ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

  • 30.05.2024
  • 0

Өзгөн районунун Куршаб айылындагы    №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернат-гимназиясына 30 жыл толду. Отуз жылдык тарыхында гимназия миңдеген ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрдү уясынан учуруп, күчтүү инновациялык багытта иш алып барган педагогикалык  жамаатты түзө алды.

ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Биздин билим берүү мекемебиз 1994-жылы мурдагы Ленин атындагы жатак-мектебинин базасында 250 окуучуга ылайыкташкан жөндөмдүү, окууга ынтызар окуучулар үчүн интернат-гимназиясы болуп ачылган.

Гимназия өзүнүн атрибуттарына  ээ: туу, герб жана гимни бар . Гимндин сөзү  жана обону математика мугалими Мамытов Назарахун агайга таандык, ал эми иштеп чыккан музыка мугалими Абылкасымов Тургунбай агай. Ошондой эле окуучулардын  бирдиктүү мектеп формасы жана жеке иштелип чыккан логотиби бар. Негизги максаты: Окутуунун инновациялык усулдарын колдонуу менен окуучунун билим сапатын жогорулатуу, турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу  билим берүү стандартынын аткарылышын камсыздоо болгон билим берүү мекемесинин   мугалимдери окутуунун алдыңкы натыйжалуу ыкмаларын, заманбап технологияларды максаттуу пайдаланып билим берип келишет. Биздин милдет  азыркы коом талап кылган көндүмдөргө ээ болуп, турмуштан өз ордун тапкан ийгиликтүү инсандарды тарбиялоо. Республикабыздын жана чет өлкөлөрдүн  жогорку жана орто окуу жайларына потенциалдуу  талапкерлерди  даярдоо тагыраак айтканда: коомдогу кандай гана социалдык, саясий, экономикалык өзгөрүү болбосун жеңил ыңгайлашууга шыктуу, маселе чечүүгө даяр, ишин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү, конфликттен  чыга алган, дене маданиятына, спортко көңүл бөлгөн, толеранттуу, көп тил билген ,    маалымат технологиялары менен иштей алган,  функционалдык сабаты бар, ыймандуу ары  маданияттуу атуулдарды  тарбиялоо. Бул миссияны гимназия алгачкы күндөн тарта  ишке ашырып келет.

Гимназиянын бүтүрүүчүлөрү коомго, мекенге кызмат кылып, алар Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда ар кандай тармактарда  эмгектенип келишүүдө.

ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Ооба, мыкты мугалим гана мыкты окуучуну тарбиялай алат. Жогорку деңгээлдеги билим берүү үчүн мугалимдер жамааты тынымсыз өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп келет. Гимназияда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында педагогикалык өнөркана уюштурулган. Өнөрканада “Окуу жана жазуудагы сынчыл ойломду өстүрүү”, “Инклюзивдик билим берүү”, “Көп тилдүүлүк жана көп маданияттуулук”, “Социалдык өнөктөштүк”, “Окуу керемет” жана башка программалардын тренерлеринен турган насаатчылар тобу иш алып барат. Аларды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, бир нече программалар боюнча улуттук тренер, физика мугалими Матураимова Калбу Божоевна жетектейт.

ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Мугалимдерге окутуунун заманбап технологияларын,  билим берүү үчүн иштелип чыккан тиркемелерди колдонууда техникалык колдоо көргөзүү IT адиси тарабынан колго алынган. Алар жөнөкөй тиркемеден баштап, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн практикада колдонуп   келишет.  Окуу процессин кызыктуу, таасирдүү кылып уюштуруу үчүн 28 проектор, 28 ноутбук, 5 интерактивдүү доска колдонулуп, химия, физика, биология сабактарында дүйнөлүк стандарттагы виртуалдык лабораторияны колдонууга мүмкүнчүлүк бар.

2022-2023 жана 2023-2024-окуу жылында англис тили мугалимдери үчүн Next Generation Education-2024 project: тил көндүмдөрүн жакшыртуу, грамматика жана лексика боюнча билимин өркүндөтүү, «PBL (Project Based Learning) деген эмне? Аны сабакта кантип колдонсо болот?» темасында  ошондой эле СТЕМ предметтерин окутуунун деңгээлин жакшыртуу максатында “Лингва-инновациялык билим берүү” коомдук фонду мугалимдерди заманбап окуу китептеринин негизинде коммуникативдик ыкмаларды, долбоордук иштерди, СТЕМ окутуунун усулдарын үйрөтүүчү курстардан өтүп, окуу-тарбия процессинде натыйжалуу пайдаланышууда.

ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Жамаатта 1 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, 11 Билим берүүнүн мыктысы, 5 билим берүү программаларынын улуттук тренерлери жана өз кесибин сүйгөн, балдарга таалим-тарбия берүү жашоомдогу негизги миссиям деп эсептеген мекенчил мугалимдер эмгектенишет. Бул жамаатты билим берүүнүн мыктысы,  орус тили жана адабияты мугалими, улуттук тренер  Кеңешбаева Элмира Абдибатановна жетектейт.

«Робототехника» клубунун негиздөөчүсү —  КРнын эмгек сиңирген мугалими Маатраимова Калбү эжеке. Аталган клубдун  жаш техниктери “Алтын түйүн” инженердик академиясы менен биргеликте иш алып барып, облустук, республикалык, эл аралык деңгээлдеги : “Биз 21-кылымдын интеллектуалдары”, “Жаратман”, “Атам, апам жана мен —  техникалык үй-бүлө” сынактарына катышып, байгелүү орундарга жетишти. Клубдун жаш ойлоп табуучулары жыл сайын уюштурулуучу инженердик лагерге жолдонмо алышат. Учурдагы жетекчиси — физика мугалими Акылбек уулу Талгат.

«Куршаб Тынчтык клубу» аймакта ыктыярчылык  иш-тажрыйбаны жайылтууда чоң жумуштарды аткарууда баш сапта турган жигердүү клуб. Жетекчиси:  гимназиянын социалдык педагогу, “Тынчтык клубдарынын”  облустук ментору — Жаанбаева Гүлзат. Өзүм болсо ушул клубдун координаторумун.  Аталган клуб ачылгандан тарта жалпысынан гимназияга эле эмес, коомдук уюмдарга  чакан гранттарды тартып, окуучуларды жумшак көндүмдөрүн калыптандырып, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес коомдук уюмдар менен  кызматташып биргеликте бир нече иштерди аткарууга жетишти.

9-вал” сүрөт ийриминин жетекчиси Токторбай кызы Саадат окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге сүрөт боюнча АРТ терапия өтүп, аларды  искусствого шыктандырып  келет. Андан тышкары, ийрим мүчөлөрүн  эл аралык деңгээлдеги конкурстарга катыштырып, баалуу белектерге ээ болушат. Ошондой эле гимназияда таланттуу сүрөтчү окуучулардын мыкты эмгектеринин негизинде сүрөт галереясы түзүлгөн.

Ай эркем” бий ийриминин  жетекчиси Таласбек кызы Айдай эжеке ар кандай аймактык, райондук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги бий конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп, бийге шыктуу кыздарды таптап, ийгиликтерге жеткирип келе жатат.
Медиа-клубду жана Тангатаров баракчасын тарых мугалими катары өзүм колго алдым.  Ал 2022-2023-окуу жылында республикалык медиа бурчтардын сынагында республика боюнча ТОП-10 кирип, байгелүү орунга чыккан. Медиа клуб  гимназияда өтүлүп жаткан бардык иш-чараларды, жаңылыктарды гимназиянын фейсбук, инстаграм, телеграмм баракчаларына жарыялап турат. Учурдагы жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Камбарова Аида эжеке да райондук деңгээлде иш-тажрыйбасын жайылтууда.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылыгына татыган, айылдан чыккан социалдык тармактарда English apake” деп таанылган гимназиянын англис тили ийриминин жетекчиси Өмарбек кызы Барчынай  окуучуларга англис тилин жеңил үйрөнүүнүн жолдорун калыптандырып, учурда илим тили болгон англис тилинде окуучуларды эркин сүйлөөгө жетиштирип калды.

Кытай тили ийриминин жетекчиси Кадирбекова Айпери өзүнүн креативдүү сабак өтүү ыкмаларынын негизинде мектеп кезден баштап окуучуларды  ишкердиктин  тили болгон кытай тили жана маданиятын таанытууда.

Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жакшыртуу максатында атайын курстан өтүп келген мугалимдер тарабынан «Тез окуу»  жана менталдык арифметика курстары уюштурулган.

Спорт жаатында гимназиянын шахмат ийриминин мүчөлөрү 2023-2024-окуу жылында райондук турнирде 1-орунга жетишип, облустук турга жолдонмо алышса, кыздардын волейбол командасы райондо 2-орунду багындырып, футбол секциясынын футболистери да райондо 2-орунга ээ болушту.

КРнын  Президенти Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39  “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн-өзү таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууда гимназиянын  социалдык педагогу Жаанбаева Гүлзат жана тарых мугалими, концепциянын тренери катары өзүм бир гана гимназиянын мугалимдерине, ата-энелерине жана окуучуларына эмес, жалпы Ош облусунун мугалимдерине да “Кыргыз жараны» концепциясын жайылтып жатабыз.

Китептер — акылмандыкты арбыткан шайман дегендей, биздин гимназиянын китепкана фондунда жалпы 5580 китеп бар, анын 2500 окуу китеби түзөт, ал эми калган китептер көркөм адабий, методикалык, окуу программалык ж.б.у.с. китептерден турат. Ар жыл сайын китепкананын фондун байытуу, гимназисттерге жаңы ары зарыл болгон китептерди камсыз кылуу максатында атайын демөөрчүлөр, мыкты бүтүрүүчүлөр камсыздап турат. Быйылкы окуу жылында “Бир адамдан бир китеп” акциясынын алкагында, китепкана фонду 540 китеп менен толукталды.

Билим алуу максатында райондон алыс жайгашкан аймактардан келген окуучулар үчүн 65 орундуу жатакана иштейт. Анда 4 тарбиячы окуучулар менен тыгыз иш алып барат. Жатакана өз ичине эс алуу каанасын, жуунучу жайды камтыйт.

“Коопсуз мектеп” долбоорунун алкагында гимназияга 41 даана видео көзөмөл кайтарым байланышы менен  коюлуп, коопсуздук маселесин чечүүгө жакшы шарт түзүлгөн. Ага удаа эле улуттук баалууктарды, наркттуулукту чагылдырган музыканын ыргагы менен тыныгуулар болот. Инновациялык технологиянын каражаттарын заманбап окуучуга керектүү болгон көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн да колдонулат.

Заманбап мектепти заманбап мугалимдер түзөт. Ал эми алардын жемиши да заманбап окуучулар болуп ааламдашуу процессинде керектүү көндүмдөргө ээ болгон кадрларды тарбиялайт. Дал ушул өңүттөн алганда  биздин гимназия “Акылдуу мектеп” долбоорунун алкагында Edupage платформасын иштетип жатканыбызга беш  жылдын жүзү болду. Аталган платформада мугалимдердин календардык пландары, сабактын күнүмдүк пландары камтылып, ошол эле учурда окуучуларга үй тапшырмаларды жөнөтүлөт. Ошондой эле ар бир мугалим окуучулардын ата-энелери менен кайтарым байланыш жасоого болот. Гимназия толук кандуу электрондошкон, заманбап ары инновациялык билим берүү мекемеси катары иш тажрыйбасын жайылтып да келүүдө.

ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Ата-энелер – бул мектептин негизги жана күчтүү өнөктөшү. Ата-энени окуу процессине тартуу, өз баласынын өнүгүүсүнө катыштыруу сөзсүз түрдө мыкты натыйжа берет. Гимназияда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Мадаминов агайдын ата-энелер мектеби, ошондой эле агайдын китептеринин негизинде өзү менен түздөн-түз байланышып, китеп конкурстары, жолугушуулар болуп турат. Андан тышкары, ата-энелер, бала тарбиясы жаатында мыкты адис, п.и.д. Кыялбек Акматов, Талантбек Маматов агайлардын китептери менен иштешип, жолугушуулар байма-бай болуп турат.

Ал эми жогорку окуу жайлар менен  тыгыз кызматташуунун негизинде да бир канча алгылыктуу иш-аракеттер аткарылды. Алсак, ОшМУнун алдындагы Конфуций институту менен кытай тили сабак катары киргизилип окутулуп баштады. Дүйнөлүк тил катары кытай тили жана маданияты боюнча окуучулардын дүйнө таанымы, көз карашы мыкты. Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Ала-Тоо эл аралык университетин профессору Элира Турдубаева жана ОшМУнун, АУЦАнын окутуучу-профессордук курамы менен бир нече илимий долбоорлор боюнча тыгыз иш алып барылган.

Жыйынтыктап айтканда, №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернат-гимназия илимий сабаттуу, жаңылыктарга ар дайым даяр, инновациялык билим берүү менен заманбап мектепте XXI кылымда окуучуларга керектүү көндүмдөрдү берүү менен биргеликте улуттук баалуулукту, нарктуулукту, Мекенге болгон сүйүү менен кең келечектүү Кыргыз Республикасы үчүн мекенчил окуучуларды жетилтүүдө жигердүү ишмердүүлүгүн тынымсыз жумшай бермекчи.

ТАТЫКТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Азирет ЗАИДОВ, тарых мугалими
 

Бөлүшүү

Комментарийлер