ЖАКШЫ ОКУТ, ЖАКШЫ ЖАЗ!

  • 14.02.2025
  • 0

Кыргызстанда билим берүү жана илим тармагында чоң өзгөрүүлөр болгону турат.   Билим берүүнүн жаңы модели иштелип чыгып, жаңы мазмун,  заманбап багытка бет алдык.  Менин оюмча ушу кезге чейин трансформациянын же жаңылануунун негизин эмне түзөт, мына ушул маселеге көп көңүл бөлүү парз. Билимди эмнеден алабыз? Албетте, китептен алабыз, окутуу же жогорку окуу жайларда лекция дейбиз, бирок эң негизгиси, тиешелүү деңгээлде жазылган китеп болуш керек. Ар кандай окутуу, лекциялар белгилүү бир китепке таянат.

Китепти кимдер жазыш керек да, аны кантип басмадан чыгарыш керек? Албетте, тиешелүү окулманы (предметти) окуткан адис жазышы абзел. Так мына ушул жерде эмгиче чечилбей келе жаткан өтө чоң маселе бар.

Адистер китепти жазышат, жазбайт деп айтууга болбойт. Бирок китеп, окуу китеп, окуу курал кантип жазылып жатат да, кантип жарыкка чыгып, кантип окуу жайларга, китепканаларга, билим алуучуларга таркатылып келе жатат. Маселенин бардыгы мына ушул жерде. Көп жылдык окутуу тажрыйбамда, мисалы өзүм эки окуу китеп жана бир нече окуу куралдарды жаздым. Жазаарын жазып эптеп чыгардым дечи, аларды таркатаарда жаман көрүнүп келем. Китеп жазган адистердин айрымдары мамлекеттик деңгээлде да жаман көрүнгөн учурлар болуп келет. Адис көп жылдык тажрыйбасынын үзүрү катары китеп жазат, менин оюмча, милдети катары жазып, өзүнүн каржы-эсеби менен чыгарат. Анан кантсин, окуу жайларга, окуй тургандарга бекер таркатыш керекпи. Сатат да, жаман көрүнөт.

Акыйкатында тиешелүү деңгээли менен жаралган китеп да, талапка жооп бере албаган, деңгээли төмөн китеп да чыгып калат. Так мына ушундай көрүнүштөрдөн улам китеп көйгөйү жаралып келет. Мамлекетибиз окутуу менен бирге эмне менен окутуу керек деген маселенин үстүндө иш алып барып, талапка жооп бере албаган окуу китеп, окуу куралдардын окуу жайларга, окуп билим алуучуларга таралышына бөгөт коюп туруш керек. Негизи, жакшы окут деген талап менен бирге жакшы окуу китеп, жакшы окуу курал жаз деген талап да коюлуп жүрүшү туура. Окутуунун сапатынын жогорулашы, кесиптик билим берүү мекемелеринен келечектин мыкты кадрларынын чыгып турушу мына ушундай бирдиктүү талаптын натыйжасында гана ишке ашат.

Акыйкатында, билип да, көрүп да келе жатабыз. Жазылып жаткан айрым китептер башка окуу жайларды мындай коёлу, автордун өзү иштеген кесиптик билим берүүчү мекеменин да тиешелүү бардык бөлүмдөрүндө окутууга кабыл алынбай келе жаткан жайлар жок эмес. Иштеп жаткандар жакшы окут, окуткан окуулугуң (предмет) үчүн тиешелүү деңгээлдеги эмгектерди жаз деген талаптарды аткарыш үчүн жазышат. Мына ушул талаптардын экинчисинин аткарылышы таптакыр текшерилбей келе жатат. Жазганыңызды кайсы окуу жайлар жактырып, басмага сунуш кылды, кайсы окуу жайларда колдонулуп жатат деген талаптар таптакыр жок!  «Окутуп жаткан окулмаңыз (предмет) боюнча, мисалы, беш жыл иштепсиз, кана ошол окулма (предмет) боюнча жазган китебиңиз» деген сыяктуу талаптар эмне үчүн коюлбай келет? Окутуунун сапаты дал мына ушул маселеде жатат го!

Кайсы бир окуу жайдагы адис жазган эмгек башка окуу жайдагы адистердин талкуусунан өтүп жактырылса, анан китепканаларга, билим алуучуларга таркатылып туруш керек. Бир мынча китеп же макала жазган, ринц, scopus талаптарына ылайык эмгек жазган деп ооз толтура айтылгандар менен окутуучунун, доценттин, профессордун рейтинги чыгарылып, эмгек акысына стимул болуп келатат. Адистин кесиптештеринин сынынан өткөн, айрыкча башка окуу жайдын сын-пикири эске алынып жазылып, жарыкка чыккан басылмалар өтө аз. Көпчүлүк китептер, окуу куралдар, методикалык колдонмолор тиешелүү сын-пикирлерден өтпөй эле жарыяланып келатат. Сапат деген эске алынбайт. Анан дагы жарыяланган китептердин, айрыкча макалалардын дээрлик көпчүлүгү ринц, scopus талаптарына ылайык чыгып жаткан эмгектер болуп, алар биздеги окутуунун сапатынын жогорулашына кымындай пайдасы тийбейт. Чыныгы турмуш каякта да, коюлуп
жаткан талаптар каякка багытталган?

Ошентип, билим берүүдөгү, айрыкча адистик жогорку билим берүүчү мекемелердеги реформа боюнча сунуштарыбыз төмөнкүдөй:

  1. Жакшы окут деген талап менен бирге дайыма жакшы эмгек (окуу китеп, окуу курал ж.б.) жаз деген талап коюлуп жүрүш керек (кандайдыр эмгек жазбай жүрсө да көп жыл иштеп, жакшы окутат деген баага татыктуулар ыдык көрбөш керек).
  2. Кесиптик билим берүүчү окуу жайларда иштеген адистердин (окутуучу, доцент, профессор) жазган эмгектери (окуу китеп, окуу курал, методикалык колдонмо, монография) сөзсүз башка окуу жайдын окумуштуулары тарабынан жактырылса гана аны окуу-методикалык кеңеш басмага сунуш кылып туруш керек.
  3. Жазылган эмгек башка окуу жайдын талкуусуна (рецензияга) автор тарабынан эмес, окуу жайдын окуу-методикалык кеңеши тарабынан жөнөтүлүп туруш керек.
  4. Окуу жайда адис окутуучулардын рейтинги жазгандарынын башка окуу жайларда окутулганы, пайдаланылганы боюнча рейтинги аныкталып, стимулга татыктуу болуп туруулары зарыл.

Мына ушундай система министрлик тарабынан колго алынып, иш жүрсө абдан жакшы болор эле. Кайсы окумуштуу эмне жазып жатат жана, эң негизгиси, чыгып жаткан окуу китеп, окуу курал, методикалык колдонмолордун сапатынын жогорулашы мына ушундай иштердин натыйжасы менен аныкталып туруш керек.

Ошентип, билим берүү системасында жакшы окут деген талап менен бирге жакшы жаз деген талап сөзсүз чогуу болуш керек.

Ибраим Абдувалиев,
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер