УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ДӨӨ-ШААСЫ МАР БАЙЖИЕВ МУРАСЫ

  • 28.03.2025
  • 0

Улуттук адабиятыбыздын уңгулуу, көрөңгөлүү, үлгүлүү калемгери, Кыргыз эл жазуучусу  Мар Байжиев тирүү болсо, ушул күндөрү 90 жашка чыкмак.

23-мартта Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрындагы Мар Байжиевди эскерүү кечесинде жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, драматургдун калемине таандык «Кыз-күйөө» спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.

Мен журналисттик кесибимдин аркасы менен кыргыздын залкар инсандары Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Азамат Алтай, Кайып Оторбаев, Күлүйпа Кондучалова, Сабира Күмүшалиева, Ишенбай Абдразаков, Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов, Орозбек Кутманалиев, Эстебес Турсуналиев, Бексултан Жакиев, Болот Шамшиев, Омор Султанов, Кеңеш Жусупов, Абдыганы Эркебаев жана башкаларга жолугуп, аңгемелештим эле. Алардын бири бүгүн кеп кыла турган Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев агай болмокчу. Аттиң, агайдын көзү тирүү болгондо ушул күндөрү 90 жылдыгы белгиленип, ал тууралуу далай каалоо-тилектер айтылмак.

Мен 1986-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүп, Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде (учурдагы УТРК) балдар жана жаштар редакциясында иштеп жүргөндө Мар агай менен таанышып, балдар менен жолугушуу уюштурганда өзүнүн чоң атасы бий болуп, Үркүндө Кытайга барганын, андагы азап-тозок көргөнүн, өз атасынын илимдеги жолу татаал болуп, “Манас” эпосун изилдегени үчүн айыпсыз куугундукка алынып, 10 жылга кесилип, Казакстандагы Караганда шаарында лагерде каза болгонун, өзүнүн жазуучулук тагдыры тууралуу айтып берген эле.

УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ДӨӨ-ШААСЫ МАР БАЙЖИЕВ МУРАСЫ

– Атамдар «манаптын балдары» деп да куугунтукталган. Төрөкул Айтматов,
Касым Тыныстанов баш болуп баары эле манаптын балдары экен да. Болбосо орусчаны кайдан билет, убагында кантип билим алышмак эле. Касым Тыныстанов синтаксис, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча китеп жазган. Аны атууга кетиргенде китебин кошо жок кылбай, башкалар өздөрүнүн фамилиясын коюп чыгарып алышкан. Атам Ташым Байжиевдердин китептерин деле расмий түрдө «өрттөдүк» деген менен кийин башкалар автор болуп, жарык көргөн. Негизинен бул кишилердин атын чыгарбоо максаты болуптур.

1938-жылы 1-августта Касым
Тыныстанов камалып кетет. Анан «Касым Тыныстанов жалгыз болгон эмес, мунун шакирттери да бар. Зияш Бектенов менен Ташым Байжиевди да камаш керек» деп куугунтукка алышат. Атамдар качып жүрүп, 1938-жылы Николай Ежов өзүн атып салгандан кийин аман калышкан. Бирок 1949-жылы «Манас» эпосу еврейлер тарабынан орусчага атайын бурмаланып которулат. Котормонун аягы «Манас баатыр чоң казатта Кытайды басып алып, баарын мусулман кылган» деп аяктаган. Тескерисинче, «Чоң казатта» кыргыздын көбү кырылып, Манас баатыр кансырап араң элине келип жатпайбы. Ал котормо китеп болуп чыгат. Балакеттин баары ушундан башталган. Ошол убакта Кытайдын жетекчиси Мао Цзедун менен Сталин дос болчу.

Ал убакта атам Илимдер академиясынын «Манас» бөлүмүнүн башчысы экен. Бектенов Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевди бириктирип китеп чыгарат. Ага чейин «Манастын» котормосун Исхак Раззаков Сталиндик сыйлыкка көрсөтөт. Анан ызы-чуу башталганда «окумуштуулар жазган» деп четке чыга беришип, атамдар 1950-жылы камалып кеткен. Атам эки жылдан кийин түрмөдө каза болгон, — деген эле Мар агай.УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ДӨӨ-ШААСЫ МАР БАЙЖИЕВ МУРАСЫ УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ДӨӨ-ШААСЫ МАР БАЙЖИЕВ МУРАСЫ

Атасынын камалганы да ар дайым эсиңде экенин да айтып берген эле.

– 1950-жылы 10-январь түнү эртеңки мектепке даярданып жатканбыз. Эшиктин алдына машина токтогондо эле апам: «Кокуй, Ташыке, сени алып кеткени келишти окшойт», — деди. Ага чейин Тазабек Саманчин камалган. Аңгыча болбой үйгө НКВДнын төрт кызматкери, бардыгы формачан, жулунуп кирип келишти. Чап жаак, узун бойлуусу командири окшойт. Үйдүн баарын, атамдын китептерин, кагаздарын чакчелекей түшүрүп аңтарып чыгышты. Анан атамды кылмышкерди кармагандай кармап алып жөнөштү. Атамды алып баратканда иним «папа не виноват» деп эле атама жабышып чуркаганда бирөөсү аны колу менен акырын түртүп койду.

Биздин үйүбүз азыркы Кыргыз драма театры болсо, НКВДнын имараты Тарых музейинин ордунда болчу. Ошондо артынан ээрчий карап турсак, атамды КГБнын короосуна алып кирип кетишкен. Ошол бойдон көргөн жокмун. Башка жакка айдалып кетээрде апамды чакырып, «балдар кандай?» деп сураптыр. Биз ошол жакка барып чосмо менен (рогатка – ред.) таранчы атып, аны шашлык кылып жечүбүз. Анан биздин кыйкырган үнүбүздү жер төлөдө жаткан атам укчу экен. Аны апама айтыптыр, мен анда 14 жашка чыгып калгам. Бир жолу атамдан мага кат келди, «ай бала, эч качан жазуучулукка, искусствого киришпегин. Окууңду бүткөндөн кийин куруучу бол» деп жазыптыр. Анткени колум эптүү болчу. Ошентип түрмөгө тынбай посылка жиберип жаттык. Бир-эки жылдан кийин апам такыр эле эч нерсе жибербей калды. Анан «апа, атама посылка салбайсызбы?» десем ар кайсы шылтоону айтып кутулчу. Апама таарынып да жүрдүм. Көрсө, түрмөдө чогуу жаткан өзбек жазуучусунун баласы атамдын каза болгондугу тууралуу кат жибериптир. «Угуп алып жаман жолго түшүп кетпесин» деп корккон апам аны мага көрсөтпөй жүрүптүр. Мен да бир күнү ал катты окуп калып, билмексен болуп апама эч нерсе айткан жокмун. Кийин Зияш абам түрмөдөн чыкканда атамды угузганы үйгө келишти. Бирок апам мурда эле укканын, мен да муну билеримди айттым. Анан Тукей Кекиликов келип, атам тууралуу көп маалымат берген, — деген эле раматылык Мар агай атасын эскерип…

Атасынын керээзин, аманатын аткарбай, куруучу болбой, чыгармачылык дүйнөгө аралашып калганын дагы мындайча айтып берген.

– Мен бала кезден театр менен өсүп, ушул дүйнөдө жашап калдым. Ошол жаш кезимде эле бир нерсе жаза коюп жүрчүмүн. Анан өмүр бою шаарда жашап, орус мектебинде окусам да кыргызча жакшы сүйлөйм. Орусча ырларды жазчумун. Чоң энем да даңазалуу манасчы Саякбай Каралаев менен жакын тууган болгондуктан, ал мага көп нерсе айтып берчү. Музыкалык ийримге катышсам, опералык үнүм да бар экен. Себеби атам дагы жакшы ырдап, ролдорду мыкты аткарчу тура. Ошондуктан театрда роль да аткара койчумун. Бирок окумуштуу, илимпоз болом го деп ойлогом. «Манас» эпосу, кенже эпостор тууралуу изилдөөлөрүм бар. Бара-бара чыгармачылыкка берилип кеттим. Себеби Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде 3-курста окуп жүргөндө бир кичине пьеса жазып койсом жер-жерлердин баарына коюлуп, жакшы кабыл алынды. Бир жолу Нарынга барып калсам Таттыбүбү 8-класс, Нуркан Турсунбаев 10-класста окуйт экен. Экөө комедия жанрындагы жанагы пьесамды ойноп жатышыптыр. Кийин артист болом го дегем, бирок артисттин турмушу да татаал. Ошентип, чыгармачылык өзүнө азгырып, тартып кетти. Драматург болуп кеткенимдин себеби – ошол учурда эки тилде бирдей билген мен, Касымалы Баялиновдун уулу Марклен жана Лилия Турусбекова үчөөбүз эле экенбиз. Мен далай пьесаларды жаздым жана котордум. Драмаларым дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коюлду,-деген эле Мар агай.

– Кайран гана Мар авам, адамдыгы да, таланты да айкалышып жаткан, жакын санаган кишисине тамашакөй, жактырбаган адамына жабык сандыктай сыр ачпаган керемет, кеменгер талант эмес беле. Кызык жери, жашы менден бир топ жаш улуу, орусча проза жазган, мен болсо кыргызча ыр жазам, мүнөзү орус чалыш, болгонду бетке айткан чогоол мүнөз Мар авам экөөбүз кайдан жүрүп сырдана ага-ини болуп калганыбызга азыр да түшүнө бербейм. Балким, бизди жактырбаган нерсени кылычтай чаап түшкөн, ошол бетке айтма мүнөзүбүз жакындаткан чыгаар. Ара-чолодо жолукканда экөөбүз тең кубанып, чай үстүндө көпкө маек курар элек. Мар Байжиевдин драмалары дүйнөнүн 270тен ашуун өлкөдө: Германия, Польша, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Коста-Рика, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Монголия жана башкаларда коюлгандыгы анын мыкты драматург экендигин айгинелейт, — деп эскерет белгилүү журналист, таланттуу акын
Өмүрбек Тиллебаев.

– Мар Байжиев сөздүн чыныгы маанисинде улуттук адабиятыбыздын залкар калемгери. Ушул күндөрү 90 жашка чыкмак. Сексен алтысында акка моюн сунду эле. Залкар драматургдун «Кыз-күйөө» драмасы 1978-жылы КМАДТ тарабынан коюлган премьерасына катышканыбыз, спектакль бүткөн соң «автор, автор» деген чакыруулардан улам кара кастүм, шым кийген келишимдүү драматург тизилип турган актёрлордун четине келип: «Кыз-күйөө» мен сүйүп жазган пьесам болду», — деп айтканы азыр да эсибизде, көз алдыбызда турат… 1986-жылы «Мар Байжиевдин кара сөзү» деген көлөмдүү макалабызды жаздык. Ушундан кийин жакын мамиледе болдук. 70 жылдыгында атайы чакырып, өзү жөнүндөгү телеберүүгө катышып берүүбүздү өтүнүп, барып, чыгармачылыгы тууралуу айтып бергем. Кечээ жакында эле Академиялык драма театрыбыз даңазалуу драматургдун туулган күнүнүн урматына»Кыз-күйөөнү» кайра койгону кубандырат. «Актёрлордун жаңы мууну башкачараак коюшса керек» деген үмүт менен театрга бул ирет студенттерибиз менен барып көрүп, абдан ыраазы болдук, — дейт Жусуп
Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессор, филология илимдеринин доктору Садык Алахан.

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Фрунзе шаарында өткөн. Атасы белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев болгон. Мар Байжиев өзү орус жана кыргыз тилдеринде жазып, сынчы, котормочу, драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, кино жана театр режиссёру катары белгилүү. Ал студент кезинде эле өзүнүн чыгармаларын жаза баштаган.

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, андан соң Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган.

1961-жылы «Каракурт» аттуу сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» жана башка пьесаларды жазган. «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера коюлган. Ал «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

Мар Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер ишке ашырган. «Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» жана башка даректүү тасмалардын автору. Айрым тасмалары эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон.

Ал Касымалы Жантөшевдин, Тоголок Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон.

«Манас» жөнүндөгү биринчи даректүү тасманын (1961-жылы, режиссёр Лиля Турусбекова) автору катары көркөм галереяларды уюштурган. Репрессиянын курмандыгы болгон манас изилдөөчүлөр Евгений Поливанов, Ташим Байжиев жана Зияш Бектенов атындагы сыйлыктарды негиздеген, эпостун энциклопедиясын чыгарууга катышкан.

2008-жылы Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосун орус тилине көркөм которуп, китеп кылып чыгарган.

Мар Байжиевдин чыгармалары КМШ, чет өлкөлөрдүн тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. Кыргыз тилинде он бештей, орус тилинде жыйырмага чукул китептери жарык көргөн.

Мар агай коомдук иштерде дагы мекенчилдигин жана уюштуруучулугун көрсөтүп, «Седеп» фондунун президенти, 1990–1994-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, маданият, эл агартуу, мамлекеттик тил жана туризм боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын төрагасы болгон. Өмүрүнүн акырына чейин өлкөбүздүн кино академиясынын президенти, Искусство институтунун профессору болуп, жигердүү иштеген. Мектеп окуучулары үчүн “Манас насааты” аттуу китеби жарык көргөн.

Мар агайдын чыгармачылыгы боюнча дипломдук, кандидаттык, доктордук иштер корголуп, өзүнчө монографиялар жарык көргөн. Анын балалыгы да, жаштык кези да, чыгармачылык тагдыры да татаал, карама-каршылыктуу болду. Балалыгы Улуу Ата мекендик согуштун оор жылдарына туш келген. Кыйынчылыктуу кырдаал Мардын атасы Ташымдын 1942-жылы согушка аттанышы менен, ого бетер татаалданып, 1950-жылдары жалган жалаа менен түрмөгө кесилген атасынан айрылган.

Мар Байжиев өзүн актёрдук кесипте сынап, «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор, көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Маданият министрлигинин репертуар жана редколлегиясынын башкы редактору, Москвада жарык көргөн «Литературная газета» журналынын Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болуп иштеген.

Ал дүйнөлүк шедеврге айлаган чыгармаларды, макалаларды, пьесаларды кыргыз тилине которуп, Уильям Шекспирдин “Антоний менен Клеопатра” трагедиясын кыргыз сахнасында койгон.

Кыргыз киносунун башатында тургандардын дөө-шааларынын бири Мар Байжиев. Анын сценарийи боюнча ондон ашуун тасмалар тартылган. Эң белгилүүсү режиссёр Төлөмүш Океев тарткан “Ак илбирстин тукуму” көркөм тасмасы. «Окуя» жана «Поезддер поезы» фильмдерин тартууда режиссёрдун милдетин да аткарган.

Республиканын саясий турмушуна да зор салым кошуп, 1990-1995-жылдары Мар Байжиев Жогорку Кеңештин депутаты болуу менен Кыргызстандын биринчи Конституциясын жазууга катышкан. Ал орус тили расмий тил болушун дагы сунуш кылган. Жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттердин ишмердүүлүгү жөнүндө жана башка көптөгөн мыйзамдарды иштеп чыгууга катышкан. Жаштар фанат болуп кетпеши үчүн мектептерде дин тарыхын окутуу керектигин жактап, өзүнүн калыс пикирин билдирген.

Адабияттын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Мар Байжиевге Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана Кыргызстандын эл жазуучусу наамдары ыйгарылган. Ал СССР кинематографиясынын отличниги болгон.

Кыргыз улуттук маданиятына кошкон зор салымы үчүн III даражадагы “Манас” ордени жана мыйзам чыгаруудагы ишмердүүлүгү, республикада социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына карата “Данакер”, “Ак Илбирс” мамлекеттик статуэткасы, 2018-жыл Шериктеш мамлекеттердин “Кызматташтык жылдызы” эл аралык сыйлыгы менен сыйланган.

Жубайы менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

2021-жылы 29-октябрда
86 жашында көз жумган.

Мар Байжиевдин элде калган нускалуу кеп-кеңештери:

УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ДӨӨ-ШААСЫ МАР БАЙЖИЕВ МУРАСЫ

Калемгердин жалпыга маалымдоо каражаттарындагы айрым эмгектерин барактап, чыгармачыл инсандын элине калтырган нускалуу кептеринен сунуш кылалы.

Глобализация – апендинин жомогу, ал болуп эле келе жатат. Ошол ааламдашуу алкагында да кыргыз эли биригип турушу керек.

Кыргыздардын бир укмуштуудай сапаты — адегенде баладай ишенип, анан эгер ишеними ордунан чыкпай калса, алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Бул да кыргыз элинин залкарлыгы.

Адамдын накта сапаты, ички дүйнөсү каатчылыкта билинет экен. Ичинде кенедей терс мүнөз, кара мүртөздүк же башка балакети болсо, тынччылыкта көп билинбейт экен, ал эми мындайда жөн эле оркоюп, жакшы эле катайын десе да сыртына чыгып, элдин көзүн ачыштыргандар болот эмеспи.

Турмуш деген заматта бактылууну бактысыз кылып, бактысызга бакыт берип коёт экен да, мүшкүл!

Адам деген бактысына өзү эч качан баа бере албайт тура. Баласыздык – чоң түйшүк дечи, бирок үй-бүлөсүз жашоо андан жакшыбы? Үйүңдө күлсөң кошо күлүп, ыйласаң кошо ыйлап турган аял болсо, бу да өзүнчө жыргал турбайбы.

Адамдын турмушу жалаң гана майрамдардан түзүлбөйт. Алдыда татаал ашуулар, капчыгайлар, терең кечүүлөр жатат. Ошол тоскоолдорду басып өтүп, жүрөктү толкундаткан назик, мээримдүү, ыйык сүйүүнү сактап калыш үчүн кайрат, акылмандык керек.

О, турмуш! Адамдын накта дүйнөсү, сезими, сүйүүсү чоң түйшүк алдында толук ачылат турбайбы!

Бирок бир нерсени билип коюңуз: башыңызга күн түшсө, жердин түбүнөн болсо да сизге жетип келип, жөлөк болчу бир жан бар…

Байыркы заманда элибиз чыгарган акыл-насааттуу жомок али да болсо унутулбайт, азыркы атомдук доордо адамзат өзү менен кошо жашаган айбанатты өлүм-житимден сактап, жер-сууга сарамжалдуу мамиле кылбаса, акыры чоң кыянатка учурап калышыбыз мүмкүн деген ойду кайра-кайра эсибизге түшүрөт.

Кычы сөз адамдын терең жериндеги кемчилигине тийгенде, курч сөз экени же мокок сөз экени билинбей сөөккө тийгендей мизи майтарылат.

Сен азыр баласың, бойго жетип чоңойгонуңда адамдын өмүрү өтө кыска экенин түшүнөсүң. Адам өмүрү – анын туулган күнү менен каза болгон күнүнүн аралыгындагы алкакта өткөн мезгил эмес. Мүмкүн өмүр деген капталыңа канат бүтүп, бардыгын таштап курмандыкка чалып, куштай сызып, дүйнөнүн четине учуп жетчүдөй болуп тургандагы бир гана саат же мүнөттүр. Ал деген адамдын өмүрүнүн көз ачып-жумганчалык кыска мезгили, кымындай үзүндүсүдүр, бирок адам дал ошол мезгил үчүн жашагысы келет.

Эгерде ошондой канаттуу мезгилиң болбосо, же жүрөгүңдүн илебине кулак салбай, чоркоктук кылып, ошол мезгилиңди өткөрүп жиберсең – жарык дүйнөдө жашадым деп ойлобо. Анткени калган өмүрүң жайбаракат бырыксып түтөгөн кыкка барабар.

Үйлөнүү той күнү эң сонун жана кубанычтуу күн болуп түбөлүккө эсте калат. Андан кийинки өмүр анык сүйүүнүн, берилгендиктин, адамгерчилигиңдин, абийириңдин сыноосу болот.

Адамың деле тырмактай чымчык сыяктуу экен да: жок жерден жер үстүнө пайда болуп, жарык дүйнөнүн ачуу-таттуусун татып, сүйүп-күйүп, жамандык көрсө кейип ыйлап, жакшылык жыргалында күлүп, түнкү айдын нуруна бөлөнүп, күндүн эртең мененки шооласына жылмайып, анан заматта «бырп» этип о дүйнөгө учуп кетет. Зор кереметтүү табияттын күрдөөлдүү айлампасынын алдында, жер үстүндөгү түбөлүктүү жашоо менен тирүү жан кутулгус ажалдын алдында адамдын көр оокатындагы майда-барат кагылыштар, өз ара таарынычтар, түшүнбөстүктөр кеп эмес экен да!

– Менин бир таарынычым бар. 2019-жылы атам Ташым Байжиевдин 110 жылдыгында Караколдогу мектепке жана бир көчөгө атын беребиз деген чечим чыгып, гезитке да жарыяланган. Анан бара-бара тигил кызматкерлерди жумуштан алып коюп, бул маселе ишке ашпай калды. Ушуну эми деле эске алышса жакшы болот эле. Себеби, кыргыз маданиятына, адабиятына жана илимине кошкон салымы бааланбай турат, — деп жалпыга маалымдоо каражаттарына арманын айтканы да бар эле.

Ошондой эле коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин деле өлкөбүздүн маданиятына, искусствосуна, илим-билимине кошкон салымы учурда деле калыс баасын ала элек.

– Жакында  Кыргыз улуттук драма театрында Мар Тажымовичтин “Кыз-күйөө” драмасы коюлуп, ага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев да катышып, “Кыргыз адабиятынын туу чокусу Чыңгыз Айтматов болсо, кыргыз драматургиясынын туу чокусу Мар Байжиев. Агайдын  90 жылдык мааракесине карата эки китеби, драмалары түрк тилине которулду. Ошол китептерди алып келдим эле. Бүгүн эл алдында Мар Байжиевдин кызы Айжан Маровнага тапшырайын»-деп айтып, чыгармачылыгына жогору баасын берди.

Өлкөбүздүн маданият, искусство, кино, театр ишмерлери ага Кыргыз Республикасынын  Эмгек Баатыры деген наам берүү жөнүндө өлкө жетекчилерине, тиешелүү мекемелерге кайрылуу жасап жатышат. Анан дагы Мар Байжиевдин ысымын Бишкек шаарындагы бир көчөгө же мектепке да ыйгараруу тууралуу сунуш киргизип жатышкан Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем, -деди маркумдун жубайы Кыргыз эл артисти Шайгүл Алсейитова.

Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин 90 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде күрдөөлдүү күздө белгиленет.

Кабыл Макешов,
“ Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер