ЫЗГААР ЖИРЕГЕН МУГАЛИМ

  • 20.12.2023
  • 0

Социалдык тармакты дүң кылган  табияты катаал шарттуу аймакта эмгектенип жаткан Каныкей Ыдырысова Ничке-Суу айылынан Терек-Суу айылындагы Акун Турганбаев атындагы орто мектепке жөө-жалаңдап бир жарым саатта жетет. Каныкейден сырткары дагы төрт мугалим, 27 окуучу ызгаардуу кыштагы, жамгырлуу жаздагы, күздөгү, аптаптуу ысыктагы аба-ырайына карабай катаал жана татаал жолду басып, мектепке бир минута кечикпей барышат.

ЫЗГААР ЖИРЕГЕН МУГАЛИМ

Мугалимдер династиясы

Ыдырысова Каныкей  2024-жылы 54 жашка чыгат. Ал 13 бир тууган. Ата-энеси жөнөкөй, карапайым адам болгону менен бардык балдарын жогорку окуу жайларда окутушкан. Он үч бир туугандын 70% мугалимдик кесипти тандап алышкан экен.  Каныкей дагы 8-классты бүткөндөн кийин, 1985-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык техникумга тапшырып, аны 1989-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы азыркы иштеп жаткан Кара-Кулжа районундагы Терек-Суу орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Андан соң, билимин жогорулатуу максатында Ош технологиялык университетине өтүп, кесибин улантып келе жатканына быйыл 34 жылдын жүзү болду.

ЫЗГААР ЖИРЕГЕН МУГАЛИМ

— Мугалимдик кесипти тандаганыма эч убакта өкүнбөйм. Балдар менен бирге жашоомду, өмүрүмдү өткөрүү абдан кызыктуу. Ошол 4 км аралыкты мейли кыштагы бороон чапкында болсун, мейли жамгырда болсун, мейли ысыктын аптабында болсун, жөө-жалаңдап басып келгенден кийин, сүйүктүү классыма кирип, окуучуларым менен аралашканда жолдун көр азабы билинбей эле унутта калат. Балдар менен иштегениме абдан сыймыктанам. Көп жылдар бою 1-4-класска чейин окутуп, андан кийинки тепкичке өткөрүп берип келатам. Менден башталгыч билим алып, мектепти ийгиликтүү аяктаган окуучуларым түрдүү кесиптерде иштеп жатышат. Айрымдары мени менен кесиптеш, мугалим болуп иштешет. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы дагы менин окуучум, — дейт сыймыктануу менен элеттик мугалим.

Бир гана жол

— Бизде кыска жол жок. Машина өтүүчү дагы, адам өтүүчү дагы жолубуз ошол видеодо көрсөткөн жол. Кар жааган маалда абдан суук, бороон болот, көчкү жүрөт. Жамгыр жааса сел болот. Ошого карабай мектепке барып, үзгүлтүксүз сабак берем. Ал мектепке жалгыз эле мен эмес, төрт-беш мугалим барып эмгектенебиз. 30га чукул окуучулар бар. Ошол окуучулар дагы таң эрте жөнөп, ошол айылдын окуучуларындай эле мектепке кечикпей барышат. Жолдун кыйынчылыгына карабай, мугалимдер ишин таштабайт, окуучулар сабагын калтырбайт. Жададым деп эч кимге арызданган эмеспиз. Мен ал видеону досторума жиберейин деп тарткамын, анан эле бардык соцтармакка тарап кетиптир. Менин өзүмдүн беш балам бар. Катаал жолдо жүрсөм дагы, беш баланы тарбиялап, чоңойттум. Учурда үч балам жогорку окуу жайында окушат. Маңдай терим менен тапкан каражатка балдарымды окутуп жатам, — деди Каныкей.

ЫЗГААР ЖИРЕГЕН МУГАЛИМ

ЫЗГААР ЖИРЕГЕН МУГАЛИМ

Сапаттуу билимге умтулган окуучулар

Мектеп өтө тар, кооптуу жерде жайгашкандыктан, элдердикиндей заңгыраган мектеп эмес. Ал  советтик мезгилде салынган бир кабаттуу мектеп. Мектеп кичинекей болгону менен анда билим алган окуучулар ар түрдүү сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келатат. Мындан 2-3 жыл мурун республикалык олимпиадага келген терексуулук окуучу 3-орунду жеңип алган. Ошол жыйынтык менен мектеп райондук, облустук сынактарда алдыңкы катарга кошулган. Ошондой эле абасы, суусу, тамак-ашы экологиялык жактан таза жерде төрөлгөн окуучулардын аң-сезими күчтүү, кабыл алуусу бат. Андыктан, зирек окуучулар арбын болгон үчүн алар ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетип келишет.  Маселен, “Мен кыргызстандык үчүн сыймыктанам” деген сынакка бир нече жолу катышып, окуучулар баш байгени утуп алган. Бул дагы мектептин ийгилиги эмей эмне?!

ЫЗГААР ЖИРЕГЕН МУГАЛИМ

 

Спорт зал керек

— Мектеп кичинекей болгондуктан, окуучулар эки сменде окуйт. Жогорку класстар эртең менен, кичинекейлер түштөн кийин келип, билим алышат. Бизде эң негизгиси — балдарга спорт зал суудай керек. Анан мектепти чоңойтуп беришсе деген үмүтүбүз чоң. 2011-2012-жылдан баштап 2017-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Жолдун катаалдыгына чыдабай калганда азыркы окуу бөлүм башчысына ордумду өткөрүп бергемин, — деди К.Ыдырысова.

Мугалимдин айтуусу боюнча, балдарды окууга ташуу үчүн маршрутка бөлүп берүү боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүлгөн, бирок ал сөз бойдон калган экен. Бир эле мугалимдер эмес, окуучулар дагы кыйналып жатыптыр. Орто жолдо калган айылдын жашоочулары жашоонун татаалдыгына карабастан,  кетип калбай, тескерисинче, жаштарга шык берип, аларга өрнөк катары тырмышып иштеп келишет.

Эмгек жерде калбайт

Жаштайынан мугалимдик кесипти  сүйгөн, өзгөчө балдарга мээримин төккөн Каныкейдин эмгеги жерде калган жок. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланган.  Ал 2018-жылы «Мыкты мугалим» сынагынын зоналык туруна катышкан, ал эми 2003-жылы «Мыкты мугалим» райондук сынагынан  4-орунду алган. Каныкей 2011-2016-окуу жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы, 2017-2018-окуу жылдары организатор болуп эмгектенип келгенин айтып кетүү парз.

Жаңы мектепке муктаж айыл

А.Турганбаев атындагы Терек-Суу орто мектебинин директору Жыргалбек Турганбаевдин айтуусу боюнча, мектеп эки корпустан турат. 1-корпус 1972-жылы кирпичтен тургузулса, 2-корпус 1978-жылы фин тибинде салынган экен.

— Мектепте учурда 143 окуучуга  (Ничке-Суу филиалы менен биргеликте) 24 мугалим билим берип келатат. Анын ичинен төрт мугалим эл агартуунун отличниги. Ничке-Суу айылынан Терек-Суу айылына чейинки аралык 3,5 чакырымды түзөт. Ничке-Суу айылынан мектепке 5-11-класстын  27 окуучусу келип окуйт. Айылда бийик тоолуу аймак боюнча коэффициент каралган эмес. Болгону 10% өлчөмүндө катаал шарт каралган. Шарты катаал айылыбызга ӨКМдин корутундусу чыгарылып калгандыктан, жаңы мектеп салууга эбегейсиз чоң тоскоолдуктар болуп келген. Бул боюнча бир нече жолу жогору жактарга кайрылып келгенбиз. Бирок кайрылуубуз жоопсуз калып келген. Учурда окуучуларыбыз жаңы мектепке муктаж, — дейт жетекчи.

Ошентип, бир видеонун артынан жолу катаал айылдын, эскилиги жеткен мектептин, балдарды, кесибин сүйгөн нукура мугалимдин чоо-жайы менен тааныштык. Элеттик мугалимдин пейилинин кенендиги, балдарын жогорку билимдүү кылуу үчүн бардык аракеттерин жасап жаткандыгы, мектеп тар болсо дагы андагы окуучулардын ниети түздүгү, келечекке максат коюп, алдыга умтулгандыгы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Элеттик мугалим менен окуучулардын изги ойлору аткарылып, кыялдары орундалсын демекчимин.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

Бөлүшүү

Комментарийлер