САПАТТУУ БИЛИМ, ИНТЕЛЛЕКТҮҮ ИНСАН ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!
- 04.10.2024
- 0
Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап билсе, андай адам, мугалим боло алат
Конфуций
“Жылдын мыкты мугалими – 2024” республикалык сынагынын мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими номинациясын Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплексинен Атыркүл РЫСКЕЛДИЕВА жеңип алды.
Мыкты кыргыз тилчи
Атыркүл Рыскелдиева 1974-жылы туулган. КМПУнун филология факультетин 1996-жылы аяктаган. Кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими.
26 жылдан бери үзгүлтүксүз билим берүү тармагында иштеп келатат. 1998-2024-жылга чейин ал Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келатат, ошол эле кезде Атыркүл ушул эле мектепте чет тилдер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенет.
А.Рыскелдиева PISA — 2025 долбоорунда, НООДУ-2023, 9-11-класстардын Жалпы мамлекеттик аттестациясына тапшырма түзүүчү.
— Мугалим белгилүү бир билимди гана бербеши керек. Ал балдарды ар тараптуу билимдүүлүккө жана демилгелүү инсанды калыптандырууга, чыгармачыл жөндөмүн, талантын ачууга багытталышы керек. Ошондой эле заман талабына ылайык окурмандык, грамматикалык, социалдык, финансылык, укуктук, экологиялык сабаттуулугун окуучунун жан дүйнөсүнө калыптандырууну да өзгөчө орунга коюу зарыл. Мугалим баланын аң-сезимине ишенимдер системасын: маданий, этикалык принциптерди, жүрүм-турум нормаларын, жеткирүүсү зарыл. Мен кыргыз тили жана адабияты мугалими катары баланын инсан катары калыптанышына руханий-адептик принциптер негизги деп эсептейм. Балдарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоо да менин эң маанилүү максатым болуп саналат. Мен өз ишимде дайыма улуу педагог Сулайман Рысбаевдин сөзүн таамай айтылган сөзүн дайыма эстейм: “Балдарыбыз биз каалагандай чоңойбойт, биз тарбиялагандай чоңоёт”, — деди жеңүүчү.
Атыркүлдүн кредосу — ар бир окуучуну предметке болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу өнүктүрүү — бул окутуунун ийгилигинин ачкычы!
— Мугалимдик кесиптик жолуңда тынымсыз эмгек, жасап жаткан ишиңе кайдигерлик кылбасаң, ийгиликтин жолуна чыйыр салган жолуң болуп эсептелет. Мен кесиптик ийгиликке карай жолумду ар бир кадамы белгилүү бир этап болгон тепкич катары элестетем. Бул тепкичке көтөрүлүү тынымсыз иштөө, мугалимдин сабактан сабакка, күндөн-күнгө, айдан айга окутуунун жаңы формаларын, технологияларын, ыкмаларын колдонуу менен жана өз алдынча бир нерсе жаратып иштөө менен гана мүмкүн болот. Эң негизгиси кылган ишиңден ырахат алуу керек! Ошондо ийгилик сөзсүз келет! – дейт мугалим.
Изилдөө иши — келечекке карай кадам
“Окуучулардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруу – бул окуучуларды илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана алардын натыйжаларын ишке ашырууга даярдоонун, изденүүчүлүккө, ошондой эле илимий изилдөөлөргө чыгармачылык идеяларды киргизүү жана ишке ашыруунун, илимий эмгектерди түзүү көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө болот.
Окуучулардын арасында изилдөөнүн актуалдуулугу бүгүнкү күндө өспүрүмдөр өз алдынча болууну, башкалар тарабынан кабыл алууну жана ийгиликтүү болууну каалаган сезимдеринин пайда болушуша алып келет.
Бул курак эң татаал жана карама-каршылыктуу экендигине таянып, жаштарга бул жагынан жардам берүү максатка ылайыктуу, ошону менен кооптонуу коркунучун азайтып, эмоционалдык жагымдуу жагдайдын деңгээлин жогорулатат.
Мектептеги изилдөө иши окуучулардын келечекке карай илим жолуна багытталышына, жашоонун агымдарын туура кабылдай билишине жол салат”.
Окуучунун ийгилиги – мугалимдин ийгилиги!
“Окуучулардын ийгиликтерге жана кубанычка жетишүүсү мугалимдер үчүн кесиптик эргүү алып келет. Анын кесиптик жана чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ушундай абалдын калыптанышына шарт түзөт.
Окуучунун ийгилиги – мугалимдин ийгилиги! Мугалим үчүн окуучуларынын жаркыраган көздөрүнөн, чыгармачылык кызматташтыктан алган кубанычынан жана канааттануусунан чоң сыйлык жок. Ал эми бул сезимдер атаандаштык сыноолордо таанылган жеңиштер менен да бекемделсе, бул чыныгы ийгилик!
Мен дайыма окуучуларымдын келечекке карай билимге ээ болушуна, алган билимдерин турмушта пайдаланып, инсан катары калыптанышы мен үчүн чоң сыймык”.
Атыркүл Рыскелдиева үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын мээрман, камкор апасы.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер