УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН  УЮТКУЛУУ МУГАЛИМИ

  • 21.02.2025
  • 0

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН   УЮТКУЛУУ МУГАЛИМИ -Ата мекенди коргоо жана аны көздүн карегиндей сактоо – ар бир атуулдун, өзгөчө эр-азаматтардын мойнундагы милдет.Бирок акыркы учурларда альтернативалык белгиленген акчалай наркты төлөп, аскер  кызматын өтөөдөн баш тарткандар көбөйүп бараткандай туюм калтырат. Буга эмне себеп? Армиядагы апаңдын нанын сагындырган татаал жашообу? Же ага аскерлер менен жаңы келген үйрөнчүктөрдүн ортосундагы катаал тартиппи? Айтор аталарыбыз, агаларыбыз үчүн сыймык болгон Ата мекенди коргоо милдетин мурдагыдай абалга жеткирүү турат, — дейт Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу, окумуштуу  Таалайбек ИМАНКОЖОЕВ. Ал студенттерди мекенчил болууга ар дайым үндөп келет.  Төмөндө өзүнүн студенттеринин агайы жөнүндө жазган пикирлерин, арноо ырларын сунуштайбыз.

МЕКЕНЧИЛДИККЕ ҮНДӨГӨН АГАЙ

…Экинчи курска кадам таштап, билим алууга кызыгып турган кез. Өз предметтериме тиешелүү эмес сабактарды жактырбай, айрым учурда ал сабактарда тапшырма да аткарбай көңүл кош мамиле жасачумун. Ошондой күндөрдүн биринде философия деген сабак бизге өтүлүп баштады. Алгач маани бербей, эки лекциясына келген жокмун. Бирок кийинки күндөрү байкасам, студенттер жапырт топтолуп, Таалай агайдын лекциясына катышууга бара жатышкан экен. Бул нерсе мени таң калтырып, ушул күндөгү сабакка катышып көрүүнү чечтим. Сабакка киргенде эле  галстукчан  агай көзгө урунду. Жумушуна эрте келгени, демек, лекцияларына олуттуу мамиле жасаганы экенин баамдап турдум. Философиялык көз караштагы лекцияларды бара-бара бизди арбап алгандай болду.

Агай университетте иштеген уникалдуу адамдардын катарын толуктайт десем жаңылышпайм. Себеби агайдын кийинүү стили, сүйлөгөн сөзү, жазган китеби менин сөзүмдү тастыктап турат. Аскер учурунда саясий окуудан жазган конспект дептерин тамшануу менен студенттерге көрсөтүп, силерде да ушундай конспекти болушу керек деп көп айтат.

 Тилеген Өмүралиев, КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенти

 

АСКЕРГЕ БАРУУ ҮЧҮН КОЛУНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАН же легендарлуу Сократтай агай тууралуу учкай кеп

Ызы-чуу түшкөн аудитория сыйлуу агай киргенде тынчтыкка бөлөнөт. Анын сыры — агайдын кызыктуу сабагы. Бөлүнгөн эки сааттык сабактын кандай өткөнү билинбей калып, агайдын артынан студенттери кошо чыгып, жолдо катар кызыкканды сурап, билбегенди үйрөнүп, баарлашууга түрткү болот. Сабактан тышкары жаралган ар түркүн суроолордун бардыгына орундуу жооп бергендиктен, агайыбызды студенттер Сократ деп атап алганбыз.

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН   УЮТКУЛУУ МУГАЛИМИ

Агай Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Чычкан деген чакан айылда 1959-жылы жарык дүйнөгө келген. Жети жашынан туулуп-өскөн жериндеги жергиликтүү мектепке кадам шилтеп, окуучулук күндөрүндө эле үлгүлүү жүрүм-туруму жана жакшы окуганы үчүн көптөгөн мактоо баракчаларына арзып, ошол эле мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктайт. Ал учурда Ата мекенди коргоо үчүн армияга барбай коюу азыркыдай көнүмүш нерсе эмес, тескерисинче, эрезеге жеткен эркек балдар үчүн эң уят иш эле. Ошон үчүн мектепти жаңы эле бүткөн жалындаган жаш жигит армияга барууну аябай эңсейт. Бирок курал кармап, мекенин коргогон аскер болуу кыялы медициналык текшерүүдөн улам ишке ашпай калат. Анткени сол колундагы баш бармагынын жанына жанаша өскөн тубаса, дагы бир сөөлчө эти бар эле. Ошого байланыштуу төрт жолу тапшырып, төрт жолкусунда тең медициналык кароодон өтпөй калат. Ата мекенди коргоого ынтызар болгон жаш жигит армияга барууга тоскоолдук жараткан, бармагына жанаша өскөн сөөлчө этти операция жолу менен алдырууга өзү арыз жазып, макулдугун берет. Армияга барууга болгон аткарылбас асыл арманын ишке ашыруу үчүн, башын тобокелге салган жаш жигитке сыйлык катары, ийгиликтүү операциядан кийин, райондук военкомат ошол кездеги күчтүү аскер бөлүктөрүнүн бири болгон Украина–Молдова ССРинин Ички иштер министрлигине караштуу 110-десанттык командага өз кызматын өтөөгө жолдомо берилет. Алгач Донецк областынын Горловка шаарында командирлик окууну артыкчылык менен аяктап, бөлүктүн командиринен ротанын старшинасына чейин көтөрүлгөн. Ошол учурда СССРдин курамындагы ар улуттан чогулган, полктогу эки миң жоокердин ичинен өзгөчөлөнүп, ротанын старшинасына чейин көтөрүлүп, командирлик кылып, аларды башкаруу даражасына жетүү ар кимдин колунан келе бербеси анык. Эки жылдык Советтик армиядагы кызматын татыктуу өтөп, туулуп-өскөн айылына келгенде, райондук комиссариат тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер тармагындагы өзгөчө кырдаалдардын командирлигине атайын жолдомо алып, убактылуу иштеп калат. Ошол жердеги үч жылдык эмгектенүүсүнүн ичинде уурулук жана уруп-тоноочулук боюнча эки чоң кылмыштын бетин ачып, кылмышкерлерди колго түшүргөнү үчүн Ички иштер министринин колунан Мактоо баракчасы жана ыраазычылык каттары менен сыйланган. Андан соң Коммунисттик партиянын катарына өтүү үчүн айылга келип, төрт жыл суу сугарып, комсомолдук бригада түзүп, айыл чарба иштеринде эмгектенип, көптөгөн социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү болуп, КПССтин кандидаттыгына кабыл алынган соң, азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун даярдоо бөлүмүнүн тарых факультетине өтөт. Жогорку окуу жайын эң жакшы окуп, лениндик стипендианты болуп, артыкчылык диплому менен аяктап, Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык КУУнун ректоратында иштеп калат. Алгылыктуу иштерди жасап, жакшы кызмат өтөгөнү үчүн  аталган министрлик жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан Түркия мамлекетинин Измир шаарына Кыргызстандан барган студенттерге «уюштуруп көзөмөлдөөчү» катары барууга чечим чыгарылып, ал жерде 1994-1997-жылга чейин иштеди.

Сократтай агайым адамды сынаган тагдырдын татаалдыгына, турмуштун катаалдыгына моюн сунбай, мектепте жакшы окуп, өз убагында Советтик армияда да татыктуу кызмат өтөп, андан кийин жүрөгүнүн аорт клапаны жасалма экенине карабай, карыдым, көп жол басып арыдым дебей, ушул күнгө чейин, эли-жери, Ата мекени үчүн аянбай кызмат кылуу өзүнчө бир легенда дээр элек. Кийинки келечек өкүлдөрү болгон жаш муундар да мына ушул студенттер үчүн легендага айланган, Сократка окшош Иманкожоев Таалай агайдай мекенчил адамдардын жашоосунан сабак алышса, Мекенибизде тынчтык, элибизде бакубат жашоо өкүм сүрөт деген ишеничтемин.

Нуржанат Жакшылыков,
Жалпы гуманитардык факультеттердин студенттеринин атынан

 

ЭРГҮҮ БЕРДИ 

Лекциясын жөн келди окубаган,

Кошуп ага дүйнөлүк окуядан.

Студентти арбап алып айткандары,

Эргүү берип дайыма турат анан.

 

Угуп жатып дүйнө элинин философиясын,

Укмуштуудай керемет жашоо көрдүм.

Аралашып өзүм да  жүргөнсүдүм,

Ырахатка жан дүйнөм миң бөлөндү.

 

Бир учурда сапарга аттанабыз,

Улуу жолго чыккансып шаттанабыз.

Индия, Кытай өлкөлөрүн аралаткан,

Агай менен ар дайым мактанабыз.

Айтурган Жапаркулова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин студенти

 

РИТОРИКА САБАГЫ
ЧЕЧЕНДИККЕ
ҮЙРӨТТҮ

Билем, агай, көп нерсени бердиңиз,

Сизге дайым таазим кылып турабыз.

Сабагыңыз болду дайым кызыктуу,

Чечендикке бизди тездеп үйрөтүп.

 

Мейли өтсүн бир семестр,

Көз ирмемдей көрүнүп,

Сиз каласыз жүрөктөрдө,

Күн нурундай төгүлүп.

Муктаркул кызы Айдай, Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык факультетинин философия бөлүмүнүн мурдагы студенти

 

Бул жашоодо
бак-таалайлуу болу
ңуз

Философия – акылмандар илими,

Философтор берет бизге билимди.

Эң бир кызык сонун сабак, ээ достор,

Кетирет го жүрөктөгү кириңди.

 

Берилип сиз өткөн ар бир сабакты,

Студенттер угат ачып кабакты.

Болуп өткөн ошол кызык лекциялар,

Ачты биздин жабык турган сабатты.

 

Агайымдын жан дүйнөсү керемет,

Мифтер менен ойду терең терметет.

Сабыр кылат, жаман айтпайт эч качан,

Таалай агай өзү кандай керемет.

 

Таалай агай узак али жолуңуз,

Дайым алга, бийик жерге конуңуз.

Ар бир жылда мыкты агай аталып,

Бул жашоодо бак-таалайлуу болуңуз.

Айжамал Майлиева, КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер