ЗАМАНБАП БИЛИМДИН АРТЫКЧЫЛЫГЫ МЕНЕН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ

  • 10.03.2025
  • 0

Быйылкы жаңы окуу жылында 1-класска 2019-жылы тɵрɵлгɵн 6 жаштагы балдар,  2-класска 2018-жылы тɵрɵлгɵн, мектепке чейинки даярдыктан ɵткɵн балдар барат. Жаңы билим берүү системасынын артыкчылыгы менен зарылчылыгы боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Надира ЖУСУПБЕКОВАны кепке тарттык. 

ЗАМАНБАП  БИЛИМДИН АРТЫКЧЫЛЫГЫ МЕНЕН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ

 

— Надира Сынташевна, жаңы улуттук билим берүү системасына өтүү боюнча байма-бай маалыматтарды таратып жатабыз. Бирок, ошого карабастан, көпчүлүк ата-эне билим берүүнүн мөөнөтүнө басым жасап, балдары дагы бир жыл кошумча окушат деп нааразычылыктарын билдиришүүдө. Дегеле жаңы системага өтүүнүн зарылчылыгы менен артыкчылыгына токтолсоңуз.

— Жаңы окуу жылынын башталышы менен бир топ өзгөрүүлөр болоору күтүлүүдө. Жаңы улуттук моделге өтүү, буюрса, быйыл ишке аша баштайт. Ооба, коомчулукта жаңы системанын артыкчылыгы менен зарылчылыгы тууралуу кызуу талкууланып жатат. Бир нече концептуалдык документтерге токтоп кетейин. Ириде биз эксперттик жана практиктердин коомчулугун чогултуп, алардын ичинен жумушчу топ түзүп, жаңы системага өтүүнү дыкат талдап чыктык. Канча өлкө эффективдүү системага өткөн, алар канчалык эффективдүү жана ийгиликтүү өткөн, алардын моделдери кандай, анан өзүбүздүн системадагы абал жана мүмкүнчүлүктөр кандай деп анализ жасадык. Бардыгы талдангандан кийин практиктер менен бирге талкуулар жүргүзүлүп, андан соң жаңы улуттук моделге  өтүүнүн Концепциясы иштелип чыкты. Ырас, коомчулук негедир  мөөнөтүнө маани буруп жатат. Бирок кеп мөөнөтүндө эмес. Билим берүү системасы — дайыма өзгөрүп жана алдыга жылып турган система. Биз өзүбүздүн мыкты тажрыйбаларга таянып, анан дүйнөлүк тажрыйбаны изилдеп чыктык. Ийгиликтүү өлкөлөр ушундай нукта иштейт, ириде өздөрүнүн жакшы жетишкендиктерине, улуттук каада-салт, баалуулуктарга таянып, бирок дүйнө жүзү дагы эмнеге, кайсы жакка умтулуп жатат, кандай жакшы практикалар, методикалар бар деп изилдешет. Ошонун баарын изилдеп бүткөн соң гана улуттук моделге киргизишет. Биз дагы ошондой аракеттерди көрдүк. Анын жыйынтыгында Концепция жаралды. Аны Министрлер Кабинети бекитип берди. Анан дароо эле улуттук моделге, жаңы системага өтүүнүн планы иштелип чыгып, мамлекеттик органдар менен макулдашылып, алардын сунуштарын угуп, эскертүүлөрүн эске алып, андан соң бекитилди. Эң негизгиси мугалимдер арасында окуулар өтүп жатат. Бул абдан маанилүү. Анткени дүйнө жүзүндөгү ийгиликтүү практикаларды киргизүү керек. Алсак, эл аралык дүйнөлүк изилдөөлөрдө айрым өлкөлөр биринчи орунга ээ болуп жатат. Бул өлкөнүн балдары каалаган кесибин тандап алып, окуп, мамлекетинин экономикасынын өсүшүнө чоң салым кошуп жатканын көрүп да, угуп да жүрөбүз. Анткени кайсы гана тармакты албайлы,   негизги потенциал —  адамдар, эгерде алар кесипкөй болсо, ошол тармакта ийгиликтер жаралат. Албетте, ийгиликтер өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырат. Ошондой кадрларды берген билим берүү системасы кандай болду экен? Изилдөөгө алынган мамлекеттердин мектептеринде 1-класстан баштап практикага багытталган методика колдонулат. Теориялык билим бүгүн актуалдуу, эртең эскирип калышы мүмкүн. Ал эми ошол окуучуну дайыма изденүүгө, окууга, умтулууга, жаңыланууга мектеп үйрɵтɵ алса, бул ийгиликтин башаты.  Бул практикага багытталган методика.

— Мамлекеттик стандарттардын, программалардын долбоорлору деле даяр болуп калды окшойт?

— Жаңы улуттук модель түзүлүп, азыр мамлекеттик мектептик жана мектепке чейинки билим берүү стандарттардын долбоорлору иштелип чыкты. Аны дагы тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүп, коомдук талкууга койдук. Ал талкууну дагы күтөбүз, жакшы ойлор, сунуштар болсо эске алынат.

— Ошол өзгөрүүлөрдү бирден айтып берсеңиз.

— Биринчиден, практикага багытталган технологияларды мугалимдерибиз ɵздɵштүрүп жатышат, биринчи кезекте окуулардан STEM мугалимдери ɵтүүдɵ, бул технологиялар  билим берүү системасы ийгиликтүү  иштеген ɵлкɵлɵрдɵ кеңири колдонулат. Экинчиден,  математика, табият таануу, физика, химия, биология, англис тили боюнча бардык класстар үчүн окуу материалдары толук жаңыланууда.   Эң негизгиси, кандай гана олуттуу өзгөрүүлөр болбосун, мугалим эң башкы фигура. Ошондуктан мугалимдерди даярдоо дагы олуттуу өзгөрүүлөргө учурайт.  Жаңы окуу материалдары менен биргеликте бардык мектептерди лабораториялык жабдыктар менен камсыздоо боюнча иш жүрүп жатат.

— Ошондо биз бардык жаңыланууларды киргизип алсак, балдарга татыктуу билим бере баштайбыз да.

— Дагы бир негизги өзгөчөлүк – балдарыбыз мектепти аяктаганда, кайсы кесиптин ээси болорун билип чыгышы керек. Биз ошонун үстүндө дагы иштеп жатабыз. Экинчи жагынан,   жогорку класстарда окуучулар тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мисалы, так илимдерге кызыккандар  гуманитардык багыттагы предметтер боюнча базалык деңгээлде билим алышат, ал эми ɵзү тандаган багыттагы предметтерди  тереңдетилген деңгээлде окуйт. Медицина жагын тандагандар  химия, биология предметтерине басым жасап окуп алышат. Көп өлкөлөрдɵ ушундай билим берүү модели калыптанган.  Жаңы стандарттын өзгөчөлүгү да ушунда. Аны бир нече жолу апробациядан өткөрдүк. Мисалы, Бишкектеги №12 мектеп медициналык багытта апробацияланып, жакшы жыйынтыктарды берген. Мектепке чейинки билим берүүнүн стандарттарына дагы өзгөрүүлөр кирди. Жаңы улуттук моделин түзүүдө  мектепке чейинки билим берүүдөн жожго чейинки өзгөрүүлөр болот.

— Мектепке чейинки билим берүүдө кандай өзгөрүүлөр кирди?

— Жаңы стандартта бала бакчаны бүткөн бала кандай жөндөмгө ээ болуш керек, мектепке кандай көндүмгө ээ болуш керек деген индикаторлор иштелип чыкты. Бул стандартта бала бакчадан алган билими мектепке барганда кайталанбайт. Бири-биринин үзгүлтүксүздүгүн (преемственность) камсыз кылат. Өлкө боюнча 480 сааттык “Наристе” мектепке даярдоо программасы иштеп келген. Дегеле бала бакчага барбаган 5-7 жаштагы балдар тездетилген программа менен 2015-жылдан бери окутулуп келатат. Бул балдарыбыз быйыл 2-класска отурат. Ошол эле учурда бала бакчаларда даярдоо тайпасы бар, ал жерде дагы даярдоодон өтөт. Бул балдар дагы жаңы окуу жылында 2-класска отурушат. 6 жаштагы балдар 1-класска отурушат. Бала бакчага барбаган 6 жаштагы балдар дагы 1-класска барат. “Балалык” Автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө менчигине карабай, мектепке чейинки кызматтарды көрсөткөн мекемелер бул системага катталып, балдарга кандай билим берип жатканы боюнча толук маалыматтарды киргизиши зарыл. Мисалы, ишкер болуп туруп, мектепке даярдоо программасы менен он баланы даярдап жаткан болсом, алар маалыматтык системага катталып, жеке кабинетинен ошол он баланын маалыматын толтуруп коюш керек. Балдар даярдалганы боюнча ошол сайт аркылуу гана тастыкталат. Бала бакчаны бүткөн боюнча сертификат берилбейт. Болгону даярдыктан өткөнү боюнча базада болушу керек. Балдарды мектепке кабыл алып жатканда тестирлөөгө тыюу салынат. Буга чейин 1-класска электрондук каттоо жүргүзүлүп келген болсо, эми 2-класска да электрондук каттоо жүргүзүлөт.

Мектепке чейинки билим берүүдө эки программа бар. “Наристе” балдарды мектепке даярдоо программасы — бул такыр бала бакчага барбаган балдар үчүн. Ал эми “Балалык” программасы балдар бала бакчага барган балдар үчүн. Эки программа тең боюнча даярдоо тайпадан өткөн балдар 2-класска отурушат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер