ЗАМАНБАП ОКУУ КИТЕБИН КЫРГЫЗСТАН СИНГАПУРДАН АЛАТ

  • 17.03.2024
  • 0

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине эки жылдык мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү программаларын модернизациялоо жана алардын мазмунун жакшыртуу маселелерине көңүл бурууну тапшырды.

ЗАМАНБАП ОКУУ КИТЕБИН КЫРГЫЗСТАН СИНГАПУРДАН АЛАТ

Адаптацияга үч жыл

Кыргызстандын мектептери үчүн эң мыкты чет элдик окуу китептерин адаптациялоо боюнча тапшырманы аткаруу үчүн эң белгилүү эл аралык окуу китептерин кыргыз тилине которуу (Оксфорд, Кембридж, Маршалл Кавендиш ж.б.) боюнча министрликте чечкиндүү иштер башталды. Министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымына караганда, 46 наамдагы окуу китептери  (физика, математика, химия, биология, англис тил) Сингапурдан алынат, алар үч жылда адаптацияланып бүтөт, ошондо гана дүйнөлүк билим берүү катарына теңдешет экенбиз. Ал китептер кыргыз кыртышына ыңгайлаштырылат (адаптацияланат): мамлекеттик символикалар, толугу менен жер-суунун, адамдардын аталышы. Бирок өзөгү өзгөрбөйт. Чет элден келген окуу китептерин адаптациялоого эң күчтүү адистер, окумуштуулар тартылмакчы болду.

Министрдин пикиринде, Улуу Британия, Малайзия, Сингапур, Казакстан жана Россиянын тажрыйбасын изилдеп чыгып, Кэмбридждин окуу стандарттарын жана баалоо системасын, Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын киргизүү алгылыктуу жол. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча  китептери бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана Президент бул процессти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан,  ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот.

— Биз эки-үчөөбүз барып “Marshall Cavendish” басма үйү менен тааныштык. Ал Сингапурдагы бардык билим берүү мекемелеринин программаларын даярдаган негизги институт. Мурда мамлекеттин карамагында болсо, азыр өзүнчө коммерциялык уюм болуп түзүлгөн. Сингапурлуктарда англис тили экинчи тил катары кабыл алынып, ошол тилде жакшы сүйлөгөндүктөн окуу материалдары Кэмбридж стандартына ылайык түзүлгөн. Кэмбридж эл аралык билим берүүнү баалоо системасынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, басма үйдүн окуу материалдарына жогорку баа берилген. Ошондой эле STEM багытында билим берүү мыкты жолго коюлган. Ошондуктан бул өлкөнүн окуучулары дүйнөлүк PISA сынагында дайыма алдыңкы орундарды ээлеп келет. Булардын китептери маалыматты ойлондурат, чечим кабыл алдырат, практикалык, функционалдык билим берүүгө даярдайт, — дейт министр айым.

Тил үйрөнүүдө да толугу менен Сингапурдун англис тили технологиясы  алынмак болду. Симс программасы кирет. Математикалык көндүмдөрдү аныктоо, жетишкендиктерди кароо, PISAга даярдоо ж.б. бүтүндөй мугалимдерди ошол технологияны өздөштүрүү боюнча окутуу  жүргүзүлөт.

Сингапур илим тармагын, математиканы окутууда №1 күчтүү өлкө катары белгилүү. Адистердин айтымында, математика сабагын өтүүдө бир эле шаблонду 1991-жылдан бери колдонуп келишет. Сингапурда жеке менчик мектеп жок, мамлекеттик мектептер гана балдарга билим берет.  Башталгыч мектептин мөөнөтү алты жылдык окууну түзүп, бул убакыт аралыгында мугалимдер окуучуларга беш предмет боюнча сабак берет. 1-2-класста арифметика жана окууга басым жасалып, илимий сабактар 3-класстан баштап окутулат. Мындан улам мугалимдер атайын беш предмет боюнча сабак өтүү үчүн мыкты усулдарды колдонууда терең билимге ээ экен.

“Marshall Cavendish” басма үйү 

“Marshall Cavendish” басма үйү окуучуларды ийгиликтүү окутуу же адистерди даярдоо программасынан тышкары башка өлкөнүн мамлекеттик стандарттарын эске алуу менен окуу программаларды иштеп чыгуу, өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Мисалы, мындан төрт жыл мурда Казакстандын айрым мектептерине окуу китептерин казак тилине которуп, алып келишкен экен.

Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо инстититунун директору А.Токтомамбетовдун айтымында, мындан үч-төрт жыл мурда Казакстан Сингапурдун башталгыч класстардын математикасын алып келип адаптациялаган.

— Сингапур акыркы жылдары дүйнөдө PISA сынагында математика боюнча алдыңкы орунда турат. Ошол китеби менен таанышканбыз. Алар орус, казак тилине которушкан экен. Бул китептер Алматы облусундагы мектептерде бар. Таанышып көрсөк, өзгөчө китептер экен. Биздикиндей жөн эле маалымат берип койбойт, балдардын ой жүгүртүүсүн өстүргөн, турмуш менен байланыштырган күчтүү китептер экен. Казакстанга келген “Marshall Cavendish Education” ортомчу компаниянын өкүлү менен ошондо сүйлөштүм эле, “силер орусчага которупсуңар, китептер даяр экен, эми ошону кыргызчага которуп, адаптацияласак” деп сунуштадым. Алар мезгил-мезгили менен келип, өздөрү окутуп турушат экен. “Силер Казакстан менен келишим түзүп алыпсыңар, келип-кеткениңер бир топ каражат турат. Андыктан Казакстандан Кыргызстанга келген эле акчаны алсаңар, бизге жеңилдик болот эле” десем, макул болушкан. Ошол кезде министрликке келип, ушул маселени көтөргөм, бирок реакция болбой, жооп бербей коюшту, андан бери бир топ убакыт өтүп кетти, — дейт А.Токтомамбетов. — Дегеле табигый илимдер боюнча китептерди көп эле мамлекет которот, болгону жер-суу аттарын, кишилердин аттары сыяктуулары гана адаптацияланат, калганын колдоно беришет. Маселен, Кембридждин STEM китептерин көп мамлекет колдонот.

Эки-үч окуучуга бир китеп

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” дегендей, Кыргызстандын мектептеринде окуу китептери дале болсо жетишсиз. Аты-жөнүн айткысы келбеген мугалимдер, жыл сайын эле сентябрь айында жаңы окуу жылынын башталышы менен мектепте окуу китептерине байланыштуу көйгөйлөр чечилбей келет. Мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги жылдан-жылга төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтүп баратат дешүүдө мугалимдер. Айрыкча башталгыч класстын окуу китептери мышык ыйлай турган абалга келиптир. 20 жыл мурун басылган китептер колдонулуп келатат.

— Кээ бир китептер окуу программасына дал келбейт. 4-класстардын математика китебинде каталар көп. Барактары айрылган, толук эмес, класстардын деңгээлине туура келбеген тексттер, тапшырмалар берилген. Ушудай көйгөйлөрдүн негизинде ата-энелер базарлардан эски же жасалма нускадагы китептерди аргасыздан сатып алышат,  кийинки окуу жылында китептер кайрадан ата-энелерди түйшүккө салып, чечилбей келет. Ушундай окуу китептери менен билим берүүнүн сапаты жогорулайт деп күтсө болобу? Басылып чыккан китептердин сапаттары көңүлгө толоорлук эмес, бир жылдан ашык колдонууга болбосо да колдонууга аргасызбыз. Өкүнүчтүүсү, бюджеттик акчанын жүз миллиондогон сому ушундай арзыбаган окуу китептерине жумшалууда, — дейт элеттик мугалим.

Ырас, азыр мектепте колдонулуп жаткан китептердин көпчүлүгү эскилиги жетип калды — кагазы да, мазмуну да.

Адистердин айтымында, 2022-2023-жылдары предметтик стандарттар бекитилген. Ошол стандарттарга көп китептер дал келбейт. Алардын ордун жаңы стандарттарга дал келген окуу китептери ээлеши керек.

— Ал китептер бүгүнкү күндө четинен даярдалып жатат. Жаңы авторлорду таап, киргизип, оңдотуп, түздөтүп жаздырган көп убакытты талап кылган машакаттуу иш. Азыр окуучулардын саны да көбөйүп, китептер эскирип жатат, — деди Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Самат Тоялиев.

Таластагы Улукман жатак-лицейинин мугалими Нурпери Суранбаеванын айтымында, азыркы учурда англис тили, физика, математика, башталгыч класстардын китептери жетишпейт. Айрым мектептерде эки-үч балага бир китеп берген учурларжок эмес.

Маалыматка таянсак, 2023-жылы билим берүү уюмдарына китеп басып чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 152 млн сом бөлүнүп, 136 миңден ашык нускадагы китептер басылып чыккан. 2022-жылдагы маалымат боюнча өлкөдөгү мектептердин 67% гана китептер менен камсыздалган.

“Окуу  китеби” басма үйү

Билим берүү жана илим министрлиги  жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында китеп басып чыгаруу саясатын кайра карап чыгып, министрликке караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесин түздү.

Эми буюрса, басма үйү жергиликтүү жана жогоруда айтылган чет өлкөлүк басмалар жана потенциалдуу авторлор менен тыгыз кызматташып, кыргызстандык окуучулар үчүн эң керектүү окуу китептерин адаптациялоо, которуу, жаңылоо, басууга даярдоо өңдүү орчундуу жумуштарды аткаруу вазийпасы жүктөлдү. Бул мекеменин жаңы дайындалчу жетекчиси Сингапурга барып, түздөн-түз сүйлөшүп, окуу китептерин алып келет.

Самат Тоялиевдин айтымында,  министрликтин “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда жалпы 11 487 482 окуу китеби бар.  Анын ичинен 7 357 428 окуу китеби окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарга арналган, ал эми 3 304 568 китеп окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарга арналган.

Бүгүнкү күндө мектеп китепканаларынын фондундагы 11 487 482 окуу китебинин 8 331 831и окуучулар жана мугалимдер тарабынан колдонулуп жатат. Кыргыз Республикасында мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты жаңыланып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы  токтому менен бекитилген. Ошондой эле 2022-2023-жылдары 1-11-класстар үчүн предметтик стандарттар да жаңыланып, министрликтин 2022-жылдын 19-сентябрындагы жана 2023-жылдын 7-августундагы буйруктары менен бекитилген.

— Бүгүнкү күндө окуу китептеринин авторлору жана басмалар жогоруда белгиленген стандарттарга таянуу менен мектеп окуучуларынын, анын ичинде башталгыч класстардын окуу китептеринин мазмунун жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуу боюнча иш алып барып жатышат. Ошондой эле республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана окуу китептерин ижарага берүүдөн чогулган каражаттардын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата даярдала турган окуу-методикалык комплекстердин тизмеси түзүлүп жатат. Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга 152 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен 2023-жылдын экинчи жарымында жалпы билим берүү уюмдары үчүн 738 940 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалды, — дейт С.Тоялиев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер