ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

  • 08.07.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда өткөн “Мектепке чейинки билим берүүдөгү инновациялар, тажрыйбалар” форумунда кичинекей балдардын чоң маселелери талкууланды.

Мектепке чейинки билим берүү деген эмне?

Мектепке чейинки билим берүү тармагынын адистери балалыктын социалдык маселелерин чечүүчү саясатка жана жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуу аянтчасына суусап келгени ырас. Акыркы эки жылдан бери бала бакчанын буга чейин көмүскөдө калып келген көйгөйлөрүн алдыңкы планга алып чыгып, эң ириде бала бакча таңсыктыгын чечүү милдетин койгон өлкө башчысынын ургалдуу аракеттеринин натыйжасында бала бакчалардын саны кыйла көбөйгөнүнө күбөбүз. Андан тышкары, бала бакча адистерин заманбап даярдоочу атайын окуу жайын уюштуруу, алар үчүн учур талабына шайкеш окуу методикалык усулдарды даярдоо сыяктуу өтө олуттуу маселелер кабыргасынан коюлуп, буга өлкөбүздүн алдыңкы педагогдору тартылууда.

Мектепке чейинки билим берүү — жөн гана мектепке даярдык эмес. Бул – баланын интеллектуалдык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн пайдубалы. Изилдөөлөргө ылайык, бала бакчага барган балдар мектепке оңой көнүп, окууда да жогорку жыйынтыктарга жетишет. Демек, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу туруктуу өнүгүүнүн өзөгүн түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 257 миңден ашуун бала ар кандай формадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барат. Оперативдүү маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтуу, анын ичинде мектепке даярдоо 44,3% түзөт. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы 22% салыштырмалуу дээрлик эки эсе өскөн. Мамлекет алдыга койгон максат: 2025–2026-окуу жылында 60% камтууга жетүү, 2030-жылга чейин 80% жетүү.

Бул максаттарга жетүү үчүн өлкө боюнча жаңы бала бакчалар курулуп, ачылып жатат. Акыркы бир нече жылда алардын саны 400гө көбөйдү. Мурда башка максаттарга берилген имараттарды кайрадан мектепке чейинки билим берүү системасына кайтаруу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 50дөн ашуун объект мамлекетке кайтарылды, учурда алардын 15и бала бакча катары ишке киришти, калгандарында калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Көзөмөл эмес – колдоо

Форумду өткөрүүнүн негизги максаты, ага кимдер чакырылганы, кандай темалар талкуулангандыгы тууралуу Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов ой бөлүштү.

— Форум Агартуу министрлиги менен макулдашуунун негизинде мен жетектеген Бишкек музыкалык-педагогикалык институту жана «Союз дошкольников Кейджи» коомдук фонду менен биргеликте өттү. Иш-чаранын негизги максаты — кесиптик тажрыйба алмашуу, алдыңкы педагогикалык ыкмаларды жайылтуу, мектепке чейинки билим берүү тармагындагы адистер үчүн кесиптик баарлашуу жана кызматташуу аянтчасын түзүү, аталган тармактагы мектеп жашына чейинки балалыктын социалдык маселелерин чечүү үчүн натыйжалуу социалдык саясатты калыптандырууга көмөк көрсөтүү. Бул билим берүү уюмдарынын жана мыйзам чыгаруучу бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүсүнө жана өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү системасын колдоо менен мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ага негизинен Бишкек шаарынын, Чүй, Талас, Ош облустарынын өкүлдөрү активдүү катышты, — дейт У.Мамбетакунов.

Форумда бала бакча кызматкерлерине теориялык маалыматтарды, лекцияларды азайтып, келген катышуучуларда практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга аракеттер жасалды. Катышуучулар үчүн кызыктуу темалар камтылган мастер-класстар өткөрүлдү. Ал темалар чындыгында эч кимге жаңылык деле эмес, а бирок тарбиячылар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болгондугу талашсыз. Алсак, “Туура сүйлөө технологиясы: заманбап технологиялар жана практикалык ыкмалар”; “Көп тилдүү билим берүүнүн эффективдүү практикалары”; “Музыкалык ачылыштар: практикалык чөмүлүү”; “Этнопедагогика жана этнодидактика: STEAM ыкмалары менен интеграциясы”; “Ата-энелер менен иштөө: Ата-эне — биринчи тарбиячы. Көзөмөл эмес, колдоо”; “Колдогу технологиялар: STEAM ыкмасы” (атайын жабдууларсыз); “Мультфильм жаратабыз: STEAM жана медиа чөйрөсүндө; “Жаратылыштын акылдуу жардамчылары: STEAM форматында микроскоп жана роботтор менен табиятты таануу”; “Формалар жана механизмдер”; “Steam park” лего — конструкторлору, Ф.Фребелдин белектери; “Бала бакчадагы гумандуу мамиленин тажрыйбалык пайдасы”. Докладчылар ар бир теманын алкагында тарбиячыларга көптөгөн кызыктуу тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан сырткары пленардык секцияда докладдар окулду.

Жаңы стандартта кандай өзгөрүүлөр бар?

Уюштуруучулар форумдун негизги дагы бир максаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 15-майындагы №257 Токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартындагы талаптарды аткарууда жаӊы ыкмаларды кеӊири колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болгондугун белгилешти.

Жаӊы “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуунун мамлекеттик билим берүү стандарты” бекитилди. Бекитилген стандарттын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот? Мына ушул суроо баарына кызык болууда. “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуунун мамлекеттик билим берүү стандарты” биздин мамлекетибиздин эң кичинекей жарандары үчүн сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө негизги ролду ойнойт. Стандартта көрсөтүлгөн талаптар жашоо шартына жана жашаган жерине карабастан, бардык балдар үчүн бирдей башталгыч мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт. Негизги өзгөчөлүк — бул ар бир кичинекей баланын инсан болуп калыптанышында баалуулуктар биринчи орунда турганы. Ал — мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк, боорукердик жана жан тартуу, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу.

Ушул стандартты биргелешип ишке ашыруунун натыйжасында алты жаштагы балдар: эмоционалдык-инсандык, таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик негизги компетенцияларга ээ жана мектепте окууга даяр окуучулардын ролун өзүнө алууга жөндөмдүү болуп калаары күтүлүүдө, — дейт Уланбек Мамбетакунов.

Инклюзивдүү билим берүү — келечекке салынган инвестиция

Форумдун катышуучусу Майрамбек кызы Айжан Жумгал районунун Кызарт айылындагы “Таң-Нуру” балдар бакчасынын тарбиячысы болуп эмгектенет. Ал “Инклюзивдүү билим берүү — ар бир бала көңүл бурууга татыктуу” темасын талкуулаган секцияга катышты.
— Билим берүүдө ар бир баланын укугу бар. Биз, мугалимдер жана тарбиячылар, бул укукту камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз аракеттерди көрүп келебиз. Айрыкча акыркы жылдары инклюзивдүү билим берүү системасы өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Өзгөчө балдардын жүрөгүнө жол табуу үчүн сабырдуулук, боорукерлик жана кесипкөйлүк талап кылынат. Ар бир бала — коомдун бир мүчөсү. Биз аларды бөлүп-жарбастан, чогуу ойноого, чогуу үйрөнүүгө, бири-биринен таалим алууга шарт түзүшүбүз керек. Ошондо гана чыныгы теңдикке жетебиз.
Бала бакчада инклюзивдүү шарттарды түзүү үчүн биз команда болуп иштеп жатабыз. Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, ар бир балага өзүнчө мамиле кылабыз. Ишенимдүү, сүйүү менен түзүлгөн чөйрөдө бала өзүн коопсуз сезет жана жигердүү өнүгөт.
Инклюзивдүү билим берүү — бул келечекке салынган инвестиция. Анткени боорукер, түшүнүктүү жана жардам берүүгө даяр балдар — эртеңки күчтүү коомдун пайдубалы.

Баланын бай дүйнөсүн ачкан этнопедагогика

Кымбат Оморова, Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Алексеевка айылындагы “Колосок” бала бакчасынын тарбиячысы:
— Мен Этнопедагогика жана көп тилдүү билим берүү багытындагы секцияга катыштым. Бүгүнкү күндө заманбап бала тарбиялоо ишинде этнопедагогика менен көп тилдүү билим берүү өзгөчө мааниге ээ болуп жатат. “Колосок” бала бакчасында бул багыттарда бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп келет.
Балдарга улуттук баалуулуктарды таанытуу максатында кыргыз эл жомоктору, макал-лакаптар, элдик ырлар аркылуу сабак өтүлөт. Ар жумада улуттук каада-салттарга арналган бир күн уюштурулуп, балдар комуз чертүү, шырдак оюу, чий токуу өңдүү иштерге катышат.
Көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү үчүн кыргыз, орус жана англис тилдеринде оюн-зооктор, жомок кечесин өткөрүү салтка айланган. Мындай иш-аракеттер баланын тилге болгон кызыгуусун арттырып, эркин сүйлөөсүнө өбөлгө түзөт.

Үлгүнүн күчтүүсү – улуттук дөөлөттөр

Куштарбек кызы Элизат, Т.Эрматов атындагы БМПИнин мектепке чейинки билим берүүнүн предметтик-циклдик комиссиясынын жетекчиси:
— Дүйнө тездик менен өзгөрүп, заман башка нукка түшкөнү менен бала тарбиясынын негизи болуп келген улуттук баалуулуктар өз маанисин жоготпойт. Тескерисинче, нарк-насааттын таянычына айланып, ар бир тарбиячынын жана ата-эненин күнүмдүк ишинде жетекчилик ролду ойноого тийиш.

Биздин окуу жай бала бакчаларда иш алып баруучу адистерди даярдаган жетекчи окуу жай катары, билим берүү менен катар ар бир бүтүрүүчүнүн жүрөгүнө улуттук дөөлөттөрдү, каада-салтты, адамгерчиликти, мекенчилдикти сиңирүүнү башкы максат кылып келебиз. Анткени биз мыкты тарбиячыдан мыкты бала тарбияланарына, ал эми мыкты бала бекем коомдун пайдубалын түптөрүнө бекем ишенебиз.
Институттун мектепке чейинки билим берүү адистигинде улуттук тарбиянын өзөгүн түзгөн темалар — кыргыз эл жомоктору, макал-лакаптар, элдик оюндар, салт-санаалар, улуттук музыка жана тилге өзгөчө көңүл бурулган блок катары киргизилген. Себеби бала сөз менен эмес, мисал, үлгү менен тарбияланат. Улуттук дөөлөттөр ошол мисалдардын эң күчтүүсү.
Ар бир тарбиячы — бул биринчи мугалим, биринчи насаатчы, биринчи үлгү. Ал эми тарбиячы болууга багыт алган студенттерди окутууда биз педагогикалык билимин гана эмес, алардын дүйнө таанымын, улуттук аң-сезимин да калыптандырууну максат кылабыз.
Улуттук баалуулуктар — бул ар бир кыргыз баласына энеден берилчү рухий байлык. Аны сактап калуу, муундан муунга өткөрүү ар бир педагогдун ыйык миссиясы болушу керек.

Кемин районунун Боролдой айылындагы “Жоодарбешим” бала бакчасынын башчысы Айнура Мурсалиева:
— Мен бала бакчаларда мамлекеттик билим берүү стандартынын ишке ашырылышы талкууланган секцияга катыштым. Мамлекеттик стандарт — мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги документ. Ал билим берүү процессинде тарбиялоо, окутуу, ден соолукту чыңдоо жана социалдык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган. Бала бакчалардагы окутуу программалары жана күнүмдүк сабактар мамлекеттик стандартка ылайык уюштурулат жана тарбиячылар ошого жараша методикалык колдонмолорду, жаңы усулдарды колдонушат. Анан эң негизгиси, ата-энелер менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлөт, алсак, жолугушуулар, кеңешмелер, биргелешкен иш-чаралар аркылуу ата-энелер менен алака түзүлөт. Тарбиячылар тарабынан ар бир баланын өнүгүүсү үзгүлтүксүз байкоого алып, бааланып турат. Андагы өзгөрүүлөр ата-энелер менен бирге талкууланып, натыйжасына жараша андан аркы аракеттер көрүлөт.
Бул стандарттын аткарылышы – балага сапаттуу билим берүү жана анын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн негизги шарттарды түзөт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер