УЮТКУЛУУ ОКУУ ЖАЙЫМ – СЫЙМЫГЫМ И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУнун 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

  • 28.03.2025
  • 0

Бала кезимден мугалим болуу кыялымда бар эле… Себеби атам, апам мугалим болушкан жана бир тууган агам, эжелерим да жогорку билимдүү мугалимдер… Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшыруу мезгили келгенде СССР жоюлуп, анын курамындагы Кыргызстан өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болуп жарыяланып, менчиктештирүү, базар экономикасы деген жаңы түшүнүктөр пайда болуп, мамлекеттик мүлктөр жеке менчикке бөлүштүрүү башталды…

 

УЮТКУЛУУ ОКУУ ЖАЙЫМ – СЫЙМЫГЫМ  И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУнун 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

Атам ыраматылык мен жети жашка чыкканда эле кайтыш болгон. Апам жана бир тууган агаларым болуп, эл катарынан калбай чарбадан бөлүнгөн малдан алып, жашоо кечирип калдык. Заман өзгөрдү. Ачыгын айтсам окуунун, билим алуунун кадыр-баркы ого эле төмөн түшүп кеткен кез. Арга барбы, он жандыкты айдап, мал артынан түштүм. Бирок СССРден калган мурас бизге жукпады. Малыбыздын саны көбөйгөн жок. Балким. мал артынан жүрө берсем, акыры бир тыянак чыгаар беле, аны бир кудай билет, бирок келечекке кадамым башкача болду.

Акыры улуу агамдын демилгеси менен апамдын ак батасын алып, Бишкекке келип, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүнө тапшырдым. Убакыт учкан куш, студенттик күндөр бат эле өттү. Алган билимим келечекке болгон үмүтүмдү жандырып, кадамымды бекемдеди. Көзү өтүп кеткен
Ш.Жапаров, К.Байжигитов, Б.Өмүралиев, Э.Маанаев агайлардын таасири чоң эле. Эл сыймыгына татыган окутуучулар М.Чоров, А.Калдыбаева, Ү.Култаева, Ө.Сманбаев жана Б.Мырзатаевалардын берген билими, тарбиясы мыкты мугалим болуп чыгуума түрткү болду. Студент кезимде Айчүрөк Токтополотовнанын «Келечекте чыгаан окумуштуу бол» — деп, кол тамгасын коюп, «педагогиканын тарыхы» деген китебин бергени келечекке дагы бир жолго багыт экенин ал кезде сезбептирмин…

Окууну аяктап, диплом алып, өз айылыма барып мугалим болуп иштеп калдым. Алгач иштеген күндөн эле жаш муундарга билим, тарбия берүү жоопкерчилигин биринчи орунга койдум. «Ак эмгектин үзүрү ийгилик» — демекчи, ишимдин натыйжасы көрүнүп, окуу тарбия ишинде үзүрлүү иштедим. Жүздөгөн окуучуларга устат болдум. Мектептеги бир катар, тарбия завуч, соц педагог, мектеп директору болуп иштедим. Мугалимдик ишим менен катар, коомдук иштерди да аркаладым, Айылдык кеңештин депутаты болуп, айылдын бир топ көйгөйлүү маселелерин чечүүгө салым коштум. Сыймыктанчу ишим эки мектептин курулушуна түздөн-түз аракетим болду.

Көөдөндөгү дагы бир элге, жерге кызмат кылуу максатым тынч койбой туруп алды. Ал үчүн билим алуу керек эле. Кайрадан Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясына тапшырып, магистратураны ийгиликтүү аяктадым.

Алдыга койгон максатым, талыкпаган эмгегим өзүм окуп, билим алган куттуу окуу жайым И.Арабаев атындагы университеттин Манас таануу институтуна алып келди. Ошентип, келечекке болгон дагы бир кадамым башталып, окутуучулар курамына кошулуп, аспирантурага өтүп, илим жолуна түштүм.

Учурда таалим-тарбия алган сүйүктүү окуу жайымда, билимин, тарбиясын берген окутуучуларым менен кесиптеш болуп иштеп жатам. Окуу жайга келгени мендеги жоопкерчилик мурдагыдан да темирдей бекемделди. Анткени адамгерчиликти туу туткан, өз ишинин устаты болгон окутуучулар жана мыкты жетекчилер менен иштешүү мен үчүн сыймык, ары үлгү болду.

Эсимде, жаңыдан студент болгонубузда, студенттик билетибизде Маяковский атындагы кыз-келиндер институту деп жазылуу эле. Биз уялып, 15 сомдон чогултуп, студенттик билет жасатып алганбыз. Ал учур башка, азыркы мезгил башка. Учурда университетте бардык шарттар түзүлгөн. Жетишкендиктерди санай келсек өтө эле көп. Орчундууларын алсак, АВН программасы ишке кирип, студенттерди аралыктан окутуу ишке ашып, электрондук баалоо системасы жолго коюлган. Окутуунун заманбап методдорун колдонуу менен интерактивдүү доскалар аркылуу сабактар өтүлөт. Азыркы мезгилде Арабаев университети толук шарты бар, заманбап билим берген, мыкты мугалим кадрларды тарбиялап өстүрө турган Кыргызстандагы эң алдыңкы, бирден бир окуу жайга айланды. Мындай жетишкендиктер КМУнун профессордук окутуучулар жамаатынын жана учурдун талабына ылайык бардык шарттарды түзө билген окуу жайдын жетекчиси Айгүл Төлөковнанын күжүрмөн эмгеги экендиги чындык.

Улуу педагог Ишеналы Арабаевдин ысымын алып жүргөн окуу жайыбыз мындан да жогорку деңгээлдеги өнүгүү жолуна түшөөрүнө ишеним бар. Себеби окуу жайдын келечекке койгон максаты ачык жана айкын. Ал максаты – заманбап билим берүү менен татыктуу заманбап мугалим кадрларды даярдоо.

Кыргызстандын жети дубанында мага окшогон миңдеген бүтүрүүчү, мугалимдер бар. Ошол ар бир эле бүтүрүүчү катары, мен дагы, билимдин очогу болгон сүйүктүү окуу жайым менен ар убакта сыймыктанам. Сүйүктүү окуу жайым келечек жолумдун башаты болду. Менин ийгилигим сүйүктүү окуу жайымдын ийгилиги деп билемин.

Менин келечекке болгон күжүрмөн кадамым, балким дагы бир жаш муунга үлгү болоор деп үмүт кылам.

Талантбек РЫСБАЕВ, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын башчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер