ТАРБИЯ ҮЙДӨН БАШТАЛАТ

  • 24.03.2025
  • 0

Бала бул бакыт. Ата-эненин жараткандан тилеп алган байлыгы да, дөөлөтү да бактысы да – бала… Бала үчүн эмнелерди кылбайсың?! Түн уйкуңду бөлүп, түйшүк тартып, төрөлгөндөн баштап, чоңойсо «мага медер болсо деп» не деген жакшы үмүт, тилектер менен өстүрөбүз. Бекеринен ата-энени “ботом” деп боздотпосун деген сөз айтылбаган чыгар. Мындай дегенибиз акыркы мезгилдерде айрым мектеп окуучулары “жылан чакпай, жылкы теппей” жашында өмүрү кыйылып, бөөдө көз жуумуп жатканы ойго салып, кабатыр кылат.

Мектептеги мындай көрүнүштү кантип токтотсок болот?

Ал арада ата-энелер мугалимдер карабайбы дешсе, мугалимдер тарбия ата-эненики, ата-эне баланын кайда жүргөндүгүн, эмне менен алектенээрин көзөмөлгө алыш керек дешет. Мындан тышкары, мектептердеги соцпедагогдор менен жашы жетелектер, өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери, кала берсе класс жетекчиси да бала үчүн жоопкер экендигин эске алсак, бир окуучу үчүн беш адам көзөмөл жүргүзөт. Таалим-тарбия, билим берет. Класстан сырткары сааттарда жүрүм-турум, кулк-мүнөздөрдү калыптандыруу боюнча сааттар өтүлөт. Тилекке каршы, кайра-кайра эле каргашалуу окуялар кайталанып жатпайбы?! Мындай окуя жакында эле Баткен облусунда дагы болуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Эң башкысы билимден мурда тарбия керек. Дүйнөгө таанымал окумуштууну же жетекчини тарбиялоого караганда, төгөрөгү төп келген инсанды тарбиялоо алда канча кыйын, жооптуу жана маанилүү. Ошондуктан мектеп окуучуларын тарбиялоодо жана билим берүүдө сен салар да, мен салар атандашуу болбош керек. Андыктан, бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги дагы өзүнүн мектептеги мындай кырдаалды өзгөртүү боюнча буга чейинки окуу программасындагы иш-чаралардан өзгөчөлөнгөн тагыраак айтканда, ата-эне, класс жетекчи, соцпедагог, жашы жетелектер менен иш алып барган милиция кызматкеринин бирдиктүү атайын программасы болушу зарыл. Мурдакы усулдар эскирип, натыйжасын бербей калганын турмуш көрсөтүүдө.

ТАРБИЯ ҮЙДӨН БАШТАЛАТ

Мындай дегенибиз мектептерде окуучулар арасында “айтпайсың, сатпайсың” деген жашыруун “идеология” бар экендигин баарыбыз эле билебиз. Эркек окуучулардын арасындагы мындай идеологияны көбүнчө класстагы лидер же башкаларга караганда күчтүүрөөк, сабактан начар окуганы менен дене түзүлүшү башкаларга караганда чоңураак окуучулар тарабынан жүргүзүлөөрүн мугалимдер деле билишет. Бирок мугалимдер (класс жетекчилер) дайым эле аларды тартипке чакырып, же ата-энесине баласынын мындай кылык жоругу жөнүндө айта беришпейт. Себеби ата-энеге айтып, жаман көрүнбөйүн, жакшы болуп оңолуп кетээр дешсе, айрымдары ата – энесине айтып алып, “менин баламды эмне күнөөлөйсүң, баламдын андай адаты жок, андан көрө окуткула, тарбия бергиле” деген тескери пикирлерин угуудан айбыгышат.

Анын үстүнө азыркы учурда мектептерде эркек мугалимдер аз калгандыктан, эжейлер окуучу балдарга сес көрсөтө алышпайт. Ошондон улам айрым окуучулар насвай, чылым чегишет, клей жытташат. Алдуулар алсызды ар дайым күнөөкөр кылышып, салык салган учурлар кездешет. Биз эркекпиз, доспуз, классташпыз, бири-бирибизди эч качан сатпашыбыз керек. «Ким сатса ал эркек эмес» деп, алдуулар бир жагынан сатпайсың, айтпайсың деген ички “идеологияларын” бекемдешсе, экинчи жагынан салык салып же башка класстар менен уруш, мушташка чакырып, окуучуларга биринчи класстан тартып эле, ички тартипти киргизип, көзөмөлдөп өздөрүнүн “бийлигин” орнотуп
алышат.

Мындай жагдайда эмне кылуу керек?

Эң ириде ошол бир класстагы же мектептеги ушундай лидер же жаман жолго үндөгөн балдар менен иш алып баруу зарыл. Тартипсиз же лидер балдар майда кылмыш менен милициянын каттоосуна алынаардан мурда мектептин каттоосуна алынышы керек. Директору баш болуп, мектепте канча тартипсиз окуучу каттоодо тураары, кимдиги, эмне менен алектенээри, насвай, чылым чегеби, айтор, көзгө көрүнгөн терс көрүнүштөрдүн бардыгы анын каттоо журналында жазылып, ата-энеси менен керек болсо, күн сайын түшүндүрүү ишин жүргүзүп туруу зарыл.

Учурдагы зордук-зомбулук дагы коомчулукту кабатыр кылууда. Ар бир адам жашоосунда ар кандай кыйынчылыктарга туш болот. Алардын бири – буллинг. Буллинг – бул кимдир бирөөнү атайылап кемсинтүү, мазактоо, коркутуу же зомбулук көрсөтүү аркылуу анын жан дүйнөсүнө же денесине зыян келтирүү. Бул көйгөй да мектептерде, жумуш орундарында жана интернетте кеңири жайылып баратат.

Менин оюмча, мектептердеги зордук-зомбулук заманбап тилде буллинг деп аталып, өтө коркунучтуу көрүнүшкө айланууда. Анткени ал адамдын психологиялык жана физикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Көпчүлүк жабыркагандар өзүн жалгыз сезип, коркуу сезими менен жашайт. Алар окууда жана социалдык чөйрөдө активдүү боло албай басмырланып калышы мүмкүн. Айрым учурларда, буллинг окуучуну депрессияга же өз жанын кыюу ойлоруна
түртөт.

ТАРБИЯ ҮЙДӨН БАШТАЛАТ

Буллингдин ар кандай түрлөрү бар. Физикалык буллинг – бирөөнү сабоо, түртүп жиберүү же анын жеке буюмдарын талкалоо. Вербалдык буллинг – шылдыңдоо, мазактоо, кордоо. Социалдык буллинг – адамдарды тобунан обочолонтуу, алар жөнүндө ушак таратуу. Азыркы учурда кибербуллинг да кеңири жайылууда. Бул – интернет аркылуу мазактоо, кемсинтүү же коркутуу болуп саналат.

Бул көйгөй менен күрөшүүнүн ар кандай жолдору бар. Биринчиден, жабыркаган адам өз укуктарын билиши жана башкалардан жардам сураштан тартынбашы керек. Экинчиден, коомчулук бул маселеге кайдыгер карабай, ар бир балага колдоо көрсөтүшү зарыл. Үчүнчүдөн, ата-энелер жана мугалимдер балдардын жүрүм-турумуна тыкыр көз салып, алар менен ачык сүйлөшүүгө даяр болушу керек.

Жыйынтыктап айтканда, буллинг – өтө чоң көйгөй жана аны алдын алуу үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Ар бир адам башкаларга боорукердик менен мамиле жасап, зомбулукка каршы чыгууга тийиш. Ошондо гана биз зомбулуксуз, тынч жана ынтымактуу коом кура алабыз.

Ата-энелердин милдеттери жөнүндө дагы учкай кеп. Ошондуктан алар үчүн баланын саат сайын өсүүсү, кулк-мүнөзү көзөмөлдө турушу керек. Кээ бир ата-энелер баланын түндө кайда жүргөндүгүнө маани беришпегендиктен, көчөдө башка чөйрөнү көргөн окуучу чылым чеккенди үйрөнүп, ичимдикке ыктап, андан ары клей жыттап, акыры ар кандай кылмышка кириптер болуп калат. Бул ата-эненин шору эмей эмне. Эң өкүнүчтүүсү балдарынын мындай жоруктарын ата-энелер кеч билип, “бармагын тиштеп” калып жатпайбы?!

Балдардын бой тартпай жатып, суицидге, буллингге, кылмышка барып жатышынын дагы бир себеби миграция болсо, экинчиси кымбат баалуу кол телефондор. Ата-энеси алыста жүргөндүктөн көзөмөлдөн оолак калган бала чоң эне, чоң атасына эркелеп, өзүн-өзү билемге өтүп алат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды кымбат баалуу телефондун ордуна жөнөкөй телефондорго өткөрүү боюнча буйругун чыгарышы керек деп ойлойбуз.

Урматтуу окурман, ардактуу ата-эне, мээрман мугалим, бул менин журналист катары жеке пикирим. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей коомдогу олуттуу маселелер боюнча оюңуз болсо айтыңыз. Балдарга таалим-тарбия, билим берүү жалпыбыздын ишибиз.

ТАРБИЯ ҮЙДӨН БАШТАЛАТ

Адылбек Акматов,
Баткен облустук “Баткен Та
ңы” гезитинин башкы редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер