ТАЛАС ОБЛУСУ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮГӨ ДАЯР

  • 31.07.2025
  • 0

Агартуу тармагын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо жана заманбап муунду тарбиялоо максатында 12 жылдык билим берүү системасына өтүү мезгилдин талабы. Бул багытта Талас облусунун жалпы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери стратегиялык мааниге ээ жана өлкөнүн билим берүү тармагындагы ири реформалардын алкагында каралышы керек.

ТАЛАС ОБЛУСУ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮГӨ ДАЯР

2025-2026-окуу жылында Талас облусу 12 жылдык билим берүү системасына толук кандуу өтүүгө даяр. Облустук деңгээлде жүргүзүлгөн системалуу иш-аракеттер, мониторинг,  ресурстук камсыздоо жана кадрдык потенциалды чыңдоо иштери буга далил. Жалпысынан облус боюнча 3390 окуучу 1-класска, ал эми 4428 окуучу 2-класска бара турганы маалым. Бул көрсөткүч 12 жылдык билим берүү структурасынын биринчи  баскычындагы контингентти толук камсыздоого мүмкүндүк берет.

ТАЛАС ОБЛУСУ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮГӨ ДАЯР

Облуста жалпысынан 114 жалпы билим берүүчү орто мектеп, 3 толук эмес жана 2 жатак-мектеп бар. Мугалимдердин жалпы саны 3703тү түзөт. Электрондук  күндөлүк системасына окуучулардын жана ата-энелердин идентификациясы жүрүп жатат  — бул санариптештирүү багытында маанилүү кадам болуп эсептелет.

Райондук жана шаардык деңгээлдеги даярдыктар

Талас шаары менен Талас районунда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча атайын иш-чаралардын планы бекитилип, ага ылайык конференциялар, секциялык окуулар, жыйындар уюштурулуп, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу иштери жүргүзүлдү. STEM сабактары боюнча мугалимдердин баары окуудан өтүштү. Ошол эле учурда мектептердеги класс-комплект, мугалимдердин саны, кабыл алынган окуучулар жана бош орундар боюнча так маалыматтар системалаштырылды.

ТАЛАС ОБЛУСУ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮГӨ ДАЯР

Талас шаарындагы 9 мектепте 1-класска 778 квота берилсе, бүгүнкү күндө 594 бала кабыл алынып, дагы 184 орун бош бойдон калууда. 2-класска болсо 795 квота менен 719 бала кабыл алынган. Көп суроо-талап жаралып жаткан Рысакова, Дарданов жана Айылчиев атындагы орус тилдүү мектептерде орун жетишсиздиги байкалууда. Бул маселени чечүү үчүн айрым сунуштар иштелип чыкты.

Талас районундагы 30 мектепке 1-класска 1505, ал эми 2-класска 1447 квота бөлүнгөн. Каттоо иштери активдүү жүрүп жатат. Жумагул уулу Алымкул атындагы мектепте орун маселеси жаралышы ыктымал. Бирок кол эмгек кабинеттерин окутуу класстарына ыңгайлаштыруу аркылуу бул көйгөйдү жоюу аракеттери көрүлүүдө.

Бакай-Ата районундагы 22 мектепте 11942 окуучу билим алууда. Бул райондо 12 жылдыкка өтүү үчүн мугалимдердин кайра даярдоосу, квоталарды тактоо, ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жигердүү жолго коюлган. Класс кабинеттер жетиштүү, инфраструктуралык көйгөйлөр жок. STEM багытындагы 262 мугалим атайын окуулардан өтүүдө.

 

Айтматов районунда 24 орто, 2 толук эмес жана 1 жатак мектеп иш алып барат. Бул райондо 1-класска 1086, 2-класска 1383 квота каралган. Бүгүнкү күндө тиешелүү деңгээлде балдар кабыл алынып, ашыкча берилген квоталарды корректировкалоо зарылдыгы пайда болду. Айрым мектептерде (мисалы, Акымбеков, Мырзабаев жана Мадымаров атындагы орто мектептерде) класс кабинеттери жетишсиз болгондуктан, үч мөөнөттө (сменалык) окутуу ыкмасын колдонууга туура келет.

Ал эми Манас районундагы 17 мектеп (1 толук эмес, 1 жатак) 12 жылдык окутууга өтүүгө даяр. Бул райондо да каттоо иштеринде документтердин толук эместиги жана айрым  улуттардын каттоодогу кыйынчылыктары кээ бир тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы белгилүү болду. Бирок бул маселелерди жоюу  аракеттери жеринде жүрүп жатат. Класстар толук комплектацияланып, методисттер, предметтик мугалимдер кайра даярдоо курсунан өтүштү.

Негизги көйгөйлөр жана сунуштар

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө негизги көйгөйлөр катары шаар жергесиндеги орус тилдүү мектептерде орундардын жетишсиздиги, айрым райондордо документ маселеси, айрым мектептерде кабинет жетишсиздиги жана ашыкча квоталардын туура эмес бөлүнүшү көрсөтүлөт. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөнкүдөй сунуштар берилди:

  1. Орус тилдүү мектептерде 1-2-класстарга кабыл алууда жашаган дареги боюнча туруктуу каттоосу бар тургундарды гана кабыл алууга шарт түзүү;
  2. 10-12-класстарда профилдик окутууда теория менен практиканы айкалыштыруу, мектептеги лабораторияларды заманбап жабдуу менен камсыздоо;
  3. Ашыкча берилген квоталарды реалдуу муктаждыкка жараша коррекциялоо жана жалпы билим берүү мекемелеринин маалымат базасын актуалдаштыруу.

Сөз соңу

Талас облусунун билим берүү системасы өлкөнүн билим берүүдөгү жаңы реформасын ишке ашырууда ар тараптуу даярдыктарды көрүп жатат. Бул иште билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, мугалимдердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын координацияланган аракеттери негизги ролду ойнойт. Айрым техникалык жана уюштуруучулук мүчүлүштүктөр болсо да, жалпы облустук деңгээлде 12 жылдык билим берүүгө эч кандай тоскоолдуксуз өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Мезгил талабына жооп берген билим берүү  — өлкөнүн келечегинин кепилдиги. Бул жолдо Талас облусу өз салымын ишенимдүү кошуп келет.

Салтанат БЕЙШЕНОВА,

Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер