ТАБИЯТ ТААНУУ БОРБОРУНДА

  • 17.10.2023
  • 0

Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору Кыргызстандагы окуучулардын “Туулган жерим” туристтик-аймак таануу кыймылынын “Экология жана биз” программасынын алкагында,“Биз менен бирге саякатта!” аталышындагы экологиялык видеосынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Аталган видеосынак Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027 жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын” алкагында уюштурулган.

ТАБИЯТ ТААНУУ БОРБОРУНДА

Видеосынактын жыйынтыгында Түп районунун Кичи-Өрүктү айылындагы Ж.Бактияров атындагы мектептин окуучусу Таалайбек кызы Айгерим биринчи орунду, Ак-Суу районундагы Ж.Ашубаев атындагы мектептин окуучусу Малика Рыскулбекова экинчи орунду жана Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Чыгармачыл балдардын борборунун катышуучусу Канышай Замирова үчүнчү орунду ээледи.

1999-жылы “Жаш натуралисттер станциясы” жана “Жаш туристтер станциясы” биригүүсүнүн натыйжасында, түзүлгөн бул борбор республикадагы мектеп экологиясы, жерин таануусу, музейтаануу, манастаануу, балдар туризми менен алектенген бирден бир окутуу-усулдук жана уюштуруучу борбор болуп эсептелет. Борбордун директорунун орун басары Светлана Тапаеванын айтымында, алар республикалык масштабда экологиялык, аймак таануу жана туристтик багыттагы сынактарды, акцияларды, слётторду, көргөзмөлөрдү, жүрүштөрдү, ар кандай мастер-класстарды, семинар, конференцияларды онлайн жана офлайн форматта өткөрүп турат.

– Биздин борбордун иш-аракеттери экологиялык тарбия берүүгө, курчап турган айлана жөнүндө балдардын кабыл алуусун жана билимдерин кеңейтүүгө, окуучуларда атуулдукту, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, кичи мекенине болгон сүйүүсүн ойготууга багытталган. Ар түрдүү багыттагы ийримдер окуучуларды тарбиялоодо иштиктүү аракеттерди жүргүзүп келет. Шаардын мектептериндеги ийримдер борбор менен тыгыз байланышта болуп, окуучулары жүрүштөргө, экскурсияларга, мелдештерге, сынактарга жигердүү катышып келишет. Жаш ийримчилердин арасында эл аралык мелдештерге катышып, жеңишке жетишкендери да  бар. Алсак, “Жаш геолог” ийриминин жетекчиси И.Даутовдун окуучулары Орусияда, Казакстанда өткөрүлүп турган эл аралык мелдештерге акыркы жылдары жыл сайын катышып келүүдө. Ошондой эле борбордун альпинизм боюнча ийриминин жетекчиси В.Агафонов Памир тоолоруна жогорку татаалдыктагы жүрүштөрдү өткөрүп турат, — дейт.

Светлана Искаковна баса белгилегендей, борбордун мугалимдери балдарды табият менен достоштуруу максатын камтыган кароо-сынактарды байма-бай өткөрүү менен бирге улам жаңы кызыктуу долбоорлорду ишке ашырууга умтулат. Жаңы окуу жылынан баштап бул борбордо республикадагы мугалимдер арасында экология, жерин таануу жана туризм боюнча өз алдынча эркин ийрим ачуу сынагы жарыяланган. Ага учурда 200гө жакын мугалим катталып, борбор менен тыгыз иш жүргүзө баштады. Ошондой эле 1-сентябрдан баштап республика боюнча 13 «Жаш экологдор», «Жаш турист-экологдор» ийримдери ачылды. Ал ийримдер окуучулардын экология билимин, маданиятын жайылтуу, балдарды жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүү максатын көздөйт.

Андан тышкары, ар ишемби күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун усулчусу, Кыргыз илимдер академиясынын М.Адышев атындагы геология институтунун улук кызматкери, география илимдеринин кандидаты, доцент Көчкүнбек Бакиров ийрим жетекчилерине, республиканын мугалимдерине “Экологиянын негиздери”, “Жашыл көндүмдөр”, “Айлана-чөйрөнүн геоэкологиясы” ж.б. темаларды камтыган онлайн вебинарларды өтүп жатат.

— Биздин борбор мектептерге “Аймак таануучу-туристтер”, “Тоо туристтери”, “Адабий аймак таануу”, “Жаш туристтер”, “Жаш геологдор”, “Жаш турист-экологдор”, “Спорттук ориентирлөө”, “Жаш экологдор”, “Мектеп музейлеринин активисттери”, “Аскага чыгуучу жаштар” багытындагы ийримдерди ачып берди. Окуучулар бул ийримдерге акысыз катыша аларын баса белгилеп кетким келет.

Окуу жылынын ичинде  ийримдерге катышып жүргөн окуучуларыбыз Ала-Арча, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чуңкурчак, Кегети тоо кыркаларынын капчыгайларына, “Чоң-Таш”, “Татыр”, Семенов, Боом капчыгайларына, Коңорчок, Малиновое капчыгайына, Кашка-Суу, Эола сепили ж.б. тоо лыжа базаларына туристтик жүрүштөргө, кышкысын лыжа тебүүгө чыгып турушат, — дейт Светлана Искаковна андан ары сөзүн улап.

Борбордо өткөрүлүүчү кароо-сынактарда жалаң гана окуучуларга эмес, педагогдор жана балдардын ата-энелери үчүн да номинациялар бар. Алсак, жакында эле “Педагогдордун тоого чыгуу жана жөө саякаттоосу”, “Үй-бүлөлүк жөө жүрүштөр” номинациялары белгиленип, жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталды. Педагогдордун сынагында биринчи орунду ээлеген Сокулук районундагы №1 Фрунзе мектебинин мугалими М.Токаеванын, экинчи орунга чыккан Ак-Суу районундагы Т.Искаков атындагы мектептин мугалими А.Эшнахунованын, үчүнчү орунду алган Ак-Суу районундагы А.Истамбеков атындагы мектептин мугалими Р.Исраиловдун ысымдарын сыймыктануу менен атай кетсек болот.

Ал эми “Үй-бүлөлүк жөө жүрүштөр” номинациясында биринчи орунду Ак-Суу районунун Ак-Чий айылындагы А.Ракымов атындагы мектептин мугалими Н.Абдиева, экинчи орунду Ак-Талаа районундагы Чыгармачыл балдардын борборунун катышуучусу А.Тиленчиева, ал эми үчүнчү орунду Жайыл районунун Сосновка айылындагы мектептин мугалими Д.Мусуркулова ээлеп, өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.

Ушул жылдын июнь айында борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы, Бишкек шаардык регионалдык башкармалыгы жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Аламүдүн райондук башкармалыктары менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн уюштурулган экологиялык “Менин канаттуу досторум” зоналык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасын өткөрүштү. Зоналдык сынак эң мыкты уя жана тоют мамычасы, канаттуулардын эң мыкты сүрөтү, эл аралык канаттуулар күнүнө арналган мугалимдердин ачык сабагы номинациялары боюнча жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

– Өлкөбүздөгү жалпы мугалимдер үчүн жашыл көндүмдөр боюнча түшүнүктөрдү берүү максатында онлайн жана офлайн экобилим берүүнү колго алуудабыз. Тагыраак айтканда,  эколог усулчубуз, климатолог, метеоролог Көчкүнбек Бакиров экологияны нөлдөн баштап окутат. Каалоочулар жумасына бир ирет атайын шилтеменин негизинде онлайн же мекемеге келип офлайн форматта катыша алат.

Бишкек шаарындагы кызыккан мугалимдер үчүн дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк – борбор менен кызматташып, окуучуларды тоодо алып жүрүү, туристтик жабдуулар жана шаймандарды колдонуу тартибин, мисалы, туристтик чатыр орнотуу жана жыйноо, туристтик сумканы туура тандап, салыштыруу, тоодо от жагуунун түрлөрүн, окуучуларды кантип даярдоо керектиги жана башка көндүмдөрдү практика жүзүндө, өздөрүн капчыгайларга, чокуларга алып барып, маршруттарды үйрөтүп берүү көндүмдөрү окутулат. Кызыккан мугалимдерге ийрим ачып, маяна дагы төлөп берилет.

Борбор окуучулар менен чыгармачылыкта иштей алчу мугалимдер үчүн «Өз алдынча ийрим ачуу» сынагын уюштурат. Бул сынакка республикадагы бардык мугалимдер катыша алат. Ийрим программаларын, усулдук колдоо тажрыйбаларын борбор камсыздайт. Эң кызыгы, бул сынактын жеңүүчүлөрүнө борбордун демөөрчүсү “Элмобайл” электроника дүкөнү жалпы суммасы 255 000 сомдук баалуу белектерди: ноутбук, принтер, үй-тиричилик буюмдарын тартуулайт. Жеңген мугалимдер ага кошумча борбордун ийрим жетекчиси боло алат.

Биздин борбор менен кызматташып жаткан мугалимдерге презентация жасоо, Microsoft Word, Ecxel менен иштөө сыяктуу компьютердик сабаттуулуктарды, ийримди кызыктуу өтүү, экобилим, туристтик маданият сыяктуу усулдук колдоолорду берүүгө даярбыз.

Ал эми окуучулар үчүн мектептерге барып жашыл көндүмдөр, туруктуу өнүгүүнүн максаттары тууралуу экобилим берүүгө кызыкдар мектептер менен онлайн жана офлайн форматта кыргыз жана орус тилдеринде кызматташууга ар дайым эшик ачык, — дейт Светлана Тапаева.

Айнагүл Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер