Таланттуу окумуштуу – Токторбек Өмүрбеков

  • 24.03.2025
  • 0

Бул кездешүү 1973-жылдын жай айында  болгон. Азыркы Жибек Жолу менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде “Алтын Бешик” деп аталган университеттин  №5 жатаканасынан таанышкан элек. Ал кездеги бардык студенттер тариздүү келечекке  акылыбыз менен курсагыбыз тоюп,  айкындык менен реалдуу үмүткө кубат алып  жашаган студенттик күндөрдүн биринде филфактын тың чыкма кыздарынын биринин туулган күнүн белгилөө үчүн чогулгандардын арасында тарых факультетинин студенти Токторбек да бар экен.

Таланттуу окумуштуу – Токторбек Өмүрбеков

Ошондо Токторбектин ойноп сүйлөсө да ойлоп сүйлөгөн, сөзгө жуук, адабий тили бай, куюлуштуруп  көркөм сүйлөгөндүгү бизге жылуу таасирлерди  калтырган. Комузду колуна алып ырдай да билет экен. Отурушта бүгүнкү күндө  айтылуу философ Жамгырбек Бөкөшев экөө кадимки төкмөлөрчө билектерин түрүнүп, комуздарын колго  алып, айтышкан кездери али көңүл- маанайымда. Кайра келгис, чиркин студенттик зуулдап өткөн күндөрдө Токомдун  учкан куштай закымдаган турмуш сапары анда эрте түгөнүп каларын  ким ойлоптур?!

Андан бери күндөр картайып, түндөр эскирди. Көңүл сергек, пейил курсант, сүйүнүчтөн  жүрөк кабына батпай, лакылдап алып учкан күндөр, өткөндүн  баарын унутуп, эртеңкини гана ойлогусу келген, келечеги көз алдына тартылып, мыкты окусам, билимимди андан ары улантсам өңдүү максаттарына бөгөт жок, болушу да мүмкүн эмес болгон, алтын доор эмес беле, анда?!  Аруу максат –тилектердин үзөңгүлөрү кагылышып, шатыра- шатман дуулдап, чогуу-чаран  жүргөн күндөр эми жок.

Анын турмуштун зор агымында  илимде, билим берүүдө, таалим-тарбия ишинде ак пейилинен, чын ниетинен кылган аракет-изденүүлөрү, баамымда, талаага кеткен жок, асыресе, кетиши да мүмкүн эмес эле да.

Узак жылдар созулуп кемибеген, бирок, 2019-жылдын 30-июлунда  түгөнүп калган  кумарлуу өмүр төмөнкүчө башталган. Токторбек Өмүрбеков азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин ийгиликтүү аяктоо менен, мыкты бүтүрүүчүлөрдүн сабында  тарых факультетинде окутуучулук кызматка калтырылган.  Дал ошол мекемеде мээнеттенип жүрүп, аспирантураны сырттан окуп бүтүргөн жайы бар.

1986-жылы Алматыдагы Казак мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын табылгалуу коргоду.  “Жети Суудагы элдердин XX кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймылына катышуусу (1900-1917-жж.)” деген  актуалдуу да, өзөктүү да проблема боюнча тарых илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук  даражаны  алууга жетишкен.

Анын илимий жетекчиси Анварбек Хасановдун түпкү теги казак болгон. Атасы Касен (Хасан) 1928-жылы Ысык-Көлгө ачарчылык жана сталиндик куугунтук-сүргүн доорунда аргасыздан жер оодарып келген. Ал 1934-1938-жылдары Фрунзедеги педагогика институтунун тарых факультетинде окуган. Өкөбүздөгү илимдин өнүгүшүндө тарых илими боюнча кандидаттык  даражаны  алган алгачкы окумуштуулардын тобунда болгон. 1962-жылы Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук жогорку даражасын, эки жылдан кийин профессор наамын алууга жетишкен.

1965-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө  шайланган. Аталган окуу жайда 1946-1951-жылдары факультеттин  деканы, 1962-1984-жылдар аралыгында кафедра башчысы кызматында жемиштүү жана үзүрлүү эмгектенген. Аталган илимдин багыты боюнча көптөгөн илимдин кандидаттарын жана докторлорун тарбиялаган. Акыйкатта,  ал- илимге эбегейсиз зор салымын кошкон залкар инсандардын бири.

Токторбек агайынан сабак алганын, андан кийин аспиранты болгонуна сыймыктанып, ызааттоо менен, ардактоо менен эскерчү. Устатынын тарых факультетин түптөөдөгү албан  эмгегин дайыма даңазалоо аркылуу агайынын жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, боорукердиги, акылмандуулугу жалпы эле адамдык бедели менен аброю, нарк-насили менен парасаты Токторбектин касиеттүү темаларынан эле.  Ошондон уламбы, бир уулунун атын Анварбек койгон. Мындан артык устатка сый-урмат менен сыяпат-даңк  болобу?!

2004-жылы улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду ( XIXк. ортосу XX к.башы) тууралуу жаңычыл темада докторлук диссертациясын мартабалуу  коргоп, тарых илимдеринин доктору деген эң жогорку илимий даражага ээ болгон. Докторлук ишине  көрүнүктүү окумуштуу, коомдук жана мамлекеттик ишмер,  академик А.Какеев  кеңешчилик кылган.  Мен билгенден Токторбектин Аскар Чукутаевичке болгон сыймык-урматынын тереңдиги менен бийиктиги жөнүндөгү назик жана балбан ойлору али  жадымда.

 

Токторбек 1978-жылдан баштап тарых факультетинде окутуучу, ага окутуучу,  доцент,  ал эми 2000-жылдан профессор болуп өмүрүнүн соңуна  чейин эмгектенди. Бул аралыкта кафедра башчысы (1994-2000-ж.),  факультеттин деканы (2001-2008-ж.),  окуу иштери боюнча проректор (2006-ж.) жана илим-билим борборунун директору (2008-ж.) жооптуу кызматтарында үзүрлүү эмгектенди.

Ал илимий, академиялык жана проблемалуу лекцияларды кыргызча жоргонун жүрүшүндөй төрт туягын төп тыштап,  кумарлуу окуганда, лектордун эрудициясынын  кенендиги менен тереңдиги, тарыхый- философиялык ой-чабытынын ар тараптуулугу менен көп түрдүүлүгү айнек сындуу жаркырап көрүнүп турчу. Конференцияда, симпозиумдарда, форумдарда доклад жасаганда, теларадиого чыгып, эне тилинде аналитикалуу-жалпылаштыруу менен эмоционалдуу-экспресивдүү  сүйлөгөндө далайлар анын чаңында калчу. Өзгөчө,  анын даңазалуу тарыхый окуялардын өткөн — кеткенин эске салып, акыл менен жүрөктү эзген, келечекке үмүт козгоп, дымак берген илимий баяндамалары көкүрөгүмдө.  Өзүнүн билимдүүлүгүн, илимдүүлүгүн жана рухий маданиятынын  кудурет- күчүнүн бир топ эле телегейи тегиз экендигин  бардык жерде, ар кандай аудиторияда ал ишенимдүү жана негиздүү  көрсөтө алчу.

Илимпоз тубаса жана  таланттуу тарбиячы экендигин декандык кызматта үзөңгүлөш иштешип жүргөндө баамдадым. Токторбек жаштардын акыл-эс, адеп-ахлак, тарыхый эс тутум, патриотизм менен мекенчилдик, укуктук, көркөм-эстетикалык, эмгектик, экологиялык жана башка таалим-тарбиясына дамамат көңүл буруп, аларды майнаптуу ишке ашыруунун мазмуну менен формасын беш колундай билчү.

Декандык кызматта мыкты иштеп,  демилгечил шайдоот, куунак жүрүп, анын доорону менен оокуму жүргөн жылдар болду.  Манастын 1000 жылдыгына, бөтөнчө Кыргыздардын 2200 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияларды өткөрүүдө жана уюштурууда факультеттин жамаатын майнаптуу ишке жалпы чегерип, ректораттын демилгесин колдон-буттан алып, чыгармачылыгы жагынан да, эпкиндүүлүгү жагынан да ал баралына келип, баамга урунуп, жылдызы көкөлөп жанды. Факультеттин ырыс алды ынтымагын кынаптап, кесиптештерин интеллектуалдык жаңы чектерге, жаңы жээктерге жана  жаңы жайыктыктарга чакырып, үндөө аркылуу коллективде  канжыгалуу, кундуу маданий баалуулуктарды калыптандырууга аябай аракеттенди. Өлкөбүздөгү өйдөкү зор окуялардын даңкы менен жаамы журтка таанылган Токторбек көпкө чейин элдин назар-көөнүндө болду.

Таланттуу окумуштуу – Токторбек Өмүрбеков

Мен билгенден ал  педагогикалык ишмердүүлүгүндө  билим берүү менен тарбиялоонун төмөнкү парадигмаларын ар дайым тумарындай тутунган. Биринчиден, өлкөбүздөгү билим берүүнүн жана тарбиялоонун максат-маанисин, тактикасы менен стратегиясын  так жана айкын билип, заманбап уюштуруучу  касиетине ээ болгон. Экинчиден, билим берүүнүн жана тарбиялоонун мазмунун фундаменталдуу негизде өркүндөтүүгө  ар дайым жана тынымсыз кам көрүп турган. Үчүнчүдөн,  билим берүүнүн методикасы менен  технологиясы ар качан инновациялык дөөлөткө, жаңычыл касиетке, майнаптуу сапатка ээ болуп турушуна үзгүлтүксүз жана дамамат умтулуп, жигердүү аракеттенүүнүн кан жолунда болгон. Төртүнчүдөн, билим берүүнүн натыйжасын баалоодо академиялык чынчылдыкты, акыйкаттуулукту көздүн карегиндей сактоо анын жана ал иштеген коллективдин салттуу жөрөлгөсү экендигине бүгүнкү күнгө чейин терең ишенип да, үмүт кылуу аркылуу арууланып келем.

Окумуштуу окутуу методдорунун: студенттердин активдүүлүк деңгээлдерине; билим алуунун булагына; дидактикалык максаттарына; студенттердин таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүктөрүнө; окуу процессине комплекстүү мамиле кылуусуна; студенттер менен окутуучулардын акыл-эмгегинин уюштурулушуна байланыштуу классификацияларын натыйжалуу, майнаптуу айкалыштыруунун жана интеграциялоонун тактикасы менен стратегиясын кынтыксыз мыкты билген.

Ал тарыхый материалдардын мазмунуна шайкеш түшүндүрмө-иллюстративдүү, репродуктивдүү, эвристикалык, изилдөөчүлүк жана проблемалуу баяндоо методдорун интерактивдүү усулдар менен оптималдуу айкалыштыруунун мүмкүндүктөрүнүн теориясы менен практикасын беш колундай ишке ашырган.

Дал ушул өрнөктүү да, уңгулуу да педагогикалык, адамдык касиет –сапаттар профессордун  турпаты менен бейнесин аныктап, ал мага бүгүн да тээ алыстан Ала-Тоодой шаңкайып да, калдайып да турат деп айтууга олбурлуу негиздерим бар.

Ал Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча 200дөн ашуун илимий, окуу- усулдук эмгекти, анын ичинде 7 монография, 15тен ашуун окуу китеп менен окуу-усулдук куралды жарыялаган.

Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин 6-,7-, 8-класстары үчүн  “Кыргызстандын тарыхы”окуу китебине авторлош болгон.  Аталган окуу китептери 1995-2017-жылдары кыргыз, орус, өзбек тилдерине бир нече ирет басылып чыккан.

Ошондой эле ал ̶ 6-класстын окуучулары үчүн жазылган “Байыркы дүйнө тарыхы”  окуу китебинин дагы авторлорунун бири. Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлары үчүн да бир нече ирет окуу китебин жана окуу-усулдук куралдарды жазуу  аркылуу студенттердин тарыхый эс тутуму менен диахрондуу  маданиятын көтөрүүгө ири салымын кошкон.

Окумуштуу коомдук жана педагогикалык иштерге  жигердүү катышып, өлкөнүн  жаш тарыхчылар жамааты, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси тариздүү  чыгармачыл уюмдардын  иш-чараларына ар дайым,  дамамат аралашып,  бир  катар диссертациялык кеңештерде мүчө болуу менен илимпоздордун жаңы муунун даярдоого абройлуу салымын кошкон.  Ал эми 2012-жылдан тартып ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиясынын мүчөсү катары аталган илимди  модернизациялоого жана реформалоого   олуттуу жана салмактуу  ой-пикирлерин дембе-дем айтып турган.

Айрыкча, окумуштуунун XVI кылымдан XXкылымдын башына чейинки доордогу Кыргызстандын саясий тарыхы,  элибиздин ошол доордогу айтылуу инсандары, Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш ж.б. тууралуу илимий  макалалары кыргыз, орус,  түрк, англис, немис, ханзу ж.б. тилдерде жарыялангандыгын белгилей кетүү оң. Ал илимде муңдуу чөптөн пас болуп, бел чечпей баса олтуруу менен көшүлүп да, ырахаттанып да эмгектенди. Бирок төш какпады, мактанбады, илимий оомат-аброю илгерилеген сайын жупуну болду жана жөнөкөй жүрдү.

Анын жатык тилде жазылган “Эл башчылар, эрендер жана эл тарыхы: (Тарыхый очерктер)” (Бишкек,2014)  деген жана башка эмгектери заманбап кыргыз таануудагы табылгалары менен ачылыштары аркылуу бөтөнчө айырмаланып турат.  Китепте улуу инсандардын коомдук-саясий жана мамлекеттик көп кырдуу ишмердиги ар тараптан комплекстүү  түрдө изилденет. Алардын катарында Ормон хан, Боромбай бий, Жантай, Жангарач, Алымбек Датка, Ажыбек Баатыр, Курманжан Датка, Байтик Баатыр, Алымкул Аталык, Шабдан Баатыр ж.б. кирет. Аталган чыгаан инсандардын өрнөктүү, өтөлгөлүү өмүр жолу, кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына ылайык кылган ак кызматы жана акылман жол башчылары катарында калайыкка тааныткан эл ичинде зор кадыр- баркка ээ кылган артыкча касиеттери менен нарк-дөөлөттөрү тарыхый так даректердин негизинде элестүү, драмалуу, о.э,  системалуу  баяндалат. Өзгөчө,  тарыхый инсандардын мүнөздөрүнүн, образдарынын жана портреттеринин ачылышы илимий стилдеги художник тарткан сүрөттөй.

Талбай иштеген илимий педагогдук жана коомдук ишмердиги жогору бааланып, ал “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына (2011) татып,  андан соң “Даңк” медалы (2016)  менен сыйланган. Мындан тышкары  “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы”  төш белгиси, “Манас-1000” маарекесинин  медалы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси  менен сыйланган жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (2018) наамына татыган. Орто мектептин окуучуларына арналган “Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII- XX к. башы)” деген аталыштагы авторлошуп жазган китеби (Бишкек,1995) үчүн Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын Белек Солтоноев атындагы сыйлыгы (1996) ыйгарылган.

Ал бир катар шакирттеринин илим жолуна чыйыр салып берди. Илимий жетекчи катары диссертацияларын ийгиликтүү корготту, албетте, алар устатынын жолун өтөлгөлүү улантышууда.

Токторбек  жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, адилеттүүлүгү, чынчылдыгы, кичи пейилдиги жана адамдар менен тил табыша алган жаракөрлүгү менен кесиптештеринин көбүнөн айрыкча  айырмаланчу. Оор басырык мүнөзүн, боорукерлигин, кең пейилдүүлүгүн, кайрымдуулугун замандаштары жана айланасындагылар баамдап, баалап, жакшы көрүп,  урматтап да, аздектеп да  турчу.

Мен билгенден ал  жөнөкөйлүк менен билимдүүлүктүн, сабырдуулук менен токтоолуктун, ар намыстуулук менен интеллектуалдуулуктун, адеп-ахлактуулук менен илимдүүлүктүн, боорукердик менен маданиятуулуктун, кең пейилдүүлүк менен  ак ниеттүүлүктүн, жоопкерчилик менен акылкөйлүктүн, жаңы менен эскинин, бар менен жоктун, жакшылык менен жамандыктын, адам менен табияттын, өтмүш менен болмуштун, кубаныч менен өкүнүчтүн, шарапат менен кесепеттин, тоталитаризм менен азаттыктын, социализм менен капитализмдин, тарыхый эс тутум менен маңкуртчулуктун, арзан менен кымбаттын, ааламдашуу менен этномаданияттын,  мүнөз менен тагдырдын айкалышкан, ашташкан жеринде тогошкон тоомунда парасаттуу да, нарк-насилдүү да, мартабалуу да өмүр кечиргендиги бизди ар дайым толкундантат.

Ошентип, менимче,  ал адам катарында да, окумуштуу катарында  да жарым-жартылай  чыгышчыл, жарым жартылай батышчыл адамдык турпаты дилимде.

Алдан тайып, муунунда дем-күч калбай, каруусунда кубат-ал калбай, кыбыроого дарман-медери жок мүргүп калганга чейин мекендин тарых илими жана билим берүү тармагы үчүн талыкпай чыгармачылык менен  салым кошуп келген чыгаан окумуштуунун жана педагогдун жаркын элеси  мага буудан жорго сындуу топ күлүктөрдүн арасында каңтарылып байлоодо тургандай элес калтырат…

Жоргонун жүрүшүндөй зуулдап өткөн көп жылдар артта калды. Көрсө, адамдардын баары бирдей өмүр кечирбейт тура. Баары бирдей бак-таалайга чалкыбайт тура. Ар кимдин өз тагдыры, өз жазмышы чекесинде. Өмүрүндө зуулдап жүргөн узак жолу түгөнүп баратканын алдын ала сезген бейм.  Ошондон улам,  бейит башында сүйлөй турган кишилердин, сөөк коюуга катышуучулардын тизмесинен өйдө шурудай тизип, телофондоруна чейин жазып кеткен экен…

Токомдун да күлүк күнү кетти, тулпар тушу качты. Ошентип, жоргонун жүрүшүндөй зуу этип өмүр өттү. Инсандык тагдырдын осуяты менен санаты калды жана өрнөгү менен насыйкаты калды.

Назаркул Ишекеев,

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун проректору, педагогика илиминин доктору, КР УИАнын корр.- мүчөсү, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер