ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯ  ДЫКАТ ДАЯРДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ  

  • 17.10.2024
  • 0

Мугалимдин ишин баалоонун эң ийкемдүү жана таасирдүү формасы — бул аттестация. Учурда аттестациянын эки түрү белгилүү: совет доорунан бери сакталып келе жаткан беш жылда бир жолудан кем эмес өтүп туруучу кезектеги аттестация жана учур талабынан келип чыккан кезексиз ыктыярдуу  аттестация.

 

ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯ  ДЫКАТ ДАЯРДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ   

Өкмөт бекиткен акыркы жоболорго ылайык мугалимдер мурдагы аттестациядан эки жылдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин жеке арыздын негизинде кезексиз аттестациядан өтүү укугуна ээ болушат. Чындыгында эле, мугалим өз ишин баалоону мурдагыдай беш жыл күтпөстөн, эки жылдан кийин билим берүү уюмдарынын жетекчилигине «экинчи категориядагы мугалим»; «биринчи категориядагы мугалим»; «жогорку категориядагы мугалим» категорияларын алуу үчүн арыз жазып кайрылса болот.

 

Ошентип, өлкөбүздө мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасы иштей баштады.

Бул системага ылайык мугалимдер квалификациянын өздөрү каалаган категориясы боюнча жогорку упай алса, аларга тиешелүү сертификаттар берилип, айлык акыларына да кошумча акча кошулат.

Ыктыярдуу  аттестациялоо эки этапта өтөт. Биринчи этабында мугалимдин  санариптик портфолиосу ар тараптан талданып, анын квалификациялык категорияларга ылайыктуулугуна баа берилет. Жиберилген документтери комиссия тарабынан жактырылган талапкерлер гана аттестациялоонун экинчи этабына – тестирлөөгө катышат.

Документтердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө.

Биздеги маалыматтарга караганда ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн  өткөн жылдын аягында республика боюнча 313 мугалим документ тапшырган. Анын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 130 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 100, экинчи квалификациялык категорияга – 83 арыз берген.

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында өлкөдө биринчи жолу мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоо өткөрүлүп, Бишкек жана Ош шаарларында педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы – тестирлөө жүргүзүлгөн.

Тестирлөөгө аттестациялоонун биринчи этабында эксперттик комиссиянын жыйынтыгы менен документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимдин 56сы катышканы белгилүү.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында бир гана мугалим —  Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова  “экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктай алган!

Ал эми калган мугалимдер ар бир бөлүктө 50 пайыздан жогору баа алышканы менен, максималдуу упай топтоого жетишкен эмес.

Ыктыярдуу аттестациялоонун мындан кийинки II этабына 2024-жылдын 9-июнунда документи жактырылган 76 мугалим катышкан.

Жыйынтыгында 5 мугалим: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы № 12 Абдуганы Атамов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалими Абдувахид Маматкулов жана Баткен облусунун Баткен шаарындагы № 4 мектеп-гимназиясынын башталгыч класс мугалими Минавар Таштемирова “биринчи квалификациялык категориядагы мугалим” категориясын, Баткен облусундагы Баткен облустук гимназия жатак мектеби химия сабагынын мугалими Мавлюда Эралиева, Баткен облусунун Баткен районундагы Газ орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анара Курбанова жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Мээрим Турдубаева “экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” категориясын тастыктай алышкан.

Бүгүн, 2024-жылдын 17-октябрында, ыктыярдуу аттестациянын кезектеги экинчи этабы өтүп, ага Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынан биринчи этапта документи жактырылган 44 мугалим катышты.

Бул ирет да тандоонун жыйынтыгы биз күткөндөй болбоду. 44 мугалимдин арасынан 2 мугалим: Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын № 3 Жылкыайдар уулу Тилекмат аке атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабиятынын мугалими Нуржан Асанакунова жана Бишкек шаарындагы «Билимкана» мектебинен англис тили мугалими Мадина Тентекова гана өздөрү талапкер болгон “экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” категориясын тастыктай алышты.

 

Эскерте кетсек, ыктыярдуу аттестация  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана 2023-жылдын 4-августундагы №390 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Анда мугалимдер “экинчи квалификациялык категориядагы мугалим”; “биринчи квалификациялык категориядагы мугалим”, “жогорку квалификациялык категориядагы мугалим” квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу деп белгиленет.

 

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер