ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ ТАЛАП
- 03.11.2022
- 0
Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушунда ачылган №98 мектеп заман талабына ылайык IT-технология багытында профилдик билим берүүнү көздөп жатат.
Жаңы мектептин директору сынакка катышат
Баарыбызга белгилүү болгондой, Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу кол койгон Жарлыгынын максаты — билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйт. Жарлыкка ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалып жатат. Жакынкы арада Бишкек шаарындагы жаңы курулуп бүткөн мектептерге директорлорду тандоо сынагы жарыяланганы турат.
Эки тилде окуткан мектеп
Аталган билим уясы космостук ылдамдыкта бүткөрүлгөн мектептердин бири. Анткени алты айдын ичинде 480 окуучуга ылайыкталган билим мекемеси 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачты. Мектептин ичинде балдардын татыктуу билим алуусуна толук шарттар түзүлгөн. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Учурда 778 окуучуга 49 мугалим билим берип жатат. 17 класста окутуу кыргыз тилинде, 16 – орус тилинде жүргүзүлөт.
Технология сабагын өтүү үчүн устаканаларга атайын инвентарлар келген. Балдар үчүн жыгач усталарга ылайыкталган столдор, кыздарга кийим тигүүчү машина, үтүктөөчү стол ж.б.у.с. инвентарлар менен жабдылган. Ар бир кабинетте ысык, муздак суулары бар. Жылуулук газ менен, газ жок кезде көмүр менен жылытылат.
Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Канат Урматовдун айтымында, ал 1-августта ишке киришип, курулуш иштерин көзөмөлдөп, андан сырткары мектепке тиешелүү бардык юридикалык документтерин бүткөрүп, мугалимдерди комплекттеп, окуучуларды класска бөлүп, жайгаштыруу иштери менен алек болду.
Канат Урматов билим берүү системасына чоочун адам эмес. Ал эмгек жолун Бишкек шаарындагы №89 мектепте тарых мугалими болуп баштаган. Андан соң Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Африка жана Азия өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында ага окутуучу, андан соң ушул эле окуу жайдын тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканынын орун басары, кийин №20 кесиптик-техникалык окуу жайынын тарых жана укук таануу мугалими, үстүбүздөгү жылдын август айына чейин ушул эле училищанын директорунун орун басары болуп эмгектенип келген.
Канат Урматов 2006-жылы Тоң районундагы И.Текеев орто мектебин артыкчылык аттестаты менен бүтүп, кийин жогорку окуу жайды, магистратураны, аспирантураны дагы тарых боюнча жалаң артыкчылык диплом менен аяктаптыр. Ал эми иш десе, ичип жаткан ашын жерге койгон жетекчи №89 мектепте иштеп жүргөндө 2012-жылы “Агай” деп аталган коомдук бирикменин социалдык сурамжылоонун натыйжасы менен мыкты мугалим деп табылып, күмүш төш белгиси менен сыйланган. “Санжыра XVII-XVIII кк. – кыргыз-жуңгар мамилелерин изилдөөдөгү тарыхый булак катарында” темасында диссертациясын аяктап, жактоо алдында турат. Ал «Кыргызстан тарыхы: олимпиадаларга жана ЖРТ даярданабыз» аттуу китептин авторлошу.
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында К.Урматов үч жылдан бери резерв кадрда турган. Андыктан жетекчилер анын билим берүү системасында иштеген тажрыйбасын эске алып, 1-августтан баштап аны №98 мектепке директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
Жетекчинин максаты бийик
— Келечекте бийик максатты алдыга койдум. Мектеп компоненттерин IT-технология багытында профилдик билим берүүгө бурдук. Азыр иштерди баштадык. Бир нече Программалоо компаниясы менен келишим түзүп, алар заманбап технология жагынан да колдогонго даяр экенин сүйлөшүү учурунда белгилешти. Дегеле программаларды долбоорлоо, алгоритмдерди түзүү, маалыматтар түзүмүн иштеп чыгуу, программалардын тексттерин жазуу, программаларды сыноо, документтештирүү ж.б.у.с. көп процесстери бар экен. Ал үчүн окуучуну 1-класстан баштап окутуу зарыл экенин айтып жатышат. Демек, биз ушул багытта окутууну күчөтүп, кандайдыр бир ийгиликтерге жетишсек, буюрса келечекте биздин мектеп лицей-гимназия статусун алганга аракет кылабыз, — дейт жетекчи.
Мектептин өнүгүшүнө шаардык кеңеш да кызыкдар
Мектеп жетекчилиги профилдик билим берүүгө ыктап жаткандан кийин, демөөрчүлөргө, шаардык кеңештин депутаттарына кайрылып, материалдык-техникалык базаны чыңдап берүү үчүн кат менен кайрылган. Жергиликтүү депутаттар мектепти акыркы муундагы интерактивдүү такта, керектүү санда компьютер менен камсыз кылып берүүнү убада кылышкан. Мындан сырткары IT компания менен сүйлөшүп, алтынордолук окуучуларды декабрдын аягына чейин программалоо боюнча бекер окутуп бермей болушту.
Социалдык сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин 240 окуучу IT-технологияга кызыгышаарын билдиришкен. Ошондон кийин мектеп менен иштейбиз деген компаниялар келип, окуучуларга, ата-энелерге көрсөтмөлүү сабак өтүшкөн. Андан кийин көп ата-эне акча төлөсө дагы балдарын бул адистикке окутаарын айтышкан.
— Белгилүү болгондой, Кыргызстанга 2030-жылга карата 50 миң IT адистиктерин даярдоо керек экен. Мектептен балдар толук кандуу IT кесибин алып чыкпаса дагы, аларды фундаменталдык жактан даярдап чыгалы деп жатабыз. Билим берүү жана илим министрлиги дагы жогорку класстын окуучулары үч кесипти кошо алып чыксын деген көрсөтмөсү бар эмеспи. Анан калса өзүм дагы кесиптик-техникалык лицейде иштеген үчүн бул системаны да жакшы билем. Андыктан лицей, колледждер менен чогуу сүйлөшүп, жогорку класстарга профилдик билим берүү менен кошо сертификат алып чыккандай кылалы деген ойлор бар. Азыркы учурда №98 кесиптик лицей менен сүйлөшүп, келишимдин негизинде мугалимдерди да ишке тарталы деп жатабыз, — дейт директордун милдетин аткаруучу.
Мугалимдердин билимин жогорулатуу – башкы планда
Мугалимдерди мезгил талабына ылайык кайра даярдоо жана башка иш-чаралар аркылуу кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатып туруу көңүлдүн борборунда экени талашсыз. Анткени жаңы мектепке 50% жогору жаш адистер тартылды. Анын көбүнчөсү жумушу жок, үйдө бир топ жыл отуруп калгандар.
Жаш адистер көп болгондугуна байланыштуу тажрыйбалуу мугалимдер, методисттер байма-бай алардын сабактарына катышып, аларга туура багыт берип, тарбиялап жатат.
— Кыйналгандар жок эмес, бар. Эки айдан бери эле жаш мугалимдерди үйрөтүү менен убакытыбыз өттү. Билим берүү программалары менен тааныштырып, сабакты өтүү методикасын да көрсөтүп, үйрөтүп жатабыз. Эки мугалим график боюнча кесиптик билимин кайра жогорулатуу курсуна барып келишти. Азыр стратегиялык планыбызды иштеп чыктык. Окуу жылында 20% кем эмес мугалимдерди кесиптик билимин жогорулатуу курсуна жөнөтүүнү пландадык. Буюрса, январь айында беш мугалимди “Креатив-Таалим” ББКга тажрыйба топтоп келгенге жөнөткөнү жатабыз. Анткени угушубузга караганда, ал жерде акыркы технологияга басым жасалып, борбор калаадагы эң мыкты мугалимдер ошол мектепте иштеп, каникул учурунда курстарды өткөрүшөт экен, — дейт К.Урматов.
Эми мектепке 90% жергиликтүү тургундардын балдары келди. Анын ичинде борбор калаадагы эң күчтүү мектептерде окугандар да бар. Мүмкүнчүлүгү чектелип, окуудан аксап калгандар дагы жок эмес. Андыктан айрым класс жетекчилер начар окуган балдарды сабактан кийин алып калып, окутуп жатат.
Тил билсең, дил билесиң
Мектептин өзгөчөлүгү – англис кабинети 24 заманбап лингафондор менен жабдылган. Ар бир бала менен индивидуалдуу сабак өтүүгө жакшы шарт түзүлгөн. Мектептин өзү эле жаңы болуп турганы келген окуучуларды өзүнө тартып, позитивдүү маанайды түзөт.
Lingua school билим берүү борборунан келген волонтер Джон каникул учурунда келип, балдарга бекер англис тилин үйрөтүп жатыптыр.
Эмгек акылар кыскарган жок
Бул мектепте эң көп айлык алгандар математика мугалимдери.
— Алардын эмгек стажысын эске алганда 30% кошулганын, шаардык бюджеттен кошумча каражат берилгенин эсептесек 33000 сом алышат. Жаңы эле быйыл келген жаш адистер бир ставка менен иштегендер 16000 сом, ал эми беш жылдык стажы барлар 22000 сом алат. Бизде азырынча проблема жок, айрым мугалимдер өздөрүнүн потенциалына жараша, бир эле ставка жетет дегендер болду. Бир ставка 18 саат. Ал эми мугалимдерге 27 саатка чейин , т.а. 1,5 ставкада иштегенге уруксат берилген. Эгерде беш кыргыз тилчи болсо, бешөөнө тең 27 сааттан берүү туура эмес болот. Эгерде бирөө-жарым суранып же ооруп калса, аны эч ким алмаштырбайт (замена). Андыктан алтынчы мугалимди алып, баарына 22-24 сааттан кылып бөлүштүрүп бердик. Мисалы, бирөө курска барып келди, калган бешөө анын саатын бөлүштүрүп өтүп турушту, — дейт жетекчи.
Ошентип, каникул учурунда барсак да мугалимдер отчет берип, экинчи чейрекке даярдык көрүп жатышса, айрым окуучулар каратэ боюнча мелдешке даярданып, англис тилинен курстан окуп жаткандарды көрүп сүйүндүк. Жаңы мектептин боосу бек болуп, Кыргызстандын атын, даңкын чыгарган илимдүү, билимдүү жаштар чыгат деген ишеним менен кайттык.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер