ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР

  • 20.12.2022
  • 0

СССРдин үстөмдүгүнөн кутулган түрк тилдүү мамлекеттердин айлана-чөйрө боюнча маселелери абдан олуттуу болуп эсептелет.

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР

Сөзүбүз  куру болбосун. Борбор Азиянын гана эмес, бүтүндөй адамзаттын экологиялык коопсуздугуна коркунуч жараткан бул чөлкөмдөгү көйгөйлөргө четинен кайрыла кетсек. Дүйнөдөгү тѳртүнчү чоң көл болгон Арал деңизинин 90 пайыздан ашыгынын кургашы Аралкум чөлүнүн пайда болушуна алып келди.  Аралкум чөлүнөн миллиондогон тонна уулуу чаң шамал аркылуу аймакка жайылып,  айлана-чөйрөгө өзүнүн уулуу таасирин тийгизип жатат.

СССР мезгилинде Кыргызстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн алынган урандын миллиондогон тонна калдыктарынын натыйжасында радиоактивдүү булгануу пайда болду. Казакстандын Семей облусунда СССР Хиросимага ташталган атомдук бомбадан 2500 эсе ашык ядролук булгануу катталды. Бул ал жердеги  456 ядролук сыноосунун натыйжасында пайда болгонун айта кетели.

Каспий деңизиндеги мунай калдыктарынын көбөйүшү, өнөр-жай, айыл-чарба калдыктары, шаарлардан чыккан таштандылар,  саркынды суулардын тазаланбай агып чыгышы булгануунун күчөшүнө таасир этти.

Адамдын ден-соолугуна зыян келтирүүчү пестициддерди ашыкча чачуу жана сугаттын начардыгы миллиондогон гектар айыл-чарба жерлеринин бузулушуна түрткү болду.

Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн эриши, абанын ѳтѳ булганышы боюнча 2020-жылдын декабрында дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы планга чыккан  Кыргызстандын борбору Бишкек сыяктуу башка кээ бир түрк мамлекеттеринин көптөгөн шаарларында да абанын өтө булганышы, суу ресурстарынын азайышы жана булгануусу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду.

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР

Айлана-чөйрөнү коргоодогу ийгиликсиз аракеттер

СССР тараган алгачкы жылдары түрк тилдүү мамлекеттерде “Элдик фронт” кыймылдары пайда болгон. Бул кыймылдардын негизги талаптары эркиндикке умтулуусу, эне тилин ѳнүктүрүү жана ошондой эле мекен топурагын булгануудан сактоо аракеттери болчу.

Убакыттын өтүшү менен түрк тилдүү республикалар эгемендүүлүккө ээ болушту. Бул ѳлкѳлѳрдүн конституциясында түрк тилинин үй-бүлѳсүндѳгү эне тилдер мамлекеттик тил даражасына ээ болду. Бирок, “Элдик фронт” кыймылынын жогорудагы талаптарынын ичинен мекен топурагын булгануудан сактоо талабы абдан кеч ишке ашкан талаптардан эле. 30 жылдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, жаңы эегемен мамлекеттердеСССР мезгилинде жаралган экологиялык маселелерди жоюуга багытталган олуттуу иш-аракеттер жасалбады.

Айлана-чөйрөнүн булганышын жоюу албетте, көп чыгымды талап кылат. Мамлекеттер ортосундагы бул багыттагы кызматташтыктын солгундашы — бул тармакта олуттуу жылыш болбой жаткандыгынын негизги себептери болду.

Экология жаатында Батыштын Борбор Азияга таасири

Түрк тилдүү республикалардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы алсыздыгы АКШ жана Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн бул мамлекеттерге экологиялык маселелер аркылуу таасир этүүсүнѳ жол ачты. АКШ жана Евробиримдиктин институттары Борбор Азиядагы түрк тилдүү республикаларда айлана-чөйрө, суу жана климат маселелери боюнча көптөгөн долбоорлорду иштеп чыгышты, көптөгөн жыйындарды өткөрүштү жана бул тармакта бир топ эл аралык уюмдарды түзүштү. Батыш өлкөлөрү бул багытта дагы деле абдан олуттуу иштерди жасашууда. Чѳлкѳмдѳгү эң чоң мамлекет — Орусия болсо Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн экология жана суу маселеси боюнча чыр-чатактарынан пайдаланып, бул өлкөлөргө ѳз таасирин күчөтүүдө.

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР

 Түркиядагы кызыгуу азайды

1990-жылдардын башында Түркияда Борбор Азиядагы түрк тилдүү республикаларда пайда болгон “экологиялык кыймылдарга” карата кызыгуу күчөдү. Ал мезгилде Казакстандагы “Невада-Семей антиядролук кыймылы” жана анын башында турган казакстандык атактуу жазуучу Олжас Сүлеймановдун ишмердүүлүгүнө Түркия көз кырын салып турду. Арал деңизинин кургашына байланыштуу кабарлар жана комментарийлер гезит-журналдарга тынымсыз жарыяланып турчу. Өзбекстандагы «пахта монокультурасына» баа берүүлөр тынымсыз жүргүзүлүп жатты. Бирок, Түркияда түрк тилдүү республикалардын айлана-чөйрө, климат жана суу маселелерине болгон кызыгуу убакыт өткөн сайын азая берди.

Мунун эң чоң себеби Азербайжанда Элчибей бийликтен кулагандан кийин Өзбекстан Түркияга каалгасын жаап, Түркмөнстандын да кандайдыр бир деңгээлде Өзбекстанды  ээрчигени себеп болду. Азербайжандын Орусия жана Иран менен саясий ымала түзүүсү жана Түркиядан алысташы, Өзбекстандын Түркия менен саясий-дипломатиялык мамилесин биротоло токтотушу жана Түркмөнстандын да Түркия менен дипломатиялык багытта жарым-жартылай мамилеге ѳтүшү Түркия үчүн жагымсыз абалды жаратты. Бул абал бир эле Түркия бийлигинин эмес, түрк калкынын дагы жана интеллигенция чѳйрѳсүнүн дагы түрк тилдүү мамлекеттерден алысташына себеп болду.

Ал кезде эске сала кетчү дагы бир жагдай, АКШнын түрк тилдүү республикалар боюнча изилдөөлөрдө Түркияны четтетип койгону болду. Мындай четтетүү түрк тилдүү  республикалардын экология, климат жана суу изилдөөлөрү тармагына дагы жасалган. Али да болсо АКШ менен ЕБ бул тармактардагы изилдөөлөрдө Түркияны четке чыгарууга аракеттенет.

 Кырдаал өзгөрдү… Түркия кадам ташташ керек…

Бүгүнкү күндө саясий кырдаал бир топ жакшы. Өзбекстан түрк жумурияттары менен бирге аракеттене баштады. Түркмөнстанда да мурункуга караганда жылуу кѳз-караш бар. Түрк тилдүү республикалар ѳз-ара кызматташуу багытында олуттуу кадамдарды таштоодо.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу тармагында мындан ары экология, климат жана суу маселелери каралышы керек.

Түрк мамлекеттери кызматташтык уюмуна жол көрсөткөн «Түрк дүйнөсүнүн кѳз-карашы —  2040» стратегиялык документинде экология маселеси кеңири орун берилген. Аталган документте «Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук жана жалпы саясаттарында айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берүү…» максаты дагы камтылган.

Бул максатка карай чечкиндүү жана ишенимдүү кадам таштоого убакыт келди.

Түркия түрк тилдүү мамлекеттер менен айлана-чөйрө, климат жана суу жаатында кызматташууга жол ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ ѳлкѳ, бул кызматташтыкты баштоодо жол кѳрсѳтүүчү өлкө катары жигердүү аракеттениши керек.

Түркиянын айлана-чөйрө, климат жана суу жаатында жасай турган биринчи иши радиоактивдүү булганууну жок кылууга багытталышы керек. Бул иш-аракетти башка жаңы кадамдар коштоосу кажет.

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР

 Түркия чыныгы кадамдарды жасай алат

Түркия, Батыш өлкөлөрү тарабынан жасалып жаткан радиоактивдүү булганууну өлчөө жана бир нече кен калдыктарын калыбына келтирүү сыяктуу изилдөөлөрдүн чегинен чыгып, колундагы жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктѳрүнѳн пайдалануу менен радиоактивдүү булганууга дуушар болгон сууларды тазалай алат. Түркия бул технологияга ээ жана аны боордош ѳлкѳлѳрдүн экологиялык абалын жакшыртуу үчүн колдонууга даяр.

Бардык түрк тилдүү мамлекеттерде айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден-соолугуна таасирин тийгизген радиоактивдүү калдыктарга байланыштуу маселелер бар.

Кыргызстанда эле 92 полигондо 475 миллион тонна радиоактивдүү калдыктар катталган. Кыргызстандын Майлуу-Суу шаарчасындагы радиоактивдүү калдыктар полигону Өзбекстандан 30 чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан жана ал калкы жыш жайгашкан Ѳзбекстанга зыян келтире турган потенциалга ээ.

Радиоактивдүү булгануу  — Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу көптөгөн республикаларды тынчсыздандырган маселе. Бул контекстте кеңири кызматташтык талап кылынат.

 “Манас” жана “Йесеви” университеттери… Чѳлкѳмдѳ биргелешип иштөөнүн артыкчылыгы…

Түркия тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүндө курулган кыргыз-түрк «Манас» университети менен  Кожа Ахмет Ясави атындагы эл аралык казак-түрк университети — бул жаатта изилдөө жүргүзө ала турган олуттуу мекемелер. Түркия бул университеттерди тез арада айлана-чөйрө, климат жана суу жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана уюштуруу компетенциясына жеткириши керек.

Бул чѳлкѳмдѳ Түркия, Кыргызстан жана Казакстан менен бирге отургузган бак-дарактардын түшүмүн жыйноо мезгили келди. “Манас” жана Ясави университеттери «айлана-чөйрө, климат жана суу» жаатындагы аймактык изилдөөлөрдүн борбору катары ордун ээлеп, тарыхый түрк мекенин коргоодо өз милдеттерин аткарышы керек.

Проф. докт. М. Сезаи ТҮРК,

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору

Ѳмер КАЙЫР,

Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо министринин мурдагы орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер