технологиялык чоң өсүш

  • 07.02.2025
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында “Алтын Казык” брендинде чогултулган алгачкы ноутбуктар жакында эле Каракол шаарындагы STEM мугалимдерине 192 ноутбук тапшырылган болчу. Бул окутуучуларга тапшырылган алгачкы партия. Ата мекендик ноутбуктардын техникалык жарамдуулугун Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия тыкыр текшерүүдөн өткөргөн. Ушул келген партиядан Ысык-Көл облустук Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты 21 ноутбук алган. Учурда мугалимдер ноутбукту кандай пайдаланып жаткандары, канчалык мугалимге жеңилдик болгонун сурап көрдүк. Анда эмесе, сүйүнүчтөрү койнуна батпаган мугалимдердин пикирлерин ортого салабыз.

Мугалимдердин ишин жеңилдетти

Жогоруда аталган мектептин директору, билим берүүнүн мыктысы Айзада Апазованын айтуусунда, “Мугалим – бул келечекти түзүүчү, жүрөктөрдү тарбиялаган жана акылдын жарыгын чачкан адам”. Мугалимдер коомдун өнүгүүсүндө, келечектеги муундардын тарбиясы жана билим алуусунда орчундуу ролду ойнойт. Алар билим берүү системасындагы негизги фигуралар болуп, өлкөнүн келечегин түптөөдө чоң таасирге ээ. Ошондуктан мугалимдердин кесибин баалоо жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү – бул мамлекеттин алдында турган эң маанилүү милдеттеринин бири. Мамлекетибиз мугалимдердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында берилген “Алтын Казык” ноутбуктарын алуу менен санариптештирүү мезгилин жакшыртуу лицейге чоң кубаныч тартуулады.

технологиялык чоң өсүш

– Лицейдин STEM багытында окуткан 21 мугалим ноутбук менен камсыздандырылды. Алардын кубанычы – лицейдин кубанычы экенин баса белгилеп кетет элем. Замандын талабына жооп берген инновациялар билим берүү системасына заманбап технологияларды колдонуу үчүн шарттарды мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлгөндүгү, санариптик даяр платформалардын алып баруу мүмкүнчүлүктөрү, интернет аркылуу ресурстарга жеткиликтүү берүү мугалимдердин ишин жеңилдеткени, билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү аракеттери мугалимдерге болгон сый-урматтын күчтөнгөнү, эмгегинин баалангандыгын айтып, баарынын сүйүнүчүндө чек жок. 2015-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатында Ватауга жогорку класстардын мектебинде стажировка өтүп жатып, мектеп мугалимдерди да, окуучуларды да ноутбук менен камсыздарын көрүп, биздин мамлекетибизде мындай болушу ишке ашпаган нерсе го деп ойлодум эле. Мына, бүгүн болсо, мамлекетибиз күчтөнүп, билим берүүдөгү жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мугалимдерге шарт түзүп берүүдөгү алгачкы бараандуу кадамдарды таштай баштады. Биздин мектепте учурда 21 мугалим ноутбук алды, бул жалпы мугалимдердин 40% түзөт. Мугалимдерге ноутбук берилери жөнүндө маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында пайда болгондон баштап, мектеп жетекчилиги жеткиликтүү шарт түзүү жөнүндө ойлоно баштадык. Алгач ар бир класс кабинетке проектор орнотууну пландадык. Мектептин демөөрчүсү “Адал Азык” “Тойбосс” соода маркасынын көмөгү менен проекторлор коюла баштады. Учурда 15 кабинетке проекторлор коюлду, жакынкы күндөрү дагы сегиз кабинетке коюлат. Ошондой эле, мугалимдердин санарип сабаттуулугу боюнча да иштер жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө мугалимдер заманбап санарип мугалим болууга толук даяр, — дейт мектеп
жетекчиси.

Касиет ЭМИЛБАЕВА, жаш адис, математика мугалими:технологиялык чоң өсүш

АР БИР МУГАЛИМ ОКУУЧУСУНАН БИР НЕЧЕ КАДАМ АЛДЫДА БОЛУШУ КЕРЕК

– Азыр биз окутуп, тарбиялап жаткан муун Z муунундагы окуучулар болгондуктан, булар технологияга жакын жана технологияга көз каранды балдар. Азыркы балдарга илгерки убактагыдай кагаз көрсөтмө куралдар, доска кызыксыз, бул муундун окуучулары үчүн тажатма. Ошондуктан азыркы замандын ар бир мугалими санарип технологиялары менен жакындан достошуп, балдардан алдыга умтулуп жаңы технологияларды, заманбап платформалар менен иштегенди билиши керек. Ар бир мугалим окуучусунан бир нече кадам алдыда болсо гана, окуучуларын сабакка кызыктыра алат деп ойлойм. Бул ноутбук мугалимдер үчүн эң жакшы курал болду, мурункудай материалдарын күндө чыгарып, чогултуп отурбастан, бардыгын дискке сактап, “Санарип кампа” чогултуп алса, каалаган жерде материалдары жанында болот. Эң чоң плюс – бардык материалдарды бир жерге сактоого жана кагаз иштеринен арылууга мүмкүнчүлүк берет. Ноутбук менен заманбап билим берүү платформалары, презентациялар, электрондук китептер жана башка материалдар менен иштөө абдан ыңгайлуу жана эффективдүү.

Гүлайым УРМАТ кызы,  жаш адис, химия мугалими:

ЖӨН ГАНА БУЮМ ЭМЕС, БУЛ МАМЛЕКЕТТИН КАМКОРДУГУ

технологиялык чоң өсүш

– Бул жөн гана буюм эмес, анда мамлекеттин камкордугу жана жакшы ниети сезилип турат. Бул мага абдан жагымдуу жана баалуу болду. Нобель сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзай айткандай: “Бир мугалим, бир калемсап, бир окуучу бүт дүйнөнү өзгөртөт”. Бир мыкты мугалим окуучунун жашоосуна терең таасир берип, анын ой жүгүртүүсүн, максаттарын жана келечегин өзгөртө алат. Ал эми ошол окуучу чоңойгондо дүйнөгө өз салымын кошуп, чоң өзгөрүүлөрдү жасашы мүмкүн. “Билим берүү – бул өзгөрүүнүн эң күчтүү куралы” демекчи, келечекте Кыргызстандын жакшы жакка өзгөрүүсүнө салым кошом деген үмүтүм чоң…

Мугалимдер эмне дейт?

технологиялык чоң өсүшТинатин ЖАНЫШЕВА, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, математика мугалими:

БУГА ЧЕЙИН НОУТБУК ЭМЕС, МУГАЛИМДЕРГЕ БИР КАЛЕМСАП БЕКЕР БЕРИЛГЕН ЭМЕС

– Мен мектеп-лицей-интернатынын математика мугалими болуп иштеп келем. Эмгек стажым 50 жыл. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын Казык” ноутбугун алып, маңдайым жарыла кубанып турам. Мен өзүм үчүн эмес, мен ар бир мугалимдик кесипти аркалап иштеп жаткан мугалимдер үчүн сүйүндүм. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги ар бир мугалимге ноутбук берилет дегенди маалымат каражаттарынан укканымда, эң биринчи “ошондой болсо кана?” десем, экинчисинде – “кайдан эле ошондой болсун?”, “ар бир мугалимге беребиз дегени бул жомок го…” дегеним чын. Себеби ушунча жылдан бери ноутбук эмес, мугалимдерге бир калемсап бекер берилгенин көргөн эмесмин. Жеке ноутбуктарга ээ болуп, бир чети кубансак, бир чети таң калып отурабыз. Президентибиздин, Билим берүү жана илим министрлигинин мугалимдерге колдоо көрсөтүп, мугалимдин ишин жеңилдеткенге жардам берүүчү ноутбукту бериши алгылыктуу иштерден болду. Азыркы учурдагы технологиялык өнүгүү мугалимдердин жумушун кыйла женилдетти. Ноутбуктар мугалимдин жумушун жеңилдеткен эң чоң жардамчы катары эсептелет…

технологиялык чоң өсүшГүлмира АСАНБАЕВА, билим берүүнүн отличниги,  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасынын ээси, биология мугалими:

3D МОДЕЛИНДЕГИ МАТЕРИАЛДАР ОКУУЧУЛАРДЫ ТАҢ КАЛТЫРДЫ

– STEM-cабактардын сегиз мугалими биздин кафедрада эмгектенишет. Ар бирибиз индивидуалдуу ноутбукка ээ болдук. Администрациябыз ноутбукту колдонгонго шарт түзүп берди. ”Алтын Казык“ моделиндеги ноутбукту колдонуучунун нускамасы менен таанышып чыгып, анан “Санарип кампадагы” каталогду карап чыктык. Эң жакшысы китеп жетишпеген класстарда “Китеп” дегенди ачып, колдонуп көрдүк. 6-11-класска чейин биологиядан китептердин электрондук варианты киргизилиптир. ”Китеп — билим булагы“ дегендей, эми ар бир окуучунун алдында материал ар дайым болот.

3D моделдеги материалдар окуучуларды таң калтырды, биологиялык объектти бир нече ракурстан көрсөтүп, окуучулардын билимдерин тереңдетүүгө зор салым кошот экен. Албетте, бардык 25 объект каралып чыгат сабактарда. Андан тышкары, класстык саатта колдонсо болот экен, себеби азыр вирустук-респиратордук оорулар күч алып турган кези. Вирустарды ийне-жибине чейин көрө алган окуучулар билимдерин турмушта колдоно алат. Мисалы, жакында өтүлүүчү 7-класстарга “Герпетология илими. Сойлоочулар“ темасына жакшы 3D материал бар экен. Ар бир сойлоочулардын өкүлүнө 3D материал, албетте, окуучулардын билимдерине чоң таасир берет. Менимче, ушул сабак менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдө эң кызыктуу сабак болот деп жатам…

технологиялык чоң өсүшЧыңгыз БУЛАРКИЕВ, жаш адис, физика мугалими:

БҮТҮНДӨЙ КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ КАДАМ

– STEM билим берүү чөйрөсүндө билим алууга жана окутууга көңүл буруу, мугалимдердин жаңычыл ыкмаларды жана технологияларды колдонуусу – бул бүтүндөй коомдун келечеги үчүн маанилүү кадам. Ар бир STEM мугалимине ноутбук тапшырылганы – жаңы технологиялар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга түрткү берди. Мугалимдер азыркы убакта жаңы педагогикалык ыкмаларды жана ресурстарды колдонуп, окуучуларга эң заманбап жана кызыктуу сабактарды уюштуруу үчүн тиешелүү жабдыктарга ээ болушту. Ноутбук – бул сабактарды пландаштыруудан баштап, онлайн курстарга, видео жана интерактивдүү ресурстарга чейин колдонууга мүмкүнчүлүк берген күчтүү курал. Мамлекет тарабынан берилген ноутбуктар билим берүү системасын жакшыртууга багытталган чоң кадам болуп саналат жана биз бул колдоону баалап, бардык мугалимдердин, окуучулардын келечектеги ийгиликтерине чоң салым кошоруубузга ишенебиз. Сиздерге чоң ыраазычылык билдиребиз…

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,

Айпери АЖЫБЕКОВА, кыргыз тили мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер