ЗАМАНДЫН ЗАЛКАР ИЛИМПОЗУ

  • 15.04.2021
  • 0

Антарктиданы  багындырган биринчи  кыргыз, КР УИА академиги – Асылбек Айдаралиев быйыл 80 жашка чыгып, торколуу тоюн белгилеп жаткан кези. “Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи,   Асылбек  Акматбековичтин атын атаган  сайын куту сүйүнгөн адептүү агай. Аны Россия, Казакстан, Украина гана эмес, бүтүндөй дүйнө  жүзүндө кесипкөй  адис катары таанышат. Ал мындай атакка  тээ жаш кезинде жетишип, өзүн эң мыкты илимпоз, уюштуруучу, ишмер, агартуучу катары таанытып койгон. “Гений  —  бир пайыз  эргүү,   токсон тогуз пайыз  шорголонгон   тер” деп америкалык  илимпоз Томас Эдисон   айткан экен. Асылбек Айдаралиев дагы таман акы, маңдай тери менен эмгенинен баар тапкан,  бүгүнкү замандын гений илимпозу.

26  ЖАШЫНДА   ИЛИМДИН   КАНДИДАТЫ

Орустарда “Все, что ни делается — к  лучшему” деген жакшы сөз бар. Асылбек Айдаралиевдин мектепти бүткөндөн кийин Бүткүл союздук кинематография институтуна  өтпөй калышы, ушул сөздүн чындыгын далилдеп тургандай. Эгерде ал бул окуу жайга өтүп кеткенде мындай ийгиликтерге  жетишет  беле  жокпу,  ким билет, бирок анын орду кинодо эмес,  медицинада, илимде, билим берүүдө экендигин  ушул күнгө чейин жетишкен ийгиликтери тастыктап койду. Асылбек Акматбекович өзү каалаган окуу жайга өтпөй калгандан кийин Медициналык институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, Киев шаарындагы медициналык жогорку окуу жайында биофизика боюнча аспирантурада окуйт. Ошол эле маалда окутуучулук да милдетти аткарып, илим да жазып, 26 жашында  илимдин кандидаты болот. Кыргызстанда  26 жашында илимдин кандидаты болгондор өтө эле  сейрек кездешет.

Кандидаттык илимий даражаны коргогондон кийин Ала-Тоо деп соккон жаш жүрөк Киевде иштеп калуу  сунушунан баш тарттырып, мекенине кайтарып келет. Ал кайтып келгенден кийин Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга организмдин адаптациясы жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзөт. Илимге баш оту менен кирип алган жаш физиолог 36 жашында Москвада космикалык жана авиациялык медицина боюнча докторлугун жактайт. Кийин 1983-жылы 20дан ашык космонавтты Кыргызстанга чакыртып, изилдөө иштерин Фрунзеде өткөргөн.

АНТАРКТИДАДАГЫ БИРИНЧИ КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУСУ

Фрунзе  шаарында иштеп жүргөн кезинде СССР Илимдер академиясынын вице-президентинин чакыруусу менен Россияга кетип, Түндүктүн биологиялык көйгөйлөрү институтун жетектеп калат. Ошондо кыргыз окумуштууларынын арасынан биринчилерден болуп 1979-жылы Антарктидага экспедицияга катышат. Жаратылышы катаал аймакта жашаган адамдардын денсоолугун текшерип, кандай кыйынчылыктарга учурай тургандыгын  такташкан. Экспедицияга кийин дагы бир нече жолу катышкан. Союз тарагандан кийин дагы Айдаралиев «Арктика» эл аралык илимий-изилдөө борборунун директору болуп, россиялык жана америкалык кесиптештери менен биргеликте изилдөө иштерин уланткан.

КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ

Асылбек Айдаралиев 1994-жылы Кыргызстан эл аралык университетин негиздеп, анын президенти болуу менен Кыргызстандын жогорку  билим берүү тармагынын өнүгүшүнө да олуттуу салым кошуп келет. Ал негиздеген окуу жай кыска мөөнөттүн ичинде илим-билим чөйрөсүндө өз ордун таап, рейтингин жогорулатып, ал тургай дүйнөгө таанылып, жылдан жылга арышын кеңейтип келет. Дүйнөнү түрө кыдырып, тажрыйба топтоп, илим-билимге сугарылган Асылбек Айдаралиевдин иштин көзүн таба билгендигинин, дүйнөлүк билим берүү чөйрөсүндөгү өнүгүүнүн сырларын мыкты билгендигинин аркасында ал жетектеген университет ВВВ деңгээлин алып, дүйнөлүк университеттердин ичинен алдыңкы төрт жүз университеттин катарында болуп келет. Өзгөчө башка окуу жайлар жолго сала албай келе жаткан билим экспортун эбак эле колго алып койгон. Учурда беш миңге жакын студенти бар болсо, анын эки миңдейи эле чет өлкөлүк студенттер. Медициналык билимди экспорттоо жагынан республикадагы эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири катарында кызмат кылып келет.

Мезгилинде мен дагы сиздин тажрыйбаңызга таянып, адистешкен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын түзүп, анын биринчи ректору болдум. Сиздин баскан жолуңуз мен үчүн дайыма үлгү.

ДҮЙНӨЛҮК  ДЕҢГЭЭЛДЕГИ   ИШМЕР

Асылбек Айдаралиев дүйнөлүк деңгээлдеги ишмер. Ал бир канча жолу БУУнун Башкы Ассамблеясына катышып, дүйнөнүн тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү   боюнча баяндамаларын  жасаган. ЮНЕСКОнун башкы секретары К.Мацуура менен жакын тааныш болгондуктан, Кыргызстанда ЮНЕСКОнун “Тоону туруктуу өнүктүрүү” кафедрасын уюштурууга жетишкен. Анын аркасында  “Кыргызстандын  тоолору” (2001) жана “Mountings of Kyrgyzstan” (2002) аттуу китептерин, “Кыргызстандын  тоолору” мультимедиялык дискин чыгарып, БУУга, ЮНЕСКОго англис тилиндеги версияларын таркатууга жетишкенбиз.

Академик Айдаралиевдин “Эл аралык тоолор жылын” өткөрүү идеясы БУУнун Генералдык ассамблеясы тарабынан колдоо таап, 53-сессиясында 2002-жылды  “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялашкан. Анын аркасында Бишкекте глобалдык тоо саммити өткөн. Ага жоопту дал ушул демилгенин автору А.Айдаралиев өзү болуп, саммит ийгиликтүү өтүп, Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө элине таанылган. Саммиттин жыйынтыгында Эл аралык тоолор күнү түзүлүп, БУУнун Генералдык ассамблеясында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча  бир  катар резолюциялар кабыл алынган.

80 ЖАШ КУТМАН КУРАК КУТ БОЛСУН!

Урматтуу Асылбек ага!

Сиз өтө билимдүү агасыз, билимдүүлүк — адамды улуу  кылат. Сиз өтө адептүү агасыз, адептүүлүк — адамды сулуу кылат. Сиз биз үчүн дайыма билимдүү, адептүү агасыз. Аман болуңуз!

               

          Урматтоо менен иниңиз   Ч.И.Арабаев,

Кыргыз Республикасына  эмгек сиңирген юрист,

КР УИАсынын корреспондент мүчөсү, 

ю.и.д., профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер