УЛУТТУН ТАТЫКТУУ УУЛ-КЫЗДАРЫ

  • 09.04.2021
  • 0

Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошкон замандаштарыбызга мамлекеттик сыйлык, наамдарды ыйгарды. Алардын катарында баарыбыз жакындан тааныган агартуунун дыйкандары да бар. Эмесе, сыйлык ээлеринин баарына куттук айтып, бир нечеси жөнүндө учкай маалымат берип коёлу.

Советбек Байгазиев – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу

Профессор, филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, көптөгөн сыйлык-наамдардын ээси, “Кут Билимдин” эң кадырлуу автору Советбек агайды биздин окурмандарга тааныштыруунун зарылдыгы жок. Аны окумуштуу адабиятчы, чебер публицист, улуттук агартуудагы тоодой эмгектери бар устат катары билбеген мугалим же илимпоз табылбайт деп ойлойбуз.

УЛУТТУН ТАТЫКТУУ УУЛ-КЫЗДАРЫ

Таланттуу сынчыны ардактуу наамы менен куттуктап, бекем ден соолук, чыгармачылыгында жаңы ийгиликтерди каалайбыз.

Бар болуңуз, агай!

«Кут Билимдин» баш редактору сыйланды

Эл аралык журналистиканын мектебинен өсүп чыккан, агартуу жаатында өзгөчө баалуу эмгектерди жараткан Кубатбек ЧекировгоКыргыз Республикасынын Ардак грамотасы ыйгарылды.

УЛУТТУН ТАТЫКТУУ УУЛ-КЫЗДАРЫ

Ар бир күнүн, саатын текке кетирбей, жаштык жигерин, чыгармачыл демин элге керектүү иштерге жумшаган калемдешибиздин эң негизги иштеринин эле тизмеси 4-5 баракка толуп чыгат экен. Публицистикалык тандалма жыйнагын чыгарса, өзүнчө салмактуу китеп болчудай.

Бери жагы Алматы, Киев, Үрүмчү, Пешавар, ары жагы Стамбул, Лондон, Прага, Хельсинки сыяктуу шаарларда кесиптик такшалуудан өткөн. БУУӨП (ПРООН), ЕККУ (ОБСЕ), ЮНИСЕФтей он чакты эл аралык уюмдар менен кызматташып, калемдештеринин кесиптик өсүшүнө салым кошуп, өтө орчундуу темалар боюнча окууларда машыктыруучу болуп иштеген.

Бир катар тарыхый эмгектердин, ошондой эле билим берүүдөгү дүйнөлүк тажрыйбаны талдаган Паси Сальбергдин «Фин керемети”, Тимоти д. Уолкердин «Финдердей окуткула. Шайыр-шат класстар үчүн 33 жөнөкөй стратегия”, Тодд Уайтакердин «Мыкты мектеп деректири кандай болот?» аттуу китептеринин котормосун редакциялады.

Сыйлыгың кут болсун, Кубат!

Билимдүүгө дүйнө жарык

Ушундай девиз менен иштеген Гүлүмкан Асанкадырова – борбор шаарыбыздагы А.Молдокулов ат. Улуттук инновациялык технологиялар боюнча мектеп-лицейдин башталгыч класстар мугалими, 40 жылдык эмгек стажы бар мыкты педагог, ондогон усулдук иштелмелердин, видео сабактардын автору.

УЛУТТУН ТАТЫКТУУ УУЛ-КЫЗДАРЫ

Кыргыз билим берүү академиясы, И. Арабаев ат. КМУ, ошондой эле ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдар менен дайыма иштешип, биздин гезиттин “Кутбилим сабак” тиркемеси жана башка ЖМК менен да чыгармачыл кызматташып келген Гүлүмкан эжейди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамын алгандыгы менен куттуктайбыз! Ишиңиз илгерилей берсин!

Ак эмгектин үзүрү

Ноокат районуна караштуу А. Абдувоитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жусуп Молдобаев «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамы менен сыйланды.

УЛУТТУН ТАТЫКТУУ УУЛ-КЫЗДАРЫ

Ал 1950-жылы 8-майда Ноокат районундагы азыркы Т. Зулпуев айыл аймагындагы Үч-Бай айылында төрөлгөн.

1974-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын аяктаган.

Советтик армияда кызмат өтөп келгенден кийин 1974-1985-жылдары М.Горький, К.Жакыпов атындагы мектептерде мугалимдик жолун баштаган.

1977-82-жылдары республикалык окуу телеканалынан башталгыч класстар үчүн үзгүлтүксүз сабак берип турган.

1985-94-жылдарда “Россия” атындагы орто мектебинин деректири, 1994-2000-жылдары
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңештин төрагасы, 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты Тажиниса Абдурасулованын коомдук жардамчысы, 2005-2007 жана 2008-2011-жылдарда райББ усулдук каанасынын башчысы болуп, чыгармачыл мугалимдердин “Чыгаандардын чыйыры” бирикмесин жетектеген.

2011-2015-жылдары Ноокат шаарындагы А.Абдувоитов ат. орто мектептин деректири болгон. 2016-жылдан бери ардактуу эс алууга чыкса да, бүгүнкү күнгө чейин аталган мектепте мугалимдик бийик кесибин аркалап келет.

Жазган китептери:

  • “Окутуунун эффективдүүлүгү үчүн” (1980)
  • “Сулуу жазуу — сабаттуулуктун пазилети” (2006)
  • “Педагогикалык табылгалар” (2010)
  • “Дүбүрт” (2007)
  • “Рух азыгы” (2013)
  • “Окутуунун интерактивдүү усулдары” (2011-ж., толукталып 2015-жылы басылган)
  • “Кыргыз тилинен ЖРТга даярдануу” (2015-ж., толукталып 2020-жылы басылган)
  • “ЖРТ сөздүгү” (2018)
  • “Ноокатым – менин ооматым” (2009)
  • “Ноокат таалим-баян” (2018)
  • “Күндөлүк пландын матрицасы” (2020)

2006-жылы “Жаңыча өңүт” аттуу илимий макаласы мугалимдердин республикалык илимий-практикалык конференциясында билим берүү министрлигинин I даражадагы дипломуна татыктуу болгон.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү жана район аймагындагы билим берүү кызматкерлери
Жусуп Молдобаевди ардактуу сыйлыгы менен куттуктайт.

Бар болуңуз, агай!

Аруулуктун ааламын аралаган аалым

ОшМУ профессору Сатканбай МОМУНАЛИЕВ 70 жылдык мааракесин утурлай сонун сый көрдү – “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамын алды.

УЛУТТУН ТАТЫКТУУ УУЛ-КЫЗДАРЫ

Досум Сатканбай –− сөздүн чын маанисинде алп, чаалыкпаган аалым. Ал окуган баян-сабактарда сергибеген инсан, шакирт-угуучулары калбагандай, кайра самагандай сыяктанып кетет. Өзү тартипке бекем, убакытка сараң…

Досум сөзгө ушунчалык так жана чечен. Албетте, бул касиеттер − көп окугандан, ынтаадан, изденүүдөн деп билгенибиз оңдур. Өтө көп окуйт, керекпи, кайталап окуйт, зарылбы, издеп, таап
окуйт…

Жашоодо шул ким бирөөгө жалынбадык,

Жалганчылар иримине малынбадык.

Топук менен күндү тосуп, күн узатып,

Тагдырдын мыйзамына таарынбадык.

 

Мезгил өттү көп жагынан сынаган,

Майышпадык, дилди таза кармадык.

Ийгиликтер бизди жоктоп, тапкандай,

Илим-дүйнө казал, ырга айланды.

Турабай Жороев,
КР маданиятына эмгек
сиңирген кызматкер.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер