УЛУТТУК МАСШТАБДАГЫ ӨРНӨК ИНСАН

  • 05.07.2023
  • 0

УЛУТТУК МАСШТАБДАГЫ ӨРНӨК ИНСАН

Белгилүү инсандын бейнеси

          Адатта, инсандык нарк насили жашоо турмуштагы максат мүдөөлөрүнүн, парызын аңдоо масштабы жана аларды турмуш чындыгына айландыуруу жагынан өзүнүн чөйрөсүндөгү кесиптештери эле эмес аны сырттан билген адамдар үчүн да  жашоо өрнөгүнө айланган инсандар  сейрек болот. Кыргыз коомунун соӊку тарыхыдагы  ошондой сейрек кездешкен инсандардын бири химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов.

        Арийне, анын химия тармагындагы табылгалары илим тармагындагы мамлекеттик сыйлыкка татып алдебак таанылган. Бектемир агайдын көп кырдуу ишмердүүлүгү «бир тармактын» же «бир мекеме чегиндеги» адис катары кароого мүмкүндүк бербейт. Ал өзүнүн кесиптик вазийпаларынан тышкаркы   коомдун, улуттун бүгүнкүсү менен эртеңине таандык татаал  маселелерге такай сарасеп салып орун алган олуттуу көйгөйлөрдү башкалардан мурда туюп чечилиш жолдору туралуу куш учкан бийиктиктен акыл калчап   ишке ашырууга  активдүү катышып  башкаларды да шыктандырып келген атуулдук ар намысы,  активдүүлүгү жогору инсан. Ошондуктан Бектемир агайдын бейнесине  «элдик адам», «эл мыктысы», «журт  мыктысы» — абалтан келе жаткан салттуу атрибуттар куп жарашып турат.

     Ырас Бектемир Мурзубраимовдун калайык калктын кадыр сыйына арзыган нукура улуттук масштабдагы залкар инсандардын катарынан орун табышы төмөнкүдөй  көп кырдуу факторлор менен байланыштуу болду:  а) обьективдүү (сырткы) факторлор- ошол мезгилдеги мектепте балдарга сапаттуу билим берүүгѳ мамлекеттик, партиялык реалдуу камкордук; б)субьективдүү (инсандык), табиятынан парасаттуулугу, зиректиги; в) баланын дээрин байкаган кыраакы ата энесинин  жана көрөгөч мугалимдеринин чоӊ үмүттүн ээси катары бармактайынан шыктандыра билиши; г) мектепте, жогорку окуу жайдагы окууга, билим алууга олуттуу, тырышчаак мамилеси, бекем эрки,  таасирдүү, энтузиаст мугалимдердин, илим адамдарынын тике жана кыйыр ѳрнѳктѳрүнүн негизинде башкаларга жарыгы тиер өрнөктүү инсан чебер чыгармачыл  жаратман мугалим жана чоӊ илим өкүлү, нарктуу, активдүү атуул  болууга  умтулуусу.

          Бектемир Мурзубраимов катардагы айылдык мугалимден Улуттук илимдер академиясынын академиктигине чейинки белестерди баш ийдирди. Түштүк Кыргызстандын түптүү окуу жайы Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысынан, ректорлугуна чейинки милдеттерди аркалады.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты болду.

        Эӊ башкысы ошол өмүр баскычтарынын бардык этаптарында өзүнүн көз карашы, кадыр билип баа берүү дээринде, проблемаларды башкалардан мурда туюуп көрүү, коюуу, чечүү  алар аркылуу өзгөрүштөргө жол ачууда нукура лидер катары башкалардан  ат чабым алдыда жүрдү. Ошондуктан анын ысмын атаганда «биринчи», «эӊ биринчи», «эӊ биринчилерден болуп»-деген эпитеттер эрксизден кошулуп айтылып келет. Анткени, ал өзүнүн идиректигинен өзүнүн мектебинде  класстан класска аттап өтүп окуган биринчи окуучу, студент мезгилинде лениндик стипендиант болуу менен  спорт чебери боло алган биринчи студент.

     Эӊ башкысы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун бүтүрүчүлөрүнүн ичинен 25 жашында илим жактаган «биринчи илим кандаидаты», «биринчи доцент»,   «биринчи илим доктору», «биринчи профессор»,  «биринчи академик», «биринчи депутат», «биринчи ректор».  Бектемир Мурзубраимов «Азыркы мезгилдин баатырлары» аттуу документалдык фильминде таамай мүнөздөмө берилгендей Ош шаарынын үч жогорку окуу жайынын ректору катары иш билгилги жана кадыр наркы аркылуу Ош шаарында жогорку билим берүү мекемелерин бир тараптан туӊгуйуктагы элет жергелери, экинчи жактан эл аларлык абройлуу, даӊкы таш жарган университеттери менен алака катышын камсыз кылууга жетишкен. Ошонтип ал кыйын кырдаалдарда өзүн Түштүк Кыргызстанда жогорку кесиптик билим берүүнү уюштуруунун даасыккан менеджери, архитектору  катары  көрсөтө алган.  Анын коомчул инсан катары өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү көйгөйлүү проблемалар туралуу жазгандары айрым коомдук илимде ооматтуумун деген окумуштуулардын өмүр бою жараткан эмгектеринен да көптүк кылат. Алардын  коомдук аң сезимге тийгизген таасири да  өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Алсак, ал тарабынан «Ысырапкорчулук» туралуу эмгегине топтолгон макалалары  көп жылдар бою  басма сөздөрдө калктын калың катмарынын бүйүрүн кызыткан талкуулардын обьектиси болуп келген.

Окумуштуунун мугалимдер маселеси тууралуу ой санаалары

       Тигил же бул коомдун маданий интелектуалдык потенциалын алардын мугалимдикти кесип туткан адамдарынын деңгээлине карап бааланары тарых аркылуу тастыкталып келет. Ошондой эле коомдун өнүгүүсү да коом мүчөлөрүнүн  кандай мугалимге канаатанганынан башкача болгон эмес. Тарыхта өзүнүн урпактарын билими тайыз, адеп ахлагы тайкы мугалимдер окутканына анчейин олуттуу тынчыздануу менен карабаган коомдун келечеги бүдѳмүк жана кооптуу болуп келген. Булар канткен менен да цивилизациялуу коомдун абсолюттук акыйкаттары эмеспи. Андай акыйкаттар коомдун өнүгүшүнүн күнгөй тескейине акыл чуркатып, ой пикирин ортого салып турган адамдар тарабынан гана актуалдаштырылып келет.  Бул өӊүттөн алганда Бектемир Мурзубраимов мугалимдердин проблемаларын түрдүү деӊгээлде тынымсыз көтөрүү менен гана чектелбестен  кызматтык статусу шайкеш келген учурларда конкретүү  чечим кабыл алууга демилгечи жана катышуучу  болуп келгендигин көрөбүз.  Ал узак жылдар аралыгында  коомдун басымдуу катмарын түзгөн менен кадыры татыктуу бааланбай келген  миӊдеген мугалимдердин үнүн, көйгөйлөрүн, рационалдуу сунуштарын бийик трибуналар аркылуу мамлекеттик башкаруу уюмдарына жеткирип  мугалимдер менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда  көпүрөнүн милдетин да аткарып келген. Анын гезит журналдардагы макалаларынын хронологиясына астейдил  назар салган адам  мугалимдердин көп кырдуу көйгөйлөрүнө көпчүлүктүн көӊүлүн буруп кыргыз коомунун келечеги мугалимге болгон мамлекеттик жана коомдук мамилелерден көз каранды экендигин аӊдатуу аракетин бир саам да токтотпой көӊүл борборуна тутуп келгендигине шексиз ынанат.

      Анын көп жылдар аралыгындагы мугалимдер тууралуу ой санаалары, рационалдуу сунуштары «Мугалим –мөмөлүү дарак» (Бишкек. 2015) аттуу китебинде топтоштурулган. Китеп мугалимдик кесиптин көп кырдуу аспекттерине байланыштуу көп жылдык  ой пикирлерин концептуалдуу көз караштарын ичине камтыган мезгилинде коомдун назарын бурган макалаларынан, интерьвюларынан, расмий жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн турат.

      Китепте мектептин мектеп болушу анын мугалимдерден  көз каранды, программаларды өзгөртсө болот, өтө көп каражаттарга да ээ болушу мүмкүн, кооз имараттарды да курууга, окуу сааттарын узартуу, жаӊы муундагы окуу китептерин жаратуу да кыйын эмес, бирок компeтенттүү иш билги мугалимдерсиз, аталган аракеттердин кайтарымы ойдогудай ишке ашышы күмөндүү «Мугалимин унуткан эл келечегин куруткан эл» деген элдик акылмандык менен ашташ ой санааалар баштан аяк кызыл сызык менен белгиленип өтөт.

  Ошондой эле китепте мугалимдердин көйгөйлөрүн көтөрүү менен бирдикте аларга коюлган заманбап талаптар да орун тапкан. Анын пикиринде мугалим тынымсыз өнүгүү абалындагы инсан болууга милдеттүү. Алар мугалимдердин билимин жогорулатуу институттарынан жана түрдүү кеӊешмелерден алган билимдери менен чектелбей өзүнүн кесиптик деӊгээлине такай абай салып өзүн өзү чыгармачылык менен өнүктүрүүсү зарыл. Бул ой сунуш маалыматтар тынымсыз өнүгүп жаткан  азыркы  коомдун мугалимдери үчүн өзгөчө актуалдуу.

            Окумуштуу мугалимдер мезгил талабына ылайык балдарды маалыматка  гана ээ кылбай ой жүгүртүп өз алдынча  билим алууга жөндөмдүү балдарды тарбиялоого милдеттүү экендигин белгилейт: «Мугалимдин, билим берүүнүн максаты адамды ойлоно билүүгө, ой жүгүртө билүүгө көнүктүрүү экенине көбүбүз баа бере бербейбиз. Мугалим гезит, катты ээсине жеткирип берип жөн болгон почтальон эмес, ал ар кандай чындыкты өз сезиминен, акылынан, жүрөгүнөн өткөрүп өзүнүн менчик табылгасы, жаңылыгы катары жар салган чыгармачыл инсан. Мугалим адамды гана өзгөртпөйт, ал коомду да өзгөртөт. Анткени коом өзүнөн-өзү эле өзгөрбөйт, адамдар өзгөргөндө гана коом өзгөрөт. Демек, адамдарды өзгөртчү мугалим болгондон кийин, коомдун рухий абалы, тазалыгы мына ушул мугалимге, анын эмгегине көз каранды».

Ошону менен бирдикте китепте билим берүү мазмунун  өркүндөтүү, кайтарымдуу уюуштуруу,  окуучулардын сапаттуу билим алышынын факторлору аны камсыз кылуу багытындагы оош кыйыштар, реалдуу иш аракеттер туралуу маалыматтар да кеңири.

Аларды анализдеген адам Б. Мурзубраимовдун «Караӊгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан» ойчул жана тажрыйбалуу педагог экендигине ынанбай койо албайт. Ал айыл жерлериндеги мыкты мугалим адистиктерге болгон таӊкыстыкты жоюуунун жолу жөнүндөгү оюу да башкалардан айрымалуу:  «…азыр айыл мектептеринин абалы, адистер менен камсыз болушу шаардагыларга салыштырмалуу бир топ начар экендиги жашырын эмес. Мындан чыгуунун бир жолу айыл өкмөттөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу болуп саналат. Айыл өкмөттөрү ошол мектептин бүтүрүүчүлөрүн мектепке кайра кайтып барып иштешине жетишүүлөрү керек. Бул үчүн бүтүрүүчүлөрдүн мыктыларын тандап, жетишпеген адистикке жөнөтүп, окуу акысын, стипендия төлөп, кайра өздөрүнө келип иштешин келишимдин негизинде бекемдеп коюусу зарыл» [ ].

Ушуга байланыштуу Б. Мурзуибраимов айыл өкмөттөрүнүн агартуу жана маданият чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнүн чектерин олуттуу кеӊейтүү жана оптималдаштыруу сунушун айтат: «Тигил же бул айыл өкмөтүнүн ишинин ийгилиги, айрыкча айыл элинин маданиятынын, илим-билимдик деңгээлинин, ынтымакчылыгынын, аң-сезимдүүлүгүнүн абалы ошол айылдагы мугалимдердин билимине, кадыр баркына, иштөө аракетине түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан айыл өкмөттөрү мектепти жана мугалимдерди өзгөчө камкордукка алышы керек. Бирок айыл өкмөтүнүн бюджетин толук өздөрүнө бербей туруп айылдын проблемаларын айыл өкмөттөрү чечет деген сөз курук эле сөз бойдон кала берет го деген ойдомун, Айыл өкмөттөрү менен бирдикте ЖОЖдор дагы кабыл алуудагы региондук квотированиеге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек» .

           Бул сунуштар тек ооз учунда айтылган кептер эмес. Чын –дилден киришсе алар акыйкатка айлануучу фактка айланаарын Ош мамлекеттик университетинде ар түрдүү деӊгээлде жетекчилик кызматта иштеп жүргөн жылдары иш жүзүндө тастыктап коомчулукту ынандырган. Ал өз демилгеси менен Ош областынын жакынкы жана алыскы районунун мектептериндеги педагогдорго реалдуу муктаждыгын изилдеп чыгып сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу стратегиясын ошого жараша аныктоо тажрыйбасын жараткан

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун проректору катары бүтүндөй Түштүк Кыргызстандын мектептеринин  мугалимдер менен камсыз кылуу максатында анын жетекчилиги менен төмөнкүдөй жумуштар уюштурулган:

  • Элет мектептериндеги айрым предметтер боюнча мугалимдерге болгон таӊкыстыкты жоюу үчүн бүтүрүүчү курстун студенттеринин окуусун мектепте иштөө менен айкалыштыруу;
  • сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу сапаттуу мугалимдерди даярдоо максатында областтык, райондук,шаардык, элге билим берүү бөлүмдөрү менен биргелешкен туруктуу кеӊештерди түзүү;
  • сырттан окуган студенттердин билимин жогорулатуу максатында жыл сайын дем алыш күндөрү 8-10 жолу консультацияларды өткөрүү;
  • институттун мугалимдерин мектепте сабак берүүгө аралаштыруу жана мектеп мугалимдерин методика сабактарын окутууга тартуу;
  • студенттерди жайкы лагерлерде педпрактикадан өткөрүп балдар менен 24 саат бирге жашашына мүмкүнчүлүк түзүү.

Б. Мурзубраимовдун демилгеси менен уюштурулган бул тажрыйбаларга айрыкча азыркы чакта кайрадан кайрылуу мезгил шарттарына ылайык өркүндөтүү алда канча кайтарымдуу болоорунда шек жок.

Ал эми Жогорку кеӊештин депутаты болгон жылдары мектеп турмушуна коомчулуктун көӊүлүн бурууга чакыруу максатында байланыштуу бир катар кординалдуу маселелерди ортого койгон.

Аларды жалпысынан төмөнкүчө сыпаттоого болот:

  • улам керине кетип бара жаткан мектепти колго алуу аркылуу коомдун интелектуалдык абалын жогорулатуу;
  • окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо максатында аскер ишине даярдоо сабагын калбына келтирүү;
  • жоюлуп кеткен окуу-аралык өндүрүштүк комбинаттарды жаӊы технологиялык негизде кайра куруу;
  • мектептии директорунун тарбия иштери боюнча орунбасарынын ордун калыбына келтирүү;
  • мектептер үчүн окуу-көрсөтмө куралдарын, техникалык каражаттарды алууга финансылоону өркүндөтүү;
  • райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү педагог-методисттердин штаттык бирдиктерин көбөйтүү.

           Бул көйгөйлүү маселелер депутат Б. Мурзубраимовдун өзүнүн демилгеси жана катышуусу менен жер жерлерде талкууланып алардан келип чыккан сунуштар мамлекттик деӊгээлдеги чечимдерди кабыл алууга негиз болгон.  Б. Мурзубраимов бүт өмүрүн агартуу тармагына арнаган адам, коомчул насили, активдүүлүгү жогору инсан катары  азыркы мектептеги билим берүүнүн сапатына, бүтүрүүчүлөрдүн тагдыры туралуу олуттуу ой санаага батат, түйшөлөт, анын себептерин айкындоого аракет кылат.

        Бул маселе туралуу  интервюларынын биринде «Ким билет, мектепте ойдогудай окута албай жатсак керек? Балким, мына мен өзүм көп жылдардан бери иштеп түздөн-түз катышым болуп жүргөн окуу жайларында бүгүнкү студенттерге — эртеңки мугалимдерге тиешелүү деңгээлде кесиптик таалим-тарбия, педагогдук навык бере албай жаткандырбыз?» —деп ошол иштин ичиндегилердин бири катары жогорку окуу жайларга да анын ичинде өзүнө да  сынчыл  мамиле жасоодон качпайт  [ ].   Ушундан улам ал 90-жылдардын аягындагы  материалдык жана кадрлык ресурсу жок туруп эле карандай каалоонун негизинде мугалимдерди даярдоо багытындагы окуу жайлардын санынын көбөйүп бара жатышын олуттуу сынга алган. Бул олуттуу ой плансыз жасалып жаткан иштер мугалим кадрларын даярдоо ишине карата барып турган кыянат иш болоорун, анын аягы өкүнүч менен бүтөөрүн алдын ала боолгоп тынчыздануу менен белгилеген.

Менин терең ишенимимде Кыргызстандын билим берүү ишинин даанышман, жетик жетекчи, уюуштуруучуларынын бири Бектемир Мурзаибраимовдун  кесиптик педагогикалык жана активдүү коомдук ишмердүүлүгүнөн алынган жандуу ойлор жана фактылар Кыргызстандын билим берүү ишинин өнүгүш тарыхын, азыркы абалын өнүгүш тенденциялары  туралуу илимий билимдердин чектерин толуктап байыта алат. Алар университеттерде окутуулуучу «Билим берүүнүн жана педагогикалык ойлордун тарыхы», «Мугалимдик кесипке киришүү»  курстарынын мазмунунун жандуу  материалдар менен байытуу,  өркүндөтүүдө да колдонулушу  зарыл.

ОшМУнун өнүгүшүндөгү  Б. Мурзуибраимовдун лидерлик орду

           Турмуш чындыгы ушундай тигил же бул билим берүү мекемесинин өнүгүшү ошол мекемеде иштеген иш билги лидер инсандардын ишмердүүлүгүнөн көз каранды болуп келген.  Лидерлик бул алдыда жүрүүгө жарамдуулук касиет. Лидер инсандар кандай кызматтарды ээлебесин  өзүнүн демилгеси, жеке өрнөгү менен адамдарга таасир этип артынан ээрчите алат. Бул формула Бектемир Мурзаибраимовдун кесиптик ишмердүүлүгүнүн бардык баскычтарына мүнөздүү болгон деп айтууга толук негиз бар. Ал катардагы окутуучулуктан баштап, кафедра башчысы, декан, проректор, институттун партиялык комитетинин катчысы  болуп иштеп турган мезгилинде эле түрдүү новаторлук долбоорлордун демилгечиси болуп келген.  Анын көптөгөн пикирлери окуу жайда салмактуу чечимдерди кабыл алууга негиз болуп келген.

          Аны менен бирге иштеген  кесиптештеринин ичинде  анын акыл парасатына, жөнөкөй адамгерчилигине, инсандык көп кырдуу жетишкендиктерине суктанып жүрүм турумун, ишке мамилесин өрнөк туткандар жаштар көп болгонун бирге иштеген кесиптеши катары ишенимдүү айта алам. Бул туралуу университеттин мурдагы жылдардагы ректорунун бири К.Исаков да «Ар бир адамдын инсан, адис, жетекчи болуп калыптанышына таасирин тийгизген өзүнүн адамга, ишке, турмушка болгон мамилеси менен сени түздөн-түз жана кыйыр түрдө тарбиялаган устаздар болот. Алар сени тарбиялоону да максат кылбайт. Өздөрүнүн жүрүм-турумунан, адамдарга жасаган мамилесинен, ишке карата жоопкерчилигинен, адамдык сапатынан өзүң көрүп тарбияланасың. Алардын жакшы касиеттерин өзүңө жуктургуң, жан дүйнөңө сиңиргиң келет. Менин да инсан жана жетекчи болуп калыптанышыма таасирин тийгизген устаттарымдын бири Бектемир Мурзубраимов болду» -деп жазган.

          Ош мамлекеттик университетинин абройунун артышын Б. Мурзубраимовдун лидерлик ишмердүүлүгүнөн ажыратып кароого болбойт. Алсак, ал ректор болуп дайындалган мезгилдин үч жылында (1998-2001) аралыгында эле  университетте илим докторлорунун саны 16дан 39га, илим кандидаттарыныныкы 154ттөн 192 ге, окуу имараттары 10дон 20га, факультеттер 11ден 16га, адистик программалар 35тен 68ге, студенттердин саны 14892ден 27000ге чейин өскөн. Ал эми окутуучулардын айлыгы 150%ттен 450%ке чейин көтөрүлгөн.

         Университеттин университет болмогу ар качан аны жетектеген лидерлер жана окутуучуларынан көз каранды болуп келген. Арийне, бүгүн Түштүк Кыргызстандагы жогорку билим берүү мекемелеринин «чынар тереги». Азыр Ош, Ош шаары, деген этнонимдер ОшМУ дүйнөлүк масштабдагы арымы, байланыштары аркылуу дүйнөгө таанылды. Бүгүн ОшМУ отуз кылым мурда аӊыз катары жеткен Ош шаарынын маданиятын заманбап баалуулуктардын негизинде кайра жаратуунун кубаттуу факторуна айланды. Мындай ийгликтердин башатында Б. Мурзубраимовдун да олуттуу орду бар.

           Б. Мурзубраимовдун 60 жылдан ашуун кесиптик турмушу өзүнүн ар бир өткөргөн күнүнө ишмердүүлүгүнө куш учкан бийиктен сереп салып күнүмдүк тиричилик түйшүктөрүнүн туткунунда калбай илимге, жаштарга, эл журтка, мамлекетке пайдалуу болгудай мазмундуу өткөрүүгө багытталган бекем эрк, туруктуулук, толгонуу, изденүү, өзүнө өзү канаатанбай бийиктикке умтулуу, чыгармачылык жаратмандык, жогорку даражада өнүккөн активдүү атуулдук, пдагогдук позициясы менен эрдикке тете жашоонун акыбети.

     Анткени мугалимдик кесипти аркалап, мээнеткеч, салабат-сабырдуу, каниет токпейил жашоо эрежесин тутунган окумуштуулук даанышмандык даражасы бир илимдин, бир тармактын масштабына сыйбаган кыргыз калкынын таанымал таалимчисинин жашоо өрнөгү. Ал өрнөк миңдеген жаштарга кишилик, кесиптик максаттарын аныктоо үчүн ориентир болуп келген жана да боло бермекчи.

    Б. Мурзубраимовдун узак жылдар аралыгындагы Кыргызстандын билим-илим системасына, жалпы эле өнүгүшүнө жасаган жаратмандык эмгеги Эл Баатыры наамын ыйгарууга толук татыктуу деп эсептейбиз.

Акматали Алимбеков

Кыргыз – Түрк  “Манас” университетинин

педагогика кафедрасынын башчысы,

педагогика илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер