УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

  • 25.05.2022
  • 0

Улутубуздун келечек тагдырын талкууга алган «Куттуу эл» биринчи форумуна улай  20-майда Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында “Умай эне – кут ордо” долбоорунун алкагында “Кут Билим” гезитинин демилгеси жана колдоосу менен  “Улуттук тарбия – руханий өнүгүүнүн негизи” аттуу республикалык семинар өтө жогорку деңгээлде өттү.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Мугалимдердин сүйүктүү гезити  «Кут Билимдин» жер-жерлерде активдүү окурмандары, жеңилин жерден, оорун колдон алган ишенимдүү достору, талапташ, максатташ өнөктөштөрү бар. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү —  мына ошондой биздин билим, тарбия берүү жаатындагы эң мыкты өнөктөшүбүз.  Биздин өнөктөштүк мамиле айрыкча пандемия шартында сыноодон өттү, биргелешип көп иштерди аткардык. Каракөлдүк агай-эжейлер бүтүндөй дүйнөнү каптаган жугуштуу ооруга бир муштумдай болуп түйүлүп, онлайн форматта болсо да  каармандык менен каршы турушканы азыр да эсибизде. Биз алар  өткөргөн ар бир акцияны, кызыктуу иш-чараны сыясын кургатпай окурманга жеткирип жаттык. Бир тарабы ушундай чакан шаарда иш десе ишке тойбогон, ары  аракетчил, ары эмгекчил мугалимдер арбын экени бизди таң калтырды.  Адамгерчилик жана жетекчилик сапаттары бийик, билимдүү, нукура уюштургуч инсан, илимпоз педагог, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева жетекчи катары ушундай жаратман иштердин башында турду.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Жетекчинин демилгесине дем болуп,  ар бир ишти ийине жеткире аткарган шаардык метод борбор усулчулары, шаардагы алты мектептин, эки бала бакчанын, эки кошумча билим берүү мекемесинин директорлору, шаардык мугалимдер, тарбиячылар, билимдин баркын түшүнгөн ата-энелер, ак жүрөк окуучулар биздин өнөктөштүк иштин ийгиликтүү болушуна ченемсиз салым кошту. Ак эмгек жерде калбайт экен! Энергетиктер шаарчасындагы агартуучулардын каарман эмгеги  «Пандемияда мен кантип башкаларды шыктандырдым» деген аталышта «Азаттыктын» подкаст сынагына катышып, бүтүндөй өлкөгө даңазаланды. Пандемия шартында шаар мугалимдери менен тыгыз иштешкен кабарчыбыздын эмгеги жогору бааланып, мэриянын чечими менен  «Кара-Көл шаарына  ак ниет кызматы үчүн» төш белгиси менен сыйланды. Эстеп көрсөк, биздин журналисттик турмушта мындай жүрөк жарган окуя чанда болуптур. Өткөн жылы күз айларында «Кут Билим» гезитинен жоон топ кабарчылар Кара-Көл шаарына барып,  эки мектептеги окуучулардын билим сапатын жогорулатуудагы арымдуу иштерге күбө болуп келишкен.  Гезитибиздин башкы редактору Кубат Чекиров шаардык мугалимдердин чыгармачылык дараметине баа берип, улуттук нарк-дөөлөттүн үлгүсүндө тарбиялоо боюнча семинар өткөрүүнү сунуштаган болчу.

«Жакшы тилек, жарым ырыс» дегендей, ошондогу жакшы тилек, үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү ишке ашып, гезитибиздин башкы редакторунун орун басары Майрамбек Токторов экөөбүз мамлекеттик масштабдагы бул маанилүү иш-чарага катышып, мындагы көргөнүбүзгө көзүбүз тойбой, энергетиктер шаарчасынын агартуучуларына, билим берүү ишине өзгөчө маани берген шаар бийлигине, жалпы коомчулук өкүлдөрүнө терең ыраазы болдук. Бул күнкү семинарга шаардык мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилиги жапырт катышты.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

— Биз  «Умай эне — Кут ордо» долбоорунун алкагында  «Энелер мектебинин» идеяларын ишке ашыруу үстүндө көп жылдан бери  иштеп келебиз. Улуу устат Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты», «Ой өрүшү», «Устаттык өнөр» китептери — биздин тарбиячылардын акыл кеңешчилерине айланды. Жыл сайын «Мыкты эне», «Мыкты ата», «Мыкты чоң ата», «Мыкты чоң эне», «Мыкты үй бүлө», «Мыкты сабак даярдоочу бөлмө» сынактарын өткөрүп турабыз, — деп айтты шаардын вице-мэри Гүлмира Сатарова.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Семинарды өткөрүү жайы катары Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы жөн жерден тандалбаптыр. Анткени бул билим берүү мекемеси бир жыл эмес, он жылдан бери улуттук баалуулуктарды окуу-тарбия ишинде шыр колдонуу үстүндө талыкпай иштеп жатыптыр. Мектеп-гимназиянын директору, Билим берүүнүн мыктысы Гулбайра Кокоеванын айтуусунда,  этнопедагогиканын табылгаларына негизделген «Бата менен эр көгөрөт», «Сүйүнчүлөө жана сүйүнчү берүү», «Балага жакшы ысым коюу парзы», «Жентек той», «Бешик, бешик той  жана бешик ыры», «Баланын кыркын чыгаруу», «Тушоо кесүү. Тушоо той», «Мүчөл чыгаруу», «Кыз баланы, уул баланы тарбиялоо», «Асманга байкоо», «Улуттук оюндар», «Саламдашуу», «Эт салуу, эт бышыруу», «Устукан», «Баш кийим», «Калпак», «Камчы», «Жети ата» темасына тарбиялык сааттар өтүлүп, класс жетекчилердин сабак иштелмелери шаардык билим берүү бөлүмүнүн, мектеп-гимназиянын Фейсбук баракчасына жайгаштырылып, окурмандарга сунушталып келет.

Мектеп мугалимдеринин улуттук баалуулуктарды жайылтуу үстүндөгү иштери туура жолго коюлганын биз, журналисттер, мектеп-гимназия короосунан   башталган «Улуттук тарбия — руханий өнүгүүнүн негизи» аттуу республикалык семинардын жүрүшүндө байкай алдык.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Чынын айтсак, биз улуттук кийимчен балдар-кыздарды, алардан калбай улуттук өңүттө кийинген ак калпакчан агайларды, ак элечекчен, ак жоолукчан эжейлерди көрүп, кыргыз болуп төрөлгөнүбүзгө төбөбүз көккө жете кубанып жаттык. Мектептин короосу өзүнчө бир Манас атанын доорундагы кыргыз айылын элестетти. Көркөмү көз тайгылткан боз үйдүн алдында ак элечекчен апалар кырка тизилип турат. Баары ушул мектепте иштеген же бир убакта иштеп кеткен ардагерлер экенин төшүндө жаркыраган төш белгилерден билдик.  Ичкериде кыргыз  көркөм дүйнөсү байырлаптыр. Ак элечекчен апалар жүн тытып, ийик ийрип, энелер мурасын улантып жатышты.  Ошол эле жерде баланы бешикке бөлөө каадасы да көрсөтүлдү. Сыртта Умай эне арча түтөтүп, элибизге ак батасын айтты. Ак батанын сөзүн чыгармачыл мугалим Фаризат Тагаева жазса, Умай эненин ролун дене тарбия мугалими, агартуу ардагери Орунбү Чукунова зор чеберчилик менен аткарды. Анан коноктор менен биргеликте ачык асман алдындагы оюн борборлоруна саякатка чыктык.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Алдыңкы мугалим Арыкбаева Шарипа эженин 4″б» кассынын окуучулары кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, улуттук оюндар боюнча машыктыруучу Сарпашев Бекжан агайдын нускоосунда ордо оюнун ойношту. Бул күнү мектеп жетекчилигинен «Үлгүлүү эне» грамотасын алган Шакимбаева Бактыгүл да ушул жерде агай-эжейге көмөктөшүп жүрдү.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Башка класстар да класс жетекчилери менен биргеликте «Тогуз коргоол», «Аркан тартыш», «Топташ», «Шакек салмай», «Жоолук таштамай», «Чикилик», «Ак чөлмөк», «Ак терек, көк терек», «Жашынмак» оюндарын ойношту. Биз да балалыкка кайтып баргандай болдук. Ушул эле жерде «Комузчулар ордосунан» кылым карыткан комуз күүсүн угуп,  «Манасчылар ордосунан» жаш манасчылардын манас айтуусуна «Бали!» деп кол чаптык.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Ачык асман алдындагы кыргыздын байыртадан бери сакталып келе жаткан баалуулуктарын даңазалаган улуттук оюндардан соң биз мектеп ичиндеги ачык сабактарга баш бактык. Биринен бири мыкты болду. «Энелер мектебинин» идеясына каныккан тажрыйбалуу мугалимдер эң бир таасирдүү сабактарды өтүштү. Балдар менен кыздарды мектеп партасынан ата-бабалардын мурасын татыктуу улантып, кыргыз болууга үндөгөн тарбиялык мааниси бөтөнчө сабактарды атай кетели.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

Алар — «Алкоо же бата берүү салты» (Тагаева Рахат), «Кыргыздын ырымдары, каада-салты» (Адишева Нурайым), «Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгү» (Ташбаева Мунара), «Энелер мектеби — ийгиликтин ачкычы» (Мамаева Нуржамал, Мусаева Гүлзат, Нуралиева Назгүл), «Манас» эпосундагы накыл сөздөр» (Назаралиева Шарипа), «Баланы бешикке салуу» (Досбаева Гүлүмкан), «Боз үй» (Токтосунова Бурулсун).

Республикалык семинардын катышуучулары бул сабактарга эң жогору баа беришти.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

— Бул күнкү семинар биз үчүн абдан пайдалуу болду. Аталар, энелер мурасын азыркы жаш муундарга кантип жеткирсе болорун биз ушул семинардан үйрөндүк, — дейт Таш-Көмүр шаарындагы №7 орто мектебинин директору Сабырбүбү Токтосунова.

Ал эми семинардын дагы бир катышуучусу, Ноокен районундагы №42 Нур-Айым балдар бакчасынын жетекчиси Курванжан Мурашова улуттук тарбиянын артыкчылыгын көрсөткөн бул күнкү көрсөтмөлүү сабактар бала бакча тарбиячылары үчүн да пайдалуу болгонун айтат.

— Мага ачык сабактардагы сабактын максаттары так, негиздүү коюлганы жакты.    Бардык сабактар көрсөтмөлүү болду, — деди бала бакчанын директору.

Республикалык семинарга жаш педагогдор Токтогул районундагы М.Жамгырканов атындагы орто мектебинин директору Бочоев Элдар менен ушул эле мектептин дене тарбия мугалими Мыктарбек уулу Самат да катышты.

— Семинардагы улуттук оюндардын ачык асман алдында өткөнү бизге өтө таасирдүү болду. Бул жерден үйрөнгөнүмдү өз сабактарымда колдонсом деген ойдо калдым, — дейт жаш педагог Мыктарбек уулу Самат.

 

А.АЛИБЕКОВ, М.ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер