СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ: БАРКЫ ЖАНА БААСЫ

  • 16.04.2021
  • 0

Абакир Мамытов,
Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор

СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ: БАРКЫ ЖАНА БААСЫ

Адам баласынын саламаттыгы жана анын жетишээрлик деңгээлде чың болушу бала төрөлгөнгө чейин жана, бала чакта калыптанаарын эстен чыгарбоо керек.

Мына ошол себептен мамлекеттин мыктылыгы өз жарандарынын ден соолугунун жакшы болушу, алардын ар түрдүү терс адаттарга берилбеши, эмгекке жана Мекенди коргоого жалпы даярдыктын жогору болушу ж.б.у.с. критерийлер менен мүнөздөлөт. Аталган критерийлер адам баласы жашаган жаратылыштык, социалдык жана педагогикалык факторлордун таасири алдында өзгөрүүгө дуушар болуп турушат. Тилекке каршы, акыркы мезгилде кооптонууга негиз берүүчү тенденциялар пайда болду. Мисалы, бир катар илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларына таянсак, жаңы төрөлгөн балдардын арасында ар түрдүү ооруларга чалдыгуу жана ара төрөлүү, тестиер балдардын өнөкөт оорулар менен көбүрөөк ооруганы жана алардын көрүү органдарынын, ашказан, кан тамыр системасынын жабыркашы көнүмүш көрүнүшкө айлана баштады. Анткени жаш муун дене тарбия, спорт менен алектенбей, алардын арасында тамеки тартуу, спирттик ичимдиктерди ичүү, жеңил желпи жүрүү, токсикомания жана наркоманияга азгырыла баштады.

Илимий изилдөөлөрдө экологиялык тазалыкты камсыздоо жана сергек жашоо мүнөзүнүн баркын жана баасын аңдап сезүү инсандык маданияттын бир бөлүгү катары мүнөздөлөт. Ошол эле учурда балдардын жана жаштардын саламаттыгын сактоо мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелердин, жалпы орто билим берүүчү уюмдардын жана үй-бүлөнүн тыгыз иштешүүсүнөн тарбия берүү вазийпасын аткарган мугалимдер менен ата-энелердин сергек жашоо мүнөзүн кармануусунан көз каранды экендигин баса көрсөткөн илимий изилдөөлөр жарык көрө баштады.

Инсандын сергек жашоо мүнөзү өзгөчө түзүмгө ээ. Алардын катарына төмөндөгүлөр кирет:

  • адам баласынын өзүн-өзү жана айлана-чөйрөнү таанып билиши;
  • гигиеналык тазалыкты жана тийиштүү эрежелерди сактоого умтулушу;
  • жетишээрлик даражада кыймылдуу болушу;
  • күн нуру, муздак суу жана салкын аба менен денени чыңдашы;
  • туура жана рационалдуу тамактанышы;
  • оң эмоционалдык микроклиматка умтулган психо-гигиеналык аракетте болушу;
  • коомдо өкүм сүргөн моралдык оң жүрүм-турумду карманышы;
  • зыяндуу адаттарга берилбеши;
  • күнүмдүк турмуштагы коопсуздук эрежелерин сакташы;
  • өз алдынча билим алууга жана аны тереңдетүүгө умтулушу.

Инсандын сергек жашоо мүнөзүнүн калыптанышына сырткы жана ички факторлор таасир тийгизет. Сырткы фактор катары жашоо процессин коштогон социалдык чөйрө, материалдык, жаратылыштык жана турмуш-тиричилик шарттары, коомдогу калыптанган маданият жана ошондой эле микро чөйрө кирет. Ал эми ички фактор катары адам баласынын инсандык муктаждык менен байланышкан каалоосу, жашоо тиреги катары карманган баалуулуктары, жеке мамилеси, дүйнө таануу өзгөчөлүгү жана өзүн-өзү баалоосу таанылат.

Инсандын сергек жашоосун уюштурууда төрт деңгээлди ажыратып таануу керек. Биринчи деңгээл – турмуш-тиричиликте жакшы жашоого багытталган материалдык жана социалдык негиздерди калыптандырууну талап кылат. Экинчи деңгээл – ар бир инсандын жеке өнүгүүсүн камсыз кылууну көздөп, анын билим алуу, коомдук иштерге аралашуу, саламаттыкты сактоо менен байланышкан спорттук иш-чараларга тартылышы менен мүнөздөлөт. Үчүнчү деңгээл – социалдык коммуникация маселелерине тийиштүү адистик, жолдоштук жана үй-бүлөлүк оң мамилелердин калыптанышын шарттайт. Ал эми төртүнчү деңгээл – энергетикалык сарптоолорду калыбына келтирүү менен байланышта болуп, тамактануу, жеке гигиеналык талаптарды так аткаруу, активдүү жана пассивдүү эс алууну уюштуруу маселелерин чечүүнү талап кылат.

Бул жаатта Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан аткарылып жаткан жумушту эки багытка бөлүп караса болот. Биринчиси, мектеп билиминин алкагында орун алган дене тарбия жана спорт менен байланышкан мазмундук реформаны жүргүзүү; экинчиси, ВИЧ-инфекция илдеттерин алдын алуу, сергек жана коопсуз жашоо мүнөзүн калыптандыруу менен байланышкан программаларды иштеп чыгуу жана практикага киргизүү.

Биринчи багыт алкагында мектеп дене тарбиясы жана спорту менен байланышкан окуу процессинин максаты жана милдеттери заманбап талаптарды жана мүнөздүү тенденцияларды эске алуу менен такталганын белгилөө зарыл. Тийиштүү предметтик стандарт жана окуу программалары жаңы концептуалдуу негизде иштелип чыкты. Мектеп билиминдеги мазмундук реформанын өзөгүн окутуунун натыйжалуулугун камсыздоо менен байланышкан иш-чаралар түзгөндүгүн эсепке алып, тийиштүү дене тарбия сабагы жана массалык дене тарбиялык-спорттук иш-чаралар ар бир окуучунун руханий калыптанышына, адептик-ыймандык тазалыгына жана тулку-бой жактан ар тараптан жетилишине багытталаары баса белгиленди. Аталган бийик максат тийиштүү окуу-тарбия процессинин мазмунуна коюлуучу негизги талап катары таанылат жана ар бир окуучуну сергек жашоого, активдүү турмуштук позицияны карманууга жана тийиштүү билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүнү шарттайт. Түпкүлүгү мектептеги дене тарбия предметинин программасын өздөштүргөн окуучу Ата мекенди коргоого, үзүрлүү эмгектенүүгө жана өзүн-өзү турмушка даярдоо, саламаттыгын контролдоо билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө ээ болушу керек.

Дене тарбия сабагынын мазмундук өзгөрүүсү мектеп билиминдеги жалпы мазмундук өзгөрүүгө үндөш уюштурулуп, тагыраак айтканда, “натыйжага багытталган окутуу” көз карашын карманып, мектеп дене тарбиясында мурда орун алган практикадан айырмаланып бир катар базалык (метапредметтик) компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, активдүү үйрөтүү ыкмаларын кеңири колдонуу жана окуу-тарбия процессинин жыйынтыгын баалоодо жаңы жана стандартташтырылган инструментарий-ыкмаларды сунуштоо негиз кылып алынды. Жогоруда аталган мазмундук реформанын өзөгүн дене тарбия процессин уюштурууда күтүлүүчү натыйжа катары “базалык” жана “предметтик” компетенцияларды калыптандыруу таанылды. Дене тарбия теориясында жана практикасында биринчи жолу окутуу жана тарбиялоо процессинин натыйжасы катары окуучунун “таанып билүү”, “мамиле кура билүү” (коммуникативдик) жана күнүмдүк турмушта кездешкен “проблемаларды чече билүү” компетенцияларын калыптандыруу маанилүү деп таанылды жана алар базалык (метапредметтик) компетенция иретинде аныкталды. Ал эми предметтик компетенциялар иретинде тийиштүү окуу программасында каралган кыймыл-аракеттерди, көнүгүүлөрдү аткара билүү, ылдамдык, ыкчамдык, чыдамкайлуулук, ийилчээктик жана күчтүүлүк менен байланышкан дене сапаттарын өрчүтүү, атайын иштелип чыккан нормативдик талаптарды аткаруу баса белгиленди. Аталган маселелерди чечмелеген мугалимдерге арналган методикалык курал даярдалып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде массалык тираж менен жарык көрдү жана башталгыч класстарга киргизилди.

Тилекке каршы, дене тарбия процессинде мазмундук жаңылануу жок деп айтсак болот. Анткени жогорку окуу жайлардагы дене тарбия сабагынын программасы акыркы жолу 2000-жылы иштелип чыккан. Ал эми баштапкы жана орто адистик билим берүү уюмдары үчүн тийиштүү документти иштеп чыгуу эгемендүү Кыргызстандын тарыхында колго алына элек. Андан да олуттуусу, дене тарбия – спорттук массалык жумушту уюштуруу жана аларды методикалык жактан камсыздоо маселелерин тейлеп келген “Жаштык” борбору мындан төрт жыл мурда министрликтин курамынан чыгарылган жана Дене тарбия жана спорт агенттигине өткөрүлүп берилген. Аталган маселелерди жолго коюучу дене тарбия бөлүмү министрликтин курамынан эбак эле чыгарылып салынган. Натыйжада, билим берүү уюмдарындагы дене тарбия процессинин натыйжалуулугу кескин төмөндөөгө дуушар болду. Кээ бир жогорку окуу жайларда дене тарбия сабагынын саатын кыскартуу, спорттук залдарды башка максатта колдонуу, мамлекеттик стандарттын талаптарын эсепке албоо, дене тарбия сабагын экинчи сорттогу сабак катары баалоо орун ала баштады. Эң аянычтуусу, жакында эле дене тарбия сабагын теориялык форматта өткөрүү, дене тарбия мугалимдерин окуу жүктөмүн ыгы жок жогорулатуу, мугалим/студент катышын аныктаган нормативдик талапты четке кагуу демилгеленди. Мына ушулардын баардыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылы 29-январда жарык көргөн “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө” Жарлыгынын түпкү маанисин түшүнбөө, керек болсо олуттуу мамиле кылбоо дегенди билдирет. Бул жагдай кескин сындоону жана тартипке келтирүүнү талап кылат.

Экинчи багыт алкагында ВИЧ-инфекция илдеттерин алдын алуу, сергек жана коопсуз жашоо мүнөзүн калыптандыруу маселелерин чечүү зарыл.

ВИЧ-инфекциясынын кеңири жайылышына түздөн-түз таасир тийгизген факторлордун катарына жаштардын жашоо мүнөзү себепкер экенин белгилөө зарыл. Мына ошол себептен аталган илдет тууралуу толук жана объективдүү маалыматты таратуу, ар бир адамдын жеке жүрүм-турумуна жана анын калыптанышына жоопкерчилик менен мамиле кылуу сапаттарын тарбиялоого, тийиштүү жана ишенимдүү медициналык кызмат көрсөтүүнү жолго коюуга коюлган талаптар алдыңкы позицияга чыгышы шарт. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан төмөндөгү жумуштар колго алынганы белгилүү:

  • түрдүү билим берүү программаларын окуп үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • санитардык-гигиеналык жана сергек жашоо мүнөздөрдүн калыптандыруу менен байланышкан маалыматтарды так, ачык жана даана берүү;
  • ден соолукту чыңдоо, коопсуз жүрүм-турум, асоциалдуу жашоо мүнөзүнө жана түрдүү зыяндуу адаттарга каршы туруу демилгесин кеңири колдоо;
  • спорт, гигиена, сергек эс алуу менен байланышкан пайдалуу адаттарды өнүктүрүү жана ар тараптан колдоо;
  • билим берүү тармагында иштеген жана жогоруда аталган проблемаларга тийиши бар адистердин кесиптик потенциалын жогорулатуу;
  • укуктук-ченемдик жана методикалык базаны чыңдоо;
  • көп сектордуу ыкмага басым жасаган профилактикалык билим берүү жумушун колго алуу жана тийиштүү мекемелер жана адистер менен өнөктөштүк мамиле куруу.

Мектеп билиминде окуучулардын сергек жашоо маданиятын калыптандыруу маселелерин колго алуу зарыл. Класстан сырткары уюштурулуучу тарбиялык иштердин алкагында саламаттыкты сактоо жана ден соолукту чыңдоо маселелерин камтыган иш-чараларды уюштуруу милдеттендирилиши керек. Саламаттыкты сактоо, турмуш-тиричилик коопсуздугун камсыз кылуу маселелери бир катар сабактардын мазмунунда интеграция кылууну талап кылат. Алардын катарына “Дене тарбия”, “Аскерге чейинки даярдоо”, “Мекен таануу”, “Биология” ж.б.у.с. предметтер кирет.

Бөлүшүү

Комментарийлер