ӨТКӨНДҮ БИЛБЕЙ, АЛДЫГА ЖЫЛУУ КЫЙЫН

  • 12.07.2023
  • 0

Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейиндеги  тарыхый маалыматтар, кызыгуу жараткан экспонаттар келгендерди кайдигер калтырбайт. Аталган музейдин негиздөөчүсү, алгачкы директору, коомдук жана саясий ишмер Кенжекан Ысманова 85 жашка чейин жетектеп, эми өзүнүн шакиртине өткөрүп берди.

ӨТКӨНДҮ БИЛБЕЙ, АЛДЫГА ЖЫЛУУ КЫЙЫН

 

 

 

Өзгөчө баалуу экспонаттар

Музей 1979-жылы 5-сентябрда ачылган. Ал алты залдан турат: археологиядан башталып, көл, турмуш-тиричилик, көргөзмө зал менен жыйынтыкталат. Музейдеги бардык табылгаларды Кенжекан Ысманова өзү археологдор менен чогуу жүрүп, бирден  чогултуп келген. Музейдин түзүлүшүнө анын салымы зор экенин замандаштары, санаалаштары бир ооздон белгилеп келишет.

Музейде археологдордун күчү менен табылган баалуу экспонаттар, көчмөндөрдүн тиричилик буюмдары, элдик прикладдык искусство, ошондой эле Ысык-Көл жөнүндө маалыматтар коюлган. Мындан сырткары Ысык-Көл регионунун флорасы менен фаунасына арналган экспозицияларды да көрсө болот.

Көчмөндөрдүн жашоо-тиричилигине тиешелүү буюмдар, будда маданиятынын артефакттары, байыркы чеканка тыйындар, курал-жарактар  ж.б.у.с. экспонаттар орун алган. Ошондой эле айрым стенддер кыргыз элинин улуу эпосу, дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма, 500 553 ыр сабынан турган “Манас» эпосуна, Ысык-Көлгө, искусствого жана живописке, элдик музыкалык аспаптарга, Көлдөн чыккан маданият жана искусство ишмерлерине, улуттук кийимдерге жана 1941-45-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арналган.

ӨТКӨНДҮ БИЛБЕЙ, АЛДЫГА ЖЫЛУУ КЫЙЫНӨТКӨНДҮ БИЛБЕЙ, АЛДЫГА ЖЫЛУУ КЫЙЫН

— Тарыхый экспонаттар музейге келгендер үчүн өзгөчө баалуу. Алсак,  Саламат-Булак деген жерден табылган б.з.ч. таш жана коло эмгек куралдары чоң кызыгууну жаратат. Ысык-Көлдүн түбүнөн көтөрүлгөн чоң сак коло казандары (б.з.ч.) өзүнүн көлөмү жана даярдоо техникасы менен таң калтырат. Караханид династиясынын башкаруу учурундагы товардык-акча мамилелеринин өнүгүшү тууралуу баяндаган байыркы монеталардын коллекциясы да кызыктуу. Кытай монеталары, будда жана Тибет экспонаттары да кездешет. Бул Кыргызстандын коңшу Кытай мамлекети менен тыгыз тарыхый байланышын көрсөтүп турат, — дейт К.Ысманова.

Улуттук баалуулуктар

Музейде кыргыз боз үйүнүн мини-инсталляциясын көрүүгө болот. Ортоазиялык көчмөндөрдүн бул салттуу турак жайынын ичинде кийизден жасалган шырдак жана ала-кийиздер (килемдер), боз үйдүн ээсинин же ардактуу меймандын орду жайгашкан жерде жаздыктар, буюмдар жана идиш-аяктар салынган чоң темир сандыктар турат. Ашкана тарап саймалуу чий менен тосулган.

— Ак боз үй — кыргыздардын жашоо образынын символу, алардын балалыгы, жаштыгы жана карылыгы өткөн жер. Музейдин дагы бир бөлүгү — ачык асман алдындагы корук музейи же Петроглиф музейи. Ал  Кара-Ой айылынан Хутор айылына чейинки тоо этектеринде жайгашкан. Жалпысынан музейдин филиалдарында өзүнчө коллекцияларды кошкондо 15 миңге жакын экспонат сакталат, — дейт музейдин көзөмөлдөөчүсү Эркингүл Элебаева.  – Бул музейде он жылдан бери  эмгектенем. Кенжекан Ысмановна азыр ардактуу эс алууда. Кенже эже ар бир кызматкерине өзгөчө мамиле кылчу. Бизди жумушту сүйүүгө, жоопкерчиликтүү болууга үйрөткөн. Биз аны “энеке” дейбиз азыркыга чейин. Ал ар бир тарыхый жерге барып, кыдырып, бирден чогулткан экен. Эженин эмгегин сактаганга аракет кылып жатабыз.

Негиздөөчү тууралуу азыноолак кеп

Кенжекан Ысманова ошол кездеги маданият министри  Калипа Кондучалова болуп турган кезде Кочкор районунда жетекчилик кызматта иштеген.

— Кочкорго келгенимде китепканалардын ичтери начар экен. Жалпы район боюнча ошонун баарын оңдоюн деген ой менен ишке кириштим. Себеби, бул идеологиялык жумуш эле. Министрге кайрылып, клуб, китепкананы оңдогонго адистерди сурасам, макул болуп жиберишти. Алардын жардамы менен түзөтүү иштери жүрдү, иштер жакшырды. Муну байкаган Калипа эже республикалык семинар өткөрүүнү сунуштады. Жыйынтыгында алгачкы маданият кызматкерлеринин семинары Кочкордо өткөн. Ага С.Бегматова, Т.Кулатов катышкан болчу.  Өткөндү билбей, алдыга жылыш жок. Ушул сөздүн аркасы менен Кочкордо музей ачтык. Ошол эле 70-жылдары Ысык-Көл районуна идеология боюнча секратарь кызматына которулдум. Тогуз айдын ичинде жакшы иштерди жасадык, клуб, музей, китепканаларды ачып, оңдоо-түзөтүү иштерин аткардык, — дейт К.Ысманова.

Андан соң Кенжекан апа Ысык-Көлгө келгенде, маданият кызматкерлери музей түзүп берүүнү суранышат. Ошондон кийин музейди уюштурууга киришет.

— Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өз алдынча мамлекеттин, элдин жүзүн көрсөтүп, ким экендигин билгизип музей түзүш керек болду. Анан ушул жактагы эски мектептин имаратын башка жакка көчүрүп, ал жерде түзөтүү иштерин жүргүздүк. Ошондон кийин музейде жетекчи болдум. 85 жашка чейин иштеп, жетекчиликти өзүм тарбиялап жүргөн окуучума өткөрүп бердим. Бул тарыхый эле эмес, тарыхый-маданий жана корук музейи. Корук музей дегеним, музейге жакын жерде ташка чегилген сүрөттөр, сайма таш бар. ЮНЕСКОнун тизмесине союз тарап, кирбей калган. Биринчи табылгадан баштап Ысык-Көл облусунун бардык райондорун кыдырып, тарыхчы, археолог, адистер менен бирге элден чогултканбыз. Кондучалова эже музейге 21 экспонат жөнөткөн. Ар биринин өзүнүн тарыхы жазылуу. Музейдин имаратынын фасады жана анын көргөзмө залдары өзүнчө тарыхый эстелик болуп саналат, — деди негиздөөчү.

Эстелик

85 жаштагы Кеңешкан Ысманова  Ысык-Көл жана Нарын облустарынын, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондорунун, ошондой эле Чоң-Кызыл-Суу айылынын ардактуу жараны. Ал мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Алардын арасында «Даңк» медалы, «КР Маданиятына эмгек сиңирген кызматкер» наамы, экс-Президент Роза Отунбаеванын Ардак грамотасы бар. Ар кайсы жылдары К.Ысманова Нарын жана Ысык-Көл облустарында билим берүү системасында да иштеген.

Ал «Улуу Үркүн — урпак казынасы», “Муундар мурасы — сөз” китептеринин автору. Кесиптештери аны «энекебай» деп аташат. Ал эне катары муктаж болгондорго кеңеш берет, эч качан жардамга кайрылуудан баш тарткан эмес.

Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында Жеңиштин 70 жылдыгына карата балдары менен Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арнап, эстелик тургузулган.

— Атам фронтко кеткенде мен алты жашта элем. Ошондон бери мен аны көргөн жокмун, ал согушта курман болду. Бизге берген жаркын келечегибиз үчүн аталарыбызга, чоң аталарыбызга чоң рахмат айтам. Ошондуктан, мен 18 жыл мурун балдарым менен өз айылымда Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузган элем. Быйыл биз айылыбыздын маданият үйүнүн жанына жаңысын орноттук. Тизмеде биздин айылдан немистер менен согушкан 53 адамдын аты-жөнү бар. Алардын арасында менин атам Батырканов Ысман да бар, — деди Кенже апа. — Орнотулган эстелик баардыгы үчүн чоң эстелик болот деп ойлойм. Азыркы жаштар балдары, энелери, аялдары жана туугандары үчүн өмүрүн аябагандарды билишет жана эстешет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер