САБАКТЫН БЕШ ТИБИНИН ЖАҢЫ ҮЛГҮЛӨРҮ

  • 05.04.2021
  • 0

ПРОФЕССОР С. РЫСБАЕВ СУНУШТАГАН САБАКТЫН БЕШ ТИБИНИН ЖАҢЫ ҮЛГҮЛӨРҮ

Азыркы учурда билим берүүдөгү негизги максат – окуучуларга компетенттүүлүктүн негизинде, практикалык багытта билим берүү. Анткени окуучу алган билимин, маалыматтарды турмушта, практикада колдоно алуусу зарыл. Мына ушулардын баары мугалимдин чыгармачыл иш-аракети менен жүзөгө ашат. Бул багытта педагогика илимдеринин доктору, профессор С.Рысбаев практикада колдонуп жүргөн сабактын дидактикалык беш тибинин жаңыча үлгүсүн ар биринин өзүнчө функционалдык милдетине жараша түзүп, мугалимдин күндөлүк сабагынын планын оптималдаштыруу, ыңгайлаштыруу, мугалимдин кагаз менен иштөөсүн жеңилдетүү, сабактын негизги идеясын ачуу, балдардын чыгармачылыгын өстүрүү, натыйжада окуучунун компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу боюнча сабактын планын максаттуу түзүүмаселелерин сунуш кылып отурат. Биз практикада ал сунушту бир канча убакытта сыноодон өткөрүп, соңунда, мугалимдин күндөлүк сабакка даярдыгын ушундайча пландаштырылганда максатка жетээрин, окуучулар компетенттүүлүккө ээ болоорун байкадык.

Ал үлгүлөр төмөндөгүлөр:

  • Жаңы билим берүүчүсабак;
  • Алган билимди жыйынтыктап, бышыктоочу сабак;
  • Алган билим боюнча көнүгүү, машыгуу сабагы;
  • Кайталоо, текшерүүсабагы;
  • Бириктирилген (комбина-цияланган) сабак.

Мына ушул бир сабактын типтеринин мектептеги кыргыз тили жана адабияты сабактарынын мисалында профессор Сулайман Рысбаев сунуштаган практикалык үлгүлөрүндө мугалим менен окуучунун сабактагы ишмердүүлүктөрүн, сабакта жаңылыкты табууну ж.б. илимий жактан уюштуруу так көрсөтүлгөн, ошондуктан анда жетишилүүчүнатыйжалар – предметтик стандарт талап кылган компетенттүүлүктөрдүжүзөгө ашырууга алып барарына ынандырып отурат.

Аталган сабактардын ар бир тибинде окутуунун дидактикалык принциптери, методдору менен ыкмалары кеңири көрсөтүлүп, ал үлгүлөр кыргыз тили, адабияты предметтеринен гана эмес, мектептеги башка предметтер боюнча да мугалимдин сабакка даярдануусунун үлгүсүболо ала тургандагын эске салып отурганы кубандырат.

Мугалимдер сабак өтүүдө жогорудагы сабактын беш тибин программага ылайык туура тандап, ар бир сабагында зарыл натыйжаларга жетүүнүалдыртан пландап, коюлган максаттарга жараша жетишилүүчүкомепеттүүлүктөр туура аныкталып, аларга барчу жолду туура тапканда гана сабактын дидактикалык максаттары жүзөгө ашмакчы.

Байкап тургандай, сабактын бир тибинин өз-өзүнчө максаттары менен милдеттери бар. Аларда ар биринин функционалдык милдеттерине ылайык иш алып барганда гана мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүжүзөгө ашат. Кээде мугалимдердин сабагына өз ара катышып, алар менен аңгемелешип калганыбызда, өткөн сабагынын тибинин же формасынын кайсы экендигин так айтып бере алышпайт. Айрым учурда, алар жаңы сабак менен кайталоо, бышыктоо сабактарын бири-биринен айырмалап өткөрө алышпайт. Ушунун баардыгы сабактын дидактикалык беш тибин жана формаларын жакшы билбегендик деп эсептелет.

Учурда окутуу практикасында сабактын жүздөн ашык формалары колдонулуп жүрөт. Алардын көбү күн сайын ырааттуу пайдаланыла бербейт. Ошон үчүн мугалим сабак өтөөрдө алдын-ала сабактын тибин жана формасын максаттуу түрдө туура тандап алуусу зарыл. Мына ошондо гана сабак системалуу, тиби менен формасы дал келген болот.

Сабактын беш тибинин бул үлгүлөрү, жогоруда эскертилип өткөндөй, жеке эле кыргыз тили адабияты сабактарында эмес, аларды үлгү-таяныч катары кабыл алып, башка баардык предметтер боюнча өтүлүүчүсабактарда колдонулса, билим берүүнүн жаңы стандарты толук ишке ашкан болор эле.

Бир эскертүүгө көңүлүңүздөрдү бургубуз келет: мугалим ар күнкү сабактын планын жыл сайын кайталап жазып отурбайт. (Анын үстүнө, ал чакан, барактын эки тарабын гана камтыйт). Жакшы жазылган бир план үлгү таяныч катары кабыл алынат жана мугалим ага ылайык сабактардын типтерине жараша бир нече иштелмелерди түзүп алат, ал үлгүлөр кайрадан башка сабактарга үлгүкатары пайдаланылат. Үлгүгө жараша өтүлгөн башка сабактар улам жаңы маалыматтар менен гана толукталып, мугалимдин чеберчилигине, билим-тажрыйбасына жараша байытылып, пайдаланылып отурат.

Мына ошондо жалпы эле мугалимдер календардык-тематикалык планга жараша өтүлүүчүтеманын саатын эске алып, эгер тема бир саат болсо, жаңы теманы түшүндүрүү, эгерде эки-үч саат берилсе, анда кийинки сабагын календардык планга жараша: бышыктоо сабагы, билимди текшерүү, өтүлгөндөрдү системалап кайталоо, текшерүү, көнүгүү, машыгуу сабагынын планы ж.б. болуп аталып, иш уланып жүрө берет.

Эгерде, бул үлгүлөргө жараша сабактардын беш тибине ылайык иштелмени дайыма кагаз тибинде жазып иш жүргүзө албаган болсо, анда мугалимге, биринчи иретте, ноутбук жардамга келет. Ноутбук аркылуу сабактын типтеринин бланкасын толтуруп, сабакта таяныч катары пайдалана алат.

Төмөндө мына ушул сабактын бир тибинин толтурулуш үлгүсүн сунуш кылабыз.

тиркеме

 

Бөлүшүү

Комментарийлер