ТҮРКИЯДАН КЫРГЫЗ ДЕП СОККОН ЖҮРӨК

  • 28.03.2025
  • 0

Өз мекенинен сыртта жүрсө да кыргыз элинин намысын коргоп, эли, жери, эне тили үчүн күйгөндөр арабызда аз эмес. Мына ушундай мекенчил жигиттерибиздин бири – нарындык түрколог-окумуштуу Майрамбек Орозобаев. Ал 25 жылдан бери Түркияда жашайт. Чейрек кылымдык өмүрүн кыргыз тилин изилдөөгө арнап, анын өнүгүшүнө жана жайылышына чоң салымын кошуп келет.

ТҮРКИЯДАН КЫРГЫЗ ДЕП СОККОН ЖҮРӨК

Майрамбек Жумакадырович 2000-жылы Түркияга Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде ассистент болуп иштеп жүргөн кезинде кеткен. Ошол учурда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагы боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында Түркияда магистратурадан окуу үчүн жарыяланган конкурска катышып, жолдомо алган.

Алгач ал Анкара шаарындагы Гази университетинин Түрк тилин үйрөтүү борборуна кабыл алынып, аны аяктагандан кийин 2001-жылы Хажеттепе университетинин Коомдук илимдер институтунун алкагындагы түрк тили бөлүмүндө магистрант катары билимин уланткан. Аны 2004-жылы Түркиядагы белгилүү окумуштуу, түрколог, профессор, доктор Эмине Йылмаздын жетекчилигинде даярдаган “Байыркы түрк тили жана азыркы кыргыз тилиндеги сөз жасоочу мүчөлөр” аттуу илимий эмгегин жактоо менен ийгиликтүү аяктаган. Бирок Майрамбек агай айрым жаштардай болуп магистратураны бүтүрүп эле мекенине кетип калбай, Түркияда билимин андан ары улантып ошол күндөн ушул күнгө чейин кыргыз тилин изилдөө жана аны таанытуу аракетин көрүп келет. Филология илимдеринин доктору, профессор болуп, жети магистрант, эки докторант даярдады. Албетте, ал бул даражага оңой-олтоң эле жете койгон жок. Бардык кыйынчылыкка чыдап окуду, тынымсыз изденди, эмгектенди.

Ал магистратураны аяктагандан кийин Анкара университетинин Коомдук илимдер институтунун Түрк тили жана адабияты багыты боюнча докторантура программасына кабыл алынып, ал жактан Мустафа Жанполат, Сема Барутчу, Айсу Ата өңдүү белгилүү түркологдордон сабак алат. 2010-жылы профессор, доктор Айше Мелек Өзйетгиндин жетекчилигинде “Кыргыз тилиндеги исламга чейинки элдик ишенимдер менен байланыштуу лексика” аттуу темадагы диссертациясын ийгиликтүү коргоп, түрк тили жана адабияты багытында доктор наамына ээ болот. Ошол эле жылы “Кыргыз жана түрк тилдериндеги фразеологизмдерди лингвомаданий өңүттөн салыштырып изилдөө” аттуу долбоор даярдап, ал Түркия илим жана технология изилдөө коому
(ТҮБИТАК) тарабынан жактырылып, аталган коомдун стипендиаты болуп калат. Ошону менен бирге эле ал долбоорун ишке ашырууда Түрк тил курумунун да колдоосуна ээ болот . 2011-жылы ага Түркиянын Ардахан университетинин Азыркы түрк диалекттери жана адабияттары бөлүмүндө иштөө сунушу түшүп, доценттин милдетин аткаруучу катары ошол окуу жайда эмгек жолун улантат. 2019-жылы ал Түркиянын Университеттер аралык комиссиясынын чечими менен филология илимдеринин “Азыркы түрк диалекттери жана адабияттары тармагында доцент” илимий даражасын
алат.

ТҮРКИЯДАН КЫРГЫЗ ДЕП СОККОН ЖҮРӨК

Майрамбек Жумакадырович 2000-жылы Түркияга Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде ассистент болуп иштеп жүргөн кезинде кеткен. Ошол учурда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагы боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында Түркияда магистратурадан окуу үчүн жарыяланган конкурска катышып, жолдомо алган.

Алгач ал Анкара шаарындагы Гази университетинин Түрк тилин үйрөтүү борборуна кабыл алынып, аны аяктагандан кийин 2001-жылы Хажеттепе университетинин Коомдук илимдер институтунун алкагындагы түрк тили бөлүмүндө магистрант катары билимин уланткан. Аны 2004-жылы Түркиядагы белгилүү окумуштуу, түрколог, профессор, доктор Эмине Йылмаздын жетекчилигинде даярдаган “Байыркы түрк тили жана азыркы кыргыз тилиндеги сөз жасоочу мүчөлөр” аттуу илимий эмгегин жактоо менен ийгиликтүү аяктаган. Бирок Майрамбек агай айрым жаштардай болуп магистратураны бүтүрүп эле мекенине кетип калбай, Түркияда билимин андан ары улантып ошол күндөн ушул күнгө чейин кыргыз тилин изилдөө жана аны таанытуу аракетин көрүп келет. Филология илимдеринин доктору, профессор болуп, жети магистрант, эки докторант даярдады. Албетте, ал бул даражага оңой-олтоң эле жете койгон жок. Бардык кыйынчылыкка чыдап окуду, тынымсыз изденди, эмгектенди.

2025-жылдын январь айында Ардахан университетинин башкаруу кеңеши тарабынан түзүлгөн илимий комиссиянын жыйынтыгы менен Майрамбек Жумакадыровичке “Азыркы түрк диалекттери жана адабияттары негизги илимий тармагынын профессору” даражасы ыйгарылат. Учурда байыркы түрк тили, түрк тилинин тарыхы, орто кылымдагы түрк тили, чагатай, кыргыз, түрк, татар, түркмөн тилдери, түрк тилдеринин (башка тилдер менен) байланыштары ж.б. өңдүү предметтер боюнча бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларында окуган студенттерге сабак берип келүүдө. Ал “Кыргыз тилиндеги исламга чейинки элдик ишенимдер менен байланыштуу лексика”, “Кыргыз маданиятында чүкө жана кыргыз тилиндеги чүкө менен байланыштуу лексика” аттуу эки монографиянын, “Тилдеги көркөм каражаттар: троптор/ (практикум) (М.Агиенко менен авторлош), “Кыргыздарда ант берүү салты жана ант менен байланыштуу сөздөр”, “Кыргыз тилин өнүктүрүүдө түрк тилинин тaжрыйбaлaрынaн пaйдaлaнуу”, “Кыргыздарда чүкө менен ойнолгон кумар оюндары” ж. б. сыяктуу бир катар эмгектердин автору. Ошондой эле Түркия жана Кыргызстандан тышкары, Азербайжан (Баку), Өзбекстан (Ташкент), Босния жана Герцеговина (Сараево) өңдүү мамлекеттерде уюштурулган бир нече эл аралык илимий иш-чаралардын (симпозиум, конгресстин, форум ж.б.) катышуучусу. Анын илимий эмгектери негизинен кыргыз тилинин сөздүк курамы жана алардын морфологиялык түзүлүшү, семантикасы, тарыхый эволюциясы жана этимологиясына арналган. Анын бул багыттагы эмгектеринде өзгөчө элдик ишенимдер, улуттук оюндар, каада-салт, үрп-адаттар, кесиптик жана этномаданий баалуулуктар менен байланыштуу концептилер (ыйык түшүнүктөр) байыркы жана азыркы түрк тилдери менен салыштырылып фонетикалык, морфологиялык жана этимологиялык өңүттөн кеңири изилденет.

Эми Майрамбек Орозобаев 1975-жылы 6-ноябрда Нарын районунун Дөбөлү айылында төрөлгөн. Атасы Жумакадыр көп жыл бою Нарын шаарындагы мамлекеттик мекемелерде айдоочу болуп иштеген. Апасы Бурул Өмүралиева да көп жыл Нарын шаарында бухгалтердик кызматты аркалаган. Учурда экөө тең пенсияда. Бирок Майрамбек агай Нарын районунун Кайыңды айылында таята-таенесинин колунда чоңоюп, 1992-жылы Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1993-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, аны 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Балыкчы шаарындагы И.Панфилов атындагы аскердик бөлүктө бир жыл аскердик милдетин өтөгөн. Аскердик мөөнөтүн аяктагандан кийин Нарын шаарына келип, Нарын университетинин филология факультетине ассистент катары кабыл алынган. Агайдын Нарын университетине кабыл алынышы, жогоруда белгиленгендей, анын Түркиядагы академиялык карьерасы жана эмгек жолу үчүн абдан маанилүү башталгыч
болгон.

Майрамбек агай үй-бүлөлүү, Айбике жана Байтик аттуу бир кыз, бир уулдун атасы. Өмүрлүк жары Нургүл Молдалиева Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Ал да мектепти бүтүргөндөн кийин Түркиянын Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Кийин ошол эле шаардагы Гази университетинин Азыркы түрк диалекттери жана адабияттары негизги илимий тармагында магистратура (2004) жана докторантура (2010) программаларын ийгиликтүү аяктаган. Учурда ал да Майрамбек агай менен бирге Ардахан университетинин Азыркы түрк диалекттери жана адабияттары бөлүмүндө эмгектенет. Түркология багыты менен байланыштуу бир нече илимий эмгектин автору.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер