STEM-МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАР ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨРГӨ ЭЭ БОЛОТ

  • 14.01.2025
  • 0

Республикалык “Жыл мугалими – 2024” сынагынын баш байгесинин ээси, математика мугалими Назгүл Каныбекова “Цилиндрдин көлөмү” темасында өткөн мастер-класстын чакан сценарийи менен бөлүшөт.

STEM-МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАР ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨРГӨ ЭЭ БОЛОТ

Окуучулар бул мастер-класста алгебра, геометрия сабактарынан өздөштүргөн илимий-теориялык билимдерин, башкача айтканда, математикалык билимдерин практикалоо менен технологиялык, финансылык билгичтиктерге машыгышат, макет жасашат. Тактап айтканда, кырдаалдык тапшырманы аткара алышат. Сабакта “Цилиндрдин көлөмү” деген теманын турмушта пайдаланылышын көрүшөт, ошондой эле мурда үйрөнгөн бир нече темаларды: тегеректин аянты, айлананын узундугу боюнча анын радиусун эсептөө, теӊдемени чыгаруу боюнча мурунку билимдерин пайдаланып, көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешип аракеттенишет, командада иштей билүүгө машыгышат. Технология, черчение, биология, тил сабактарынан алган билимдерин, билгичтиктерин пайдаланышат. Ошентип мектептин окуу чөйрөсүндөгү STEM-мамиле ишке ашат, окуучулар жашыл көндүмдөргө ээ болот.

— Мен ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 3-курсунда окуп жаткан кезде атам менден бир ишке жардам берүүмдү суранды. “Кызым, сен математика адистигинде окуп жатасың. Менде мындай маселе болуп жатат” – деп тик бурчтук формасындагы тыныке көтөрүп келиптир. “Жылкылардын арпасын сактап койгонго идиш жасашым керек. Мен ушуну тигинен ширетсемби же туурасынан ширетсемби деп ойлонуп атам. Кандай кылсам ичине көп жем батат? Же айырмасы жокпу?” – деп сурады. Силер кандай ойлойсуңар? – деп мугалим окуучуларына кайрылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Назгүл Каныбекова,  Ош мамлекеттик университетинин

“Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими

ЦИЛИНДРДИН КӨЛӨМҮ

(мастер-класстын кыскача сценарийи)

 

Мастер-класстын темасы: Цилиндрдин көлөмүн эсептөө боюнча билимдерди турмуштук маселелерди чечүүдө пайдалануу (11–класс).

Мастер-класс цилиндрдин көлөмү боюнча теориялык материал берилгенден кийин өткөрүлөт.

Мастер-класстын максаты: окуучулар цилиндрдин көлөмүн эсептөө боюнча билимдерин пайдаланып, жем салгыч (суу, сүт, ун ж.б.у.с.) жасоодо ыңгайлуу жана үнөмдүү болгон цилиндр формасындагы макетти жасоо жолдорун практикалашат.

Мастер-класстын милдеттери:

  • окуучуларга каптал бетинин аянты бирдей болгон эки цилиндрдин көлөмүн эсептеп чыгарууну үйрөтүү;
  • цилиндрдин көлөмүн жөнүндөгү билимдерин колдонуп, кандайдыр бир нерсе салына турган моделди демонстрациялоо;
  • окуучулардын табигый-илимий түшүнүктөрүн пайдаланып, математикалык жана инженердик көндүмдөрүн чыгармачылык менен практикалап көрүүсүнө шарт түзүү;
  • үйрөнгөн математикалык билимдерин турмушунда колдонууга жана өзү жашаган жашыл чөйрөдөгү ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга багыт берүү.

 

Мастер-класстын кыскача сценарийи:

Мугалимдин иш-аракетиОкуучулардын иш-аракеттери
1.Окуучулар менен жагымдуу маанайда саламдашам жана турмушта өзүм туш болгон математикалык кырдаалды (кейс) айтып берем. (Тиркеме 1) “Кандай ойлойсуңар, бул эки идиштин кайсы бирине көбүрөөк жем батат?”Божомолдорун айтышат
2.Окуучуларды эки топко бөлүп, топторго тапшырма берем.

1-топко тапшырма: А4 кагазын туурасынан жабыштырып цилиндрлик бет жасагыла жана анын ичине канча жем батарын күрүчтөрдү салып көрүп өлчөгүлө.

2-топко тапшырма: А4 кагазын тигинен жабыштырып цилиндрлик бет жасагыла жана ага 1-топтун идишиндеги күрүчтү салып көргүлө

1-топ: А4 кагазын туурасынан жабыштырып, цилиндр формасындагы жем салгыч идиш жасашат. Ага алдын ала берилген күрүчтү толтуруп салып көрүшөт.

2-топ: А4 кагазын тигинен жабыштырып цилиндр формасындагы жем салгыч идиш жасашат жана ага 1-топтун идишиндеги күрүчтү салышат. Ашып калган күрүчтү атайын кагаздын бетине төгүшөт.

“Эмне үчүн мындай болду?” деген суроого жооп табышат

3.Презентацияны пайдаланып, цилиндрдин жайылмасын жана цилиндрдин көлөмүн эсептөө формуласын эсине салам.

 

Цилиндрдин көлөмүн эсептөө формуласын жазып алышат, аны пайдаланып өздөрү жасаган цилиндрдин көлөмүн математикалык жол менен эсептешет.
4.Эки топко ар түрдүү сыйымдуулуктагы цилиндр формасындагы идиштер жана ар түрдүү азыктар берилет. Берилген азыктардын касиеттерин эске алуу менен идиштерге салып чыгуу керектигин айтам.Идиштерге азыктарды алардын касиеттерин пайдалануу менен салып чыгышат жана эмне үчүн экендигин түшүндүрүшөт.
5.Кайтарым байланыш жүргүзөм. Дагы ушундай цилиндр формасында эмнелерди жасап алсак болот?Мастер-класста үйрөнгөн материалдарын айтып (же жазып) беришет. Дагы эмне жасаса болору жөнүндө сунуш айтышат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер