STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

  • 12.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Роза Отунбаева демилгеси” фонду Эл аралык илимдеги кыздар жана айымдар күнүнө карата “Илимдеги кыздар” долбоорунун пилоттук мектептеринин директорлору үчүн уюштурулган онлайн маалыматтык сессияда мектеп жетекчилерине STEM багытын өнүктүрүү тажрыйбалары тууралуу маалымат берилди.

Мектепте STEM кабинетин ачуу сунушталды

Маалыматка ылайык,  билим берүү боюнча эксперт, Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору  Улан Мамбетакунов директорлорго «Илимдеги кыздарды мектептерде колдоо» темасында презентация жасады.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

Улан Мамбетакунов билим берүүдө STEM багытынын артыкчылыктуулугунун себептери тууралуу айтып берип, аймактардагы мектептерде колдонууга алына турган тажрыйбалар менен бөлүштү. Ошондой эле эксперт мектептерде STEM кабинетин ачуу, окуучуларды бул тармакка кызыктыруу үчүн илимпоздор менен жолугушууларды уюштурууну жана англис тилинде сабак берүүнү күчтөнтүү сунуштарын берди.

— Ноокат районунун Режап Хужанов атындагы орто мектебинин директору Мухаммадазиз Мамитов Улан Эсенбековичке ыраазычылыгын билдирип, мектептер робототехника же STEM кабинетине керек болчу сапаттуу техникаларды сатып алуусу үчүн ишенимдүү компанияларды сунуштоону суранды.  Ошондой эле Кочкор районунан Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинин директору Тынчтыкбек Турсуналиев өз мектебиндеги биология мугалими сабактарында  англис тилинде терминдерди колдонуу тажрыйбасы ийгиликтүү болуп, райондук башка мектептерге да жайылтылып жатканын маалымдады. Маалыматтык сессия STEMди өнүктүрүү жаатындагы мыкты аянтча катары катышуучуларга пайдалуу болду, — дейт фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова.

STEM багытындагы төрт принцип

Профессор  Улан Мамбетакунов презентациясында STEM багыты билим берүүнү трансформациялоочу инструменттердин бири болуп саналарын, билим берүү мазмунун курууга жана окуу процессин уюштурууга практикага багытталган мамилени билдирерине токтолду.

— STEM багыты төрт принципке негизделген: 1. Билим берүү процессин уюштуруунун долбоордук формасы, анын жүрүшүндө балдар билим берүү маселелерин биргелешип чечүү үчүн топторго бириктирилет; 2. Үй-бүлөнүн, класстын, мектептин, жогорку окуу жайдын, ишкананын, шаардын практикалык жактан көйгөйлөрүн чечүү; 3. Окутуунун предметтер аралык мүнөзү: билим берүүнүн мазмуну көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир эле учурда бир нече окуу предметтери боюнча билимдерди колдонууну талап кыла тургандай түзүлөт; 4. Тармактык илимий изилдөөлөр боюнча инженерди же адисти даярдоо үчүн негизги болгон предметтерди камтуу: табият таануу предметтери (физика, химия, биология) жана заманбап технологиялар, — деди профессор.

STEAM мамилеси долбоордук иш-аракеттерге, практикалык багытка жана предметтер аралык мүнөзгө көңүл бурат, бирок негизги предметтердин тартибин өзгөртөт. Окуу программасын иштеп чыгуу деңгээлинде, мисалы, университетте, STEAM инженердик жана табият таануучу STEM предметтерин гана эмес, ошондой эле гуманитардык жана чыгармачылык дисциплиналарды: адабият, дизайн, архитектура, музыка, сүрөт искусствосун киргизүүнү камтыйт. STEM предметтери тармактык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет, ал эми гуманитардык искусство дисциплиналары белгисиздик, бүдөмүк жана ошол абалдан чыгуунун жолун табуу жөндөмүн өнүктүрөт.

Методологиялык деңгээлде STEM багыты технологиялык маселелерди чечүүдөн тышкары долбоордук иш-аракеттерде окуучулардын:  командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрөт;  өз пикирин конструктивдүү сындап, коргоого үйрөнөт; презентациялоо компетенцияларын өздөштүрөт; ар түрдүү тармактарда технологияны колдонуунун чыгармачылык потенциалын өздөштүрөт.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК
Кыздарды мектепте кантип колдоо керек?

— Кыздар башка пикирлеш адамдар менен баарлашып, кызматташа ала турган илимий клубдарды же топторду түзүү керек. Бул аларга коомчулуктун бир бөлүгүн сезүүгө жана илимге кызыккан башка окуучулар менен баарлашуудан илхам алууга жардам берет. Ошондой эле кыздар өздөрүнүн илимий долбоорлорун жана изилдөөлөрүн сунуштай турган илимий көргөзмөлөрдү жана сынактарды уюштуруулары зарыл. Бул аларга презентациялоо жөндөмүн өнүктүрүүгө жана өз тармагындагы эксперттерден пикир алууга жардам берет, — деди эксперт.

Мектеп жетекчилери мотивациялык лекцияларды жана мастер-класстарды окуу үчүн илимий чөйрөдөгү окумуштууларды жана адистерди чакыруулары керек. Бул кыздарга илимдеги ийгиликтүү аял-окумуштуулардын үлгүлөрүн көрүүгө жана карьерасы боюнча практикалык кеңештерди алууга жардам берет. Ошондой эле илим чөйрөсүндө кошумча окуу материалдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл. Мектеп кыздардын илимий предметтер боюнча билимин жана кызыгуусун кеңейтүүгө жардам берүү үчүн онлайн курстарды, китептерди, видеолорду жана башка билим берүү ресурстарын сунуштоосу абзел.

— Кыздардын илимий конференцияларга жана сынактарга катышуусун колдоо. Мектеп алардын катышуусуна каражат табууга көмөктөшсө болот, презентацияларды даярдоого жардам берет жана иш-чарага даярданууда аларга насаатчы болот. ЖОЖдордун жана илимий институттардын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу, анда кыздар билимин улантуу жана илимий тармактарда карьера жасоо мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышат. STEAM бөлмөсү окуучулар практикалык изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзө турган окуу жайындагы атайын жабдылган бөлмө. Бул жай окуучуларга билим жана көндүмдөрдү практика жүзүндө колдонууга, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана интерактивдүү долбоорлор жана эксперименттер аркылуу реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, — дейт У.Мамбетакунов. — STEAM класстары билим берүү мекемелеринде барган сайын популярдуу болуп баратат, анткени алар окуучулардын ар түрдүү тармактарда өнүгүүсүн жакшыртат жана аларды инновацияларды жана технологияны камтыган келечеке даярдайт.

STEAM классты жабдуу

Мектепте STEAM классын түзүү үчүн мектеп бир нече негизги компоненттерди жана жабдууларды сатып алышы керек. Алсак, компьютерлер жана ноутбуктар, принтер жана сканер. 3D принтер — 3D моделдеринен физикалык объекттерди түзүүгө мүмкүндүк берет, бул дизайн жана инженердик концепцияларды үйрөнүү жана колдонуу үчүн. Мындан сырткары робототехника комплекттери. Робототехника STEAM билим берүүнүн маанилүү бөлүгү. LEGO, Arduino сыяктуу комплекттер окуучуларга өз роботторун курууга жана программалоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле технология сабагында колдонулуучу инструменттер жана материалдар: балка, паяльник, зымдар, жыгач тактайлар ж.б.

Жабдуулардын жана материалдардын көлөмү мектептин бюджетине, ошондой эле окуучулардын жашына жана кызыкчылыктарына жараша болушу мүмкүн.
Кыздардын илимге болгон кызыгуулары жана амбициялары бааланып, колдоого алынаарын сезе турган колдоочу жана кубаттоочу мектеп чөйрөсүн түзүү маанилүү экенин профессор баса белгиледи.

Айтмакчы, Билим берүү берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси”, Балдарды коргоо борбору, БААУнун Инновациялык колледжи жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси  аркылуу ишке ашырылууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер