“ЖАКШЫ КИТЕП – АВТОР ТАРАБЫНАН АДАМЗАТТЫН ТУКУМУНА КАЛТЫРЫЛГАН МУРАС”

  • 23.04.2021
  • 0

23-апрель – дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Мигель де Сервантес, Уильям Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күн. Алардын урматына китепти жана автордук укукту кадырлоо максатында 23-апрелди символикалык түрдө Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бириккен улуттар уюму (ЮНЕСКО) китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгилөө шартын кабыл алган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын апрелиндеги №189 токтомуна ылайык өлкөбүздө дагы китеп күнү өзгөчө көңүл буруу менен белгиленип келет.

“ЖАКШЫ КИТЕП – АВТОР ТАРАБЫНАН АДАМЗАТТЫН ТУКУМУНА КАЛТЫРЫЛГАН МУРАС”

Тарыхка кайрылсак, алгачкы китеп биздин заманга чейинки I кылымда пайда болгон дешет. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюп, мом жумшак кезинде текшилеп, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан экен.

Ал эми алгачкы ирет кыргыз тилиндеги китеп катары “Манас” эпосу 1885-жылы Василий Родловдун “Обарзцы народной литературы северно тюркских племен” жыйнагынын 5-томунда жарык көргөн. Ошондой эле 1886-жылы Казань университетинин басмаканасында “Манас” эпосунун үзүндүсү “Кыз Сайкал”, ушул эле эпостун дагы бир үзүндүсү Казанда К.Чирковдун басмаканасында басылып чыккандыгы боюнча маалыматтар профессор Т.К.Акматовдун эмгегинде жана Сыртбай Мусаевдин “Кыргыз адабий тили: улуттук доорго чейин жана улуттук доор мезгилинде” китебинде (2020-ж) камтылган. Алгачкы кыргыз авторунун китеби катары 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан Молдо Кылычтын «Кыса-и-Зилзала» деген китеби таанылат. Анда 1909-жылы Чүй өрөөнүндө болгон катуу жер титирөө тууралуу баяндалат. Китептин баш сөзүн алгачкы агартуулардын бири Ишеналы Арабаев жазып, жарыкка чыгарган.

“ЖАКШЫ КИТЕП – АВТОР ТАРАБЫНАН АДАМЗАТТЫН ТУКУМУНА КАЛТЫРЫЛГАН МУРАС”

Улуу жолду улай Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык жана андан сырткары жыл сайын ар түрдүү багыттагы китептерди чыгарып, калктын руханий байлыгын арттырууга салым кошуп келет.

Буга чейин Т.Муканов, С.Акматбекова, М.Гапаров, М.Абакиров, С.Раев, Ж.Исабаева өңдөнгөн белгилүү акын-жазуучулардын китептери, У.Нусубалиев, У.Дөөлөтов, И.Азизилла уулу, К.Орозбеков ж.б. жаш калемгерлердин алгачкы жыйнактары, Габриэль Гарсиа Маркес, Янн Мартел, Мигель де Сервантес Сааведра сыяктуу дүйнөгө атагы тараган жазуучулардын котормолору кыргыз тилинде, ал эми “Кыз Сайкал”, “Манас” эпостору англис тилинде ж.б. көптөгөн китептер басылып чыгып, окурмандарга тартууланды. Англиялык публицист, акын Джозеф Аддисон:“Жакшы китеп – автор тарабынан адамзаттын тукумуна

калтырылган мурас,” – деп айткандай, жогоруда белгиленген китептер мыкты авторлордун сынак аркылуу тандалган, кийинки муунга мурас болчу эмгектери.

Мындан сырткары К.К.Юдахиндин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөрү, “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”, К.Карасаевдин “Орфографиялык сөздүгү” ж.б. сөздүктөр менен колдонуучулар камсыз болууда.

2015-2019-жылдар аралыгында Улуттук комиссия тарабынан жалпы 200гө чукул аталыштагы китеп 500дөн кем эмес нускада басылып чыккан.

Жарык көргөн китептер республика боюнча китепканаларга, мекеме-уюмдарга акысыз таратылууда жана электрондук түрдө Улуттук комиссиянын mamtil.kg расмий сатына жайгаштырылган. 2016-2020-жылдары 37652 китеп таратылган, анын 39% бюджеттик мекемелерге, 31% коомдук мекемелерге, 20% иш чараларга, 10% авторлорго берилген.

Ошондой эле, Кыргызстандан сырткары жашап, окуп, иштеп жүрүшкөн мекендештерибизге мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүгө, аларга мамлекеттик тилде маалыматтык колдоо көрсөтүүгө, балдарынын мамлекеттик тилде билим алуусуна шарт түзүүгө, бирдиктүү тил саясатын колдонууга жетишүү максатында чогуу иш-аракеттерди көрүү үчүн “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келе жаткан “Мекендештер” форуму, “Замандаш” ассоциациясы, “Кыргыз тили” коому, “Руханият” ассоциациясы, “Рух Медия” ЖЧКсы, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги, Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы Манастаануу институту, Өзбекстандагы “Манас” айылы ж.б. аркылуу, алыстагы мекендештерге ар кыл тематикадагы китептер берилип, түрдүү көмөктөр көрсөтүлүүдө. Аталган китептердин катарында кыргыз тилинин сөздүктөрү, өлкөнүн негизги китеби болуп эсептелген, тармактык маалыматтар камтылган 9 томдуу улуттук энциклопедия, улуу курактагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн интерактивдик, мультимедиялык окуу куралдары, адабий китептер бар.

Жогоруда белгиленген аракет, жасалган иштер акыл казынасы бай, билими терең, акылы тетик, мекенчил, китепкөй муунду өстүрүүгө арналат. Сиз да өз салымыңызды кошуңуз, урматтуу мекендешим!

Китеп майрамы куттуу болсун!

Сезим Толукбаева

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча

улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер