УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИ ӨРКҮНДӨТҮЛӨТ

  • 03.04.2025
  • 0

Улуттук жаңы модель: 100 суроого – 100 жооп

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек ТОКТОМАМБЕТОВДУН мугалимдер берген суроого жообун сунуштайбыз.

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИ ӨРКҮНДӨТҮЛӨТ

— Алмазбек Даткабаевич, өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарында билим берүүнүн мазмунун жаңылоо үстүндө иштөө үчүн мугалимдер кандай даярдыктарды көрүү керек жана методикалык кандай жардамдарды ала алат?

— Билим берүүнүн мазмунун жаңылоону КББА ишке ашырат. Ал эми мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү эки багытта ишке ашат: Биринчиси — мурдагыдай эле жалпы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү бекитилген план-графикке ылайык аткарылат; экинчиси — жаңы система менен окутуп баштаган мугалимдер сентябрга чейин окуудан өтүшөт жана каникул учурларында да окутулат. Мында көбүнчө онлайн окутууга басым жасалат. Ошол эле учурда офлайн, аралаш окутуу да колдонулат.

— Даярдоо классын окуткан мугалимдер кайсы курстардан өтөт, же биринчи класстын эле программасы менен окута береби?

— Эми даярдоо классы болбойт. Ал биринчи класс болуп калат. Биринчи класс үчүн “Наристе” мектепке даярдоо программасынын негизинде окуу программалары, окуу материалдары иштелип чыгат. Аны КББА, “Окуу китеби” ишке ашырат.

— Жеке менчик мектептердин мугалимдери каяктан, качан курстан өтөт?

— Жеке менчик мектептердин мугалимдери кайрылууларына жараша Республикалык педагогикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан жана облустардагы билим берүү институттарынан, методикалык борборлордон курстардан өтө алышат.

— Мугалимдерге кайра даярдоо жүргүзүлөбү?

— Биринчиден, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана кайра даярдоо деген түшүнүктөр бар. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү учурда 72 сааттык курстун негизинде ишке ашырылууда. Экинчиден, мугалимдерди кайра даярдоо (бир мугалимдиктен башкасына өтүү же мурда инженер, агроном сыяктуу билим алып, кийин физика, математика же биология, химия мугалими болгусу келгендер ж.б.) борборлору, бөлүмдөрү дээрлик бардык университеттерде бар. Биздин республикалык институтта да 2024-жылы мурдагы жогорку билиминин негизинде кайра даярдоо ачылган, жакында биринчи бүтүрүүчүлөр дипломдорун алышат.

— Бул система мугалимдердин иш ыкмасына кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?

— 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары тууралуу КББА бериши керек. Биз алар берген материалдарды мугалимдерге жеткиребиз.

— 12 жылдык окуу боюнча мугалимдердин окуу курстары качан башталат? Кайсы жакта окутулат?

— Биздин планыбыз боюнча жаңы система менен окутуп баштаган мугалимдер сентябрга чейин окуудан өтүшөт жана каникул  учурларында да окутулат. Мында көбүнчө онлайн окутууга басым жасалат. Ошол эле учурда офлайн, аралаш окутуу да колдонулат.

Учурда предметтик стандарттарды, окуу программаларын, окуу китептеринин адаптацияланышын күтүп жатабыз. Биздин окутуу модулдарыбыз жогорудагы документтердин негизинде даярдалат.

— Мугалимдердин айрымдары кыргыз тилинин орфографиясынан, кыргыз тарыхынан, адабий классикалык чыгармалардан билишпегени айтылып жүрөт. Демек, мугалимдерди 12 жылдыкка даяр болуу үчүн ыктыярдуу эмес, милдеттүү аттестациядан өткөрүү зарылбы?

— Милдеттүү аттестациядан өткөрүү маселесин министрлик чечет. Бул көйгөй колледждердин, университеттердин ишмердигинин кесепети, ошол жакта албай калган. Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарында (72 саат) аларга көңүл бурулбайт. Мында окутуу методикасы, андагы жаңылыктар тууралуу сөз болот. Эгер ошондой чечим кабыл алса, республикалык институт ишти аткарууга аралашууга даяр.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер