ЖАҢЫ МОДЕЛГЕ ӨТҮҮДӨ МУГАЛИМДЕРДИН РОЛУ ЧОҢ
- 20.03.2025
- 0
Мугалим үчүн ар бир окуучусу жаңы ачылган китептей. Чынында мугалимди ошол жаңы китептин автору десек да жарашат, себеби мугалим окуучусунун аппак барактай таза, аруу дүйнөсүн ачып, “а” тамгасын үйрөтүп, билим-тарбия үрөнүн себет эмеспи. Мугалим жөн гана сабак өтүүчү эмес, ал ар бир окуучунун жүрөгүнө жарык чачкан келечекке багыт көрсөткөн улуу инсан. Билим берүү тармагынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон көптөгөн агартуучулар жаш муундардын тарбияланышына жана билим алышына өз өмүрүн арнап келишкен.
Ошондой ардактуу мугалимдин бири – жаңы жыл алдында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардак наамын алган, билим берүүнүн мыктысы Чүй облусунун Чүй районунун Кошой айылынын орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Турумбекова Назгүл Калыгуловна. Ал жаш кезинен мугалимдик кесипти тандап, өмүрүнүн көп жылдарын билим берүү тармагына арнап келатат. Назгүл эжей Нарындагы педагогикалык окуу жайын, Бишкектеги Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Калиновка айылынын орто мектебинде башталгыч классынын мугалими болуп баштап, андан соң орус класстарга мамлекеттик тил мугалими, ушул мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, Ленин айылындагы толук эмес мектептин, 2010-2016-жылдары Кошой айылынын орто мектебине мүдүр болуп иштеген. Учурда ушул мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы. Жолдошу экөө төрт баласын эрезеге жеткирип, 12 неберенин чоң эне-чоң атасы. Назгүл Калыгуловна менен учурдагы билим берүү маселелери боюнча маектештик.
– Назгүл айым, билим берүүнүн улуттук жаңы моделине өтүү үчүн кандай сунуш-пикирлериңиз бар?
– Жаңы билим берүү моделине өтүү үчүн анын максаты жана принциптери аныкталып жатат. Жаңы модель ХХI кылымдын талаптарына жооп берген билим берүү (креативдүүлүк, сынчыл ой жүгүртүү) жаңы кызыгууларга жараша ыңгайлаштырылып жатканы кубандырат.
Окутуу методдорун жаңылоо, санарип технологияларды киргизүү, окуучунун кызыгуусун ойготуу жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, мугалимдерди даярдоо жана кайра окутуу милдеттери этап-этап менен ишке ашырылмакчы. Жаңы моделге өтүүдө мугалимдердин ролу чоң. Ошондуктан билим берүүнү индивидуалдаштыруу керек деп ойлойм.
– Жакында эле Президентибиз кол койгон «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы билим берүүбүздүн өзөгү болушу керек. Бул боюнча пикириңиз кандай?
– Президентибиз кол койгон «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгы билим берүү системасында улуттук баалуулуктар менен дүйнөлүк стандарттарга шайкеш өнүктүрүүнү көздөгөн стратегиялык документ деп ойлойм. Анын принциптерине токтолбостон өз пикиримди кошо кетмекчимин. Президенттин бул жарлыгы билим берүү системасынын улуттук баалуулуктарга таянып, дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү болушун камсыз кылууга багытталган. Бул консепция уулу мурастарды сактап, ошол эле учурда илим, технология жана инновацияга умтулуу деген эки маанилүү багытты айкалыштырат. Демек, бул саясат билим берүүбүздүн негизги өзөгүнө айланышы керек.
– “Алтын казык” программасына ылайык мектепте жогорку класстардын окуучулары бир кесиптин ээси болуп чыгышы керек. Айыл жергесинде ал үчүн кандай шарттар түзүлүшү зарыл?
– Алгач инфраструктураны жакшыртуу, мектептерди заманбап жабдуу, китепканаларды жана лабораторияларды өнүктүрүү, коомдук билим берүү мейкиндигин түзүү зарыл. Окуу программасын адаптациялоо, айыл чарба ишкердиги жана кол өнөрчүлүк боюнча сабактарды киргизүү керек. Көп тилдүү билим берүү, заманбап окутуу менен кесиптерге да багыт берилмекчи. Жаңы билим берүү моделин түзүү үчүн коммуникациялык көндүмдөрдү жана укуктук маданиятты өнүктүрүүгө багыт керек. Мектеп чөйрөсү жана коом, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өз ара аракеттенүү менен кесиптик билим берүү маселелерин чечсе
болот.
– Назгүл айым, учурдагы улуттук билим берүү моделине ылайык мектепке балдар алты жашынан барууга даярбы?
– Балдардын мектепке даярдыгы – бул алардын физикалык, контингентивдик, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө байланыштуу. Адистердин айтымында, көпчүлүк балдар алты жашында мектепке барууга даяр болушат. Бирок бул ар бир бала үчүн жеке мүнөзгө ээ. Эгер бала жогорудагы көндүмдөрдү өздөштүрсө, ал мектепке барууга даяр деп эсептелинет. Андыктан ата-энелер жана мугалимдер баланын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чечим кабыл алыш керек.
– Ар бир окуучунун жеке жөндөмдүүлүгүн, шыгын жана талантын ачуу үчүн мугалим кандай аракеттерди көрүшү керек?
– Окуучунун шыгын жана жөндөмдүүлүгүн ачуу – бул үзгүлтүксүз жана системалуу процесс. Ар бир бала уникалдуу болгондуктан, алардын кызыгууларын жана таланттарын ачуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонсо болот. Байкоо жүргүзүү жана угуу, ар түрдүү иш-чараларга тартуу, спорт, искусство, музыка, кол өнөрчүлүк, илимий эксперименттер, драма, поэзия, адабият канча көп иш-чараларга катышса, ошончо өзүнө жаккан багытты табуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Чыгармачылык эркиндик берүү, индивидуалдык мамиле жасоо да зарыл. Билим берүү технологияларын колдонуу бул азыркы учурдун талабы. Ушунун баары окуучунун жөндөмүн, шыгын ойготууга
себепкер.
– Мектептен окуучулар билим гана алышпастан, баарлашууга, өзүн жана башкаларды сыйлоого, тартипке, өз алдынчалуулукка жана уюшкандыкка үйрөнүшү үчүн эмнелерди кылуу зарыл?
– Биринчиден, мектеп маданиятын жана баалуулуктарды калыптандыруу, жакшы жүрүм-турумдуу мугалимдер жана мектеп жетекчилиги окуучуларга сыйлоо, боорукердик, чынчылдык сыяктуу баалуулуктарды үйрөтүүсү керек.
Экинчиден, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүгө басым жасоо зарыл. Командалык иштерди уюштуруу-топтук оюндарды, долбоорлор жана дискуссиялар аркылуу окуучулар бири-бири менен иштешүүгө жана өз пикирлерин билдирүүгө үйрөнүшөт. Эмпатияны өнүктүрүү – окуучуларды бири-биринин өнүгүшүүнө жана колдоого үйрөтүү үчүн атайын тренингдер же тарбиялык сааттарды өткөрүү максатка ылайык болот. Карама-каршылыктарды чечүү көндүмдөрүн үйрөтүү дагы пайдалуу.
Үчүнчүдөн, өз алдынчалыкты жана уюшкандыкты өнүктүрүү, жоопкерчиликти жогорулатуу, өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, лидерлик сапатты өнүктүрүүгө ар кандай клубдар, ийримдер көмөкчү болмокчу.
Төртүнчүдөн, окутуу процессин кызыктуу кылуу, интерактивдүү сабактарды өткөрүү менен коомдук иштерге тартуу да натыйжасын берет.
Бешинчиден, мугалимдер менен ата-энелердин кызматташуусу, ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү, окуучуларга жеке көңүл буруу да зарыл.
Эгер мектеп бул принциптерди ишке ашырса, окуучулар билим алуу менен катар баарлашууга, сыйлоого, тартипке жана уюшкандыкка үйрөнө алат.
– Учурда мурдакы советтик системада билим берүүнүн артыкчылыктарын айткан пикирлер да бар. Заманга жараша артка кылчактабай, ошол системанын жакшы жактарын алып, эл аралык деңгээлдеги тажрыйбаларды колдонуудан неге чочулап турабыз?
– Советтик билим берүү системасы көптөгөн артыкчылыктарга ээ болгон. Ошол эле учурда, ал жеке чыгармачылык эркиндикке анча көңүл бурбай, стандартташтырылган окутууга көбүрөөк басым жасаган. Бүгүнкү күндө анын күчтүү жактарын эске алып, заманбап технологиялар менен айкалыштырып колдонууга болот.
– Мугалимдер окуучуларга заманбап жаңы билимдерди берүү үчүн даярдыгы, кесиптик дарамети жетиштүүбү?
– Жалпы тенденцияларды карап көрсөк, төмөнкү факторлорду эске алуу керек.
Күчтүү жактары тажрыйбалуу мугалимдер бар, көп жылдан бери иштеген педагогдор сабакты жеткиликтүү түшүндүрүү методикасын жакшы билишет. Классикалык билим берүү методикасын колдонушат, фундаменталдык ыкмаларды билгендер бар.
Айрым мугалимдер өзүн өнүктүрүп, кошумча билим алып жатат. Заманбап технологияларды өздөштүргөн жана жаңы ыкмаларды колдонгон мугалимдер бар. Алдыда чечилбей турган маселелер жана көйгөйлөр да арбын. Мугалимдердин кесиптик деңгээлдери ар түрдүү. Айрымдарында методикалык жаңылануу да жетишсиз.Санарип технологияларды колдонуу дагы чектелүү болуп тургандай. Айылдык жана шаардык мектептердин айырмасы асман менен жердей. Мисалы, айыл мектептерде интернет байланышы начар.
– Окуу китептери учур талабына жооп береби?
– Фундаменталдык негиздер бар. Мектеп программалары классикалык билим берүүнүн негиздерин сактап калган. Тил жана адабият, тарых боюнча китептер улуттук өзгөчөлүктөрдү, баалуулуктарды камтышы зарыл. Айрым китептер улуттук билим берүүнүн заманбап моделине ылайык эл аралык, дүйнөлүк тажрыйбаларды камтуу менен кайра жазылуусу, иштелип чыгуусу керек го.
– Сиз окуткан окуучуларыңыздан элге таанылгандары кимдер?
– Менден билим алышкан окуучуларымдын көбү азыркы учурда жакшы үй-бүлө куруп мекенибиздин ар тармактарында ийгиликтүү иштеп жүрүшөт. Алардын ичинен төбөсү көрүнүп элге таанылгандары да бар. Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева айылдагы жаңы мектеп курулушуна көп салымын кошту. Айылдагы балдар бакчасынын азыркы мүдүрү Алтынай Аскарованы да окутканыма сыймыктанам. Бирок мен окуткан окуучулардын биздин коомго пайдасы тийген, аң-сезими өйдө турган, ички дүйнөсү таза, элибиздин баалуулуктарын сактап жүргөн мекенчил инсандар болгону эң чоң жетишкендик деп ойлойм.
Баарыңыздарды келаткан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
– Рахмат, жакшы маегиңизге!
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер