ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

  • 28.08.2023
  • 0

«Санариптик технологиялар Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында» аттуу Август конференциясында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башкы адиси Чынара Майтикованын өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер, кемчиликтер тууралуу отчету угулду. Ошондой эле  “Билим берүүнү санариптештирүү: мектепке чейинки билим берүү практикасында инновациялык STEAM технологияларын колдонуу”, “Көп тилдүү билим берүү программасында санариптештирүүнүн ролу”, “Санарип технологияларын ата-энелер менен кызматташууда колдонуу” темасында кызыктуу тажрыйба алмашуу, мастер-класстар көрсөтүлдү.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

Бир жылдык отчет

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башкы адиси Чынара Майтикованын отчетунда ириде мектепке чейинки билим берүүнүн ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга, мыйзамдарга токтолду. Андан кийин мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттерин, т.а. ар бир баланын мектепке чейинки сапаттуу билимге жетүүсүн камсыз кылуу, балдардын физикалык жана психикалык саламаттыгын, алардын эмоционалдык бакубаттуулугун коргоо жана чыңдоо, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагог кадрлар менен камсыз болушун жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуусун мониторинг жүргүзүү, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, 2017-2030-жылдарга көп тилдүү билим берүүнү киргизүү программасын ишке ашыруу,  STEAM – билим берүү,  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологиялардын колдонуу милдеттерин баса белгиледи.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

— Ар бир баланын мектепке чейинки сапаттуу билимге жетүүсүн камсыз кылууда тайпалардын балдар менен толуктап түзүлүшү, анын мониторинги жана талдоосу, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жана билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү «бала бакча — мектеп» өтө маанилүү, — деди башкы адис.

Тайпалардын балдар менен толуктап түзүлүшү

Ар бир баланын мектепке чейинки билим берүү мекемесинен орун алууга укугун камсыз кылуу максатында мектепке чейинки курактагы балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо, ошондой эле ишке ашыруу процессин жөнгө салуу максатын көздөйт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алуу, күтүү, ордун сактоо, окуудан чыгарууну ишке ашыруу процессин жөнгө салуу  максатында бала бакчаларда тайпаларды түзүү mektep.edu.gov.kg платформасында «Бишкек шаарынын муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын комплектөө тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

— 2022-2023-окуу жылында иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин долбоордук кубаттуулугу 825 орунга көбөйдү, мектепке чейинки билим берүү мекемелери 23 380 баланы камтыды, тайпалардагы балдардын саны ашыкча болушу өткөн окуу жылына салыштырмалуу 0,85%га кыскарды. 2021-2022-окуу жылына салыштырмалуу электрондук кезекте турган балдардын саны 2382ге көбөйдү. 2022-2023 окуу жылы төрт жана бир атайы ачылды. Алсак, № 17 – Октябрь району; №8 и №18 – Ленин району; № 20, №16 атайы  –  Биринчи май району.  Учурда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө: шаардын жаңы конуштарында жалпы долбоордук кубаттуулугу 1860 орундуу 12 жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемелери курулууда. Долбоордук кубаттуулугу 90 орундуу №8 мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча имарат курулууда. Долбоордук кубаттуулугу 140 орундуу №26 мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча имарат курулууда.  №31 мектепке чейинки билим берүү уюмунун реконструкциялоо жүргүзүлүүдө, — деди Чынара Майтикова.

 

«Бала бакча — мектеп»

Мектепке чейинки билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын  бири — билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо болуп саналат. Бишкек шаарынын мектепке чейинки уюмдары орто мектептер менен кызматташат, биргелешкен иш планы жыл сайын түзүлөт жана бекитилет, окуучулардын ата-энелери «Бүтүрүүчүнүн модели» форматындагы бардык керектүү маалыматтарды алат. Маалыматка караганда сабактарга, спорттук жана театралдык оюн-зоокторго өз ара баруунун натыйжасында балдардын мектепке мотивациялык даярдыгынын деңгээли жогорулаган. Даярдоо топторунун мониторингинин анализи балдардын мектепке психологиялык даярдыгынын жогорку деңгээлин көрсөттү.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

Балдардын физикалык жана психикалык саламаттыгын коргоо жана чыңдоо

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү депараменти мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишинин сапатына системалуу контролдукту жүргүзөт.Тамак-аш азыктарынын сапатына, алардын ар түрдүүлүгүнө контроль жүргүзүлөт, бала бакчадагы күн тартибинин аткарылышы Кыргыз Республикасынын санитардык эрежелер жана талаптарга ылайык камсыз кылынат.

Педагогдордун сандык курамы

Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бардыгы 1653 педагог бар (директорлор, методисттер, тарбиячылар, музыкалык жетекчилер, кыргыз жана орус тилдеринин мугалимдери). Окуу жылынын башына кадрлар менен толукталышы 97%ды түзөт. Жогорку педагогикалык билими бар адистер мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин жалпы санынын 66,4% түзөт. 4% иштеп, ошол эле кезде педагогикалык жогорку окуу жайларында окушат.

Жүргүзүлгөн мониторинг төмөнкү натыйжаны    көрсөткөн: өткөн жылга салыштырмалуу жогорку педагогикалык билими бар мугалимдердин санынын 3,5%га өстү; толук эмес жогорку билимдүү мугалимдердин санынын 34%га көбөйдү; орто билимдүү мугалимдер 10,2%га кыскарды. Бул өз кезегинде мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, тарбиячылардын эмгек акысынын жогорулашы менен жогорку педагогикалык билим алууну жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөөнү каалагандардын саны өскөн.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

Жаш адистер – 326, мугалимдердин жалпы санынын 24%, пенсия курагындагылар – 187. Өткөн окуу жылына салыштармылуу 14 адамга аз болуп, мугалимдердин жалпы санынын 14% түзөт.

Педагогдордун деңгээлин жогорулатуу

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогдордун деңгэлин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун графигине ылайык 2022-2023-окуу жылында Мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын 549 педагог аяктаган. Көп тилдүү билим берүү боюнча 152 педагог окуудан өтсө, STEAM-билим берүү боюнча – 87 педагог. Бардыгы 788 педагог сертификат алды. Өткөн окуу жылына салыштармалуу  21%га көп.

Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнүн мониторинги

20 бала бакчада билим берүү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, 16 — расмий тилинде жүргүзүлөт,  59 — мамлекеттик жана расмий тилинде жүргүзүлөт.

Мониторингдин жыйынтыгы мамлекеттик тилде билим берүүчү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санынын өсүүсү жетишсиз экендигин көрсөттү. 95 бала бакчанын ичинен 20сы гана тарбия иштерин толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзөт.

 Көп тилдүү билим берүү

2017-2030-жылдарга көп тилдүү билим берүүнү киргизүү программасын ишке ашырылып жатканы белгиленди. Алсак, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында 74 бала бакча камтылган: Биринчи май районунан – 13, Ленин районунан -17,  Октябрь районунан – 29, Свердлов районунан – 15. Бардыгы 300 педагог окуган.

2023-жылдын январь айынан тарта Социалдык интеграция борбору (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыруу боюнча өнөктөшү) Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте Свердлов району боюнча 15 бала бакчаны окутууну баштады: 15 директор жана 86 тарбиячы, методисттер жана лингвисттер билимин жогорулатышты. Свердлов району менен бирге, жаңы ачылган №6, 18, 17, 8 бала бакчалары билим алууда. Бүгүнкү күнү эки окуу модулу окутулду, дагы бир модул 2023-жылдын август-сентябрына пландаштырылган.

Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын базасында көп тилдүү билим берүү боюнча Ресурстук борборлор (РБ) ачылган: №3 (Октябрь району), №5 (Ленин району).

2023-жылдын май айында эки ресурстук борбор ачылды: №53 (Ленин району) жана №4 бала бакчада (Биринчи май району).

STEAM — билим берүү

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

2022-жылдын сентябрь айынан баштап Ленин районундагы №22 бала бакчада «ORBITAL 3+» балдар технопаркынын модели STEAM технологиясы аркылуу сыноо үчүн киргизилген. STEAM билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын 16-февралында №22 (Ленин району) мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында Ресурстук борбор (РБ) ачылды.

Мектепке чейинки билим берүүнүн 60 мугалими тарбиячынын STEAM компетенциялары жана «Орбитал 3+» балдар технопарктарынын ишин уюштуруу боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунун программасынан өттү.

2023-2024-окуу жылына карата — Свердлов районундагы №51, 162, 100, Биринчи Май районундагы №4, Октябрь районундагы №71, Ленин районундагы №64,18 мектепке чейинки билим берүү уюмдары 2023-2024-окуу жылы № 22 МЧББУда киргизилген үлгү боюнча «ORBITAL 3+» ТЕХНОПАРКынын ишинин алкагында мектепке чейинки курактагы балдардын политехникалык жана поликөркөмдүк билимин системалык интеграциялоо борборлорун ишке киргизүүгө даяр.

Бул багытта иш алып баруу үчүн “Мектепке чейинки балдар үчүн STEAM ыкмаларын колдонуу менен илимий-техникалык, инженердик жана чыгармачылык билим берүүнүн, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун модулдук программасы” иштелип чыккан.

Рухий-адептик тарбия

“2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу максатында Бишкек шаарында “Ата-энелер мектеби” пилоттук программасы ишке ашырылууда.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ

— 2023-жылы №185 бала бакчада вице-мэр В.А.Мозгачеванын катышуусу менен «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы» деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга 130 директор жана методисттер катышты. Кыргыздын элдик каада-салттарын сактоо жана өнүктүрүү, балдарды кыргыздын улуттук маданиятына, үрп-адаттарына, руханий-адептик баалуулуктарына тарбиялоо, өз мекенин, кыргыз элинин тилин жана маданиятын билген жана сүйгөн таланттуу балдарды аныктоо максатында “Манастын урпактары” шаардык фестивалы өткөрүлдү. Сынактын катышуучулары 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар болду, бардыгы 10 мектепке чейинки билим берүү уюму катышты. Сынактын жыйынтыгы менен байгелер аныкталды: Баш байгени №142 алса, 1 орун — №28 (Б),  №4, 2  орун  — №12,43, 3  орун  —  № 92, 185, № 49, 112,113 бала бакчалар активдүү катышкандыгы үчүн кызыктыруучу сыйлыктарды алышты, — дейт Чынара Намарбековна.

Санариптик технологиялар

Учурда айланадагы санариптик мейкиндик жаштайынан мугалимдердин жана балдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ата-эне, социалдык чөйрө жана билим берүү уюмдары гана эмес, ошондой эле медиа ресурстар баланын айланадагы дүйнө, жалпы адамзаттык баалуулуктар, адамдардын ортосундагы мамилелер жөнүндөгү идеяларын калыптандыруунун булагы болуп калат. Заманбап шарттагы балдар үчүн компьютердик каражаттардын жардамы менен таанып-билүү, изилдөө, оюн иш-аракеттери, жаңы билимдерди жана таасирлерди алуунун жеткиликтүү жолу болуп саналат.

Шаардагы 95 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ичинен үч бала бакча интернетке кошулган эмес, интерактивдик такта 20, проектор 61 бала бакчада  бар.

 Көйгөйлөр

— Бала бакчалардагы тайпалардын курамында балдардын саны ашыкча болушу, негизги (мектепке чейинки) билими бар мугалимдердин жетишсиз, бардык эле мектепке чейинки билим берүү уюмдары «Бала бакча — мектеп» билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн ишке ашыра бербейт. Мамлекеттик тилде окутуу, көп тилдүү билим берүү жана STEAM компетенциялары менен топтордо иштөө үчүн методикалык жактан даярдалган педагогдор жетишсиз. Көп тилдүү билим берүү жана STEAM билим берүү топторунда иштөө үчүн мугалимдерди колдоо жана мотивациялоо системасынын жоктугу. Азыркы ата-энелердин көпчүлүгүнүн руханий жана адеп-ахлактык маданиятынын өтө төмөн деңгээли. Баланы рухий жактан калыптандыруу жана тарбиялоо маселелеринде ата-энелердин түшүнүгү жок. Педагогдорду компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү боюнча системалаштырылган курстардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердигинде санариптик технологияларды колдонуунун бирдиктүү методикасынын жоктугу, мектепке чейинки билим берүү уюмдары керектүү инновациялык техникалар менен жабдылган эмес жана бала бакчалардагы предметтик өнүктүрүү чөйрөсү заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык келбейт, — дейт башкы адис.

Бала бакчаларды өнүктүрүүнүн келечеги

Жаңы бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо, мектепке чейинки билим берүү тармагында педагогикалык кадрларды сапаттуу түзүү маселелеринде педагогикалык, техникалык университеттер жана колледждер менен өнөктөштүктү күчөтүү, мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн өнүктүрүү аркылуу баланын мектепке даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу, мугалимдерди мамлекеттик тилде окутуу, көп тилдүү билим берүү жана STEAM компетенциялары менен топтордо иштөөгө колдоо көрсөтүү жана мотивациялоо системасын иштеп чыгуу. Шаардагы бардык бала бакчаларда «Ата-энелер мектеби» аркылуу ата-энелерди массалык түрдө окутуу, балдарды руханий-адептик жактан тарбиялоо маселелеринде үй-бүлөгө педагогикалык колдоо көрсөтүү, педагогдордун санариптик сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу, санариптик технологияларды колдонуунун бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу, заманбап маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле бала бакчалардагы предметтик чөйрөнү модернизациялоо күн тартибинде турган маселелер экени айтылды.

Андан соң келген коноктор сөз берилди. Акырында резолюция кошумча-алымчалары менен кабыл алынды.

Жетекчилер эмне дейт?
Калыйбүбү ЖУНУШАЛИЕВА, министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору:

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ
— Мектепке чейинки билим берүү тармагында Бишкек шаарында көптөгөн иштер жүргүзүлүп жатат. Санариптештирүү, билим берүү системалары жана ата-энелер менен иштешүү жаатында көп жылыштар бар экен. Биздин институттан 519 мугалим тажрыйбасын жогорулаткан экен. Тарбиячы, мугалимдер дайым өз тажрыйбасын жогорулатып, изденип турушу шарт. 2023-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен «Автордук топ жана ата-энелер мектеби» деген нускама чыккан. Ошонун негизинде дагы иштеп жатышат. Бул программалардын негизинде окуу куралдары түзүлүп, ар бир мугалим өз салымын кошсо жакшы болот. Тыгыз иштесек деген пландар бар. Себеби, азыр бизде мүмкүнчүлүк көп. Биздин серверибиз бар. Серверге мисалы, Cиздердин иштеп чыккан электрондук ресурстарыңар болсо, методикалык куралдарды жайгаштырып, анан онлайн сабактарды өтсөк болот. Албетте, келишимдин негизинде иштесек.

Рахат МУСАЕВА, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору:

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ
— Август кеңешмеси жаңы окуу жылынын ачылышы, жаңы окуу жылына даярбыз деген белги. Август кеңешмесин өткөрүү менен жаңы окуу жылында алдыбызга кандай милдеттерди, кандай максаттарды коюп жатабыз? Эмненин үстүндө иштешибиз керек? — деген эң биринчи жоопкерчилик бизде турат. Анан жаңы келген жетекчи катары мен бир нерсени байкадым. Бул жерде залда отургандардын, чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзүн отургандар кандай кабыл алды, ошолордун баарын анализдеп отуруп бир чечимге келдим, Август кеңешмесинин форматын өзгөртүшүбүз керек экен. Себеби айрым жетекчилер бул иш-чара билим берүү департаментине тийиштүүдөй түр кылышты. Бирок бул жетекчилерге багыт берүү үчүн өткөрүлүп жатканын унутпашыңыздар керек. Докладчылар өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат. Эгерде ушул кеңешмеден кийин ар бир бала бакчанын жетекчиси пайдалуу нерсе алып кетишсе, биз үчүн чоң жетишкендик болот. Бүгүн көп пайдалуу нерселерди алдык. Бала бакча жөн эле эртең менен балдарды ата-эне алып келип таштап, кайра кечинде аман-эсен алып кеткен, бала бакчанын ичин, сыртын тазалап, сырдап коюп, шкафтарга оюнчуктарды, китептерди тизип коюп, “менин бала бакчам мынакей таптаза, менин оюнчугум толтура шкафтарда турат, китептерим турат, сырдалган, акталган, мен идеалдуу бала бакчамын” деген – бала бакча болуп эсептелбейт. Ал шкафка тизип койгон оюнчук менен бала ойной албаса, шкафта тизилип турган китептерди тарбиячылар колдонуп, ошону менен иш жүргүзө албаса, анда биз жөн гана мектепке чейинки билим берүү мекемеси эмес, баланы карап берүүчү убактылуу мекеме катары көрүнөт. Ресурстук борборлор ачылганы — чоң жетишкендик. Азыр угуп отуруп аябай кубандым, себеби биздин бала бакчаларда жаңы жетекчилер үчүн, өзгөчө ишти жакшы алып кете албаган жетекчилер үчүн бизде жардам бере турган борборлордун ачылганы — жакшы жетишкендик. Биздин өзүбүздүн иш планыбызга сөзсүз түрдө “Насаатчылар мектебин” түзүү керек экен. Андан кийин көп тилдүү билим берүү программасы 2017-жылдан бери көп бала бакчаларда ишке ашып келатат. Бирок мына алты жылдын ичинде бир дагы жеткиликтүү жемиш бере элекпиз. Себеби көпчүлүк учурда жетекчилер мындай кабыл алат, “мен эки тилде окутуп жатам, түшкө чейин сабактар орус тилинде, түштөн кийин сабактар кыргыз тилинде” деп. Биз көп тилдүү билим берүү программасын толук ишке ашыра албай жатабыз. Ошол себептен эң биринчи кезекте көп тилдүү билим берүүгө көбүрөөк басым жасап, жетекчилерге терең маалымат беришибиз керек. Чындап келгенде орус бала бакчаларында бала кыргызча сүйлөп кеткен жок, ага караганда кыргыз бала бакчаларынын балдары орусча таза сүйлөп жатат. Эгерде натыйжа бере албасак, көп тилдүү билим берүү программасы менен эмнеге иштеп жатабыз? Жогоруда аты аталган долбоорлорго ар бир жетекчи барып, тажрыйба алып, биргеликте иштеши зарыл. Ар ким өз алдынча иштей турган болсо, эч кандай жыйынтыкка жете албайбыз. Санариптешүүдөн да бир топ артка калдык. Программалар иштеп баштаганда биргеликте кеңешип, сунуштарды карап чыгып, оңдоп-түзөөлөрдү киргизебиз. Мугалимдердин чеберчилигин өнүктүрүү боюнча курстарды ачууну пландап жатабыз. Тарбиячылар беш жылда бир гана жолу келип курстарга окубай, мүмкүнчүлүк болсо улам жаңы билим алууга умтулуп турушу зарыл.

Нуржамал БАКИЕВА, КББАнын мектепке чейинки билим берүү лабораториясынын жетекчиси:
— Август кеңешмесинде жакшы маалыматтарды алдык. Айтып өткөн тажрыйбалар бардык бала бакчаларга жайылтылса. Борбор калаада кыргыз тили боюнча көйгөй чоң. Себеби, биз «билим башаты бала бакчадан башталат» деп айтабыз, бирок бала бакчадан кыргыз тилин билип чыгып атабы? Салтанат Кеңешчоро жакшы маалымат берди. Ата-энелер менен иштөө, санарип технологияларын колдонуу боюнча методистер, бала бакчанын жетекчилери санарип технологияларын жайылтуу боюнча терең иш алып баруу зарыл. Биздин методикалык, усулдук колдонмолор илимий-популярдуу педагогикалык газетабыз «Кут Билимде» басылып чыкты, окуп чыксаңар болот.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер