ТАРЫХ (ДҮЙНӨ ТАРЫХЫ. КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ) ПРЕДМЕТИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • 17.08.2023
  • 0

Редакциядан: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун видеоконференция системасы аркылуу 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар өткөрүлүүдө.

Вебинарлар, мастер-класстар 14-августтан 17-августка чейин Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлөт. Вебинар күндөлүгүнөн.

ТАРЫХ (ДҮЙНӨ ТАРЫХЫ. КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ) ПРЕДМЕТИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Тарых (Дүйнө тарыхы. Кыргызстан тарыхы) предмети боюнча билим берүүнүн максаттарынын жана милдеттеринин актуалдуулугун бүгүнкү күндөгү талаптарга жооп бергидей аныктоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасында мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында жана «Тарых» боюнча предметтик стандартта көрсөтүлгөн билим жана таалим-тарбия берүүнүн талаптары шарттап турат.

 

ТАРЫХ (ДҮЙНӨ ТАРЫХЫ. КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ) ПРЕДМЕТИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Теманын актуалдуулугу

2023/2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы «Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана «Манас» — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө» № 65 токтомуна ылайык төмөнкү концепциялар жана иш-аракеттер пландары боюнча иш жүргүзүү сунушталат:

«Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепция. 1-тиркеме.

  • «Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны ишке ашыруу боюнча 2023–2027-жылдарга иш-чаралардын планы. 2-тиркеме.
  • «Манас» — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясы. 3-тиркеме.
  • «Манас» — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023–2027-жылдарга иш-чаралардын планы. 4-тиркеме.

Тарых предметин азыркы учурдагы ченемдик-укуктук базанын шартында окутуунун негизги маселелери:

Эң башкы маселе: заманбап сапаттуу жана натыйжалуу билим берүү.

Заманбап сапаттуу жана натыйжалуу билим берүүнүн милдеттери: 1. Ченемдик-укуктук документтерди өздөштүрүү, аларга талдоо жүргүзүү жана алардын милдеттүү талаптарын сабактык жана сабактан тышкаркы билим берүүдө аткаруу. 2. Окуучулардын функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулугун калыптандыруу.

Функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулукдеген эмне?

Функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулук — адамдын (окуучунун) мектепте, кесиптик билим берүүчү атайын орто жана жогорку окуу жайларында ээ болгон билимдерин жашоо-турмушта колдоно билүүгө жөндөмдүүлүгү.

Функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулук—адамдын ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндөгү, баарлашуудагы жана социалдык мамилелердеги, ар кандай турмуштук кырдаалдардагы иш-милдеттерди мүмкүн болушунча туура чече билүү үчүн үзгүлтүксүз түрдө ала турган билимдерин колдоно билүү.

Бүгүнкү глобалдашуу мезгилинде мугалим кесиптик жогорку билими менен эле чектелип калбастан, окутуунун жаңы ыкмаларын жана инновациялык педагогикалык технологияларды терең билиши зарыл.

Тарых предметин окутууда мугалим:

  • Тарыхый мисалдардын негизинде окуучулардын азыркы учурдагы көрүнүштөрдү жана окуяларды аңдап түшүнүү жөндөмүн калыптандырышы жана өнүктүрүшү керек;
  • тарыхый тажрыйбаны, гуманизм жана патриотизм идеяларын аңдап түшүнүү жөндөмүн өнүктүрүүнүн натыйжасында окуучулардын баалуулук багыттарын жана ишенимдерин калыптандырууга тийиш;
  • окуучулардын өз элинин, өз Ата Мекенинин жана дүйнө элдеринин маданиятына жана тарыхына болгон кызыгуусун жана урматтап-сыйлоосезимин тарбиялоого тийиш.

Тарых курсун (Дүйнө тарыхы, Кыргызстан тарыхы) окутуунун өзгөчөлүктөрү:

Бүгүнкү күндө тарыхты окутуунун максаттарын жана милдеттерин салттуу методдор менен гана жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес, ошондуктан мугалимдер тарыхый билим берүүнүн заманбап окутуу технологияларын, бир кыйла оптималдуу методдорун изденип өздөштүрүүлөрү зарыл.

Мугалим тарыхый билимдерди сапаттуу жана натыйжалуу бериши үчүн темага жараша жана окуучуларды кызыктыруу үчүн колдоно турган окутуу технологияларынын түрлөрү жана модулдук окутуу технологиясы тууралуу өткөн жылдагы методикалык сунуштарда берилген. [«Кут Билим», 19.08.2022, № 3, 4-б.].

Окутууну дифференцирлөө — ар кандай жөндөмдүүлүктөгү окуучуларды бир тектүү (гомогендүү) топторго уюштуруу жолу менен окутуу үчүн максаттуу мүмкүнчүлүк түзүү. Бир класстын окуучуларынын интеллектуалдык өнүгүү деңгээлдерине жараша бөлүштүрүлүшү. Негизги баскычта, айрыкча 5–7(8)-класстарда, көп деңгээлдүү окутуу натыйжалуу болуп саналат. Профилге даярдоодо жана профилдик окутууда (8 (9)–11-класстарда) тышкы дифференцирлеп окутуу технологиялары колдонулат. Дифференцирлеп окутууда мугалим материалды айрым окуучуларга азыраак, айрымдарына көбүрөөк берүү менен эмес, бардык окуучуларга бирдей көлөмдөгү бир материалды сунуштоо менен, анын ар түрдүү деңгээлдердеги суроолорго жоопторду берүү аркылуу өздөштүрүлүшүн шарттайт. Окуучуларды дифференцирлөөдө мугалим төмөнкүлөргө таянышы керек:

— окуучунун сабакты өздөштүрүү, өнүгүү деңгээли;

— окуучунун психикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү;

— окуучунун жеке өзгөчөлүктөрү;

— тигил же бул себептерден улам предметти өздөштүрүүгө жөндөмсүздүгү;

— окуучунун башка предметке кызыгуусу.

Дифференцирлеп окутуу класстык-сабактык системанын шарттарында бардык окуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнүн ишке ашырылышын шарттайт. Бул учурда окутуу күчтүү окуучулар үчүн өздөштүрүлүп жаткан материалдын көлөмүн көбөйтүү, башкаларга азайтып коюу жолу менен эмес, ар түрдүү деңгээлдердеги тапшырмаларды аткартуу жолу менен жүрүшү керек.

  1. Тарыхый терминдерди билүү боюнча жат жазуулардын тексттерин түзүү. 2. Өздөштүрүлүп жаткан материал боюнча тапшырмалардын карточкаларын түзүү. 3. Сабакта иштөө үчүн корутундулап жыйынтыктоочу таблицаларды түзүү. 4. Берилген тарыхый тема боюнча дилбаян же эссе жазуу. 5. Кошумча адабият менен иштөө.

Ошентип өтүлүп жаткан тема боюнча сабакты өздөштүрүүдөн кыйналган окуучулар дагы, жакшы окуган окуучулар дагы тапшырмаларды өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарышат. Жыйынтыгында ар бир окуучунун нерв системасынын бардык күчү сабакты өздөштүрүүгө жумшалат дагы, тапшырманы эч ким эч кандай кыйналбастан аткарат. Натыйжада сабакты окуучулардын баары тең базалык деңгээлде өздөштүрүшөт.

Педагогикадагы инсанга багыттап окутуу технологияларынын приоритеттүү милдеттери — окуучунун интеллектин жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Бул технологияларга педагогикалык чеберчиликтер, модулдук окутуу технологиясы, долбоордук окутуу технологиясы кирет.

Долбоордук окутуу технологиясы

Долбоордук окутуу технологиясынын башкы максаты — окуучуларды чоңдордун кийлигишүүсүз чечимдерди таба билүүгө, жыйынтык чыгара билүүгө үйрөтүү.

Мугалим болсо окуучуну шыктандырып жана туура багыт бериптурат, керектүү маалыматтарды кайдан табууга боло тургандыгын айтып, түшүндүрүп берип турат. Долбоордук окутуу технологиясынын негизги принциптери: диалогдук баарлашуу, интеграциялык жана контексттик (мазмундук) маселени коюу жана аны чечүү.

Айгул ЭЛЕБЕСОВА, п.и.к., социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер