СИНГАПУР: ТААСИРИ ЖАНА ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 01.08.2025
  • 0

Кыргызстан улуттук билим берүүнү өнүктүрүүдө өнүккөн өлкөлөрдөгү билим берүү тажрыйбаларын изилдеп, талдап, тандоо аркылуу өркүндөтүүгө кадам таштап жаткан учур. Алардын бири – Сингапур. Жакында эле агартуу тармагынын жоон топ өкүлдөрү бул өлкөгө барып, иш тажрыйбалары менен жакындан таанышып кайтты. Алардын бири Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов менен баарлаштык.

– Сингапур дүйнө жүзүндө билим берүүнүн мыкты үлгүсү катары эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин жүргүзгөн саясатынын артыкчылыктары менен да таанылып жатпайбы. Сингапур моделин адаптациялоо Кыргызстанга кандай артыкчылыктарды берет жана иш сапары кандай максатты көздөдү?

– Сингапур моделин адаптациялоодо биринчиден, сапаттуу билим берүү системасына жакындашуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, мугалимдердин кесипкөйлүгү жана коомдогу статусу жогорулайт. STEM жана жаш курактык өнүгүүгө басым жасоо аркылуу балдарда логикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүү өнүгөт. Мындан тышкары, санариптик билим берүү платформалары ата-энелердин жана мугалимдердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Айыл жана шаар ортосундагы билим берүү теңсиздигин кыскартууга да шарт түзүлөт. Натыйжада балдардын негизги жөндөмдөрү өнүгүп, эл аралык тесттердеги көрсөткүчтөр жогорулайт. Кыргызстан билим берүүдө глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетке айланып, жаңы муунга сапаттуу билим берүүгө шарт түзүлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасы толугу менен трансформация процессинде. Бирок баса кетүүчү жагдай, өлкө буга чейин деле эч качан дүйнөлүк тенденциялардан артта калган эмес жана заман менен шайкеш өнүгүп келүүдө. Окумуштуулар жана педагогдор ар дайым башка мамлекеттердин билим берүү системасынын өнүгүшүн изилдеп, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүп келишкен.

Сингапур бай жаратылыш ресурстарына ээ болбогондуктан, адамдык потенциалды билим берүү аркылуу өнүктүрүү жолун тандап алган. Сингапурдуктар эң негизги ресурс – бул адамдар дешет. Ал эми өлкөнүн келечеги мугалимдерден көз каранды.

Сапарыбыздын максаты мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системасын, окуу китептерин басып чыгаруу маселелерин, мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана өлкөнүн башка маданий аспектилерин анализдөө болду.

СИНГАПУР: ТААСИРИ ЖАНА ТАЖРЫЙБАСЫ

– Ал жакта мектепке чейинки жана мектептик билим берүү кандай өнүгүп жатат? Бала бакчаларга да баш бактыңыздарбы?

–  Ооба, бала бакчаларга да бардык, сапарыбыздын алкагында бир мамлекеттик жана эки жеке менчик бала бакчаларды кыдырдык. Сингапурлук мугалимдер дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн алардын практикалык тажрыйбасын үйрөнүүгө келгендердин саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгилешүүдө. Беш-алты жаштагы балдар күнүнө төрт сааттык кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барышат жана мектепке даярдоо программасы менен таанышат. Мындай уюмдар толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Мындан тышкары, балдарга кам көрүү борборлору иштейт. Анда балдар эртең мененки саат 7:00дөн кечки саат 19:00гө чейин болушат. Тагыраак айтканда, эки айдан жети жашка чейинки балдар үчүн мамлекеттик жана жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бардык түрлөрүнүн программалары мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлүп, анда балдарды багуу, коопсуздук, моторикасын өнүктүрүү, коммуникация жана эмоционалдык интеллект боюнча талаптар баяндалат. беш-алты жаштагы балдар үчүн сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча күтүлгөн натыйжалар (негизги математикалык көндүмдөр, тил көндүмдөрү – англис жана эне тилдери: кытай, малай тилдери) белгиленген.

Сингапурдук кесиптештерибиз биздеги билим берүүнүн негизги философиясы – балдарды жашоого даярдоо жана өз мекенин сүйүү деп сыймыктануу менен белгилешет.

Эң негизгиси, Сингапурда билим берүү стратегиялык ресурс катары каралат. Мектепке чейинки билим берүү баланын өнүгүүсүнүн милдеттүү компоненти болуп калды: балдар кичинекей кезинен баштап оюн, изилдөө жана социалдашуу аркылуу үйрөнүшөт. Жалпы билим берүү “келечектин пайдубалдары” принцибинде курулат – башталгыч жана орто мектептерде алар негизги көндүмдөрдү: сабаттуулук, математика, табият таануу, санариптик сабаттуулук жана инсандар аралык өнүгүүгө басым жасашат. Программалар ийкемдүү жана студенттердин керектөөлөрүнө ылайыкташкан. Мисалы, алар окуучуларга өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө жана кызыкчылыктарына жараша багыттарды тандоого мүмкүнчүлүк берип, жеке окуу жолдорун иштеп чыгышат.

– Сингапурдун бала бакчаларынан өзгөчө ыкмаларды байкай алдыңызбы?

– Биринчиден, бул бала бакчаларда англис, кытай, малай жана тамил тилдери ар кандай кичи тайпаларда окутулат. Ал эми бул тилдерди үйрөнүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн: таркатма материалдар, балдар китептери, балдар музыкасы, мультфильмдер. Экинчиден, коробкалардын картондору, карагай жана башка көптөгөн нерселер, б.а. кайра иштетилген материалдар таркатма материалдарын түзүү үчүн колдонулат экен, демек, алар жоопкерчиликтүү керектөө принцибин иш жүзүнө ашырып жатышат. Үчүнчүдөн, балдардын баары топтун ортосунда дубалы жок чоң залда окушат, мага ошол абдан жакты. Мында ортодо эч кандай тосмо, тоскоолдуктар жок, бири-бирин ачык көрө алат. Төртүнчүдөн, ар бир мугалим портативдүү микрофондорду колдонот жана баардыгына жарыялап уктуруу үчүн үнүн көтөрүүнүн кереги жок. Бул алардын мугалимдерине, тарбиячыларына болгон камкордук деп ойлойм. Бешинчиден, тамактандырууда балдардын тамактануу өзгөчөлүктөрү эске алынат. Атайын стенддерге аллергия же башка оорулар менен ооруган балдардын тизмелери илинип турат. Анан ошого жараша тамак-аш беришет экен. Бул да бир жагынан балдардын ден соолугуна көрүлгөн камкордук болсо, экинчи жагынан ар кандай жагымсыз кырдаалдардын алдын алат.

– Окуу китептерин, окуу материалдарын басып чыгаруу кандай жолго коюлган?

– Сингапурда окуу китептери, негизинен, мамлекеттик уюмдар тарабынан, атап айтканда, Маршалл Кавендиш Билим берүү министрлигинин көзөмөлү астында басып чыгарылат экен. Бардык материалдар окумуштуулар, практик мугалимдер жана методисттер менен бирдикте иштелип чыккан. Басма окуу китептерин жөн эле чыгарбастан, аларды дайыма жаңыртып турат. Мисалы, ар бир беш жылда жаңы изилдөөлөрдү жана заманбап чакырыктарды эске алуу менен программалар жана материалдар каралып турат. Алар ошондой эле мектеп окуучулары интерактивдүү билим берүү модулдарына жана ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон санариптик платформаларды иштеп чыгышат.

– Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу билим сапатынын маанилүү аспектиси эмеспи. Сингапурда мугалимдерди даярдоодо кандай өзгөчөлүктөр бар?

– Сингапур мугалимдерди даярдоо мектепке кире электе эле баштала турган саналуу өлкөлөрдүн бири. Бардык мугалимдер Улуттук билим берүү институтунда окутулуп, андан кийин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү программаларына катышат. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жыл сайын 100 сааттан кем эмес убакыт бөлүнөөрүн билдик.

Сингапурдагы кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасы мугалимдер сабак берип эле тим болбостон, алардын практикасын такай талдап, кесипкөй коомдоштуктарда иштешип, тажрыйба алмашып тургудай структураланган. Өкмөт гранттарды берүү, илимий долбоорлорго жана эл аралык билим берүү форумдарына мүмкүнчүлүк берүү аркылуу мындай демилгелерди колдоорун айтышты.

СИНГАПУР: ТААСИРИ ЖАНА ТАЖРЫЙБАСЫ

– Сиздин оюңузча, бул ыкмалардын кайсынысы башка өлкөлөрдө пайдалуу болушу мүмкүн?

– Менин оюмча, ыңгайлаштыра турган негизги элементтер — мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн сапатына көңүл буруу, өзгөрүүлөрдүн лидери катары мугалимдерди колдоо жана окуу пландарынын ийкемдүүлүгү. Билим берүүгө жана келечектеги ондогон жылдарга туруктуу пландаштырууга инвестициялоо үчүн саясий эрк дагы бирдей маанилүү. Алар айткандай, жакшы стандарт, жакшы мектеп, жакшы мугалим керек.

Сингапурдуктар билим берүү бул жөн эле экзамендерге даярдануу эмес, татаал жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашоого даяр жарандарды калыптандыруу дешет. Анан дагы бир нерсе, кандай гана мазмун болбосун, эгерде методика жок болсо, окуучуну окутуп, ийгиликке жеткирүү кыйын экендигин жакшы билишет.

– Сингапур эл аралык баалоо сынактарында алдыңкы орундарга жетишип жаткандыгынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– Ооба, Сингапурдун окуучулары PISA, TIMSS сыяктуу эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды багынтып келишкени ырас. Бул дагы мугалимдердин билим берүүгө багытталган талыкпас эмгегинин натыйжасы деп ойлойм. «Сингапур билим берүү системасы: парадокстордун күчү» китебинде мындай деп айтылган: “Максат — тизмелерге кирүү же орун алуу эмес, балдарыбызга жана жаштарыбызга татыктуу таалим-тарбия берүү. Тизмелерде алдыңкы орундарда болгонубуз менен дагы да ийгиликтерди багынтса болорун, жакшырууга аракеттенишибиз керек экенин аңдап, сезип турабыз. Мугалим ар кандай жагдайларда, ар кандай абалда жашаган окуучулар менен тил табышып иштеп кетүүгө, ыңгайлашууга даяр болуш керек”. Андыктан, мугалим менен окуучу жана ата-эне кызматташтыгы дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга чоң түрткү берет деп баса белгилешти сингапурдук кесиптештер.

Сөзүмдүн акырында мен маанилүү жана маңыздуу билим алмашуу сапарына кошулууга ыңгайлуу шарт түзүп берген Агартуу министри Догдуркүл Шаршеевна Кендирбаевага терең ыраазычылык билдиргим келет. Бир багытта, бир максатта улуттук жана эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу менен Кыргызстан билим берүү тармагын өркүндөтүп-өстүрө алаарына толук ишенемин.

– Маанилүү маек куруп бергениңиз үчүн сизге терең ыраазычылык билдиребиз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер