ЖАҢЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ БОЛ, МУГАЛИМ
- 08.08.2025
- 0
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан «Санат» ден соолукту чыңдоо борборунда «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму ишин улантууда.
Мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн уюштурулуп жаткан бул форумга өлкөнүн булуң-бурчунан келген 800дөн ашуун мугалим, ошондой эле Агартуу министрлигинин жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, тренерлер жана эксперттер катышууда. Себеби Кыргызстан быйыл жаңы окуу жылынан баштап 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Буга ар тараптуу камылгалар көрүлүп, мугалимдер жаңы окуу стандарттары боюнча кайра даярдыктан өтүп, билимин жогорулатып жатканын, улуттук билим берүүнүн жаңы моделиндеги өзгөрүүлөрдү терең билүүгө Ысык-Көлдө өтүп жаткан форум өбөлгө болгонун айрым катышуучулар айтып, көп суроолорго жооп алышканын билдиришти.
Мелис Музулманов,
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти:

– Баарыбызга маалым болгондой, мектептерде окуу процессин жүргүзө турган – окуу бөлүм башчылары, расмий айтканда окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары форумга келип окуп жатат. Себеби 2025-2026-жылынан баштап 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы этабы башталат. “Биринчи этабы” дегенибиз өзүңүздөр билесиздер, буга чейинки өлкөбүздүн Министрлер Кабинети тарабынан дагы 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча иш-аракеттер планында дагы “этап-этабы менен өтүү” деп жазылган, ошондо бул жылы биринчи, экинчи, бешинчи жана жетинчи класстар 12 жылдык билим берүүнүн программасы менен окуй башташат. Мына ошол жерде бир топ өзгөчөлүктөр окуу программаларында, сааттарда бар, буга чейин биздин бул мугалимдер окутуу планын колго алышты. Быйыл эки түрдүү окуу планы болгон, 11 жылдык жана 12 жылдык өз-өзүнчө. Ошол жердеги сааттагы өзгөрүүлөр, айрым сабактардагы интеграциялар, мына ошолордун бардыгын төкпөй-чачпай үч тайпага бөлүп, биринчи-экинчи класстын өз ара өзгөчөлүктөрүн, бешинчи класстыкы өзүнчө, ал эми жетинчи класстыкын өзүнчө. Биздин билим берүү академиясынын кызматкерлери айтып берип, түшүндүрүп жаткан учурубуз. Мындай иш-чара биринчи жолу эмес, экинчи жолу өтүүдө. Ал эми мурункуда аябай жакшы пикирлер айтылган. Анткени биз ошол өзөктөгү өзгөчөлүктөр тууралуу токтолуп, ток этер жери жөнүндө түшүндүрүп бергенбиз. “Эмне кылат, кандай өзгөрүү бар, кантип өзгөртөт?” сыяктуу темаларды талкуулаганбыз. Эми алардын дагы бир жакшы жагы, предметтик стандарттар, анын аркасынан окуу программалары, керек болсо мугалим өзү даярдай турган календардык план дагы берилип, Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жайгаштырылды. Ошол жерде мугалимди “кайсы китеп менен өтөт, эми өткөөл мезгил да, кайсы булактарды пайдаланып, кайсы темага канча саат убакыт кетирет” деген сыяктуу суроолордун баары жазылып, такталып берилген. Башкача айтканда, 12 жылдык билим берүү системасынын алгачкы этабына буюрса толугу менен даярбыз.
Гүлнара Кайдылдаева,
Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектебинин директорунун окуу-тарбия боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим:
– Бул форумда жаңы стандарттардын иштелип чыкканы жана билим техникасы боюнча, жада калса КТП, окуу планы жана илимий методикалык комплекс бүт баары даярдалганы, расмий сайтта бардык жаранга, ар бир мугалимге, ата-энеге жеткиликтүү болгону мага аябай жакты. Андан сырткары, күндөлүк боюнча, аны кандай колдонуу керек, канча функциясы бар, канчалык мугалимдин, окуу жайдын жетекчисинин ишин жеңилдеткенге жардам берери тууралуу да аябай жакшы маалыматтарды алдык. Адистер кеңири маалымат беришти. Модулдун жыйынтыктары менен тааныштырды, биздин алдыбызда көп жумуштар бар, балдардын билим сапатын көтөрүш үчүн көбүрөөк иштөөбүз керек. Эң негизгиси окуу жайдын жетекчилерине бардык республикалар боюнча бир түрдүү мугалимдердин сабактарына анализ кылуусуна жабдуу беришкен. Аны менен буюрса колдонуп, “мугалимдерге объективдүү сабактарга анализ берүүгө үйрөттү” десек дагы болот. Дагы бир жакшы нерсе, жасалма интеллект менен кантип иштөө мугалимге кандай пайда тийгизет, ошону кандай учурда колдонуш керек, окуучуну кантип шыктандыруу, окуучуга канчалык маалыматты жеткирип туруу, Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева көрсөтмөлүү кылып, мисалдар менен кеңири түшүндүрүп берди. Азыркы балдар маалыматты бизге караганда, көп эсе билет го, ошонун пайдалуу жагын айтып, зыяндуу жагын көрсөтүп, ушундан дагы сабак алып, анализ кылдык. Буюрса, жаңы окуу жылына көп ишибизди жеңилдеткенге, жардам сурагандарга жардам катары усулдук баалуу кеңештерди алдык.

Аязгүл Чочкеева,
Чүй облусунун Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти:
– Чынында бул форум бизге жакшы натыйжаларды берүүдө. Заманбап методу менен иштеп жатабыз, абдан жакшы экен. Мурун биз мугалимдер гана түшүндүрүп, окуучуларга даяр нерсени берген болсок, азыр болсо окуучуну позициясына коюп жатабыз. Себеби окуучуга “эмне үчүн” деген суроону берүүгө шыктандырабыз. Анан ошол суроону бериш үчүн дагы мугалим өзү маалыматка бай информатор болушу керек. Теманы жеткиликтүү билбесек, суроо бере албайбыз. Ошон үчүн эң алгач мугалимдин билими, андан кийин сабакка катыштырып кызыктыруу, өзүнчө бир сыйкыры болуш керек. Ушул метод менен окуу болоору мага аябай жакты. Өнүгүш үчүн мугалим өзгөрүшү керек, өзүбүздүн турган жерибизден, мамлекетибизди өнүктүрө алат экенбиз, мугалимдер үчүн бул аябай жакшы методика. Окутсак болот, семинарларды өткөрүп жатабыз, мугалимдер ошону алып кеткени менен аябай кыйын, кабыл алуусу да жакшы. 12 жылга өтүүнүн артыкчылыктары тууралуу айта кетсем, биз окуучуну шыктандырып, жандандырып, окуучуга көбүрөөк билим беребиз.

Жумагүл Мухтар кызы,
Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомол айылындагы орто мектептин окуу-тарбия боюнча бөлүм башчысы:
– Бул форумга катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Себеби дегенде сарсанаа кылып жаткан маселелердин баарынан жооп алдым. Предметтик стандарттар жөнүндө, окуу программалары жөнүндө кыскача түшүндүрмө жана маалыматтарды уктум. Алардын баары сайтта жүктөлүү, мугалимдерге керек учурда барып таанышып, ата-энелерди да ошол стандарттар менен тааныштыра турган жакшы жаңылык болду. Андан сырткары, электрондук күндөлүктү кандай жүргүзүп, иш алып барууну да үйрөтүштү. Мониторинг боюнча баалоонун жыйынтыгын айтып, алдыда иштей турган маселелер бар экенин тастыктап берди. Андан кийин окуу бөлүмүнүн башчыларына анализди кантип жүргүзүү керектигин билип, баарыбыз эффективдүү түрдө анализ жасоону үйрөнө алдык.
Сүйдүмкан Ниязмаматова,
Алай районундагы Кызыл-Алай айылындагы №17 орто мектебинин директорунун орун басары:
– Эки күндүк семинардан өзүбүзгө абдан көп маалымат алдык. Биринчиден, 12 жылдык билим берүүдөгү өзгөрүүлөр, биринчи жана экинчи класстын программалары, стандарттар жана интеграццияланган сабактарды өтүүнүн жолдору тууралуу үйрөндүк. Андан сырткары, жасалма интеллект, электрондук күндөлүктү кандай толтуруу жана мугалимдерге кандай жардам көрсөтүү керектиги тууралуу пайдалуу кеп-кеңештерди, сабактарды
алдык.

Даана Ахмадалиева,
Ош шаарындагы №49 орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:
– Биз Ысык-Көл жергесинде өткөн форумга катыштык. Форум бизге пайдалуу болгон жерлери окуу планы боюнча боло турган өзгөрүүлөрдү так түшүндүрүп, сааттарда кандай өзгөрүүлөр жаралганы, класстан класска көчүү боюнча, анан сабактар боюнча бизге толук маалыматтарды беришти. Агартуу министрлигинен келген өкүлдөр бизге 12 жылдык билим берүү тууралуу пайдалуу маалыматтарды жеткиликтүү кылып айтып беришти. Эми биз мектепке барганда мугалимдерге жеткирип, форумда алган маалыматтарды так аткарууга аракет кылабыз. Санарип жана жасалма интеллект боюнча бизге маанилүү маалыматтарды тастыктап берип, өзүбүз да телефондо жасаганды үйрөндүк. Эми, кудай буйруса, келечекте ошолорду колдонуп, элибизге пайда алып келебиз.
«Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму – Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган, жаңы окуу жылына карата мугалимдерди жана мектеп администрацияларын даярдоого багытталган иш-чаралардын уландысы. Анын башкы максаты – өлкөнүн бардык аймактарында заманбап, санарипке негизделген билим берүү моделине өтүүнү камсыз кылуу.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер