Залкар

  • 19.02.2025
  • 0

21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө карата

Эне тил — өлкөбүздүн символдорунун бири эмес. Ал – мамлекеттин жүрөгү. Жүрөгү токтоп калган адам, албетте, жан таслим болот. Эгерде, улут тилинен айрылса, улут катары жок болот. Улут жоголсо, мамлекеттүүлүк болбойт. Анын сыңары, эне тилди символдорго салыштыруу орунсуз, дегеним, мамлекеттик символдорду өзгөртсө болот, ал эми эне тилди өзгөртүү табияттын фундаменталдуу мыйзамын бузуу дегенди туюндурат жана улутту соңку трагедияга кабылтат.

Дегеним, кыргыз тилин изилдеген залкар окумуштуулар кайталангыс баалуулуктарды уюштурат. Алсак, Хусейин Карасаев – бүткүл Евразия чөлкөмүндөгү көзү ачык, акылы тунук, кылым менен доорлорду айкалыштыруу аркылуу сөз ааламында укмуштуудай ой чайкаган акылман окумуштуулардын бири болгон. Ал – жалпы түрк дүйнөсүнүн жана кыргыздардын улуттук сыймыгы жана мактанычы катары өмүр кечирген. Бүгүн окумуштуунун илимий ишмердүүлүк философиясы менен кунарлуу-ыйык адамдык, үй-бүлөлүк нарк-насили өтө сейрек кездешүүчү кубулуш болгондугун белгилей кетүү оң.

Ал – тилчи-лексикограф, алгачкы агартуучулардын жана өлкөбүздө сөздүк түзүүгө негиз салуучулардын бири, педагог-профессор, котормочу, публицист, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, К.Тыныстанов атындагы илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Улуулук, залкарлык өмүр өтүп, күн батканда да асманда жаркырап, жанып турган түбөлүктүү жылдыздай адамзаттын тарых-таржымалында кылымдардан кылымдарга легенда болуп кала берет. Мындай кадыр-барктын күч-кубаты, кудурет-деми жана кайрат-энергиясы дал ушундай!

Адам баласы билим берүү тармагында төрт революцияны башынан өткөргөн, ошол төрт революция кул ээлөөчүлүк коомдогу байыркы Грециядан башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Алтай доорунда, Шумер доорунда (б.з.ч. X-VIII кылымдан б.з.ч. I кылымга чейин созулат), Хун доорунда (б.з.ч. I кылымдан биздин замандын V кылымдарына чейин созулат), Байыркы Кыргыз доорунда (биздин замандын V-X кылымдары), Ортоңку Кыргыз доорунда (биздин замандын X-XV кылымдары) билим берүү жана таалим-тарбия иштеринин мазмун-маңызы менен формасы кандай болду экен? Археологиялык, этнографиялык, этнопедагогикалык кандай баалуулуктарыбыз бар? Албетте, бул багытта педагогика илими келечекте изилдей турган проблемалар абдан жыш.

Ал эми кыргыз эли соңку кыргыз доорунда (XV-XX кылымдар) жана жаңы кыргыз доорунда (XX кылымдын 20-жылдары), тагыраак айтканда, ал революциянын агымына Кыргызстанда башталгыч диний мектептердин жана усулу-жадит, ошондой эле орус-тузем мектептеринин ачылышы менен аралашты. Бардык революцияларга Хусейин Карасаев даңазалуу аалым, чаалыкпас тарбиячы-педагог катары активдүү катышкандыгын белгилей кетүү оң.

Биринчи революция ата-энелердин өзүнүн балдарын кесипкөй тарбиячылардын колуна өткөрүп берүүсү менен мүнөздөлөт. Агай өз учурунда диний башталгыч мектептен окуп, Турат, Мукамбай, Орозалы молдолордон билим алып, таалим-тарбия көргөн. Хусейин агай “Үч доор” (Бишкек: “Шам” басмасы, 2005.-Б. 268) деген эскермелер китебинде молдолорду идеологиялык өңүттөн эмес, объективдүү карап, агартуучу өңүттө аларды жан багуу аракетине карай үчкө бөлүп караган.

  1. Жалаң динге кызмат кылып, анын эреже-жоболоруна толук багынган, ой жоруу, талдоо жүргүзбөгөн, дин ишениминде эмне айтылса, асыресе, андан четтебеген молдолорду айкындаган. Булар илгертен намаз окууну үйрөткөн. Айланадагы элдин балдарын жыйнап алып кат тааныткан. Жалаң гана дин эрежелерине такшалткан. Ошону менен катар чыгыш элинин чыгаан акындары: Софи Аллярдын (сополдиардын) диний ырларын, Сулайман Бакырганийдин ырларын жаттаткан. Хожа Хафиздин, Сагдинин, Бедилдин, Физулинин, Алишер Навоинин да чыгармаларын окуткан. Бул түркүмдөгү молдолорду чыныгы ислам динине берилген, арам ишке жолобогон адамдар катары мүнөздөгөн. Илимий термин менен атаганда фанатик молдолор болушкан деп белгилеген.
  2. Элге ыйман үйрөтүү менен катар бала окутуп, жаштарга тарбия берген, калктын камын жеп, замандын ал-жайын сүрөттөп казал жазган молдолор да жок эмес. Аалым бул түркүмгө сарыбагыш уруусунан чыккан Кылыч Молдону, бугу уруусунан чыккан Алдаш Молдону, түштүктөн чыккан Нияз Молдону атап көрсөтөт. Булар окумуштуу тарабынан өтө эле чынчыл, өз заманына калыс баа берген, тескери адамдарды адилет сындаган молдолор сындуу бааланат.

Казалчы молдолордон тышкары, элге ыйман-ызаат үйрөтүп, бала окутуу менен катар илимий маселеге да көңүл буруп, эл камын ойлогон молдолорду да мударис бөлүп көрсөтөт. Бул молдолор дин менен катар илимди да кошо алып жүргөн. Диний китептер менен бирге тарыхый, илимий китептерди жыйнап, шакирттердин көзүн ачкан. Ага мисал кылып көл башынан чыккан Султанаалы Түмөнбай уулун атайт. Бул адам диний китептерди шакирттерге үйрөтүү менен катар тарыхый китептерди да, байыркы сөздүктөрдү да жыйнап, орус тилин окутуу үчүн мугалимдерди жалдап, элге чоң кызмат кылган. “Султанаалынын үйүнөн: XII кылымда жазыла баштап XV кылымда жарык көргөн “Ахтари Кебир” аттуу арабча-түркчө түшүндүрмөлүү, жүз элүү басма табак көлөмдөгү сөздүк табылган. Андай сөздүк Кыргызстандын китепканаларында жок. Менин гана китеп текчемде сакталып турат” дейт. Мындан башка да, татар элинин атактуу тарыхчысы, бүткүл дүйнөгө маалым түрколог В.В.Бартольддун окуучусу Заки Валидинин түрк элдеринин тарыхы жөнүндө жазылган эки китеби да болгон. Андан тышкары, молдо Мусанын “Тарих Амения” аттуу тарыхый китеби, ошону менен катар чыгыш элдеринен чыккан көрүнүктүү акындардын чыгармалары бүт бойдон болгон. Ал китептерди Х.Карасаев 1931-жылы Саякбай манасчыны издеп келгенде жыйнап кеткенин эскерүүсүндө жазган. Ошол китептерди окумуштуу үйүндө сактоодон коркуп, борборубуздагы Н.Г.Чернышевский атындагы китепканага өткөрүп бергендигин да тастыктап кеткен.

  1. Дооранчы молдолор. Бул молдолор бала окутуу менен бирге дүйнө жыйноо камын да ойлогон, ошон үчүн өлгөн адамдан дооран алууга катуу киришкен. Ал тургай, “дооранчы молдолор дооран талашып мушташканын укканмын” деп эскергени да жазылып калган.

1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебине кирген. Ушул жерде Жусуп Абдрахманов менен таанышкан, ал жогорку класста окуп, орус тилин билгенин маалымдайт. 1916-жылы эл Кытайга үрккөндө калмактын балдары менен кой кайтарып жүрүп, калмакча үйрөнөт. “Токтакун деген уйгур киши бир кытайга тилмеч экен. Кат тааныбаган киши. Мени жакшы көрүп калып, “жүрү, мени жана эки кызымды окутасың”,- деп үйүнө алып кетти. Аялы татарка экен. Жашап калган кайненеси кат тааныган, көптү көргөн, көп билген байбиче экен. Маа татарча китептерди окута берет. Таштап окусам, же туура эмес окусам, “андай эмес” деп оңдоп да турат”,-деп эскерет Хусейин Карасаев (А. Карасаева Кылым Карыткан өмүр: Эскерүүлөр. — Б.,2000, 23-б.).  Ошентип, Кытайда төрт-беш жыл жүрүп, уйгурча, татарча жакшы сүйлөп, бир аз кытайча үйрөнүүгө жетишет.

Агай өзү да бир аз мугалимчилик кылып, таалим-тарбия иштерин жүргүзүүгө аралашат. Үркүндөн кайтып келгенден кийин “кой, окуюн”,- деп, 1922-жылы Ташкендеги Кыргыз-Казак агартуу институтуна кирип, казак балдар менен дос болуп, казакча үйрөнгөн. 1925-26-жылдары Ленин атындагы Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчу факультетинде кыргыз тили мугалими болуп иштеген. 1926-жылы февраль айында Баку шаарында биринчи түркологиялык съезд өткөн. Съездде академик В.В.Бартольт түрк элдеринин тарыхы жөнүндө чоң баяндама жасаган. Ошол баяндамасында кыргыз эли тарыхта эң биринчи кезиккен, байыркы эл экендигинен кеңири маалымат берген. Ал эми проф. С.Е.Малов өзүнүн докладында кыргыздын байыркы жазуусу жөнүндө фактыларды жарыялап, Орхон-Эне-Сай жазуулары кыргызга да таандык экендигин далилдеген. Съездде түрк элдеринин адабияты, этнографиясы, тили, терминологиясы жөнүндө баяндамалар угулган. Мударис: “Ушул жерден С.Е.Маловду таап тааныштым, ал киши мени менен таанышкандан кийин “Чыгыш институтуна келиңиз, кыргыздан бир дагы адам жок. Сиз келбей койбоңуз. Түрк элдеринин эң байыркысы – кыргыз. Кыргыздын VI кылымда жазуусу болгон” деп мени үгүттөдү. Ошол урматтуу профессордун чакыруусу менен Ленинградга барууга маа насип болгон. …Экзаменге кирдим. Илимий жактан суроо бере турган проф. С.Е.Малов экен. Ал суроо берүүнүн ордуна кызылдай эле мактаганга кирди. “Бул байыркы кыргыз баласы, кыргыз деген ат – түрк деген аттан да мурун чыккан. Бул студент эмес, даяр эле илимий кызматчы, окуу куралдарын жазып жүргөн адам. Институтка студент кылып алууңарды суранам дегенге чейин барды” деп эскерет. Натыйжада, 1928-31-жылдары Ленинграддагы А.Енукидзе атындагы Чыгыш институтуна кирип, моңгол, бурят, өзбек ж.б. улуттун балдары менен окуп, алардын тилин да үйрөнгөн. Бул жөнүндө Казакстан Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Исмет Кенесбаев: “Өзүбүз менен бирге окуган Хусейиндин орду башкача эле. Ленинграддагы Чыгыш институтунда окуп жүргөнүбүздө эле студенттерден айрымаланып турар эле. Академик Самойловичтин сабагында Хусейин алты саат кыргыз, казак, түрк тилдериндеги курандылар (журнактар) жөнүндө баяндама жасап, окууну бүткөндө “Күбө наамасына”: “Кыргыз адабий тилинин өрчүшү жана тарыхы”, “Кыргыз граматикасынын илимий негизи” деген эки дарсты жаздырып алган. Мына ошентип, биз менен бир курста окуган Хусейиндин ошол мезгилдеги даражасы бөлөкчө боло турган. Түрк тилдеринен да, араб-фарсы тилдеринен да, калмак-монгол тилдеринен да билим деңгээли баарыбыздан жогору турган. Ошондуктан Баку шаарында өткөрүлгөн “Жаңы Алипбээ” кемитетинин тунгуч пленумуна кыргыз элинин атынан 1927-жылы өкүл болуп катышкан” деп эскерет.

1949-50-жылдары ошол институтта, кийин Москвадагы М.Ломоносов атындагы университеттин Чыгыш факультетинде кыргыз жана түрк тилдери мугалими, 1931-40-жылдары жана 1941-55-жылдары Кыргыз маданий изилдөө институтунда, Тил, адабият жана тарых илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1940-41-жылдары СССР ЭКСтин редактору, 1951-74-жылдары азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде доцент, кийин профессор болуп эмгектенген. Ошентип, Хусейин Карасаев кесипкөй педагог жана окумуштуу катары өрнөктүү жолду басып өтүү аркылуу жалпы элибиздин илим-билиминин, таалим-тарбиясынын, маданиятынын жана экономикасынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон.

Экинчи революция билим берүүнүн мазмуну оозеки формадан жазуу формасына өтүү менен айкындалат. Ал гүлдөгөн фольклордук маданияттан жазуу маданиятына өтүү процессине, кыргыз элинин салттуу билиминен классикалык билимге өтүү агымына чыгармачылык, жаратмандык кайрат-күч менен эпкиндүү салым кошкон. 1924-жылы араб графикасынын негизинде кыргыз алфавитин түзүүгө катышкан. Ал эми 1927-жылы К.Тыныстанов менен бирге латын тамгасынын негизиндеги жаңы алфавиттин долбоорун түзүп, Самарканддагы кеңешмеге катышкан.

1930-жылы “Манас лексикасы” деген диссертациялык тема алып, Бишкекке бир жылга отпускага келет. Сагынбайдын араб тамгасында жазылган көп томдук “Манасынын” бир тобун окуп чыгат. “Кызыл Кыргызстан” гезитине чоң макала жазып, “Манас” комитетин түзөт.

Ал “Манас” эпосунун улуу дөөлөтүн эрте түшүнүп, аны жаздырууда, элге жеткизүүдө жана илимий жактан насыйкаттоодо көп иштерди жасап кетти. Окумуштуу чыгарманы элдин рухий байлыгынын монументалдуу маданий эстелиги гана катары карабастан, жалпы элдик тилдин оозеки мурасы иретинде ар тараптан караган жана кагазга түшүрүүгө үлкөн салымын кошкон. Айрыкча, “Манас” эпосунун лексикалык корун терең билгендиги менен анын окумуштуулук таланты жана кеменгерлигинин образы көркүнө чыгып турат. Эпостун пайда болушуна жана өнүгүшүнө байланыштуу өзүнүн оригиналдуу илимий көз караштарын, салмактуу ойлорун макалаларында чагылдырып кеткен.

Карасаев бул элдик улуу мурасты өтө жогору баалаган. Анын материалдарына кылдаттык менен мамиле кылууга багытталган илимий нускамаларды иштеп чыккан.

Демек, “Манас”, “Семетей” эпосторун, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун ж.б. чыгармаларын жыйноого чоң эмгек сиңирген. Айрыкча Молдо Кылычтын “Бүркүттүн тою”, “Канаттуулар” сыяктуу чыгармаларында адамды таң калтырарлык, үлгү болорлук саптардын көп экендигин жазган. Ал “Канаттууларды өзүнөн мурун өткөн Алишер Навойиден да алда канчалык кооз жана билгичтик менен сүрөттөгөн. Кылычтын “Канаттуулар” деген казелине татар окмуштуулары таң калып, “Кылычтын чыгармаларын түрк элдеринин “Түшүндүрмөлүү сөздүгүнө” колдонорун жарыялашкан. …Кылыч жеке гана “Зар заманды”, “Канаттууларды” жазбастан, төрт түлүк малды да келиштире сүрөттөгөн. Кылычтын чыгармалары атактуу Жусуп Баласагындын чыгармасынан алда канчалык жогору турат деп баалаган. Мен өзүм Кылычтын чыгармаларын жатка билүү мындай турсун, аларды жыйнап, Академиянын фондусуна тапшырган адаммын” деп жазып кеткен.

Үчүнчү революция биринчи окуу китеби катары алгач газеталар колдонулуп, андан кийин окуу куралдарын жазууну колго алуу менен аныкталат. Агай “Эркин Тоо” газетасын биринчи санынан алтынчы санына чейин чыгарууга өз салымын кошкон. Гезиттин 1-номери чыкканда “Кара кыргыздын “Эркин Тоо” деген гезити чыкты! – алгыла” деп көчөдө кыйкырып, Мамасалы Абдыкеримов бекер тараткан. Ал К.Тыныстан уулу менен жаңы алфавитке (тамгага) өтүү боюнча жалпы союздук конференцияга катышып келип, “Сабат ачкыч” деген китепчени латын тамгасында чыгарган. Андан кийин Арабаев менен “Жаңылык” деген аталышта чоңдор үчүн алиппени жазган. Бул алиппе китеби кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде жаңы тамга менен биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, сабатсыздыкты жоюуга зор кызмат кылган. З.Бектенов менен бирге эне тил окуу китептерин жазган. Кыскасы, ал – алгачкы окуу куралдарын жазган агартуучулардын бири гана эмес, анын ири өкүлү.

Төртүнчү революция окуу китеперинен маалыматтын жаңы технологиялык булактарына интенсивдүү өтүү процесси аркылуу сыпатталат. Ал 1973-жылдан баштап машинканы өзү баса баштаган, өмүрү өткөнчө беш машинканы “чарчатып”, маалыматты берүүнүн аталган булагын заман талабына ылайык терең өздөштүрүү аркылуу энциклопедиялык мүнөздөгү эмгектерин калтырып кетти. Бүгүнкү күндө ал эмгектери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен интернет мейкиндигине жайгаштырылууда. Демек, агай үч доордо жашап, анын чакырыктарына ишенимдүү, ийкемдүү жана таланттуулук менен жооп берип келгендигин аңдоого да, даңазалоого да болот.

Кыргызстанда сөздүк түзүүгө негиз салуучулардын бири катары агайдын түрк, казак, өзбек, уйгур, араб, фарси, иран, моңгол, орус тилдерин ар тараптуу, кенен жана терең өздөштүргөндүгү ага зор мүмкүндүктөрдүн капкасын ачып берген. Ошондуктан, мударис бүгүнкү күндө ар түрдүү улуттагы, ар түрдүү маданияттагы жана түстөгү, ар түрдүү диний жана саясий ишенимдеги, ар түрдүү окумуштуулардын классиги жана могиканы катарында даңазага ээ.

Окумуштуунун ар бир сөздүгүнүн мазмун-маңызында бою бир карыш, ою миң карыш подтексттик ойлор катмарланып жатат. Анын филологиялык-лингвистикалык ой чабыты миң кырдуу, миң сырдуу. Кыргыздын көркөм ааламында манасчылык өнөр менен Айтматовдун көркөм ааламы кылымдар бою биз үчүн гана эмес, дүйнөлүк адабиятта табышмактуу кубулуш бойдон калары шексиз. Ошонусу менен алар – улуу баалуулук жана түбөлүктүүлүк. Асыресе, Карасай сөздүктөрү да, Махмуд Кашкаринин сөздүгү тариздүү филология илиминде сырдуу сөз ааламы катары кылымдардан кылымдарга жашай берери талашсыз.

Ал кыргыз филологиясын, кыргыз лексикасы менен лексикология илимин жаңы сапаттык деңгээлге көтөрдү, улуттук илимдин кунарлуу өзгөчөлүгүн жалпы түркологиянын кайталангыс баалуулугуна айландырды. Окумуштуу жараткан сөз дүйнөсү таптакыр башка, таңкаларлыктай, укмуштуудай лексикалык дөөлөттөрдүн кайталангыс эрасын уюштуруп турат.

Карасаев илимий бийиктигине багыт алганда таянган тоосу Батыш менен Чыгыштын филологиялык илими менен “Манас” эпосу жана дүйнөлүк маданият эле. Ал баалуулуктар устаттан шакиртке өтөт, акыйкатта, адамдын шооратын, ооматын билимдүү, окумал инсандар ачат. Анын сыңары Хусейин Карасаевдин рухий булагынын көзүн ачкандар Ташкенттеги Казак-Кыргыз эл агартуу институтундагы чыгыш таануучу устаттары: И.Арабаев, А.Байтурсунов, Е.Д.Поливанов, Д.Т.Шмит, А.А.Диваев, Г.Сайфулин, М.Жумабаев, М.Дулатов, Т.Ырыскулов, А.Ю.Умаров, С.Садыбакасов, Т.К.Жүргенев, М.Тынышпаев, Х.Досмухамедов, Ж.Аймауытов ж.б. Булардын ар бири – түркологиянын даркандары жана билим берүү менен таалим-тарбиянын шаалары.

Ленинграддагы Чыгыш тилдер институтунун түркология бөлүмүндөгү чыгаан устаттары, академиктер А.Н.Самойлович, В.В.Бартольд, Н.Н.Марр, И.И.Мещенинов, корреспондент-мүчөлөр С.Е.Малов, проф. Ю.А.Дмитриев, Л.Ф.Щерба ж.б. Албетте, аталган окумуштуулар Батыш менен Чыгыштын илимий-интеллектуалдык баалуулуктары менен тарыхый-маданий дөөлөттөрүн айкалыштырып турган кайталангыс инсандардан болушкан.

Ошентип, залкар устаттардын көчү уланып, сөз ааламынын өткөнүн да, бүгүнкү күнүн да жалгаштырган жана айкалыштырган Хусейин Карасаевдин бүтүндөй лексикологиялык фундаменталдуу концепциялары жаралган. Бул – орфографиялык сөздүктөр, бул – кош тилдүү котормо сөздүктөр, бул –лингвистикалык-этимологиялык сөздүктөр. Булар – кыргыз тил илимин даңазалаган өзгөчө кубулуштар. Окуя алгач эне тилге арналган чоңдор үчүн алиппеден башталып, аларды улай сөздүктөр түзүлүп, анан “Накыл сөздөр”, “Камус наме” тариздүү баа жеткис лингвистикалык, этнографиялык, фольклордук, географиялык, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык жана тарыхый-маданий материалдарды бүгүнкү күнгө жеткирген улуу сөздүн бүтпөс философиясынын ааламы жаралган.

Карасаев окумуштуу катары ар бир сөздүн түбүнө түнөп, сөздүн тек-жайы менен бөтөнчөлүктөрүн аңтарып-теңтерип, анын маани-мазмундук чынчылдыгы менен адилеттүүлүгүнө, семантикалык акыйкаттуулугу менен бийик гуманизмине жана берекелүү кептин акылы менен жүрөгүндө катмарланып жаткан асылдык идеялары менен түбөлүктүү тамшандырган ажайып сулуулугуна, көз жоосун алган көркөмдүүлүгүнө, кооздугуна бизди азгырып да, дамамат чакырып да турат.

Ырас, Карасаевдин окумуштуулук устаттыгынын эң башкы сыры – филологиялык-лингвистикалык, тарыхый-маданий, семантикалык-этимологиялык, көркөм-эстетикалык ойлоонун ар тараптуулугунда жана көп түрдүүлүгүндө, ошондой эле, учу-кыйыры жок тереңдигинде. Анын сөздүктөрү бүткүл түрк элдери үчүн чоң табылга гана болбостон, алтай таанууга да, ориенталистикага да, жалпы чыгыш элине да ооматтуу олжо.

Мударистин илимий ой чабыты кеңири болгондуктан, анын сөздүктөрүндө камтылган проблемалардын масштабы жайык жана талдоолору терең, аналитикалуу. Ал ой айтуунун илимий интеграцияга негизделген интеллектуалдык кудурет күчүнө, мыйзам-ченемдүүлүктөрүнө жана системасына эгедер.

Окумуштуу бай илимий тажрыйба менен эрудицияга таянуу аркылуу орфографиянын бир тамгасын өзгөртүү бүтүндөй улутту сабатсыздыкка алып келерин кыраакылык менен белгилеп кеткен. Ошондуктан, илимпоздун кеп-кеңешин азыр эске ала жүрүү абзел жана болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

Хусейин Карасаев менен Айша Карасаеванын үй-бүлөлүк тагдыры да бүгүнкү күндө баарыбызга үлгү. Менимче, ал бүгүнкү чалкеш заманда үй-бүлө институтун бекемдөөгө кадимкидей тажырыйбалык жактан көөнөргүс көмөк көрсөтөрү шексиз. “Атабызды кантип жүзгө чыгардыңыз?” деген суроого Айша апа “70 жылдык турмуштук тажрыйбабыз көрсөткөндөй, анын үч сыры бар” деп жооп бериптир.

  1. Үй-бүлөнүн ынтымагында. Экөө тең бирин-бири сыйлап, аяп, макулдашып иш жасап, бирин-бири иренжитпей жашоодо.
  2. Ар бир кишинин өзүнөн, жүрүм-турумунан. Өзүн жакшы кармап, дайыма боюн таза тутуп, дене тарбиясын жасап, сапаттуу тамак ичип, ден соолугун сактоодо.
  3. Тынымсыз иш-аракет, сүйгөн ишинин артынан натыйжалуу түшүп, кызыгып, иштесең – дениң да сак, ишиң да бүтөт, көздөгөн максатыңа да жетесиң, журт алдында жүзүң да жарык болот, курсагың да тоёт, жаман иштен да алыс болосуң.

Айтылган сырлар турмуштун дал өзүндөй жупуну, жөнөкөй жана дал турмуштун өзүндөй реалдуулугу, чынчылдыгы менен акылга жугумдуу, жүрөккө отурумдуу.

Хусейин агай түрк дүйнөсүнүн залкар окумуштуулары казак И.Кенесбаев, өзбек Улук Турсун, азербайжан Али-Заде жана түркмөн жазуучусу Б.Кербабаев менен бирге окугандыгынын өзү эле бүтпөс дастан.

Айтылуу Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев, Касымалы Жантөшев, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, кийин Гапар Айтиев, Иса Ахунбаев, Абдулхай Алдашев, Абдылас Молдыбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Болот Юнусалиев, Кубанычбек Маликов, Касымалы Баялинов, Сатаркул Чолоков өңдүү ж.б. замандаштары менен үй-бүлөлүк алака-катышта өмүр кечирген.

Ал эми казак боордоштордон Мухтар Ауезов, Сабит Муханов, Габит Мусрепов, Натай Кенесарин, Исмет Кенесбаев, Ахмет Жуванов, Бейсенбай Жумабаев, Алькей Маргулан менен кыйышпас жолдоштордон болгон.

Кыскасы, Хусейин Карасаев – менимче, улуттарды, өлкөлөрдү жана материктерди бириктирген лексикологиялык, эстетикалык жана философиялык кубатуу рухий өлкө.

Ал – Батыш менен Чыгышты, улут менен жалпы адамзатты билимдүүлүгү менен интеграциялап турган күчтүү рухий мамлекет.

Окумуштуу – түрк элдеринин өткөнүн, бүгүнкү күнүн жана келечегин айкалыштырган интеллектуалдуу аналитик, көркөм сөздүн түркүн-түстүү боёктору менен дидарын синтездеп турган көрөгөч, айкөл, улуу держава.

Окумуштуу ааламдык масштабда ой чайкаган полиглот, чечен, салттуулук менен жаңычылдыкты, өтмүш менен болмушту көсөмдүгү менен көрө билген уникалдуу зор империя.

Мударис агайымдын жарым-жартылай шаардык, жарым-жартылай элеттик, жарым-жартылай чыгышчыл, жарым-жартылай батышчыл адамдык жаркын образы кыргыз эли жашап турганда эч качан унутулбайт.

Назаркул Ишекеев, Ж. Баласагын атындагы КУУнун проректору, педагогика илимдеринин доктору,  КР УИАнын корр.-мүчөсү,  профессор.

Бөлүшүү

Комментарийлер