СЫНАК: БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МУГАЛИМДЕР АЛДЫДА БАРАТАТ

  • 03.10.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Жылдын мыкты мугалими – 2024” сынагынын 3-туруна 21 мугалим суурулуп чыгып, борбор калаадагы белгилүү №67, №69 ОТКнын базасында шаардык окуучуларга сабак өтүштү. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

Мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай өтүп жаткан “Жылдын мыкты мугалими – 2024” сынагы акыркы турун жыйынтыктап жатат. Бүгүн сабак берген конкурсанттар борбор калаадагы №69 ОТКнын окуучулары нарктуулукту сактай билген, “улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган”, билим сапаты жагынан дагы  өтө жогору экенин баса белгилешти. Чындыгында эле окуучулар конкурска катышып жаткан эжей-агайлардын сабагына өтө активдүү катышып, бардык аракеттерди көрүштү. Сабак жыйынтыкталганда окуучулар мугалимге ыраазычылыгын билдиришип, сабак өтө кызыктуу болгонун белгилешти.

Атап кетсек, шаардык мугалимдер менен тең тайлашып келаткан алыскы аска зоолуу, ак мөңгүлүү Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылындагы К.Керималиев атындагы орто мектебинен келген Рахат Баялиева диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими. Ал №69 мектептин 7-классынын окуучуларына «Мифология, анимизм, тотемизм» темасында сабак өттү. Белгилей кетчү жагдай, 7-класска биринчи жолу бул предмет кирип жатканына карабай, окуучулар мурда окуп, билип жүргөндөй кызыгуу менен бардык тапшырмаларды аткарышты. Мугалим дагы окуучулардын зиректигин белгилеп өттү.

СЫНАК: БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МУГАЛИМДЕР АЛДЫДА БАРАТАТ

Заманбап технологияларды пайдаланып өткөн сабагында Рахат эжей окуучуларды көбүрөөк иштеткенге аракет кылганы менен айырмаланды. Жыйынтыгында, окуучулар “Online Test Pad” программасынын «Билимди текшерүү» ыкмасы аркылуу тест тапшырып, өтүлгөн теманы түшүнгөндүгүн «Идеялар дөңгөлөгү» ыкмасы аркылуу бышыкташты.

СЫНАК: БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МУГАЛИМДЕР АЛДЫДА БАРАТАТ

Ош шаарыдагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” лицейинин география мугалими Нуристан Марат уулу 3-турда «Европа калкынын жана чарбасынын жайгашуу географиясы» темасында сабак өттү. Ал сабагына планшет ала келип окуучуларга таратып берген.  Андан сырткары тесттин вариантын көрсөтүү үчүн атайын улуттук ою түшүрүлгөн куржунда  өзгөчө дизайн менен жасалган тамгалары окуучуларды өзүнө тартып турду. Кичинекей болсо дагы ушундай жабдуулар аркылуу окуучуларга сабак кызыктуу, жеткиликтүү, көрсөтмөлүү болду.

СЫНАК: БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МУГАЛИМДЕР АЛДЫДА БАРАТАТ

Мугалимдин айтымында, сынактын биринчи турунда, методика бөлүгүндө кыйналган.

— Биринчи турда предметтен тест тапшыруу мен үчүн оңой болду. Методика чынында кыйын, 22 суроого туура жооп бердим. 2-турда «Глобустун жардамы аркылуу географиялык маселелерди чыгаруу» темасында мастер-класс өттүм. Бүгүн болсо сабакта окуу-тарбиялоо процессин уюштурууда кесиптик чеберчилигибизди көрсөтүп жатабыз. Менин пикиримде, 1-турдагы тестирлөө акыркы күнгө коюлса болмок. Себеби кесиптик чеберчилиги, сабак өтүү деңгээли биринчи аныкталып, эгер аны чынында жакшы өтө албаса, калыстардын анализи менен четтетилсе болмок. Мугалим биринчи предметин, өтүү методун, психолого-педагогикалык компетенцияларын мыкты билиши керек, — дейт конкурсант.

СЫНАК: БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МУГАЛИМДЕР АЛДЫДА БАРАТАТ

Ал эми Өзгөн районундагы Тагай Асанов атындагы №6 инновациялык орто мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Сайрагүл Көчкөнбаева 8-класска «Буддизмдин Борбордук Азия жана Кыргызстандын аймагына таралышы» деген темада сабак өттү. Заманбап технологияларды пайдаланып, өзү аз сүйлөп, тапшырмаларды берип,  окуучуларды көп иштетти. Берилген тапшырмалар боюнча окуучулар такалбай презентация жасашты.

Айтып коюу керек №69 мектептин окуучулары бардык конкурсанттар күчтүү, берген сабактары кызыктуу экенин айтышты.

Баса, айрым өтпөй калган мугалимдер ар кандай пикирлерин соцтармактарда айтып башташты. Албетте, ар бир сынактын артында сөзсүз нааразычылыктар болбой койбойт. Бирок сынак деген сынак, ага эң күчтүүлөр, өзүнө ишенгендер келет. Тестирлөөнүн суроолору предметке байланыштуу болгон үчүн өтө жеңил болгонун мугалимдер айтышууда. Ырас, педагогикалык, психологиялык блокто суроолор татаал экенин, бирок аны ар бир мугалим билиши керектигин да конкурсанттар белгилешти.  Нааразы болгондордун суроосуна апелляциялык комиссия иштеп жатат.

3-турга өткөн конкурсанттардын пикиринде, сынак өтө адилеттүү, ачык өтүп жатат.

Эскерте кетсек, сынак 4-октябрга чейин уланат. 5-октябрда биринчи орун алган мугалимге  батирдин ачкычы тапшырылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Ош шаарыдагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” лицейинин география мугалими Нуристан Марат уулунун көрсөтмөлүү сабагынын иштелмесин жарыялоону туура көрдүк.

Европанын калкынын жана чарбасынын жайгашуу географиясы

(География. 11-класс)

Сабактын максаттарыКөрсөткүчтөрү
Билим берүүчүлүк: Европадагы калктын, чарбасынын жайгашуу абалын түшүндүрүп беришет; географиялык түшүнүктөрдүн маанилерин контекстке карап аныкташат;·   Атласты колдонуп, Европадагы калктын, чарбасынын жайгашуу абалын башкаларга далилдер менен  түшүндүрүп бере алса;

·   географиялык түшүнүктөрдүн маанилерин контекстке карап чечмелеп айтып бере алышса;

Өнүктүрүүчүлүк: Европанын чарбасына таасирин тийгизген факторлорду, андагы өлкөлөрдүн экономикалык абалын талдашат; өз пикирлерин аргументтештирип баяндай алышат.·   Европанын чарбасынын өнүгүүсүнө жана артта калуусуна таасирин тийгизген факторлорду санап бере алышса;

·   Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн өндүрүшүн аргументтер, мисалдар аркылуу анализдей алышса.

Тарбия берүүчүлүк: Европанын дүйнөлүк экономикага кошкон салымына баа беришет, топто кызматташтыкта иштөөгө үйрөнүшөт, өз жетишкендиктерин баалай алышат.·   Европанын дүйнөлүк экономикага кошкон салымына баалоочу пикир айта алышса;

·    топто бири-бири менен маалымат алмашып, тапшырмаларды биргеликте аткара алышса;

·   баалоо критерийлерине таянып, өз жетишкендиктерине  баа бере алышса.

 Сабактын тиби: жаӊы билим берүү сабагы

Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: репродуктивдүү метод, эвристикалык метод, аӊгемелешүү, жупта жана топтордо иштөө.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, проектор, ноутбук, дидактикалык материалдар, элективдүү тест, жумушчу барак, презентациялык материал, баалоо баракчалары, Padlet виртуалдык доскасы.

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, тарых, экономика, адам жана коом.

Калыптандырылуучу компетенттүүлүктөр:

Негизги  компетенттүүлүктөрКөрсөткүчтөрү
Маалыматтык (НК-1)Видеоматериалдан, окуган текстинен негизги маалыматтарды тандай алышат;
Социалдык-коммуникативдик (НК-2)түрдүү маалымат булактарындагы туташ эмес тексттерди  (географиялык карта, глобус, атлас, сүрөт) окуп, маалымат алмаша алышат;
Өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК-3)темага байланыштуу бир түрдөгү маалыматты экинчи түргө айлантып баяндай алышат, аткарган ишинин натыйжасына баа бере алышат.

 

Предметтик компетенттүүлүктөрКөрсөткүчтөрү
Геомаалыматтык (ПК-1)Изилденип жаткан аймактын (өлкөнүн) саясий — географиялык жана экономикалык-географиялык абалына салыштырмалуу баа берет.
Геоэкологиялык (ПК-2)Контурдук картада ар кандай пайдалуу кендердин ири жайгашкан жерин көрсөтүшөт.
Геомаданий (ПК-3)Европа өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин ортосундагы өз ара байланышты көрсөтөт;

аймактарды жана өлкөлөрдү чарба жүргүзүү ыкмалары боюнча салыштырат (рационалдуу, рационалдуу эмес).

 Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин ишмердүүлүгүОкуучунун ишмердүүлүгүКүтүл. натыйжаБаалоо
  1. Мотивациялоо.
Саламдашат. «Муну билесиңерби?»  муз жаргычы аркылуу сабакты уюштуруп алат.Саламдашышат. Муз жаргычтын шартта-рын аткарышат.Жагымдуу маанай түзүлөт. 

Диагностикалык баалоо

Муз жаргычтын шарты: Ар бир окуучу сунушталган 4 желектин ичинен өзүнө бирин тандайт. Тандаган желектерине карап 4 топко бөлүнүп отурушат да, желек кайсы мамлекетке таандык экендигин, ал мамлекет тууралуу 2 маалыматты жалпы окуучуларга айтышы керек.  Ар бир сүйлөмүн «Муну билесиңерби…» деп баштайт. Мисалы:

Муну билесиңерби? Бул — Италия өлкөсүнүн желеги.

Муну билесиңерби? Италия — пиццанын мекени. ж.б.

Ар бир топ маалыматтарын айтып бүткөндөн кийин, желектин артында берилген, өздөрүн сыпаттаган сөздөрдү  хор айтышат. Мисалы: «Биз аракетчилбиз» ж.б.

Мурунку билимде-ри активдеш-тирилет.
Жогоруда жүргүзүлгөн иштин негизинде окуучулар менен сабактын темасын, максаттарын болжолдоону уюштурат.Сабактын темасы, максаттары менен таанышышат.Алдыдагы иштин маанилүү-лүгүн түшүнөт.
Билимдерди актуалдаштыруу.

Буга чейин өтүлгөн тема боюнча окуучулардын билимдерин  тесттик тапшырмалар аркылуу текшерип алат (1-тиркеме).

Берилген тесттик тапшырмаларды аткарышат.НК-1

ПК-1

Калыпт. баал-нун техн-сы: «Элективдүү тест»
Жаңы материалды өздөштүрүү.

1.     Сөздүк ишин уюштурат:  Лондон агломерациясы,  «Борбордук ок», өнөр жайлуу үч бурчтук, чөлдөгү соборлор, эл аралык экономикалык интеграция. (3-тиркеме)

2.     Жаңы теманы окуучулардын өз алдынча  мугалимдин багыт көрсөтүүсү аркылуу өздөштүрүүсүнө шарт түзөт. Бул үчүн топторго тапшырмаларды берет (2-тиркемеде).

1.Берилген сөздөрдү, сөз айкаштарын тексттен таап, алар-дын маанилерин кон-тексттен аныкташат, зарыл болгон учурда сөздүктү пайдаланы-шат.

2. Топтук ишке бе-рилген тапшырма-ларды алгач жеке, андан кийин топто аткарышат.

НК-1, НК-3,

ПК-1

ПК-2

ПК-3

Калыпт. баал. техн. колдо-нулат.

 

Бышыктоо.

·   Топтук иштердин презентациясын уюштурат.

·   Окуучулардын жоопторуна кайтарым байланыш берет.

·   Топтордун бири-бири менен маалымат алмашуусуна шарт түзөт.

·    1-2-топтор Padlet виртуалдык доска-сына жазган маалы-маттарына таянып жооп беришет;

·    3-4-топтор карточ-каларга жазган маа-лыматтарына тая-нып жооп беришет.

·    Топтор түшүнүксүз учурлар кездешсе, бири-бирине суроо берип, талкуулашат.

НК-2

НК-3

ПК-2

ПК-3

Калыпт. баал. техн. колдо-нулат.

Баалоо баракчаларына упайлар коюлат.

Үй тапшырмасы.

Үйдөн эки тапшырманы аткаруу зарыл экендигин эскертет: 1-тапшырманы аткаруу ар бир окуучуга милдеттүү. Ал эми 2-3-4-тапшырмалардын ичинен өзү  каалаган бирин тандап аткара тургандыгын түшундүрөт.

·    Үй тапшырмасынын аткарылышын, баа-лоо критерийлерин түшүнүшөт.

·    2 тапшырма аткаруу зарыл экенин белгилеп алышат.

 

НК-2

НК-3

ПК-2

ПК-3

Баалоо крите-рийле-ри түшүн-дүрү-лөт.
Жыйынтыктоо.

«2 жылдыз 1 суроо» карточкасы аркылуу жыйынтыктайм.

Ар бир окуучу сабакта өздөрүнө маанилүү болгон  2 жетишкендикти жана бир суроосун жазышат.Кайтарым байла-ныш жасалат.Калыпт. баалоо
Баалоо. Окуучулар баалоо баракчасындагы упайларды эсептеп, жалпы жетишкендиктерине баа беришет.Өз иш-ара-кеттерине баа бере алышат.Жыйын-тыктоочу баалоо

1-тиркеме.

Тесттик тапшырмаларды аткаргыла.

  1. Европанын түндүк чеги кайсы аралдан башталат?

а) Исландия

б) Ирландия

в) Шпицберген

г) Фарьер

(Максаты: Европанын чектешкен аймактары тууралуу билимдери текшерилет.)

2. Франция: Гермес

а) Германия – Мерседес

б) Финляндия : Нокиа

в) Италия : Гуччи

г) Швейцария : Нестле

(Максаты: Европанын дүйнөгө кошкон салымын талдай алуусу бааланат.)

  1. Төмөнкү берилген варианттардын ичинен кайсынысы ашыкча?

а) Германия

б) Улуу Британия

в) Франция

г) Италия

д) Польша

(Максаты: Европадагы өлкөлөрдүн экономикалык абалын талдай алуусу текшерилет.)

2-тиркеме.

Сөздүк иши үчүн тапшырма:

Төмөнкү сөздөрдү, сөз айкаштарын окуу китебиңердеги тексттен таап, алардын маанилерин контекстке карап аныктагыла. Зарыл болгон учурда сөздүктү пайдалангыла.

Лондон агломерациясы,  «Борбордук ок», өнөр жайлуу үч бурчтук, чөлдөгү соборлор, эл аралык экономикалык интеграция.

3-тиркеме

Жаңы материалды өздөштүрүүгө тапшырмалар.

1-топко тапшырма:  Окуу китебинин 129-131-беттериндеги текстти окуп чыгып, Европанын чарбасынын өнүгүүсүнө таасир эткен факторлорду көрсөткүлө.

 2-топко тапшырма: Окуу китебинин 132-133-беттериндеги текстти окуп чыгып, Европанын чарбасынын артта калуусуна таасир эткен факторлорду көрсөткүлө.

3-топко тапшырма: Атластагы 27-бетте жайгашкан Европанын экономикалык картасына карап, анын чарбасынын абалына мүнөздөмө бергиле.

  1. Европада кайсы чарба тармактары жакшы өнүккөн?
  2. Ошол чарба тармактары Европанын кайсы  бөлүктөрүндө жакшы өнүккөн?

4-топко тапшырма: Атластагы 26-бетте жайгашкан  Чет өлкөлүк Европанын калкынын картасына таянып,  андагы калктын жайгашуусун анализдегиле.

  1. Европада кайсы улуттагы элдер жашашат?
  2. Европанын кайсы бөлүгүндө улуттардын саны көп экендигин картага карап аныктагыла.

4-тиркеме.

Үйгө берилген тапшырмалардын ичинен эки тапшырманы аткаруу эскертилет: 1-тапшырманы аткаруу ар бир окуучуга милдеттүү. Ал эми 2-3-4-тапшырмалардын ичинен өзүңөр каалаган бирин тандап аткаргыла.

  1. Окуу китебинде берилген текстти окуп чыгып, төмөндөгү окуп түшүнүү, аналогиялык жана сүйлөм толуктоо тесттерин аткаргыла.

1.Төмөнкү райондордун кайсынысы чарба тармактары эң жакшы өнүккөн райондор болуп саналат?

А) Берлин жана Рур

Б) Лондон жана Амстердам

В) Париж жана Копенгаген

Г) Лондон жана Париж

  1. Төмөнкү варианттардын ичинен чарба тармактарынын өнүгүүсүнө таасир эткен факторлорду белгилегиле.
  2. Жаратылышы ресурсу
  3. Эски өнөр жайдын болушу
  4. Экономикалык-географиялык абалы
  5. Эмгек ресурстары
  6. Экологиянын бузулушу

А) 1, 3, 4;       Б) 1, 2, 5;            В) 1, 3, 5;             Г) 2, 4, 5;

  1. Төмөнкү варианттардын ичинен Европанын чарба тармактарынын өнүкпөй калышына таасир эткен факторлорду көрсөткүлө.
  2. Жаратылышы ресурсунун азайышы
  3. Өнөр жайдын эскириши
  4. Экономикалык-географиялык абалы
  5. Эмгек ресурстары
  6. Экологиянын бузулушу

А) 1, 3, 5;               Б)  2, 4, 5;              В) 1, 3, 4;               Г) 1,2,3,4,5;

  1. Аналогия:

Норвегия : нефть

а) Нидерланды : гүлдөр

б) Испания : туризм

в) Польша : көмүр

г) Финляндия токой

Булардын ичинен өзүңөр каалаган бир тапшырманы аткаргыла.

  1. Телесабакты (видеоматериал) көрүп,  өзүңөр үчүн маанилүү 3 негизги ойду жазып алгыла.
  2. Контурдук картага Лондон, Париж, Рур агломерацияларын түшүргүлө.
  3. Окуу китебиңердеги 27-сүрөттү “Түндүк деңиз жана анын аймагы” деген темадагы текстке айландырып жазгыла.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер