ТИЛ – ДИЛИҢЕ КӨПҮРӨ

  • 01.08.2025
  • 0

Улут уркун узарткан үч нерсе бар: Тил! Маданият! Тарых! Улуу жана ыйык саналган мына ушул үчөө өз ара эриш-аркак жуурулушканда, нечен кылымдар кыйрынан муундан-муунга таберик болуп келаткан ата-баба тарых-таржымалы менен салт-санаасы, акыл-парасаты менен адеп-актыгы келечекке ак кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Дегеле, ата-баба тилин билбеген, салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору анык. Уңгулуу улут урку менен келечек муундарды өз ара жалгаштырып турган дагы дал ушулар. Кеп Кыргызстан калкынын уюткусу болгон кыргыз журтунун өз эне тилине, маданий дөөлөттөрүнө, тарых-таржымалына, дагы башка улуттук баалуулуктарына жасаган мамилесинде турат. Айланкөчөк дүнүйө: бары-жоктун барысы тилден кирип, дилге жугат, карт тарыхка айланат. Ушу тапта кыргыз парламентинде жалпы билим берүү мектептерин үчиликтик тилге өткөрүү, мындайча айтканда, кыргыз (мамлекеттик), жана орус (расмий) тилдеринен тышкары, англис (чет тил) тилин кошо окутуу демилгеси көтөрүлүүдө. Ошону менен бирге, англис тилин жогорку окуу жайларында, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын күндөлүк ишинде бирдей колдонуу чараларын иштеп чыгуу демилгеси сунушталган. Ал үчүн адегенде “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Эмесе, ошого назар салалы…

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга айрым түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча депутат Миргүл Темирбаева баштаган демилгечил топтун айтымында, Кыргызстандын азыркы шартында мектептерде үч тилди окутуу таризин киргизүү агартуу тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш.ТИЛ – ДИЛИҢЕ КӨПҮРӨ

2020-жылы кабыл алынган “Кыргыз жараны” концепциясына ылайык, мамлекеттик тилдин же кыргыз тилинин бирдиктүү кыргыз улутунун иденттүүлүгүн калыптандыруу, жамы журттун башын кошуу жаатындагы мааниси зор. Ал эми расмий тилдин же орус тилинин иш кагаздарын жүргүзүүдө, маалымат алмашууда, күнүмдүк турмушта колдонуу жаатында өз орду бар. Андан сырткары, англис, немис, француз ж.б.у.с. тилдердин бири окутулат. Айрыкча азыркыдай ааламдашуу доорунда англис тили бизнесте, илимде, жаңы технологияда, эл аралык дипломатияда кеңири колдонулууда. Биздин келечек муун дагы андан сырткары калбашы керек.

Мында “үч тилде окутуу” жана “үч тилди окутуу” деген түшүнүктөрдү” алмаштырып же аралаштырып албашыбыз керек, экөө эки башка түшүнүк. Бир караганда анчалык билине бербеген мындай маанилик жактан өтө жакын түшүнүктөрдүн арасында мыйзам аркылуу чечиле турганы бар, мыйзам алдындагы актылар аркылуу чечиле турганы бар же жөн эле Министрлер Кабинетинин токтому менен түз чечиле турган маселелер дагы бар. Ал жагын эгерим эстен чыгарбайлы.

Биз билгенден, депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолордо дагы бир жаңы пункт пайда болду: “Баштапкы мектепте – мамлекеттик тилде окутулат, жалпы жана орто мектепте – мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде окутулат” деген сындуу кошумчалар пайда болуптур. Кыязы, мыйзамдын алгачкы окуудагы талкуу  жүрүшүндө КР ЖК төрагасы Нурланбек Тугунбек уулу мамлекеттик тилдин тегерегинде көйгөйлөрдү биржаңсыл чечүү үчүн Кыргызстандагы мектептер бир тилде окутулушу керек деген пикирин билдирген. Менимче, демилгечилер тарабынан ошол сунуш ушундай таризде кабыл алынган болуш керек.

Ырас, кыргыз элинин көп тил билгени жакшы. “Көп тил билген – билерман, көптү көргөн – көрөгөч” деп бекеринен айтылбаган чыгар. Келечегинде “Алтымыш тилдин жилигин чагып, алтымыш түркүн кан ордосунун каалгасын каккан, арбайлуу кыргыз журтунун намысы үчүн алтымыш элдин көңүлүн тапкан Айкөл Манас бабабыздын ача тилдүү Ажыбай элчиси өңдүү билерман кишилерибиздин чыгышы ажеп эмес. Азыр деле уучубуз куру эмес дечи.

Кандайдыр бир зарылдык жаралмайынча адамдын башка тилди өздөштүрүшү өтө кыйын экенин турмуш өзү көрсөттү. Ооба, бизде чала-моңол болсо дагы кайсы бир тилди билүүнү талап кылган дипломатия, илим, бизнес, туризм сындуу бир катар келечектүү тармактар арбын. Демек, зарылдык бар. Тек, мына ошол тармактарда иштейм дегендер үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарыл. Анын кошул, эл аралык кызматташтык алкагында “БУУнун тили” деген түшүнүк бар, орус жана англис тилдери мына ошол алты тилдин катарына кирет.

Маселен, туризм тармагын алалы. Акыркы маалыматтарга караганда, 2024-жылы Кыргызстан аймагына 8,6 млн турист келген. Алар баш-аягы 1 млрд 16 млн доллар өлчөмүндө каражат калтырыптыр. Бул калкы 7 млн адамдан жаңы ашкан өлкө үчүн жакшы эле көрсөткүч. Буюрса, 2025-жылдын жыйынтыгында 10 млн турист келет деп турабыз. Акыркы мезгилде салттуу жайкы туризмден тышкары, кышкы туризм дагы кыйла жанданып жатат. Жер-жерлерде эл аралык деңгээлдеги спорттук ири комплекстер курула баштады, мезгилдүү эс алуу жайларын “жылдызчаларга” жеткирүү чаралары көрүлүүдө. Президент айтмакчы, болочокто туризм тармагы Кыргызстан үчүн экинчи “Кумтөр” болорунда эч шек жок.

Албетте, биз келечек муундун өз эне тилин жатык өздөштүрүүдөн тышкары, дагы башка көп тил билүүсүн колдойбуз. Демек, чала-моңол тил байлап, туристтерди жетелеп жүргөн утурумдук немелерди эмес, аларды жогорку деңгээлде күтө билип, эс алуусуна жагымдуу шарттарды түзүп берген, туруктуу иштей турган атайын адистерди даярдоого тийишпиз.

Анчалык эле зарылдык жаралып калса, жарандарыбыз жеке репетиторлор, билимканалар, атайын курстар, тил үйрөтүү борборлору, билим берүү мекемелери сындуу мамлекеттик жана коомдук уюмдар аркылуу башка коомдук мекемелерден кошумча даярдыктан өтө алышат. Биз өзгө тилдерди эле эмес, ошол тилде сүйлөгөн элдин улуттук маданияты менен салт-санаасын кошо өздөштүрүүгө тийишпиз. Ошондо туризмдин агымы арбыйт.

Көп тил билүү артыкчылыгын окумуштуулар дагы жокко чыгарбайт. Алардын айтымында, көп тил билген балдар жаңы материалдарды кабылдоо жаатында өз курбалдаштарына караганда кыйла сергек келет, сабакты жатык өздөштүрөт, бир эле мезгилде көп тапшырмаларды аткарууга, жаңы нерселерди тез кабылдоого жөндөмдүү. Балдардын когнитивдүү жөндөмдүүлүгүн баалоо жүрүмүндө алар өздөрүнүн ой жүгүртүү жүрүмүн жакшыраак уюштуруу аркылуу түмөн түйшүктүү тапшырмаларды ырааттуу аткарууга жөндөмдүү деген жыйынтыкка келишкен.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кезинде: «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз – дүйнө бизди өзгөртөт» деп таасын-так аныктама берген экен. Анысы кандай, бүтүндөй билим берүү тармагын окутуунун улуттук жаңы моделине трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» мамлекеттик программасында бүткүл өлкө жарандарын, анын ичинде ата-энелер менен мугалимдер жамаатын, алтургай мектеп босогосун жаңыдан аттаган балакайларыбызга чейин тынчсыздандырган бир катар арты туюк, алды күдүк суроолорго кыйла так жооп берилген. Анда балдарга билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия иши куштун кош канатындай эриш-аркак жүрүшү керек экени баса белгиленди.

Эсиңерде болсо керек, ушул жылдын июль айындагы иш сапардын жүрүшүндө КР Президенти
Садыр Жапаров бир аптанын ичинде РФ Президенти Владимир Путин менен эки жолу жолугушту. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар бар. Андан тышкары, Кыргызстан менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташтык уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) сындуу уюмдарга мүчө. Эң башкысы – Кыргызстан менен Россия бири-бирин өтө жакын стратегиялык өнөктөш өлкөлөр катары тааныйт. Демек, өз ара пикир алыша турган маанилүү маселер арбын. Албетте, анын ичинде тил маселеси унутту калган жок.

ВЛАДИМИР ПУТИН:

“Россия благодарна Киргизии за особый статус русского языка в республике. Это помогает различным связям двух государств. Хотел бы вас поблагодарить за то, что русскому языку придан особый статус в Киргизии. Это позволяет нам работать более эффективно по ряду других направлений, в том числе в сфере экономики. Русский язык в Киргизии имеет статус официального. За ним закреплена функция межнационального общения в республике…”.

Ал эми КР Президенти Россияданы иш сапарынан кайтып келген соң, “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде кайрадан орус тилинин маани-маңызына токтолуп, азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышканын, көп тил билген жакшы экенин, дүйнөнүн кайсы бурчуна барбасын эркин жүрө тургандыгын баса белгиледи.

САДЫР ЖАПАРОВ:

“Бизде орус тили расмий тил катары белгиленген. Орус тилин колдоп келатканыбыз үчүн Владимир Владимирович өз ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Маселен, КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коёюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң, орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң, орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте, биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус жана англис тилдерин да билүүгө тийишпиз. Дүйнөнүн тең жарымы мына ушул эки тилди колдонот…”

Ошол эле учурда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева да Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумга катышып келди. Иш-чара алкагындагы “Евразия” панелдик сессиянын жүрүшүндө министр айым кыргызстандыктардын 82 пайыз калкы орус тилинде мыкты сүйлөй турганын айтты.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА:

“Кыргызстанда баш-аягы 2377 мектеп болсо, анын 260 мектеби орус тилинде окутулат. Ошондой эле аралаш тилдеги 867 мектеп бар. Ал эми жогорку окуу жайларына караштуу мектептердин окуу программалары толугу менен орус тилинде өтүлөт. Бизде маданий-гуманитардык интеграция болгон, болуп жатат, мындан ары да боло бермекчи…”

Ал эми сөз башында айтылган “Баштапкы мектепте – мамлекеттик тилде окутулат, жалпы жана орто мектепте – мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде окутулат” деген жобого келсек, мурдагы билим берүү жана илим министри, азыркы агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүү мекемелери мамлекеттик тилге которуларын, бирок алар этап-этабы менен өтөрүн кулак кагыш кылган.

Маселен, 2025-жылы ЖРТга 56 миң 160 бүтүрүүчү катышып, алардын 67,3 пайызы 110 баллдык босогодон өткөн жана өлкө боюнча орточо балл 127,3 пайызды түздү. Андан тышкары, 31 миң 731 катышуучу (56,5 пайыз) тестти кыргыз тилинде тапшырса, 24 миң 428 катышуучу (43,5 пайыз) тестти орус тилинде тапшырган.

ТИЛ – ДИЛИҢЕ КӨПҮРӨ

 

Көрсө, баарынан кызыгы дагы алдыда экен: шумдугуң кур, жыйынтыгында алтын сертификат (тастыктама) алган 54 катышуучунун бирөө гана кыргыз мектебинин бүтүрүүчүсү болуп чыкпадыбы. Айласы алты кеткен айрым саясатчылар тесттирлөөнү жүргүзүү жобосун өзгөртүү керек, аймактар же тилдер боюнча квота киргизүү зарыл деп чычалап чыгышты. Кыскасы, алтын сертификат алгандардын ичинен 38 бүтүрүүчү Бишкек шаарынан, калгандары Жалал-Абаддан, Нарындан, Канттан, Караколдон болуп чыкты. Ал эми Баткен жана Ош облустарынан бир дагы өкүл жок. Бул – кандай иликтөөлөрдү жүргүзүп, канча илинчек таппайлы, эмне шылтоо айтпайлы, барып-келип эле баягы эле окуу сапатынын кескин түшүп кеткенине барып такалары бышык. Аттиң!..

Ушул жерде эске сала кетчү нерсе: 2024-жылдан тарта жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) билүү боюнча кошумча тест тапшырууга тийиш. Ансыз болбойт.

Алыс барбай эле, ордо калаабыздагы абалга кайрылып көрөлүчү. Көптөн бери эле эне  тилин үйрөтүүнү бала бакчадан баштабасак болбойт деп келебиз. Туура, балдарды канчалык жаш кезинен үйрөтө баштасак – ошончолук жакшы, анда сөз жок. А бирок… мисалы, вице-мэр Виктория Мозгочеванын айтымында, Бишкек шаарындагы 117 бала бакчада 32 миң бөбөк тарбияланат, дагы 34 миңдей бала кезекте турат. 2024-жылы 10 жаңы бала бакча пайдаланууга берилген. Калган мекемелерди сыгылыштырып отуруп, кошумча 5 миң орун табылган.

Андан тышкары, менчиктен кайтарылган бала бакчалар бар, Буюрса, кошумча корпустар дагы курулганы турат. Эми, мунун баары айла жоктун иши да. Ошондуктан аргасыздан мамлекеттик тилге этап-этабы менен өткөрүлүп жатат. Алар жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет дешет. Аны да көрө жатарбыз.

Агартуу министри жаңы окуу жылына карата мугалимдер да жетишсиз экенин айтат. “Жакында бүтүрүүчү-педагогдор менен жолугуштум, алардын 80 пайызы мектептердеги жумушка орношуптур. Бир кыйчалыш абал бар: буюрса, 2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын апрелине чейин мугалимдердин эмгек акысы жогорулайт. Балким, Илимдер академиясынын жогорку окуу жайларынын айрым окутуучулары мектепке барышы мүмкүн. Ошону менен бирге, азыр мугалимдерге карата коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Анткени педагогикалык багыттагы окуу жайларга тапшыруучу абитуриенттердин ЖРТ боюнча босого баллы 130 баллга чейин көтөрүлдү.

Бизде кандай болгон күндө да билим берүү сапаты тезинен жакшырып кетсе деген эле илгери үмүт, изги тилек бар!..

Акыркы маалыматтарга караганда, 2025-жылдын ноябрь айында РФ Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келери белгилүү болду. Иш-чара жүрүшүндө эки мамлекет башчысы өз позицияларын дагы өз ара такташып, эки тараптуу орус-кыргыз кызматташтык мамилелерин жөнгө сала турган бир катар документтерге кол коюлары бышык. Албетте, иш сапар маалында тил маселелери да козголору мыйзам ченемдүү нерсе. КР Президентинин илим-билимдүү, жамы өлкө жана жалпы кыргыз журтунун жүгүн көтөрүүгө жарамдуу келечек муундун өкүлдөрүн тарбиялоого багытталган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу доктринасынын да, Министрлер Кабинетинин «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын дагы өзөгүн билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия ишин эриш-аркак алып баруу милдети түзөт. Андан тышкары, кыргыз жарандарынын иденттүүлүгү, мамлекеттик тилди сөзсүз билүү жана колдонуу, ырасмий тилди өздөштүрүү жана колдоно билүү, дагы башка кошумча чет тилдерди үйрөнүү артыкчылыгы, салттуу бүлө баалуулуктарын таануу, ата-энелер менен окутуучулар жамаатынын өз ара тыгыз байланышын ыраатка келтирүү чаралары да камтылган. Демек, канчадан бери оңдуу чечилбей келаткан мамлекеттик чечимдер аткарылышы керек. Ансыз болбойт..

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер