ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН СЫНАКТЫН СЫЙЫ ЖАНА СЫНЫ

  • 08.10.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн быйылкы  республикалык “Жыл мугалими – 2024” башка жылдардан айырмаланып жаңы Жобонун негизинде өттү. Аталган иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, сынактын Баш байгесине батир коюулду. Сынактын жеңүүчүлөрү министрликтин “КР билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Ардак грамота, Дубайга жолдомо, ноутбук, телевизор менен сыйланышты. Анда сөз башынан болсун!

ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН СЫНАКТЫН СЫЙЫ ЖАНА СЫНЫ

Сынактын өзгөчөлүгү

Аталган конкурстун максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Быйылкы сынак жаңы Жобонун негизинде бир нече номинация менен, т.а. башталгыч класстын мыкты мугалими, кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими, орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими ж.б. болуп биринчи жолу 17 предметтен облустук турда электен өткөн  мугалимдер келип күч сынашты.

ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН СЫНАКТЫН СЫЙЫ ЖАНА СЫНЫ

— Эгерде талапкер үч турдан тең өтүп, бирдей балл алса, аны чоң жюри “Мугалимге сөз” деген кошумча сыноого жиберилмек. Мында үч критерий менен баалоодо ал ата мекендик билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларын жана мамлекеттик билим берүү саясатынын маселелерин түшүнүү, ой жүгүртүүлөрдүн тереңдиги жана стандарт, сунушталган чечимдердин негиздүүлүгү жана реалдуулугу, билдирген жеке позициясы жана коммуникативдик маданияты боюнча жогорку көрсөткүчкө жетишсе, ага 10 балл ыйгарылмак. Бирок сынакта мындай учур катталган жок. Жыйынтыктап айтканда, 17 предметтик мугалимдердин баары бирдей деңгээлде катышып жана өз предмети боюнча эң жогорку 110 балл алган ОшМУнун “Билим” лицейинен келген математик мугалим Н.Каныбекова жеңүүчү деп аталып, гран-приге ээ болду, — дейт министрликтин жетектөөчү адиси С.Өмүрканова.

Дагы бир өзгөчөлүк — ар бир турду чоң жюри, чакан жюри онлайн көзөмөлдөп жана ар бир предмет боюнча беш же жети кишиден турган комиссия иштеп жатты. «Кара кылды как жарган» комиссиянын курамында жалпы 100 адам тартылган. Биринчи жолу мындай чоң комиссия иштегендиктен, биринин үстүнөн бири байкоо жүргүзгүп, конкурс таза, адилеттүү өттү.

Калыстар эмне дейт?

Чоң калыстар тобуну мүчөсү Айнура Бапа кызынын айтымында, калыстар тобун тандоодо дагы сынак өткөн. Мурда сынакта кимдер жюри болгонун эч ким билчү эмес. Бул жолу соцтармактарга калыстар тобуна талапкерлерликке ачык конкурс жарыяланган.

ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН СЫНАКТЫН СЫЙЫ ЖАНА СЫНЫ

— Мен дагы талапкер катары документтеримди өткөргөн элем, анан жеңүүчү деп табылып, калыстар тобуна кирдим. Биз жогорку калыстар тобу – сынактын жалпы жүрүшү боюнча эле байкоо жүргүздүк. Ар бир жюри мүчөлөрү мугалимдердин чеберчилигин баалоодо калыс чечим чыгарды деп ойлойм. Эң негизгиси мугалимдерге батир коюлганы жакшы көрүнүш. Жакшы мотивация болду. Бул мугалимге кесибин берилүү менен изденип иштегенге түрткү болот, — дейт Айнура.

Чоң жюринин курамында Ысык-Көл университетинин 4-курсунун студенти Аяна Кайратова да болду. Анын пикиринде, жюринин курамына быйыл студент, окуучу кошулганы менен өзгөчөлөнгөн.

— Сынактын Жобосу менен таанышканда, студенттер дагы жюринин курамына кирип, сынакка катышса болот дегенде мен резюмемди тапшыргам, бирок өтөм деп ойлогон эмесмин. Республикалык эң мыкты мугалимдерди баалоо өтө жоопкерчиликтүү болду. Мен математика адистигине окуп жаткандан кийин сабактын өтүшүнө өзгөчө карап турдум. Өзүмө дагы пайдалуу болду. Сабактар абдан кызыктуу, адилеттүү өттү. Чоң калыстар тобунун максаты – эгерде талапкерлерден мүчүлүштүктөр кетсе, же суроо-талаптар болсо, же бир предметтен окшош балл чыгып калса, чечишибиз керек болчу. Бирок андай учур катталган жок, — деди Аяна Кайратова.

Эң оор тесттик тапшырма

Сынактын катышуучулары ириде эң оор 1-турда тесттик тапшырмаларга киришти. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкери С.Умралиеванын айтуусуна караганда, тестирлөө турунда  гуманитардык предметтер боюнча бир саатка чейин, ал эми табигый-математикалык предметтерге 60-70 мүнөт берилген.

ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН СЫНАКТЫН СЫЙЫ ЖАНА СЫНЫ

— Тест тапшыруучуларды беш топко бөлдүк. Ар бир предмет, багыты боюнча тест түзүлгөн, ошондой эле педагогикалык кырдаалдар боюнча да тесттер бар. Жалпы тестке 60 баллга жетиши керек. Ал эми тепкичтик баллы 40тан өткөндөр 2-турга катышты, — деди адис.

Эки турдун жыйынтыгында 70-100 балл алгандар 3-турга барышты. 3-турда “Сабак” конкурстук сыноосу болду. Анын максаты – катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө тийиш эле. Талапкерлердин баары заманбап технологияны пайдаланууу менен сабак өтөөрүн көрсөтүштү.

Сынчынын сынар өтүгү майрыкпы?

Ошол эле кезде тестирлөөдөн өтпөй калган талапкерлер ар кандай нааразычылыктарын билдире башташты. Албетте, мындай чоң сынактарда нааразычылык болбой койбойт. Себеби ар биринин өзүнүн чындыгы бар эмеспи. Маселен, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун Facebook баракчасына (01.10.2024-ж.) чыккан “Жылдын мыкты мугалим — 2024″ сынагы мугалимдердин нааразычылыгын жаратты” аттуу макалада тестирлөө багыты боюнча карап көрөлү. Ар бир берилген суроого Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун директорунун орун басары З.Жамакееванын жообун өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.

  1. Тесттик суроолор илимий тилде татаал түзүлгөн, предметтик деген тест предметке байланышпайт — дегени туура эмес.

Билим берүүнун сапаттын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунда (мындан ары — Борбор) кесипкөй өз ишин билген адистер иштейт, бул борбордун түзүлгөнүнө — 31 жыл болду жана адистер тестология илими боюнча атайын окуудан өтүшкөн. Тесттик суроолорду мектептердин алдыңкы мугалимдери түзгөн жана баардык тапшырмалар башка мугалимдер тарабынан экспертизадан өткөрүлгөн. Макалада кайсы предмет боюнча тесттик тапшырмалар жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз жана үстүртөн жалпылап жазылган. Жазган медиа борбор же маалымат берген адам, эгер далили болсо так жазса болмок. Предметтик тест кантип предмет менен байланышы жок болсун, ар бир предметтик тесттер технологиялык матрицасына ылайык: 30 тапшырмадан турган. Анын ичинде 20 — предметтен, 7 – предметти окутуу методикасы боюнча жана 3-кырдаалдык тапшырма (жалпы баардык предметтер үчүн бирдей) берилген.

  1. “Апелляциялык комиссия каралат деп, арыз менен кирген мугалимдердин арызы четке кагып, караган эмес”- деген маалымат жалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 1503/1 буйругу менен Техникалык апелляцияны өткөрүү боюнча эксперттик комиссиясынын иштөө Регламенти (Тиркеме 1) бекитилген жана комиссия өз ишин аталган буйрукка ылайык алып барган. Техникалык апелляциялык эксперттик комиссияга 9 конкурсанттан арыз түшкөн, ал арыздар комиссия тарабынан каралып (конкурсанттын катышуусу) тийиштүү чечим кабыл алынган.

  1. Макалада көрсөтүлгөндөй “…бир күн калганда предметтик тест болот деп мугалимдерди чалгыткан. Анткени мурун педагогика, психология, мыйзамдар, мамлекеттик стандарт, педагогикалык кырдаалдар болот деп айтылгандыктан, мугалимдер үч ай бою аталган тапшырмаларга даярданышкан” деген маалымат келтирилиптир. Бул маалыматты мугалимдер кимден алган, кайсы нормативдик документтерге таянып жаткандыгы келтирилген эмес.

Борбор министрликтен ”Жылдын мыкты мугалими” конкурсуна предметтик тестти өткөрүү керек деген тапшырманы алган жана ал тапшырманы толук аткарды.

  1. Макалада тесттен өтпөй калган “103 мугалимди 30 минуттук тест менен сыноо жаңылыштык” — деп белгиленген.

Ар бир предметке берилген убакыт Борбордун 2024-жылдын 25-сентябрындагы №54 буйругу менен бекитилген “Администратор үчүн Тест жүргүзүү нускамасында” көрсөтүлгөн. Аталган нускама ар бир конкурсанттар отурган компьютердик класстарда тестти баштоодон мурун эки тилде кыргызча жана орусча окулган.

Назарыңыздарга кайсы предметтер боюнча канча убакыт берилгендиги тууралуу таблицалык (Таблица 1) маалымат тиркелет жана компьютерлерге предметтерине ылайык ушул убакыттар (таймер-автоматтык эсептегич) коюлгандыгын жана конкурсанттар тестти баштагандан кийин ушул убакытта тест тапшырмаларын чечишкен.

Таблица №1

убакыт70 мин60 мин45 мин40 мин
 МатематикаБашталгыч классАнглис тилиМектепке чейинки билим берүү
 ФизикаБашталгыч мектепКыргыз тили жана адабияты 
 ИнформатикаБиологияМамлекеттик тил 
 ХимияГеографияРусский язык и литература 
  ИсторияДиндердин өнүгүү тарыхы 
  Адам жана коомДене тарбия 
  ТехнологияАскерге баштапкы даярдык 
   Немис тили 
   Көркөм өнөр 
   Музыка 

Баса, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору кетирген каталарын айтып койбосок болбостур. Макалада предметтик — “предмиттик”, апелляциялык –“аппиляциялык”, мастер класста — “…класта”, “Министрдин орун басары” Бакыт Козуев деген каталардын үстүнөн иштеп коюшса болмок.

Чындыгыда эле кайсы маалымат каражаты болбосун ириде тактап туруп, анан гана коомчулукка жарыялоо керек экенин ар бир журналист жакшы түшүнөт. Негедир Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунда журналисттик этикадан сабак албагандар гана иштейт окшойт, кыязы… Же болбосо неге жалган маалыматтарды таратышат?

Баш байгенин ээсин дагы соцтармактарда жанын койбой, “бул дагы кайсы чиновниктин тууганы?” деп чыгышты. Коомчулукка айтып коюу керек, Назгүл Каныбекова жөнөкөй карапайым үй-бүлөдөн чыккан таланттуу, чыгармачыл мугалим. Карапайым үй-бүлөнүн келини. Ал өзүнүн сүйгөн кесибинин устаты.

Окурмандын эсине сала кетели, сынак 2024-жылдын 1-5-октябрга чейин Бишкек шаарында өттү. Сынактын финалдык этабынын 1-турунда 128 мугалим тең тестирлөөдөн өтүштү. Конкурсанттардын жооптору ошол эле жерден автоматтык түрдө алган баллдары ачык-айкын чыгып турду. Ошентип, 128 мугалимден 25и гана 2-турга өтүштү. Мастер-класста 20 минутанын ичинде мугалимдер өзүнүн предметин берүүдөгү педагогикалык, методикалык, профессионалдык кесиптик чеберчилигине баа берилди. 3-турга чыккан 21 мугалим 35 мүнөттүк сабак процессин көрсөтүштү. Бул сабакта дагы мугалим сабакты кандай уюштурат, кадай иш-аракеттерди көрөт, окуучуларды кызыктыруу үчүн кандай технологияларды, методикаларды  колдонот деген багытта өтүлдү. Сынактын жыйынтыгында бир гран-при, 7 чыгармачыл, таланттуу, өз кесибин жан дүйнөсү менен сүйгөндөрдүн ар бири предметтик мыкты мугалим деп аталды.

Мектепте мыкты мугалимдер арбын экенине күбө болдук. Сынак деген сынак. Анда чыныгы күчтүүлөр гана алдыга суурулуп чыгат. Бул сынак акыркы эмес, эмдиги конкурска жогорку деңгээлде даярданып, өз күчтөрүн сынаса эмнеге болбойт?!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер