АЖАРЛУУ ИЛИМПОЗ
- 07.03.2023
- 0
Мен Сусар Искендерованы өзүнүн ишин мыкты билген, кесипкөй, эң башкысы адамгерчилиги бийик, эң жөнөкөй адам катары билем.
Эжени Бишкек гуманитардык (азыркы Бишкек мамлекеттик) университетинде проректор болуп турган кезинде тааныгам. Гезитке университет жөнүндө, же ал жакта болуп жаткан иш-чаралар тууралуу жазаарда же кандайдыр бир маалыматтар керек болгондо түз эле Сусар Искендеровнага чала калчумун. Кандай маселе менен кайрылбагын, дароо чечип, сураганыңды убагында таап берер эле.
Менимче, Сусар Искендеровна сегиз жыл бою бул кызматты эң сонун аркалады. Бул жылдары университетте түрдүү темаларга арналган иш-чаралар: эл аралык илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, семинар-тренингдер байма-бай өтүп турду. Бир далайына журналист катары өзүм да барып катышып жүрдүм. Өзгөчө кыргыздын каада-салт, үрп-адатына, мурастарына, эне тилге арналган студенттик илимий-конференциялар көп өтөр эле.
Эже менен жакын байланышым өткөн жылдын сентябрь айында башталды. Кудайдын буйругу экен, эже менин кандидаттык ишиме оппонент болуп калды. Алгач телефондон сүйлөшүп, андан кийин жолугуштук. Мени адаттагыдай эле жылуу кабыл алды. Экөөбүз бир топ күн бирге иштешип, кандидаттык диссертациямдын кемчиликтерин бирге оңдоп, толуктай турган жерин толуктап чыктык. Ошондо да мүнөзү жумшак эжей менин кемчиликтеримди жүрөгү ооруп калбасын дейби же көңүлү калбасын дейби, айтор, жумшак айтып, кошо оңдоп, кыскасы, колунан келген жардамын аянган жок. Мен эжеге ар бир барып жолугуп чыккан сайын ичимден мынча назик жан, эжеде аялзатына таандык болгон бардык жакшы мүнөз бар экен, аялзатынын баардыгы ушундай болсо деп, эжеге түздөнүп, өзүмө салыштырып, өзүмдү тарбиялоого аракет кылдым. Ошондон кийин “эженин баары сиздей болсо деп” өзүнө да тамашалап калчу болдум. Чынында эле анын эң жөнөкөйлүгү, жумшак мүнөзү сулуулугуна сулуулук кошуп турат.
Сусар эженин эмгек жамаатынын арасында кадыр-баркы кандай бийик экенин өз көзү менен көргөн киши гана айта алат. Мен азыркы жетектеп жаткан педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасына көп барган киши катары бул жагынан да эженин дарегине жалаң гана жылуу сөздөрдү жолдой алам. Өзү гана эмес, кафедрадагы кыздарынын баары качан барбагын жылуу тосуп алып, жаркылдап узатып жиберишет. Ошондон эле жамааттын кандай ынтымактуу экендигин, эженин кандай жетекчи экенин баамдап койсо болот.
Сусар Искендеровна мага окшоп илимдин кандидаты болот элем деп, илимге умтулган жыйырмага чукул жаштарга илимий жетекчи, насаатчы болду. Анын жетекчилиги астында бир канчасы кандидаттык диссертациясын жактады. Дагы ондон ашуун илимдин кандидаттыгына талапкерге, дагы үч илимдин докторлугуна талапкерге — Али Турдукулов, Саткынбай Момуналиев, Светлана Батаканованын докторлук диссертациясына оппонент болду. Илим жолуна аттанган жаш илимпозго жетекчиси убагында туура багыт берип, ар тараптан колдобосо баштаган ишинин аягына чыга албай калат. Сусар эже бул жагынан да алдына киши салган жок. Аны мен аспиранттарынын өздөрүнөн угуп жүрөм.
Эженин калеминен жүздөн ашуун илимий макала, ондон ашык монография, окуу куралдары, окуу-методикалык эмгектер жаралды. Бул билбеген кишиге жөн эле бир санак. Билген кишиге опол тоодой эмгек. Ал үчүн бир далай маңдай тер, көз май, убакыт кетет. Бир макала жазыш үчүн ондон ашуун китепти окуганга туура келет. Анан кандидаттык, андан кийин докторлук диссертация, бир канча окуу курал, монография жазуу үчүн эмне деген эмгек жумшады, мээнеттенди. Эженин “Азыркы адабий терминдердин сөздүгү” аттуу сөздүгү да адабиятчылар үчүн чоң табылга. Мен өзүмдүн ишиме байланыштуу да эженин бул эмгектерин, илимий макалаларын окуп, андан көп тажрыйба алгам.
Сусар эжеден байкаган дагы бир жакшы касиет — анын башкалардай болуп жулунбагандыгы. Элүү жылдык өмүрүн билим берүүгө, илимге арнаганы менен “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана КР Ардак грамотасынан башка мамлекеттик деңгээлде сыйлык деле албаптыр. Муну мен эженин эң жөнөкөйлүгүнөн улам деп билем. Анткени ал башкалардай болуп мен бул сыйлыкты алат элем деп эч качан эч жерге барган эмес, эч кимден суранган эмес. Бир жолу өзүнөн сурасам, эмгегиңди эл баалаш керек деп гана жылмайып койгон. Ушундан улам кээде өтө жөнөкөй болуштун деле кереги жокпу деп да калчу болдум. Болбосо эже элүү жылда жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыктуу иш кылды, кызмат өтөдү.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер