ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

  • 18.11.2024
  • 0

Өткөн аптада Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземине катышты. Мындан сырткары республика боюнча 15 объекттин ачылышы болуп, ага өлкө башчысы онлайн катышты. Президент бул долбоорлор билим берүү жана спортко жеткиликтүүлүктү жакшыртууга эле эмес, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Жаңы-Барак айылы — ийгиликтин, өнүгүүнүн символу

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы айыл тургундары менен саламдашып, кыргыз эли, жаңы айылдын тургундары үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айтты.

Садыр Жапаров жаңы айылдын түптөлүшү Кыргызстан үчүн символикалуу көрүнүш экенин баса белгиледи. Буга чейин башка өлкөнүн аймагында эксклав болуп калган аймакта күн кечирген кыргызстандыктар өз тарыхынын жаңы барагын ачып, жаңы турмуш баштоонун алдында турат. Ал жаңы үйлөрдө жаңы үмүттөр менен жаңы жашоого кадам таштап, эң башкысы Кыргызстан аймагында түтүн булаткан жарандарыбыз үчүн сүйүнүп турганын жашырган жок.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Президент Жаңы-Барак айылынын курулушу менен мамлекеттин жаркын келечегине, бүтүндүгүнө бекем ишеним курулганын айтып өттү. Ал жаңы айылдын түптөлүшү – бул биздин коомчулугубуздун бийик дымагынын, мекенчилдик сезиминин жана ар тараптуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Президент Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Дөбө районунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салды. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары кыйын кырдаалдарды баштан кечиришкен: өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырым жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүү менен айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын айтып берди. 2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоого милдеттенсе, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган. Ошол макулдашуунун жыйынтыгында жалпы жонунан 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, ал жерге Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы бул макулдашуу коңшу мамлекет менен достук жана боордоштук мамилелерге негизделген тышкы саясаттын туура нукта баратканынын белгиси экенин баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө жаңы айылдагы жасалган инфраструктуралык иштерге басым жасады: 101 турак үй курулуп, жер астынан таза суу чыгарылып берилди, көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылып, электр кубаты жетип олтурат. Жаңы-Барак айылында социалдык объектилер: бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил багы, мечит, футбол талаасы, жашылдандыруу эске алынган. Келерки жылкы түшүмдүн камын көрүү максатында айдоо аянтчалары бөлүнүп, учурда 50 гектар жерге дыйкандар күздүк буудайын сээп алышты, бул болсо айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жол ачат.

  • Түмөн түйшүк көйгөйлөргө карабай, киндик кан тамган жерин таштап кетпей, ушул кезге чейин “Сабырдын түбү сары алтын” деп туруктуу жашап келген сиздер менен жалпы кыргызстандыктар сыймыктанабыз. Себеби дал ушул Барак айылы менен Кыргызстан бүтүн болуп келген. Эми минтип баарыбыздын бир кездеги кыялдарыбыз орундалып, сиздер жаңы конуштуу болуп олтурасыздар, — деди Президент.

Ал ушул жылдын 6-май күнү Жаңы-Барак айылынын курулушу башталганын, 7 ай өтпөй анын жашоочулары заманбап, бардык шарттары бар турак жайлуу болгонун белгиледи. Бул айылдын түптөлүшү айыл тургундары үчүн гана эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да маанилүү кадам экенин айтты. Ошондой эле Садыр Жапаров бул айылда көп кабаттуу үй куруу каралганын, кийин Жаңы-Барак айылынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин белгиледи.

Президент быйыл эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатканына токтолду. Бул тарыхый окуя Жаңы-Барак айылынын түптөлүшү менен дал келгенин айтып, бул жакшы жышаан — жаңы Кыргызстанды курууга бет алган маалда Жаңы-Барак айылы ийгиликтин, өнүгүүнүн символу болоруна үмүт артарын билдирди.

Иш-чаранын аягында Президент Садыр Жапаров Жаңы-Барактын тургундарына жаркын жана кең келечек каалап, жаңы конуш жаңы башталыштын, жаңы үмүт менен жаңы кыялдардын айылы болушун тилек кылды.

Ноокатта 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Жогоруда аталган жаңы айылдын ачылышынан кийин да республика боюнча 15 объект эшигин ачты. Анын ичинде Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Т.Зулпуев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Аталган билим уясынын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Объекттин тендердик баасы 118 млн сомду түздү.

Жаңы мектеп 275 окуучу орунга ылайыкталып, үч блоктон турган эки кабаттуу окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Ошондой эле долбоор боюнча негизги класстык кабинеттерден тышкары биология, химия, физика, компьюттердик класс, кол эмгек кабинети каралса, спорттук залда улан-кыздар үчүн кийинүүчү жана жуунучу жайлар бар. Мектептин жалпы аянты 1660 чарчы метрди түзөт.

Билим ордонун эски имараты мурун бала бакча болуп, кийин 1993-жылы билим алуу үчүн мектептин корпусу катары пайдаланууга берилген.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Ал эми Кара-Кулжа районунда болсо 275 окуучуга ылайыкталган К.Мамаев атындагы орто мектеп ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 146,8 млн сом бөлүнгөн. Долбоордун жалпы сметалык наркы 175,1 млн сомду түздү. Мектептин эски имараты 1964-жылы ашар жолу менен курулган. Кийин 2015-жылы авариялык абалда деген чечим чыккан. Ошондой эле Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин ачылышы аземи болду. Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түздү. Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метр.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Мындан сырткары, Нарын шаарында  375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы  С.Райымбеков атындагы мектепке жаңы спорт залдын ачылышы болсо, Алай районунун Талды-Суу айылында заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Ал жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын дене тарбия жана спортту өнүктүрүү борборуна айланат.

Долбоордун наркы 23,8 млн сомду түзүп, анын беш миллиону республикалык бюджеттен алынса, калган 18,8 млн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Бала бакчалар  бөбөктөргө эшигин ачты

Ал эми Жалал-Абадда өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, жергиликтүү мекемелердин жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

— Соңку жылдары республикада мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык объекттерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө жетекчиси бул багытта алгылыктуу тапшырмаларды берип, депутаттар да калктын турмушун жакшыртуу багытында жигердүү иш алып барууда, — деди Нурланбек Шакиев.

Ал эми министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагын трансформациялоого багытталган «Алтын казык» программасын ишке ашыруунун алкагында мектептик билим берүү системасын 12 жылдык форматка өткөрүү боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Кербен шаардык бийлигине караштуу Жерге-Тал айылындагы №39 мектепке чейинки билим берүү уюму 100 орунга ылайыкташтырылган, анын курулушуна 16 100 000 жумшалган. Курулуш иштери Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын демилгеси менен “Асанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.

ЖАҢЫ ҮМҮТ, ЖАҢЫ КАДАМ

Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы бала бакча дагы 100 орундуу. Анын курулуш иштери 2017-жылы башталган. 2019-жылы бала бакчанын корпусу курулган. Азыркы учурда бала бакча айыл өкмөтүнүн балансында. Бала бакчанын курулушун каржылоого АРИС уюму аркылуу 9 600 000 бөлүнгөн.

Чүй облусунун Сокулук районунда  180 орундуу, Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында  100 орундуу бала бакча бөбөктөргө эшигин ачты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер