ЗАМАНБАП МУГАЛИМ МОДЕЛИ
- 23.07.2025
- 0
Президентибиздин: “Заманбап билим берүү — бул жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо. Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын биздин балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт” деген жогору баасы мугалимдердин коом алдындагы жоопкерчилигин эки эсе арттырды.
Быйылкы жыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көч башы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгы менен байланыштуу. Окуу жайыбыз кылымдык тарыхынын босогосунда турганда өзгөчө кубанычтуу учурга күбө болдук. Ал биздин университет эл аралык QS World Rankings (QS WUR) рейтингинин 1201-1400 позициясына киргендиги болду. Бул уңгулуу университетибиздин жетекчилигинин жана жалпы жамаатынын талыкпас эмгеги. Окуу жайыбыздын ректору Д.Т.Чонтоев: “Биз Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк аренада татыктуу орун алуусун далилдедик. Бул жетишкендик биздин жолубуздун башталышы гана. Алдыбызда жаңы максаттар, дагы да бийик чокулар турат. Биз позициябызды жогорулатуу жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде алдыңкы орундарды ээлөө үчүн мындан ары да тынымсыз иштөөнү улантабыз. Сиздер менен биргеликте биз Жусуп Баласагын атындагы КУУнун позициясын бекемдеп, аны билим берүүнүн жана илимдин алдыңкы борборлорунун бирине айланта алабыз” — деп жалпы жамааттын демин көтөрүү менен келечектүү пландарды коюуда.
Улуттук университет өлкөбүздүн ар тармагына жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун чеберканасы жана педагог адистерди даярдоонун башаты болуп саналат.
Университет даярдап жаткан педагогикалык багыты билим берүү тармагындагы сапатты гарантиялоо боюнча “EdNet” агенствосунун рейтингинде (2025-ж.) 26 жогорку окуу жайдын ичинен 1-орунга чыкты. Мындай жыйынтыкты университеттин болочок мугалимдерди даярдоо ишиндеги жетишкендиги катары көрсөтүүгө болот. Ошондой эле педагогикалык багыттагы программалар эл аралык жана улуттук аккредитациядан ийгиликтүү өткөндүгүн кошумчалай кетсек болот.
Учурда педагог адистерди жаңы формацияда даярдоо талабына шайкеш жогорку билим берүү стандарты өзгөрүлүп, иштелип жатат. Бул багытта КУУнун И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун компетенциясы кандай болушу керек?
2000-жылдардын башында экономикалык кризистин кесепетинен педагогдордун саны кескин кыскарып, мектептер кризистик абалга тушуккан учурда И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун ачылгандыгы эң туура кадам болгон.
Институт Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын, Россиянын ж.б. өлкөлөрдүн көрүнүктүү педагог-окумуштуулары менен тыгыз кызматташтыкта болуп, өздөрүнүн салмактуу жана жаңычыл педагогикалык теория жана практика үчүн зарыл деп эсептелген ой корутундулары, иликтөөлөрү, талдоолору менен бөлүшүп келет. Коңшулаш өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун өкүлдөрү менен биргеликте илимий макалалар жарыяланып, окуу куралдары даярдалууда. Дал мына ушул тенденция дагы институттун болочок мугалимдерди даярдоодогу илимий-педагогикалык борборго айланып бараткандыгынан кабар берип турат.
Бүгүнкү күндө институтта 1740 студент билим алат, жалпысынан алганда 90дон ашык окутуучу-профессор эмгектенет. Болочок педагог адистерди даярдап жаткан институттун кадрдык курамынын сапаттык катышы дагы жогору. Институттун кыска тарыхында педагогика илимдеринин бир доктору, 17 кандидаты, алты президенттик стипендиант, эл аралык коомдордун стипендианттары, дүйнөлүк студенттик универсиадалардын жеңүүчүлөрү даярдалып чыкты. Кезекте үч докторлук иш коргоо алдында турат. Ошону менен бирге жыл сайын илимий макалалар жарыяланып, алардын ичинен бир нечеси РИНЦ, Web of Science жана СКОПУС базаларында жарык көрүп, эл аралык деңгээлде таанылууда.
Институттун өкүлдөрү ЮСАИДдин «Окуу керемет!» долбоору, «STEM4ALL» программасы, Агартуу министрлигинин 12 жылдык билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу иштери жана ЮНЕСКОнун «Келечекке инвестиция» эл аралык кайрымдуулук фонду менен өнөктөштүктө иштеп жана башка бир катар маанилүү долбоорлорго активдүү катышууда.
Ошондой эле окуу-методикалык куралдар иштелип чыгып, алардын бир нечеси Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин грифи менен бекитилди. “100 жылдыкка жүз китеп” долбоорлорунун алкагында бир монография, эки окуу куралы сынактан өтүп, басууга сунушталды. “100 жылдыкка 100 кабинет” долбоору боюнча иштер жүргүзүлдү. Алсак, “Манас таануу”, “Көркөм өнөр” кабинеттери жасалып, орто кесиптик билим берүү борбору тарабынан “Монтессори” окуу борбору, “Көркөм билим берүү” кабинети, “Бала бакча лабораториясы” ж.б. окуу залдары ачылды.
Институттун бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө Кыргызстандын булуң-бурчунда мугалимдик кесипти аркалап келишет. Алардын айрымдары мектептин директоруна, ал тургай, райондук билим берүү бөлүм башчысы кызматтарына чейин жетип, үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Быйыл педагогикалык багыттарга кабыл алууда ЖРТнын босого баллы 130 деп бекитилди. Бул болочок мугалимдерди даярдоодо мамлекет тарабынан көзөмөл да, талап да катуулап бара жаткандыгын, мугалимдик кесипке мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү гана келиши керек дегенди билдирет. Бирок мугалимдик кесипке болгон муктаждык толук жоюла элек учурда, башка адистиктерден айырмалап жогорулатылган талапты коюу кабыл алуу пландарын толтура албай калуу кооптонуусун дагы пайда кылбай койбойт.
Быйылкы жылы педагогикалык багыттарга кабыл алууда мамлекет тарабынан ваучердик система киргизилди. Ал эки этап менен жүргүзүлөт. 7-12-июлда өткөрүлгөн биринчи этабында абитуриенттер министрликтин сайтына катталып, педагогикалык багытты жана адистикти тандашып, ваканттык орундар боюнча конкурска катышат. Конкурс шаар, кичи шаар, айыл, бийик тоолуу аймактар сыяктуу категориялар боюнча жүргүзүлүп, абитуренттер ваучердик орунду жеңип алуу шарты коюлат. Ал эми экинчи этабында ваучердик орунга ээ болгон абитуриент педагогикалык багыттарда даярдоо жүргүзгөн жогорку окуу жайдын бирин тандайт. Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, быйыл ваучердик система менен жалпы республика боюнча 1700 абитуриент 17 жогорку окуу жайга кабыл алынат.
Ваучердик системанын негизги өзгөчөлүгү — сапатка басым жасалгандыгында. Башкача айтканда, ваучердик орунга ээ болгон абитуриент жогорку окуу жайды өзү тандайт. Эгерде студент өзү билим алып жаткан жогорку окуу жайда алган билимине канааттанбаса, анда ал ошол оруну менен кайра башка окуу жайга которулуп кете алат. Мындан окуу жайлардын мугалим адистерди даярдоодогу рейтинги аныкталат жана алар студенттердин сапаттуу билим алуусуна ар тараптуу шарттарды түзүшү керек. Окуу жай буга өзү кызыктар болот.
Ал эми орто кесиптик педагогикалык окуу жайларды аяктагандар университетте өзүнүн адистиги боюнча жогорку билимин уланта алат.
Университетте педагогикалык багыттагы магистрдик программалар да ишке ашырылып келет жана барган сайын кесиптик даярдоонун бул деңгээлине өзгөчө басым жасала баштагандыгын айтууга болот.
Заманбап мугалимдин бейнесиндеги негизги белгиси — бүгүнкү күндүн окуучуларында өз алдынчалыкты, өзүн-өзү таанытуу, мамиле кура билүү, жаңы технологияларды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу менен аларда демократиялуулук, көп тилдүүлүк, улуттук баалуулуктарды сактоо менен ар түрдүү маданияттар шартында билим алып, жашап, иштеп кетүүгө жарамдуу инсандарды жетилдирүү эсептелет. Мугалим окуучуларында азыркы заманбап жашоонун көндүмдөрүн калыптандыра алуусу үчүн өзү ошол сапаттардын жана билгичтиктердин эң жогорку деңгээлине ээ болуусу, демек, өз ишинин чебери болуусу керек.
Адамзат коому жашап турган чакта билим алуу адамдын жашоосунун эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал эми билим берүүдөгү эң башкы фигура, жаш муундарды окутуп-тарбиялаган башкы инструмент — бул мугалим. Ошондуктан мугалим адамзат коомунда жалпы билим негизги принциптерин алып жүрүүчү катары өзгөчө орунда турат. Анын ордун эч бир өнүккөн технология алмаштыра албайт. Бирок заманбап педагогикалык технологиялар окуу кырдаалында мугалимден окуучунун таанып-билүү процессинде ага мээрим салып, көңүлүн койгон, кызыккан маектеш жана өнөктөш катары өзгөрүүсүн сунуштайт.
Педагогикалык кадрларды даярдоодо жогорку окуу жайлар мектептер менен тыгыз иш алып баруусу зарыл. Жогорку кесиптик билим берүү менен жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары айкалышта болушу шарт. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо талап кылынат. Кесипти жогорулатуу курстарынын мааниси дагы терең. Себеби заман күн санап өзгөрүүдө. Эртең мененки маалымат кечинде эски болуп калды. Санариптик трансформация шарттарында педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо талабы келип чыкты. Мына ушул маселелердин тегерегинде иш алып барышыбыз керек.
Педагогикалык адистиктерге жаштарды тартуу маанилүү иш. Бул багытта мугалимдин аброюн көтөрүп, аны даңазалоо максатындагы иштерди жасап жатабыз. “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы менен биргеликте республикалык масштабда “Мен мугалим болом!”, “Мыкты класс жетекчи”, “Мыкты тарбиячы”, “Билим лидери” сыяктуу сынактарды жыл сайын уюштуруп келебиз. Бул бир жагынан мектептер менен байланышыбызды күчөтсө, бир жагынан мугалимдик кесипке карата кызыгууну арттырат. Андан тышкары, болочок педагогдор арасында “Мен мугалим болом!” акциялары өткөрүлүп турат.
Мурдагы жылдарга салыштырганда мугалимдик кесипке ынтызар болгон жаштардын саны өсүп баратканы кубандырат.

Рахат СУЛАЙМАНОВА,
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, п.и.д., профессор
Комментарийлер