менен айтканда, баланын адам болушу үчүн тарбия күн-түн күзөттө турушу зарыл. Бирок эгемендүүлүктүн жылдарында тарбия деген улуу нерсени Мамлекет да, үй бүлө да тыштап койбодубу.

Биздин өлкөнүн Мамлекеттик деңгээлде кабыл алган тарбия стратегиясы, улуттук тарбия программасы жок. Мына ошондуктан балдар, муундар, жаштар Кыргызстандагы жапайы капитализмдин стихиясынын кучагында калган. Мына ушундан улам таяныч болор тарбия жок болгондуктан балдарды да, чоңдорду да көп учурда «Тактайдын асты» (Достоевский) жеңип кетип жатат.

Бизде идеология жок деп дайыма чуулдайбыз. А чындыгында жергебизде идеология эбак эле орногон. Ал жеке менчик идеологиясы. Жеке менчик идеологиясынын базасы – бул базар экономикасы. Биздин турмуш эчак эле капиталисттик жеке менчик идеологиясынын рельсасына которулган.

Капитализмдин жапайы түрүнө негизделген жеке менчик идеологиясы жеке менчик психологияны ойготуп, бара-бара күчөтүп, акча-акча, жеке пайда, менчик-менчик, алтын-алтын деп «тилин соймоңдоткон» араандарды ачып, кыскасы «тактайдын астында» жаткан деструктивдик потенциалды тышка бүркүп салды. Ушунун айынан жеке менчик компьютердик клубдардын шектүү ээлери «ужас» фильмдерди, секс видеолорду саткан соода түйүндөрүнүн кожоюндары, түркүн маданий чет жактык «вирустарды» жайылткан массалык маалымат уюмдары өз өлкөмдүн муундарынын, жарандарынын жан дүйнөсүн уулап, психикасын талкалап жаткандыгы жөнүндө жоопкерчиликти сезбей калды. Жапайы капитализмде булар бир гана кудайга – пайдага, акчага, кирешеге, «өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар» деген жеке кызыкчылыкка сыйынып калышты. Мындай «капиталисттердин» ишмердиги коомдо агрессивдүү, оозуна наркотик тиштеген, колуна бычак кармаган, иллюзордуу элестерге арбалган, «компьютер баштуу бөлтүрүктөрдүн» жаралышына «киндик эне» болуп, өзүнүн «салтанаттуу жүрүшүн» улантууда.

Ойлонуп турабыз. Эгерде биз жеке менчик, жеке кызыкчылык ураандарын жамааттык, коомдук, мамлекеттик кызкчылыктар менен ширелиштире билген системаны түзбөсөк, бүгүнкүдөй кара жемсөө жапайы рынок чоңдорубуздун да, балдарыбыздын да жан дүйнөсүн мындан ары карай да «балталай» бермек.

Ушул жерден эл жазуучусу, Республиканын Баатыры Бексултан Жакиевдин сөзүн эске түшүрүүгө туура келет: «Мен эки жолу Америкага бардым. Бир жолкусунда бир ай жүрдүм. Ал жерде алар өздөрүнүн идеологиясына ылайыктап бала-чакасына, үй жайына, тарбия берүүгө абдан ылайыктап телепрограммаларды түзүшөт экен. Маселен биздин теледе берилип жүргөн бири-бирин талкалап, мушташып, уят сыйы жок, төшөк-мөшөктөн берки, мууздоолор тартылган фильмдер америкалыктардын үйлөрүндө көрсөтүлбөйт. Ал сыяктуу фильмдерди биз сыяктуу байкуш өлкөлөргө мыкты фильмдерине кошуп сатат. Элдик кулк-мүнөзүн ирите турган программаларды биздеги телекөрсөтүүлөрдөн тазалабаса, жаштарыбыз тургай карыларыбыз деле тетири жакка оой берет». («Эркин Тоо» 18.08.08). Б. Жакиевдин бул ойлорунан улам Мухтар Шакановдун «Биз Батыштын цивилизациясына эмес, канализациясына туташып алдык» деген ачуу сөзү эске түшөт.

Демек, азыркы учурда мамлекетибиздин алдында Бексултан Жакиев жазгандай «Элдин кулк-мүнөзүн ирите турган» программалардан, көрсөтүүлөрдөн, видеопродукциялардан, соода жайларын, компьютердик клубдарды, телевиденияны жана башка түйүндөрдү чечкиндүү түрдө тазалоону колго алуу зарыл. Башкаруунун президенттик формасы, керек болсо, ушул үчүн да керек. Кеп компьютерде, смартфондо, же маалымат технологияларында эмес. Өзүнчө алганда, аларда не күнөө? Маселе аларды пайдасы үчүн же, чет жактын заказын аткарып, балдардын, «элдин күлк-мүнөзүн ирите тургандай» пайдаланган жаман жосунда болуп жатат: Биз өнүккөн чет өлкөлөрдөгүдөй, теле-компьютердик программаларыбызды маданияттуу, цивилизациялуу жолго салып, аларды жаш муундардын рухий, адептик-ыймандык өнүгүшүнө жагымдуу таасир бере тургандай гумандуу нукка бурушубуз абзел. Бул жагынан чоң реформага баруу кажет. Айгүл аттуу кыргыз кызы бейөкмөт уюмдун жолдомосу менен Германияга барып, немис үй бүлөсүндө бир жыл жашап келди. Айгүл Германияда балдардын тарбиясы жолго коюлгандыгына, үй бүлөдө окуучу балага үй тапшырмасын аткарууга, көркөм адабият окууга, спорт менен алек болууга, ийримге барууга, интернет менен иштөөгө атайын убакыт бөлүнөрүнө, ал эми телевизордон маданий программаны көрүүгө эки гана саат убакыт берилерине күбө болгон. А биздин Кыргызстанда үй бүлөдө балага көзөмөл жок. Балдардын бир даары күн-түндөп компьютердик клубдарда «ужас» оюндарды ойноп жүрсө, көпчүлүгү таңдан кечке чөнтөк телефонун тиктейт. Натыйжада, акылы токтоло элек муундар ар кайсы булактардан ар түркүн жана карама-каршылыктуу маалыматтарды ала берип, баштары маң болуп, арам-адалды, жаман-жакшыны ажырата албаган дейдинин абалына тушугуп жатат. Биздин көз алдыбызда өмүрүндө бир китеп окубаган «телефон маңкурттары» калыптанууда.

Мамлекет, мекемелер, үй-бүлө тарбияга кайдыгер, көңүлкош болсо, балдарга баш көз болгон киши жок болсо, «Бала, баланын иши чала», «Баланын көөнү талаада» дегендей, албетте чүрпөлөрүбүз тыштан агылып келип жаткан түркүн азгырыктарды ээрчийт, арбап-алдаганарга жетеленет, чоочун өрнөктөрдү туурайт, чоочун таасирлердин «тактекеси» болот, камгак сыяктуу ар жакка тоголонуп, «башы жок бака, көзү жок көгөнгө» айланат.

Эскере кетели, интернеттеги социалдык трамактардын көзөмөлсүздүгү, алардын ар кандай багыттагы маалыматтарды таратуудагы абсолюттук эркиндиги жеке адамдын өмүрүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн башын жутуп коюшу мүмкүн. Береги Украинанын, Ливиянын, Сириянын кыйрашына бир жагынан дал ушул социалдык тармактардын таркаткан деструктивдик идеяларынын, үгүттөрүнүн, чакырыктарынын үлүшү бар экенидиги тууралуу саясат таануучулар жазып жатышат. Сирия, Украина сценарийинин кайталанбашы үчүн алдын ала кам көрүп, казак кызыкчылыгынын чакчылыгында бекем турган Нурсултан Назарбаев Казахстанда интернетке чектөө киргизип, социалдык тармактардагы ар кандай деструктивдик сайттардын, фейсбуктардын жолун бууп салды. Биздин республикада болсо, «демократия» деген ураандын астында жээги жок ээнбаш эркиндик өз билгенин жасоодо. Кыргызстандын генералдык прокуратурасынын кызматкери Т.Туратбаеванын «Вечерний Бишкек» газетасынын төмөндөгүдөй деп жазганын маалымдайлы: «Мы изучили и опыт зарубежных государств – Китая, России, Беларуси, Узбекистана, США, Германии и других – по фильтрации и блокированию доступа к сайтам. В России, например при Роскомнадзоре созданы подразделения, осуществляющие мониторинг сети Интернет для выявления опасных сайтов. И если провайдеры, которым направляется уведомление об удалении запрещенной информации, не убирают ее, то Роскомнадзор блокирует интернет-провайдера. В США, Австралии и во многих европейских странах еще с 2004 года в обязательном порядке в школах устанавливаются контент-фильтры. В Германии действует соглашение «Добровольный самоконтроль», которое поддерживает большинство провайдеров. В первую очередь фильтруется неонацистские сайты и ресурсы, призывающие к разжиганию ненависти». («Вечерний Бишкек». 11.04.2017). Эми андай болсо, алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасынан үлгү алып, биздин бийлик мыйзамдык негизде эмне үчүн интернет тармактарындагы өлкөнүн кызыкчылыгына, балдардын психикалык саламатчылыгына зыян кылуучу бүлүнткүч күчтөрдү ооздуктоо боюнча иш жүргүзбөйт? Кыскасын айтканда, маалыматтык технология жаатындагы биздеги башаламандык, айрыкча жаш муундардын тарбиясы жагындагы көзөмөлсүздүк чоң кейишти жана кайгыны жаратууда.

Акырында айтарыбыз, Президент Жапаровдун «Инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгы жана анын негизинде түзүлө турган тарбия концепциясы, ал концепциянын реалдуу түрдө иштеши абалды өзгөртөт деген үмүттөбүз.

Советбек Байгазиев
Кыргыз Билим берүү академиясынын профессору, публицист — жазуучу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер