ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.

  • 20.02.2025
  • 0

 Соңку учурда эле үч мектеп окуучусунун токмоктон каза болуп калышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Ушул маселелер боюнча Билим берүү жана илим министри өткөн жумада Догдуркүл Кендирбаева Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлдү күчөтүү жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.Жолугушуунун жүрүшүндө иштин негизги багыттары катары өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү, аларды иш бөлмөсү менен камсыздоо, видео байкоо системасын кеңейтүү, айрым мектептерде орнотулган «Коопсуз баскычтарын» башка мектептерге да коюу сунушталды.

Бизде көйгөй жеринде, себеби райондук билим берүү башкармалыктарын аким менен айыл өкмөтү башкарат. Жер-жерлерде Жаштар комитети, маданият бөлүмдөрү бар, тарбия менен күрөшүү иштери алардын мойнунда. Министрлик билим берүү процесси, мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, окуу китептери сыяктуу маселелер менен алекпиз. Мектептерде ар бир бала менен иштегенди билген мугалимдер бар. Соцпедагог тобокел тобундагы балдар менен иш алып барат. Мындан сырткары, агрессияга чакырган контентти чектеп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, ата-эненин жоопкерчилигин күчөткөн иштерди аткарышыбыз керек”, – деди министр Д. Кендирбаева.

ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.Тараптар окуучуларды коргоо деңгээлин жогорулатуу жана жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү үчүн кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ага улай эле ушул жумада Президенттик администрацияда мектеп рэкетчилиги, бейбаштык жана балдар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөргө байланыштуу кеңешме да болуп өттү.  Жыйынды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөрүп, ага аймактардагы бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мамлекеттик органдар да катышты. Э. Байсалов өспүрүмдө арасындагы курч көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгилеп, жер-жерлерде жыйындарды өткөрүүнү жана алдын алуу иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Өлкөнү бүт бутуна тургузуп, төбө чачты тик тургузган балдар арасындагы мындай зордук -зомбулук кайдан келди, мурда кайда жатты эле деген ой туулат. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, ата- эненин, коомчулуктун балага болгон тарбиясы тайкы болуп келгенинин кесепетинен минтип, жаш өспүрүмдөрдүн кырчындай кезинде өмүрү кыйылуу менен аяктап олтурат.

ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.Эгер өткөнгө кылчайып саресеп салсак, айылдарда гана эмес шаарларда дагы мектеп окуучуларынын топ болуп мушташы, класстарда атамандыкты талашуу, рэкетчилик көйгөйлөрү азыр эле боло калган  терс көрүнүш эмес. Мындай жагдай советтик доордон бери келаткан коомдогу илдет, жаман адат болуп келген. Эсил кайран СССР мамлекети ыдырагандан кийин жаңы эгемен мамлекет түзүлүп баштаган мезгилден тартып  кайрадан жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Анткени мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуучу күч-коргоо түзүмдөрү финансы, материалдык-техникалык аз камсыздоо же такыр эле жетишпей, айлык акы дагы аз болгон себебинен коррупциялык таасирлер күчөп, уюшкан кылмыштуу топтордун таасири артып, (ОПГ) алар өзгөчө жаштарга тез жана чоң таасирин тийгизип, аларды кумир тутуп, зөөкүрчүлүк күчөгөн. Уюшкан кылмыштуу топтор  мамлекеттик кызматын, күч органдарын тоготпостон, же айрым кызматкерлердин алар менен жең ичинен кызматташып, кошул-ташыл болуу себебинен элге кысым көрсөтүү аркылуу мал, мүлкүн, акча, байлыктарын жана башка баалуулуктарын тартып алуу көнүмүш ишке айланган. Бул көрүнүш жаштардын оңой оокатка азгырылуусуна  себеп болуп, айрым балдардын ата-энелери мигрант болуп, чет өлкөлөргө кетиши менен балдары көзөмөлсүз калышы өнөкөт көйгөй жаралганын танууга болбойт эле. Мына ушундай жагдайлар азыркы учурда да айрым мектептерде болуп жаткан топтошуп мушташуу, рэкетчилик көрүнүштөрдүн болушуна себепкер болгонун унутпашыбыз зарыл. Эгемендүүлүктүн 30 жылга чукул убактысында өлкөбүздү башкарган  айрым жетекчилер өздөрү баш болуп, мамлекеттик мүлктөрдү менчиктеп алып, коррупцияга белчесинен батып, кылмыштуу топтор менен “кызматташып” табакташ болгону   жаштарга терс таасирин тийгизип келгенин кантип жашырабыз. Улуулар өздөрү  туура, таза жолду көрсөтө албаса, анан кантип бул көйгөйлөр бир эле күндө чечилмек эле… Бул көйгөй ириңдеп, мектепке чейин жетип, жаш балдар уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн, эрежесиз мушташ спортчуларын үлгү тута баштагыны рэкеттик көрүнүштүн күч алышына, зордук- зомбулуктун башаты болуп берген. Мындай коомдун “оорусун” мектеп жетекчилери, мугалимдер, билим берүү кызматкерлери Ички иштер органдары, ата-энелер менен биргеликте чечүү, таалим-тарбия иштерин күчөтүү менен гана  айыктырууга болот деген пикирлер айтылганы менен алгылыктуу аракеттер болбой келгени өкүндүрөт.  Учурда коомчулук болуп өткөн каргашалуу окуялардан кийин тарбия маселеси катуу талкууга алынып, күнөөлүүнү издеп баштадык. Ушундан улам биз төмөндө бир катар билим берүү тармагынын адистеринин, жарандык коомдун пикирин угуп көрдүк.

ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.-Мектептен сырткары жерде окуучулардын чыр-чатагы, мушташы болсо эле баарына мугалимди күнөөлөп, таалим-тарбия иштерин аларга жүктөп, кызматынан алып коюу менен маселе чечилбейт. Ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо керек. Азыркы  учурда балдарга ата-энелери өздөрү үлгү, өрнөк болуп, татыктуу тарбия бере алыштыбы?  Балдарынын кылык-жоругу, мүнөзү кандай экенин ата-энелер гана жакшы билишет. Балдарын үйдө тарбиялай албай мугалимге жүктөп, жоопкерчиликтен четтеп калышын кандай түшүнсөк болот, -дейт Ак-Суу районундагы М.Мамакев атындагы орто мектептин мугалими Айгүл Өмүрбекова.

-Кандай гана кылмыш болбосун аны иликтеп, күнөөлүүлөрдү таап жазалоо укук коргоо органдарынын милдети. Иштин ак-карасы такталмайынча бирөөнүн күнөөсүн көтөрүү укукта жок жосун. Ошого карабай райондук деңгээлдеги жетекчиси, мектеп директору кызматтан алынып, класс жетекчилери алмашты. Бирок бул жерде мугалимдердин эмне күнөөсү бар деп суроону кырынан коюп жаткандардыкы да туура. Ата-эне менен коомдун, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги кайда калды? Билим берүү жана илим министрлиги азыркы учурда улуттук жаңы билим берүү моделин ишке киргизели деп камчыланып иштеп жатканда ушул маанилүү иштен алагды кылып, коомчулукта кайчы пикирлер айтылып жатат. Ал эми укук коргоо органдары өз ишинин аягына чыксын. Андан көрө баарылап мектептеги коопсуздукту кантип камсыз кылабыз, ошону ойлонуп, иш кылалы, -дейт “Кут Билим” медиа борборунун директору Кубатбек Чекиров.

ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.-Бир нерсе болсо эле мугалим күнөөлүү болуп чыгат. Анткени, мугалим эң басмырланган кесипке айланды. Жумуштан алып салуу менен маселе чечилбейт. Мамлекет канча жыл мугалимдикке даярдайт! Анын канчалаган билими текке кетет. Башка мугалим келгиче, балдар ага көнгүчө ого бетер билимсиздик, тартипсиздик күчөйт. Коом, ата-энелер, жергиликтүү бийлик органдары дагы таалим-тарбия берүү ишинен четтеп калбашы керек, -деген пикирин билдирди Нарын облустук журналисттер биримдигинин жетекчиси Кенжебай Кыдыров.

-Биринчи кезекте тарбияны үйүнөн, ата-энеден алышы зарыл. Ооба, кырдаал өтө кооптуу, буга тиешелүү органдар менен бирге коомчулук, ата-энелер биригип каршы күрөшүү керек, -деген пикирде Бишкектин тургуну Жаныбек Кулукеев.

ТАЙКЫ ТАРБИЯ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КАЙДАН КЕЛДИ!?.— Кийинки убактарда ата-энелер бала тарбиялоону мектепке коюп, өздөрү көр-тиричилик менен алек болуп, балдары бош убактыларында колдорунан телефондору түшпөй, аргессияны күчөткөн кино тасмаларды, эрежесиз мушташ мелдештерин көрүп, ошондон таасир алып жаткандыктан зомбучулук күчөп жатат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эрежесиз мушташ спорт клубдарын жабуу, бул спортко үгүттөө иштерин токтотуу тууралуу айтканы эң туура.  Ошол рэкеттикке өспүрүмдөр эмне үчүн  барып жатканын изилдеп, себебин билип, ошого карата чара көрүү учур талабы эле. Ушундай рэкет болуп, зордук зомбулук кылган жаштар кантип мекендин коргоочусу боло алат ,-дейт Баткен облустук «Мекенди коргоочулар» коомдук ардагерлер бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов.

Учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 214 видеокамера орнотулган, анын 144 КР ИИМ кырдаалдык борбору менен байланышкан. Балдардын өлүм менен коштолгон кандуу окуяларынан кийин өлкө боюнча бардык мектептерге видеокамера орнотуу, катуу көзөмөлгө алуу, ар бир мектепке коопсуздук чараларын күчөтүү аракеттери көрүлүп жатат. Мындай учурда ички иштер кызматы, мектеп эле эмес, эң биринчилерден болуп ата-эне да, коомчулук да тике туруп, бала тарбиясына чоң көңүл буруусу парз. Ошондо гана коркунуч азайып, коопсуз коом курууга жетишебиз.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер