СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГИКАНЫН АКТУАЛДУУЛУГУ

  • 16.08.2023
  • 0

Редакциядан: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун видеоконференция системасы аркылуу 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар өткөрүлүүдө. Вебинарлар, мастер-класстар 14-августтан 27-августка чейин Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлөт. Вебинар күндөлүгүнөн.

СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГИКАНЫН АКТУАЛДУУЛУГУ

Адамдын коомдун мүчөсү, инсан катары жетилишин, калыптанышын көздөгөн социалдык тарбия ар кандай коомдук институттар аркылуу ишке ашат. Социалдык педагогика – өсүп келе жаткан жаш муундарды коом мүчөсү катары калыптандыруу максатында жүргүзүлгөн таалим-тарбия иштеринин мыйзам-ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө жана ага байланыштуу педагогикалык кубулуштарды айкындоо, аныктоо милдетин аркалаган педагогика илиминин тармагы.

СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГИКАНЫН АКТУАЛДУУЛУГУ

Жардамга муктаж балдарга кандай камкордук көрүлөт?

Социалдык маселелердин ийгиликтүү чечилишинин  билим берүү системасында (мектепте, орто, жогорку окуу жайларда ж.б.) жүргүзүлгөн расмий таалим-тарбия (класстан, мектептен тышкары иштер, окуучу менен жеке иштөө, жамааттык, топтук  иш-чаралар ж.б.) иштеринин инсандын өсүп-өнүгүүсүн материалдык жана руханий негизин түзүп турган моралдык-психологиялык жакшы климаттын түзүлүшү менен байланышы бар.

Жаш муундардын көйгөйлөрүн чечүүгө өз убагында жардам берилсе, алардын өнүгүшүнө ыңгайлуу социалдык шарттар түзүлсө, жардамга муктаж болгон балдарга камкордук көрүлсө, өз маселесин балдар өздөрү чечүүгө үйрөтүлсө,  социалдык маселелер ийгиликтүү чечилет.

Эртеңки коомдун экономикалык, маданий, идеологиялык, социалдык, адеп-ахлактык, руханий  өнүгүшүнө социалдык педагогдордун бүгүнкү ишинин  залакасы тийбей, пайдасы болсо, баланын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлсө, коомдун өнүгүшүнө карай ар бир инсандын гармониялуу кошулууга аракети болсо, ошончолук коом өнүгүү артыкчылыгына ээ болот.

Социалдык педагогдун натыйжалуу аракети ар бир бала үчүн эле пайдалуу болбостон, эртеңки коомдун өнүгүшү үчүн да пайдасы бар.

Социалдык педагогдордун  натыйжалуу иштеши үчүн үй-бүлөнү жана балдарды социалдык коргоо боюнча укуктук, нормативдик документтерди, өкмөттүк токтомдорду, социалдык педагогдун милдеттерин, жергиликтүү балдар иштери боюнча комиссиянын (БИК) ишин, балдардын социалдык көйгөйлөрүн, жергиликтүү проблемалуу үй-бүлөлөрдүн абалын, баланы өнүктүрүү шарттарын ж.б. билиш керек.

Үй-бүлөнү жана балдарды  коргоодо  социалдык педагогдун жардамы

СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГИКАНЫН АКТУАЛДУУЛУГУ

Социалдык укуктук жардам – балдардын укугун  коргоо, аларга үй-бүлө, нике, эмгек, жарандык укуктар боюнча маалымат берүү жаатында тарбиялык иштерди  уюштурат;

Социалдык-тиричилик жардамы – балдардын үй-бүлөлүк турмуш шартын жана үй-бүлөлүк жагдайды оңдоого багыт берет;

Социалдык реабилитациялык жардам — жардамга муктаж балдарга психологиялык, моралдык, эмоционалдык  жактан колдоо көрсөтүп, ден соолугун чыңдоого жардам берет;

Социалдык-медициналык жардам – оорулуу балдардын ден соолугуна көз салып, жашы жете элек балдардын аракечтикке, баңгиликке берилип кетүүсүн алдын алат. Андай балдар менен жакындан иш алып барып, дарылануусун көзөмөлдөйт;

Социалдык-педагогикалык жардам – балдардын ата-энеси менен болгон мамилесин жакшыртууга аракеттенет. Үйдөн качкан, тил албаган, тартипсиз, жаман жолго түшкөн балдарды тарбиялоонун планын иштеп чыгып, аларды оң жолго салуунун үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барат.

Социалдык педагог жана социалдык маселелер

Мектеп окуучуларына, ата-энелерине жана ошондой эле “тобокел тобунда” каттоодо турган балдарга аңгемелешүү жүргүзүп байланышып туруу; окуусунда, өсүп-өнүгүүсүндө көйгөйлөрү бар жана коомдо кооптуу жагдайларга дуушар болгон балдарга өз убагында, комплекстүү, социалдык педагогикалык, психологиялык жана укуктук жардамдарды уюштуруу.

Жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө, коомдук жетимчиликке дуушар болгондорго, жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулукка, коомго каршы, кайдыгер жүрүм-турумдагы балдарга жана укук бузган окуучуларга эскертүү жүргүзүү. Ошондой эле сергек жашоого үндөө.

Бардык билим берүү процессинин катышуучуларынын, ата-энелердин педагогикалык билимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу.

Бермет АЛЫМБАЕВА, Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы

Гулайым ЖУМАБАЕВА, п.и.к.

Бөлүшүү

Комментарийлер