ТӨРТ ТУЯГЫН ТӨП ТАШТАГАН ТУЛПАРДАЙ

  • 17.03.2023
  • 0

ТӨРТ ТУЯГЫН ТӨП ТАШТАГАН ТУЛПАРДАЙ

Кылымдар бою элибиз көксөгөн азаттыктын, эркиндиктин эйфориялуу да, даңазалуу да, драмалуу да, таптакыр бири-бирине окшобогон жылдары учкан куштай закымдоодо. Айтылуу акын Арстанбек айткандай, устаранын мизинде оодарылган оомал-төкмөл бул заманда өмүрүн, адамдык тагдырын билим берүүгө, таалим-тарбияга, илимге арнаган инсандардын бири – педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер  Искендер Исамидинов эле.

Ал окутуучулуктан илимдин докторуна, профессоруна чейинки жолду, декандын орун басарынан ректорго дейре жооптуу кызматтарда үзүрлүү жана мартабалуу эмгектенди. Жаңы багыттар боюнча институт ачып, жаштардын бүйүрүн кызыткан адистерди, өнөрдү тандоосуна мүмкүндүк, альтернатива жаратты, көптөгөн адамдардын акыл жана күч эмгектерине жумуш ордун түзүп берүү аркылуу алардын жашоо каражаттарынын мазмунун уюштурууга, тагдырына, келечегине кам көрүүнүн түмөн түйшүктүү жолунда изденди.

Мыкты педагог катары 70-жылдардан баштап өмүрүнүн соңуна чейин Улуттук университетте иштеп, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей, миңдеген жаштардын филологиялык билимин жогорулатып, жалпы таанып-билүү маданиятын, инсандык нарк-насилин көтөрүп, адис катары тарбиялады. Ал эң ириде, жогорку окуу жайында адабиятты окутуунун технологиясы боюнча актуалдуу лекцияларды окуган лектор болгон.

Окумуштуу педагогика илиминин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири эле. Калеминен 100дөн ашык илимий эмгектер жазылып, алар илимде жана практикада бараандуу баалуулукка айланган. Илимий устаты, кандидаттык диссертациясынын жетекчиси, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Киреше Иманалиев болгон. Залкар окумуштуу кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасын негиздөө менен, 1975-жылдан 1998-жылга чейин кафедраны жетектеп келген. Ал кафедраны илимий жаш кадрлар менен толуктоого өзгөчө камкордук көргөн инсан эле. Окумуштуу кафедранын илимий, окуу-методикалык жактан өнүгүшүнө ири жана зор салым кошкондугун өзгөчө белгилей кетүүм акыйкат.

Анын эмгектеринде Батыш менен Чыгыштын, улут менен бүткүл адамзаттын, салттуулук менен жаңычылдыктын фундаменталдуу асылдуулуктары илимий негизде айкалыштырылган. Акыйкатта, Искендер Исамидинов эмгектеринде кыргыз адабиятын окутуунун методикасы илиминен тигил же бул багыттарынын теориясы менен практикасын кенен жана терең жалпылаштырууга умтулган. Ошондуктан анын докторлук диссертациясынын илимий кеңешчиси катары төмөндө эки эмгегине кыскача сыпаттама бере кетүүнү оң көрүп турам.

Кыргыз адабиятынын методикасында адабият теориясын окутуунун проблемалары жыш, ошого жараша алар көп кырдуу, ар сырдуу жана татаал. Бир жазуучунун программага кирген чыгармаларынын негизинде адабият теориясынан маалымат берүү методика илиминде өзүнчө изилдөөнүн обьектиси боло тургандыгы талашсыз. Дал ушул аспектиден алып караганда И.Исамидиновдун “Кыргыз орто мектептеринде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын үйрөнүүнүн процессинде окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруу” (1993) деген эмгеги назар-көөн салууга арзыйт.

Эмгек үч баптан турат. Анын биринчисинде автор кыргыз адабият сабагында адабияттын теориясынан маалымат берүүнүн көп сайлуу, кең-кесири, масштабдуу проблемалары жана улуттук көркөм сөздү окутуунун методикасы илиминдеги алган орду туурасында так, ишенимдүү, системалуу түшүнүктөрдү берет. Экинчисинде Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде V-VIII класстарда адабият теориясынан маалымат берүүнүн осуйпалары чулу ойлордун өзөгү. Ырас, автор ири алды аталган класстарда адабият теориясынан маалымат берүүдө колдонулуучу жалпы принциптерге, метод-усулдарга жана технологиялык каражаттарга токтолот. Анткени адабияттык окуу курсунда теориялык маалыматтар алгачкы, саамалык иретинде тааныштырылып олтургандыктан, менимче, бул логикалуу жана таасын-таамай чечилиш. Ошондой эле сүрөткердин адабият майданына келишинен, өмүр-таржымалынан, чыгармаларынан мектептерде окутулушунан жана методика илиминде изилденишинен маалымат берет. Анда тарыхый-методикалык материалдар жетиштүү, айкын-ачык камтылган. Ошондой эле тигил, же бул адабий түшүнүктү чыгарманы окуу – талдоо менен жарыш алып баруу, маалыматты акырындап калыптандыруу, форма менен мазмунду бирдикте кароо, кеп байлыгын өстүрүү аркылуу үйрөтүү, предмет аралык интеграцияга, алака-катышка такшалтуу, машыктыруу аракеттери бар, баамымда, олжолуу жана ийгиликтүү деңгээлде. Адабий-теориялык түшүнүктөрдү окутуу процессиндеги мугалим менен окуучунун көркөм-эстетикалык, дидактикалык-педагогикалык көп кырдуу мамилелери да иликтенген, кыскасы, реалдуу мектеп турмушунан алынган факт-материалдар жалпылаштыруу аркылуу, өз алдынча ажайып стилге ээ.

Кыргыз адабиятынын методикасында чечиле элек проблемалар арбын дебедикпи. Ошол түйүндүү маселелердин бири – бул адабият теориясын мектептерде окутуу проблемасын системалуу иштеп чыгуу. Ага байланыштуу эмгеги – “Кыргыз мектептеринде адабият теориясын окутуу (2004)”. Окумуштуу өз ишинде орус жана түрк тилдериндеги адабият теориясын окутуунун методикасы боюнча окумуштуулардын эмгектерине карата жалпы обзор, асыресе, диахрондуу, мазмун-маңызы терең, кенен сапаттуу дөөлөткө ээ. Ошону менен бирге, бул проблеманын кыргыз адабиятынын методикасы илиминдеги абалы, өнүгүшү жана чыңдалышы менен бекемделиши, сынчыл ойдун мейкиндигинде. Акырында кыргыз мектептери үчүн адабият теориясын окутуунун ырааттуу системасы окумуштуу тарабынан иштелип чыккандыгын баса белгилей кетүүм оң. Негизинен, анын эмгектеринде берилген адабий-теориялык түшүнүктөрдүн мазмуну жана методдордун системасы тажрыйбадан өткөрүлүп, илимий түрдө өзөктүү жалпылаштырылган.

И.Исамидинов кыргыздын улуттук маданиятын, элдик каада-салт, ыймандык жана эстетикалык дөөлөттөрдү жаш муундарга үйрөтүүнүн күчтүү каражаты болгон кыргыз адабиятын окутуу илимине жана аны окутуу процессине да олуттуу жана салмактуу салымын кошуп кетти. Ошондой эле кыргыз адабиятын жогорку окуу жайларында окутуунун методикасына, атайын курстарга, семинарларга да даяр теориялык жана практикалык бай материалдарды берүүгө жетишти. Ал бай эмгек жолунда билим берүүнүн стандарттарынын, окуу пландарынын жана окуу программаларынын, окуу китептеринин жаңы муундарын даярдоого өз үлүшүн кошо алды.

Жалпылаштырып айтканда, И.Исамидиновдун илимий эмгектеринин каймагын калпып, жаңылыгы менен теориялык маанисин төмөнкүдөй туюндуруп кетүүнү өзүмдүн окумуштуулук парзым деп билем: Мектептердеги адабиятты үйрөтүү процессинде теориялык түшүнүктөрдү окутуунун эволюциясы биринчи жолу диахрондуу-аналитикалык негизде талданып, азыркы этаптагы актуалдуу проблемалары айкындалуу менен бирге, системалуу, комплекстүү изилденген; теориялык түшүнүктөрдү окутуу үчүн адабий-дидактикалык жалпы система иштелип чыккан; адабий-теориялык түшүнүктөрдү окутуунун теориясы жана методикасы түзүлгөн; изилдөөнүн материалдары, жыйынтыктары жана корутундулары башка илимдер (педагогика, дидактика, кыргыз тилин окутуунун методикасы ж.б.) үчүн да актуалдуу жана концептуалдуу. Албетте, өйдөкүлөр анын илимий ишмердүүлүгүндөгү мен байкаган уңгулуу касиеттер жана баалуулуктар.

Искендер – элдик дипломатияны өтө мыкты билген, анын табылгыс каарманы. Ал университетте ынтымактуулуктун жана биримдиктин сакталышына ийкемдүү мамиле кылган. Өз мүдөөсүн, максатын ишке ашыруу үчүн кылдаттык, кыраакылык менен жүргүзгөн иштери кесиптештеринин эсинде. Ырыс алды – ынтымакта болуп, бирдик болбой, тирилик болбой тургандыгын турмушта дайыма жетекчиликке алгандыгына далай курдай күбө болгонбуз. Ректор болуп, эки тизгин, бир чылбыр колунда турганда да айлакерлигин сабырдуулукка, токтоолукка жуурулуштуруу менен башкаруунун оптималдуулугун камсыз кыла алган.

Ал уккан сөздү, окуяны жана кубулушту эсинде мыкты сактай билген, куйма кулак инсан эле. Ошондой эле, сөзгө чебер, куйкумдуу, көркөм, таамай жана мыкты сүйлөгөн чечендиги жадыбызда. “Баатырдын көркү – маңдайда, чечендин көркү – таңдайда” деген элдик макалдын маңызы Искендердин рухунда бар болчу. Ал өз киндигин өзү кесип, атанын уулу катары сапар кечирди. Турмушка бышык, чыйрак жана бекем караган, адамдарга мамилечил, дасторкону жайыл жарандардын бири эле. Керек учурда топ бузган, көк жалдыгы да көңүлүбүздө катылуу. Элеттен шаарга келип, билим алып интеллигенциянын катмарын толуктагандардын айрымдары айылынан алыстап, кээлери кол үзүп кеткен жагдайлар жок эмес. Бул жагынан Искендер ал кенемтени толуктап, киндик каны тамган Кегетиге соңку жылдары байма-бай каттап, жердештери менен камыр-жумур болуп, элеттешүүгө маани берип жүргөнү эсте. Турмуштук жана кесипкөйлүк тажрыйбасы бийиктеп, сереге чыгып, төрт туягын төп таштап турган учурда кете бергени, албетте, өкүнүчтүү болду.

Ал өз муундаштары сыяктуу эле жаңы менен эскинин, бар менен жоктун, сүйүү менен жек көрүүнүн, жакшылык менен жамандыктын, өмүр менен өлүмдүн, ак менен каранын, акыйкат менен наадандыктын, адам менен табияттын, достук менен кастыктын, адам менен ишенимдин, ыйман менен ар-намыстын, жеке адам менен коллективдин, адал менен арамдыктын, өтүмүш менен болмуштун, социализм менен капитализмдин, тоталитаризм менен азаттыктын, ааламдашуу менен этномаданияттын, мүнөз менен тагдырдын, тогошкон тоомунда, өмүр кечирип, «жакшы адам эле» деген кайталангыс кесиптин өтөөсүнө чыга алды деген ойдомун.

Айтмакчы, адабият менен искусство чыгармаларынын сюжет-мазмунунда бүтүндөй оң образдар үстөмдүк кылган жагдай-кырдаалдар көп кездешет. Алар адамды турмушта жакшы, изги жана гуманисттик көрүнүштөрдү даңазалоого чакырат. Мунун өзү оптимисттик жана романтикалык негиздерди калыптандырууда чоң мааниге ээ. Анын сыңары, Искендер Исамидинов дагы өрнөктүү өмүр кечирип, көтөрүңкү маанайдагы жайдары инсан катары из калтырып кеткендиги бирге иштегендердин көөн-ниетинде сакталып калды.

Назаркул Ишекеев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору, педагогика илимдеринин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер